





























Hadeeth Cards
Da'wa cards that highlight great meanings from the noble prophetic hadiths in a simple style and attractive display that helps the Muslim to have a deeper understanding of his religion in an easy way
All
Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Күн батыштан чыкмайынча, Кыямат болбойт. Качан күн батыштан чыкканда аны адамдар көрүшүп баары ыйман келтиришет. Мына ошол ушул аятта айтылган убакыт: «Эгерде мурда ыйман келтирбеген болсо же ыйманы менен жакшылык таппаса, анда ал кезде анын ыйман келтиргени ага пайда бербейт». (Анаам, 158) Кыямат келгенде эки адам кийимдерин сатууга коюшат, бирок алар аны сата албай калышат жана кайра бүктөп ала алышпайт. Кыямат келгенде бир адам төөнүн сүтүн саап келет, бирок иче албай калат. Кыямат келгенде бир адам суу куйганы чуңкурун жасап чыгат, бирок ага суу толтура албай калат. Кыямат келгенде силерден бирөө тамагын оозуна алып барат, бирок аны жей албай калат».
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, Кыяматтын эң чоң белгилеринин бири күндүн чыгыштан эмес, батыштан чыгышын жана адамдар аны көргөндө баары ыйман келтирээрин кабар берди. Ошондо каапыр адамга ыйман келтирүүсү пайда бербей калат. Ошондой эле ага салих амалдар жана тообо да пайда бербей калат. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Кыяматтын күтүлбөгөн жерден келерин айтты. Ал тургай Кыямат келгенде адамдар өздөрүнүн күнүмдүк тиричилигик жана жашоо абалдары менен алек болорун айтты. Кыямат келгенде сатуучу менен сатып алуучу кийимдерин ортосуна жайып коюшат, бирок аны сатууга жана кайра жыйнап салууга жетишпей калышат. Жана адам саан төөнүн сүтүн саап келип, бирок аны ичүүгө жетишпей калат. Кыямат келгенде адам суу куйган чуңкурун оңдоп, ага ылай чаптап, бирок ага суу толтурууга жетишпей калат. Кыямат келгенде адам тамагын оозуна алып келет, бирок аны жегенге жетишпей калат.
Абу Саид аль-Худри, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Өлүм ала түстүү кочкордун кейпиндей болуп алып келинет. Ошондо бир чакыруучу: «Эй, бейиш ээлери» - деп чакырат. Алар баштарын көтөрүп карап калышат. Ошондо ал: «Силер муну билесиңерби?» - дейт. Алар: «Ооба, бул өлүм» - дешет, аны баары көрүшөт. Анан ал: «Эй, тозок ээлери» - деп чакырат. Алар баары баштарын көтөрүп карашат. Ал: «Силер муну тааныйсыңарбы?» дейт. Алар: «Ооба, бул өлүм» - дешет, аны баары көрүшөт. Ошондо аны союп: «Эй, бейиш ээлери! Түбөлүкө каласыңар, өлүм жок» – деп айтат. Эй, тозок ээлери! Түбөлүкө каласыңар, өлүм жок» - деп бул аятты окуду: «Аларды зыянга учураган күн менен эскерткин. Алар капылет абалда болгон учурда Кыямат болот» (Мариям: 39) Дүйнө ээлери алар ушундай капылетте болушат. «Алар ыйман келтиришпейт» - деген аятты окуду.
