





























Hadeeth Cards
Da'wa cards that highlight great meanings from the noble prophetic hadiths in a simple style and attractive display that helps the Muslim to have a deeper understanding of his religion in an easy way
All
Абдулла бин Амр бин Аль-Аас, радыяллаху анху, риваят кылат. Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: Аллах Кыямат күнү үммөтүмдөн бир адамды бардык адамдардын арасынан тандап алат. Анан токсон тогуз китепти көзгө көрүнгөн жерге чейин жайат. Ар бир китеп көзгө көрүнгөн жерге чейинки чоңдукта болот. Андан кийин мындай дейт: «Булардын кайсы бирин жокко чыгарасын? Менин сактоочу жазуучуларым сага зулумдук кылыштыбы? Ал: «Жок, Раббим» – дейт. Анан: "Сенин үзүрүң барбы?" - дейт. Ал: «Жок, Раббим» - дейт. Роббиси: «Бирок, Бизде сенин бир жакшылыгың бар» - дейт. Чындыгында, бүгүн сага эч кандай зулумдук кылынбайт. Ал китептин ичинен: «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок экендигине күбөлүк берем жана Мухаммад Анын кулу жана Элчиси экендигине күбөлүк берем» - деген жазуусу бар баракча чыгарылат. Роббиси: «Амал таразаны алып келгиле» дейт, анан: «Оо, Раббим! Бул баракча чоң китептердин алдында эмнеге жарайт? - дейт. Раббиси: «Силерге зулум кылынбайт» - деди. Андан кийин китептерди таразанын бир табагына салып, баракчаны таразанын экинчи табагына койгондо баракча китептерге басымдуу келет. Мына ошондуктан Аллахтын ысымы менен эч нерсе тең келбейт».
Ат-Тирмизи жана Ибн Маажа жазып калтырганПайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Аллахтын Кыямат күнү бардык макулуктардын арасынан өз үммөтүнөн бир адамды сурак алуу үчүн чыгаруусун кабарлады. Ага токсон тогуз китепти көрсөтүп, бул анын бул дүйнөдө кылган жаман иштеринин китептери жана ар бир китептин узундугу көз жеткенчелик чоңдукта болгонун айтты. Ошондо Аллах Таала бул кишиге: "Бул китептерде жазылгандардын бирөөсүн болсо да тана аласыңбы?" - деп айтат. Менин коргоочу периштелерим, китепчилер, силерге зулумдук кылыштыбы? Ал киши: Оо, Раббим! Андай эмес - дейт. Аллах Таала айтат: Бул дүйнөдө кылгандарың үчүн үзүрүң барбы? Бул кемчиликпи, катачылыкпы же билбестикпи деп үзүрүн сурайт. Ал киши: Жок, Раббим, менде эч кандай шылтоо жок - дейт Аллах Таала айтат: Чындыгында, сенин Бизде бир жакшылыгың бар жана бүгүн силерге эч кандай зулумдук жок. Пайгамбар айтты: Анан ал: «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок экендигине күбөлүк берем жана Мухаммад Анын кулу жана элчиси экендигине күбөлүк берем» деген баракчаны алып чыгат. Аллах Таала: Бул киши үчүн таразаңды алып кел - деп айтат. Ошондо ал киши таң калып: Оо, Раббим! Бул баракча бул китептер менен кандай салмакта болот?! - деп сурайт. Аллах Таала айтты: Сага эч кандай зулумдук болбойт. Ошондо Пайгамбар мындай деди: Ошентип, жазуу китептер таразанын бир жагына салынат, ал эми баракча таразанын экинчи жагына коюлат. Ошентип, жазуу китептери бар тарабы жеңилдеп, баракча бар тарабы оорлоду. Мына ошондуктан Аллах аны кечирди.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Аллах бейиш менен тозокту жаратканда Жеибрейил периштени бейишке жөнөтүп: «Бейишке көз салып көр, мен ал үчүн эмнелерди гана даярдаганымды кара» - деди. Жебирейил периште бейишти көрүп чыгып: «Сенин улуулугуңа ант болсун, аны ким гана уккан болсо, анда ага сөзсүз аракет кылып кирет" - деди. Ошондо Аллах бейишти кыйынчылыктар менен курчоого буйруду. Анан Жебирейил периштеге: «Бейишке баргын да, бейишти жана Мен анда анын эли үчүн эмнелерди даярдап койгонумду карагын» - деп жөнөттү. Жебирейил периште бейишке келип караса, анын айланасы кыйынчылыктар менен курчалган экен. Жебирейил периште Раббисине келип мындай деп айтты: «Сенин кудуретиңе ант болсун, ага эч ким кире албайтко деп корктум». Аллах ага: «Сен баргын да, тозокту жана анын эли үчүн эмнени даярдап койгонумду көр» - деп буйруду. Периште тозокко барып караса, алар биринин алоолонгон отунан экинчисинин оту өйдө болуп жанып жаткан экен, анан кайра кайтып келип: «Сенин улуулугуңа ант болсун, ага эч ким кирбейт» – деп айтат. Ошондо Аллах аны азгырыктар менен курчоого буйруйт. Анан Жебирейилге: «Артка кайтып барып, аны кайрадан карагын» - деп кайра карап келүүгө буйруйт. Жебиреийл периште барып караса, анын айланасы азгырыктар менен курчалган болот. Ал Аллахка кайтып барып: «Сенин улуулугуңа ант болсун, мен андан эч ким кутула албайт деп коркуп турам» - деп айтат».
