Hedayat “A fruitful harvest”
from the gardens of “ Verses and Hadiths ”
Inspiring Dawah cards that highlight the profound meanings of Quranic verses and Prophetic Hadiths. Presented in an accessible and engaging style to help Muslims gain a deeper understanding of their faith with ease.
About Hedayat
Hedayat is a platform that combines simplicity of design and ease of use
displaying the benefits derived from Verses and Hadiths in
attractive cards with unique designs.
Unique Designs
Cards with unique and attractive designs that express the content of the text
Reliable Materials
Scientifically reliable benefits reviewed by a group of scholars
Easy Browsing
You can browse the cards easily and display them effortlessly
Different Languages
Cards are available in more than 40 languages for the benefit of all
Hadith Cards
Айша, радыяллаху анха, риваят кылат: Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ар күнү түнү уктаганда эки колун бириктирип, анан аларга үйлөп: «Айткын! Ал Аллах жалгыз» деп башталган Ихлас сүрөөсүн, «Айткын! Таңдын Раббиси менен коргоном» деп башталган Фалак сүрөөсүн жана «Айткын! Адамдардын Раббиси менен коргоном» деп башталган Наас сүрөөсүн окучу. Анан колдору менен башына, жүзүнө жана денесинин алдынан баштап колу жеткен жерге чейин сүртөт эле. Ал муну үч жолу кылчу.
Бухари жазып калтырган.Пайгамбарыбыздын, саллаллаху алейхи уа саллам, сүннөтү - ал уктаардан алдын, дуба кылуучу кишидей алакандарын бириктирип, өйдө көтөрүп, «Айткын! Ал Аллах жалгыз» деп башталган Ихлас сүрөөсүн, «Айткын! Таңдын Раббиси менен коргоном» деп башталган Фалак сүрөөсүн жана «Айткын! Адамдардын Раббиси менен коргоном» деп башталган Наас сүрөөлөрүн үч жолу окуп, оозунан бир аз шилекейи менен кошо алакандарына үйлөчү. Башынан, бетинен, денесинин алдыңкы бөлүгүнөн баштап алакандары жеткен жерге чейин денесине сүртүп чыкчу. Бул үч сүрөөнү бирден окуп алаканына үйлөп денесине сүрткөн аракетин үч жолу кайталайт болчу.
Айша, радыяллаху анха, риваят кылат: «Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, бул аятты окуду: «Ал сага (теңдешсиз) Китеп түшүргөн Зат. Анын ичинен Китептин энеси (маңызы) болгон мухкам-анык аяттар жана алардан башка муташабих (түшүнүлүшү оор) аяттар орун алган. Ал эми жүрөгүндө илдет-ийрилик болгон адамдар аны (өз каалоолоруна ылайыктап) түшүндүрүүнү жана бузукулукту үмүт кылып, муташабих аяттарды ээрчишет. Ал муташабих аяттын түшүндүрмөсүн Аллахтан бөлөк эч ким анык билбейт. Ошондуктан терең илимдүү адамдар: «Биз Куранга ыйман келтиргенбиз. Анын аяттарынын бардыгы Раббибибизден келген» - дешет. Акылдуу адамдар гана андан эскертме алышат». (Аали Имран, 7) Андан соң Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам: «Эгерде андагы түшүнүүгө оор болгон аяттарды өзүнүн максатына ылайыктап түшүнгөн адамдарды көрсөң, анда алар Аллах бул аятта айткан адамдар. Алардан сак бол» - деп айтты».