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Кыямат күнү өлүмдүн ак жана кара түстүү болгон кочкордун сүрөтүндө алып келерин баяндады. Чакыруучу: «Эй бейиш ээлери!» - деп чакырат. Алар моюндарын сунуп, баштарын көтөрүп карашат. Аларга: «Силер муну билесиңерби?» - деп айтат. Алар: «Ооба, бул өлүм» - деп айтышат. Алардын баары аны көрүшөт жана билишет. Жарчы: «Эй тозок ээлери!» - деп жар салат. Алар моюндарын сунуп, баштарын көтөрүп карашат. Аларга: «Силер муну билесиңерби?» - деп айтат. Алар: «Ооба, бул өлүм» - деп айтышат. Алардын баары аны көрүшөт жана билишет. Андан кийин ал союлат, анан жарчы айтат: «Эй бейиш ээлери, өлүм болбойт, түбөлүк каласыңар. Эй тозок ээлери, өлүм болбойт, түбөлүк каласыңар». Мына ушул момундардын жыргалчылыгын арттыруу жана каапырлардын азабын көбөйтүү үчүн болот. Андан кийин Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бул аятты окуду: «Аларды зыянга учураган күн менен эскерткин. Алар капылет жана ишенбеген абалда болгон учурда Кыямат болот» (Мариям: 39) Кыямат күнү бейиш менен тозок ээлерин бөлүп коёт. Алардын баары барган жерлеринде түбөлүккө калышат. Ошондо күнөө кылып жүргөн адам жакшылык иштерин кылбаганы үчүн, ал эми ибадаттарга бекем болбогон адам жакшылык иштерин көбөйтпөгөнү үчүн катуу өкүнүшөт.
Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылат: «Китеп ээлери Тауратты иврит тилинде окуп, аны араб тилинде Ислам элине түшүндүрүп беришчү. Ошондо Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Китеп ээлерине ишенбегиле жана аларды жалганга чыгарбагыла. «Биз Аллахка жана бизге түшүрүлгөнгө ишенебиз» - деп айткыла». (Бакара, 136).
Бухари жазып калтырган.Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, үммөтүн Китеп ээлери риваят кылган нерселерге алданып калуудан эскертти. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, убагында яхудийлер Тооратты иврит тилинде окушчу. Бул эврейлердин тили. Анан алар аны арабча чечмелеп беришчү. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Китеп ээлерине ишенбегиле жана жалганга чыгарбагыла». Бул анын жалганы жана акыйкаттуулугу билинбеген марселелерде болот. Себеби Аллах Таала бизге Куранга жана аларга түшүрүлгөн Китептерге ыйман келтирүүнү буйруган. Эгерде биздин шариятыбызда алар айткан маселелердин чындыгын же жалгандыгын түшүндүрө турган эч нерсе жок болсо, анда алар айтып жаткан нерселердин туура же жалган экенин билүү үчүн бизге эч кандай жол жок. Андыктан биз алар бурмалаган нерселерде аларга шерик болуп калбашыбыз үчүн аларга ишенбейбиз жана токтоп турабыз. Балким чын болуп, ыйман келтирүүгө буйрулган нерселерден баш тарткан болуп калбашыбыз үчүн аларды жалганга чыгарбайбыз. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бизге мындай деп айтууга буйруду: «Биз Аллахка, бизге түшүрүлгөнгө, Ибрахимге, Исмаилге, Исхакка, Якубка жана асбаттарга түшүрүлгөнгө, Муса менен Исага берилгенге жана пайгамбарларга Раббиси тарабынан берилгенге ишенебиз. Алардын ортосун айырмалабайбыз. Биз Ага моюн сунган мусулмандарданбыз». (Бакара, 136)
Ибн Аббас, радыяллаху анхума, айтты: Пайгамбарга, саллаллаху алейхи уа саллам, «Бисмиллахир Рохманир Рохиим (Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен баштаймын)» деген аяты түшүрүлмөйүнчө эки сүрөөнүн бөлүнүшүн билген эмес».
Абу Дауд жазып калтырган.Ибн Аббас, радыяллаху анхума, Ыйык Курандын сүрөөлөрү Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, түшүрүлгөндө ага «Бисмиллахир Рохманир Рохиим» аяты түшүрүлмөйүнчө сүрөөнүн бөлүнүшүн жана бүткөнүн билбей турганын айтты. Качан бул аят келгенде бир сүрөө аяктаганын жана жаңы сүрөөнүн башталганын билген.
Абдулла ибн Амр, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Куран жаттаган адамга мындай деп айтылат: «Куран оку жана көтөрүл. Аны дүйнөдө окугандай кылып кырааты менен оку. Чындыгында, сенин даражаң акыркы окуган аятыңа жараша болот».
Абу Дауд жазып калтырган.Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Куранды жакшы окуган жана жаттаган ошондой эле анын өкүмдөрүнө амал кылган адам бейишке киргенде ага: «Бул дүйнөдө Куранды ой жүгүртүү жана шашпай окуган сыяктуу азыр да Куран оку жана аны окуу менен бейиштин даражаларына көтөрүл. Сенин даражаң сен окуган акыркы аятта болот» - деп айтылат.