Абу Дауд, ат-Тирмизи жана ан-Насааи жазып калтырганПайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: Аллах бейиш менен тозокту жаратканда Жебирейил, алайхис саламга: «Бейишке бар да аны карап келгин» - деп айтты. Ошондо ал барып, аны карап, анан кайра кайтып келди. Жебирейил айтты: «Оо, Раббим, Сенин улуулугуңа ант болсун! Ким болбосун анда (бейиш) кандай жыргалчылык, сый-урмат жана ырыскы бар экенин уга турган болсо, анда ал ага кирүүнү көксөп калат жана ал жанын бергиче аракетин кылат». Андан кийин Аллах бейишти курчап, аны буйруктарды аткаруунун жана арамдардан сактануунун кыйынчылыктары менен курчап койду. Ага кирүүнү каалагандар ошол кыйынчылыктардан өтүшү керек. Бейиш кыйынчылыктар менен курчалгандан кийин Аллах Таала: «Эй, Жебирейил! Баргын, бейишти кайрадан карап келгин» - деп айтты. Ошентип, ал барып, аны карап келип: «Оо, Раббим, Сенин улуулугуңа ант болсун! Мен анын жолунда турган кыйынчылыктар себептүү эч ким ага кирбей калатко деп корком» - деп айтты. Аллах тозокту жаратканда: «Эй, Жебирейил! Бар да, тозокко көз салып кел» - деп айтканда Жебирейил тозокко барып көрүп келди. Анан келип, Жебирейил айтты: «Оо, Раббим, Сенин улуулугуңа ант болсун! Ким гана болбосун андагы азап, кайгы жана кордукту уккан болсо, анда ал жерге түшүүнү жек көрүп жана анын түшүрүүчү себептеринен алыс болот. Ошондо Улуу Аллах Таала тозокко алып баруучу жолдорду азгырыктар жана ырахаттар менен курчап: «Эй, Жебирейил, кайрадан барып кара» - деди. Жебирейил периште барып, аны карап, анан келип: «Оо, Раббим, Сенин кудуретиңе ант болсун! Анын айланасындагы курчалган азгырыктар жана ырахаттарды көрүп мен андан эч ким качып кутула албайт деп корктум» - деди.
Абдуллах бин Амр бин аль-Аас (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат: «Мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтканын уктум: «Аллах асмандар менен жерди жаратардан элүү миң жыл мурда бардык макулуктардын тагдырларын жазып койгон. Анан мындай деп айтты: Анын (Аллахтын) аршы суунун үстүндө болгон».
Муслим жазып калтырганАллах Таала бүткүл маклуктардын жашоо, өлүм, ырыскы ж.б.у.с тагдырлары боюнча эмне болоорун асмандарды жана жерди жаратардан элүү миң жыл мурда Лавхул-Махфуз китебинде майда-чүйдөсүнө чейин жазганын Пайгамбарыбыз кабарлайт. Ал нерселердин баары Аллах жазган тагдырдын нугунда гана жүрөт. Кандай гана нерсе болбосун - ал Аллахтын жазган тагдырдын негизинде болот. Адамга жеткен нерсе, андан башкага өтүп кетпейт. Андан өтүп кеткен нерсе, ага кайра жетпейт.
Жабир (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, ал айтты: "Мен Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтып жатканын уктум: "Чындыгында, адам менен ширк, каапырлыктын ортосунда намазды таштоо гана турат".
Муслим жазып калтырганПайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) парз намазды таштоодон сактанууну эскертти. Жана адам менен ширкке жана куфрга түшүп калуунун ортосунда намазды таштоо гана тураарын кабар берди. Намаз Исламдын экинчи түркүгү, анын Исламдагы мааниси чоң. Кимде-ким намазды таштаса, анын парз экенин четке какса, мусулмандардын ижмаъсына ылайык каапыр болот. Эгер шалаакылык жана жалкоолук менен аны толугу менен таштаса, анда ал каапыр болуп саналат жана бул жөнүндө сахабалардын ижмаъсы кабарланган. Ал эми намазды кээде калтырып, кээде окуса, анда ал катуу азапка дуушар болот.
Бурайда (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Чындыгында, биз менен алардын ортосундагы келишим намаз, ким аны таштаса, каапыр болот".