Абу Абдур-Рахман ас-Сулами, рахимахуллах , мындай деп айтты: Бизге Пайгамбарыбыздын, саллаллаху алейхи уа саллам, сахабалары айтышкан. Алар Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдан, он аят үйрөнүшчү жана аларда кандай илим жана амал бар экенин билмейинче, калган он аяттан алышчу эмес. «Биз ушинтип аяттардагы илимди жана амалдарды да үйрөнөт элек» - деп айтышат эле.
Ахмад жазып калтырган.Сахабалар, Аллах алардан ыраазы болсун, Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдан, Курандан он аят алышчу жана алар аяттардан илимди алып ага амал кылмайынча, башка аяттарга өтүшчү эмес. Ошентип алар илим менен амалды бирге үйрөнүшкөн.
Убай ибн Кааб, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Эй, Абуль-Мунзир! Аллахтын Китебинде эң улуу аят кайсы экенин билесиңби?». Мен: «Аллах жана Анын Элчиси билет» - деп айттым. Ал кайрадан: «Эй, Абуль-Мунзир! Аллахтын Китебинде эң улуу аят кайсы экенин билесиңби?» - деп айтты. Мен: «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Ал түбөлүк Тирүү Башкаруучу» (Бакара, 255) - деп айттым. Ал менин көкүрөгүмө чаап: «Эй, Абуль-Мунзир. Аллахка ант болсун! Бул илим сага куттуу болсун!» - деди.
Муслим жазып калтырган.Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Убай ибн Каабдан Аллахтын Китебиндеги эң улуу аят жөнүндө сурады. Ал жооп берүүдөн карманып, анан: Бул Аятул Курси (Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Ал түбөлүк Тирүү Башкаруучу) деп айтты. Ошондо Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, аны ырастап жана илим менен даанышмандыкка толгон көкүрөгүн чапты. Ал бул илим менен кубанычка жетиши үчүн жана ага жеңил болуу үчүн Пайгамбарыбыз ага дуба кылды.
Айша, радыяллаху анха, риваят кылат: Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ар күнү түнү уктаганда эки колун бириктирип, анан аларга үйлөп: «Айткын! Ал Аллах жалгыз» деп башталган Ихлас сүрөөсүн, «Айткын! Таңдын Раббиси менен коргоном» деп башталган Фалак сүрөөсүн жана «Айткын! Адамдардын Раббиси менен коргоном» деп башталган Наас сүрөөсүн окучу. Анан колдору менен башына, жүзүнө жана денесинин алдынан баштап колу жеткен жерге чейин сүртөт эле. Ал муну үч жолу кылчу.
Бухари жазып калтырган.Пайгамбарыбыздын, саллаллаху алейхи уа саллам, сүннөтү - ал уктаардан алдын, дуба кылуучу кишидей алакандарын бириктирип, өйдө көтөрүп, «Айткын! Ал Аллах жалгыз» деп башталган Ихлас сүрөөсүн, «Айткын! Таңдын Раббиси менен коргоном» деп башталган Фалак сүрөөсүн жана «Айткын! Адамдардын Раббиси менен коргоном» деп башталган Наас сүрөөлөрүн үч жолу окуп, оозунан бир аз шилекейи менен кошо алакандарына үйлөчү. Башынан, бетинен, денесинин алдыңкы бөлүгүнөн баштап алакандары жеткен жерге чейин денесине сүртүп чыкчу. Бул үч сүрөөнү бирден окуп алаканына үйлөп денесине сүрткөн аракетин үч жолу кайталайт болчу.
Адий бин Хаатимдин (ага Аллах ыраазы болсун) риваятында, пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Жөөттөр - алар каарга калган, христиандар болсо - адашкан".
Ат-Тирмизи жазып калтырган.Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жөөттөр Аллах аларга каарданган коом экенин кабарлаган. Анткени, алар акыйкатты билип туруп, аны иш жүзүнө ашырган жок (ага амал кылган жок). Христиандар адашкан адамдар; анткени алар билбей эле амал кылышты.