Ат-Тирмизи, ан-Насааи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырганПайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулмандар менен каапырлар жана мунафыктар ортосундагы келишим намаз экенин жана ким аны таштаса, каапыр болоорун баяндады.
Умар бин Хаттаб (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Улук Аллах Таала силерди атаңардын аты менен касам ичүүдөн тыйды". Умар айтат: Аллахка касам ичип айтам, Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындан тыйганын уккандан бери, атайлап да, бирөөнүн айтканын кайталап да, атамдын аты менен касам ичпедим.
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Таала ата-бабанын аты менен касам ичүүдөн тыйганын кабарлаган. Касам ичүүнү каалаган адам Аллахтын аты менен гана касам ичсин, Андан башка менен касам ичүүгө болбойт. Анан Умар бин Хаттаб (ага Аллах ыраазы болсун) ошол Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул тууралуу уккандан бери бир да жолу антип касам ичпегенин эскерет. Атайын да, Аллахтын атынан башкага касам ичкен бирөөнүн сөзүн кайталап да минтип касам ичкен эмес экен.
Абдуллах бин Масъуд (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Кыямат күнү адамдар арасындагы иштерден эң биринчи териштириле турганы - кан жөнүндө болот".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кыямат күнү адамдардын бири-бирине кылган зулумдугунан эң биринчи өкүм кылына турганы кан тууралуу болорун эскерткен. Мисалы: өлтүрүү, жаракаттандыруу ж.б.
Ибн Аббас (Аллах алардан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эки мүрзөнүн жанынан өтүп баратып: "Бул экөө азапталып жатат. (Өздөрүнүн оюндагы) чоң эмес күнөө себептүү азапталып жатат. Экөөнүн бири заарасынан тазаланбайт эле. Ал эми экинчиси ушак-айың таратып басып жүрчү" - деди. Анан кургай элек бутакты алып, тең ортосунан жарды да, эки мүрзөнүн ар бирине бир-бирден сайып койду. О, Аллахтын элчиси, эмне үчүн мындай кылдың? - деп сурашты. "Ушул бутактар соолуп калганга чейин алардын азабы жеңилдесе ажеп эмес" деди ал.
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эки мүрзөнүн жанынан өтүп баратып, мындай деди: Бул эки мүрзөдөгү адамдар азапталып жатат; силердин көз карашыңарда чоң болбогон, Аллахтын алдында чоң болгон күнөө себептүү азапталып жатышат, Ал экөөнүн бири кажетин өтөгөн учурда, кийимин да, денесин да заарадан сактоого кам жеген эмес. Экинчиси адамдардын ортосунда ушак таратып жүргөн. Зыян жеткирүү максатында, адамдардын ортосунда келишпестикти жана жек көрүүнү пайда кылуу үчүн бирөөнүн айткан сөзүн бирөөгө айтып келген.
Анас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир киши кыяматтын качан болорун сурап: Кыямат качан болот? - деди. Пайгамбар андан: "Кыяматка эмне даярдыгың бар?" - деп сурады. Тиги киши: Эч нерсе даярдыгым жок. Болгону, Аллахты жана Анын элчисин жакшы көрөм - деди. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Сен кимди жакшы көрсөң, ошону менен биргесиң" - деди. Анас айтат: Аллахтын элчисинин "Сен кимди жакшы көрсөң, ошону менен биргесиң" деген сөзүнө кубангандай буга чейин эч кубанган эмес элек. Анас сөзүн улап минтип айтты: "Мен Аллахтын элчисин, Абу Бакрды, Умарды жакшы көрөм. Алардай жакшы амалдарды көп кылбасам да, аларды жакшы көргөнүм үчүн алар менен бирге болом деп үмүт кыламын".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Чөлдө жашаган адамдардын бири пайгамбарыбыздан (ага Аллах ыраазы болсун) кыяматтын болор учурун сурайт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) андан: "Кыяматка кандай жакшы амалдарды кылып даярдандың?" - деп сурайт. Сураган киши: Көп деле жакшы амалым жок бирок Аллахты жана Анын элчисин аябай жакшы көрөм деп, мындан башка жүрөккө, денеге жана мал-мүлккө тиешелүү эч кандай амал кылганын айтпайт. Анткени, мунун баары жакшы көрүүнүн бутакчалары болуп эсептелет. Чыныгы жакшы көрүү жакшы амалдарды кылууга түртөт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага: Сен кимди жакшы көрсөң, бейиште ошону менен биргесиң дейт. Пайгамбардын сахабалары бул сүйүнүчтүү кабарга аябай сүйүнүшөт. Андан кийин Анас (ага Аллах ыраазы болсун) Аллахтын элчисин, Абу Бакрды жана Умарды жакшы көрөрүн, алардай жакшы амалдарды көп кыла албаса да бейиште алар менен чогуу болууну үмүт кыларын айтты.