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа саллам: «Ал сага (теңдешсиз) Китеп түшүргөн Зат. Анын ичинен Китептин энеси (маңызы) болгон мухкам-анык аяттар жана алардан башка муташабих (түшүнүлүшү оор) аяттар орун алган. Ал эми жүрөгүндө илдет-ийрилик болгон адамдар аны (өз каалоолоруна ылайыктап) түшүндүрүүнү жана бузукулукту үмүт кылып муташабих аяттарды ээрчишет. Ал муташабих аяттын түшүндүрмөсүн Аллахтан башка эч ким анык билбейт. Ошондуктан терең илимдүү адамдар: «Биз Куранга ыйман келтиргенбиз. Анын аяттарынын бардыгы Раббибибизден келген» - дешет. Акылдуу адамдар гана андан эскертме алышат» деген аятын окуду. Бул аятта Аллах Таала Куранды Өзүнүн Пайгамбарына түшүргөн Зат экендигин айтты. Ошондой эле анда ачык маанидеги, өкүмдөрү белгилүү жана ачык-айкын болгон аяттарды камтыганын айтты. Бул аяттар Курандын негизги өкүмдөрү жана таяна турган аяттары болуп саналат. Куранда жана башка аяттар да бар, алар бир нече мааниге ээ болушу мүмкүн, кээ бир адамдарга ал аяттардын маанилери оор келип карама-каршы маанилер чыгат деп ойлошот. Андан соң Аллах бул аяттарды түшүнүүдө адамдардын туура эмес мамилесин баяндап берди. Алардын жүрөгүндө акыйкаттан кыйшаюу бар болгонун айтты. Алар чечүүчү, ачык аяттарды ташташып эки ара мааниде болгон окшош аяттарды алышып, элди күмөнгө салып, адамдарды адаштырышат. Алар ал аяттарды өз каалоолоруна жараша чечмелөөгө умтулушат. Ал эми илимге бекем болгондор бул окшош аяттарды билишет жана аны чечүүчү аяттарга кайтарышат жана анын Аллахтан келгенине ишенишет. Алар бул аяттар түшүнүксүз же карама-каршылыктуу болушу мүмкүн эмес деп билишет. Бирок бул аяттардан бир гана тунук акылдуу адамдар сабак жана эскертме алышат. Ошондо Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, момундардын энеси Аишага, радыяллаху анха, эгерде ал окшош аяттарды ээрчигендерди көрсө, анда аларды укпай сак болууну айтты. Мына ошолор Аллах Таала: «Ал эми жүрөгүндө илдет-ийрилик болгондор» - деп айткан адамдар экендигин айтты.
Абу Муса ал-Ашаринин (ага Аллах ыраазы болсун) айтымында, пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан: "Бул Куранга бекем болгула, Мухаммаддын жаны колунда турган Аллахка ант ичип айтам, ал жибинен бошонгон төөдөн да ылдам чыгып кетет".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Куранды жаттап көкүрөккө киргизгенден кийин кайра унутуп калбоо үчүн Куранга бекем болууга, тилават кылып окууга көңүл бурууга буйруган. Курандын эстен бат чыгып кетерин пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ант ичип бекемдеп айткан. Куран буту жип менен чидерленген төө бошонуп качып кеткенден да бат эстен чыгат. Ал төөнү адам караса кармап калат, бошотуп койсо качып кетет жана жоголот.
Аиша, радыяллаху анха, риваят кылат: «Бир адам Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, алдына келип: «Оо, Аллахтын Элчиси, менде кулдарым бар, алар мага жалган айтышат, мага кыянат кылышат жана менин сөзүмдү угушпайт. Алардын алдында менин абалым кандай болот» - деп сурады. Пайгамбар айтты: «Сага кыянат кылгандары үчүн, сага баш ийбегендиги жана сага калп айткандары үчүн сен аларга берген жазаңа татыктуу болушат. Эгерде аларга берген жазаң алардын күнөөлөрүнө жараша болсо, бул аларга жетиштүү болот. Сенин пайдаңа да жана зыяныңа да болбойт. А эгерде аларга берген жазаң алардын күнөөлөрүнөн азыраак болсо, анда сага артыкчылык болот. А эгерде жазаң алардын күнөөлөрүнөн көбүрөөк болсо, анда алар сенден өчтөрүн алышат. Ошондо ал киши четке чыгып, үнүн чыгара ыйлай баштады. Анда Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, ага: «Сен Аллахтын Китебинде: «Кыямат күнү адилеттүүлүк таразасын коёбуз, ошондо эч бир жанга зулумдук кылынбайт» - деген аятын окубадыңбы?» - деп айтты. Ал киши: «Оо, Аллахтын Элчиси, Аллахка ант болсун! Мен өзүм үчүн да, алар үчүн да алардан бөлүнүүдөн артык эч нерсе таба албайм. Күбөлүк берем алардын баары азат» - деп айтты».
Ат-Тирмизи жазып калтырган.Бир адам Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, келип кулдарынын кылган иштерине жана алардын айткан жалган сөздөрүнө, аманатка кыянаттык кылгандарына, соода-сатык иштеринде алдаганына жана ага баш ийбегендигине даттанат. Анан ал киши аларды тилдеп, тарбиялоо үчүн сабаганын айтты. Анан Пайгамбарыбыздан алар менен Кыямат күнүндөгү абалын сурады. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: Сага кыянат кылгандар, сага моюн сунбагандар, сага жалган айткандар суракка алынат жана сенин аларга берген жазаң да суракка алынат. Эгерде жазанын өлчөмү алардын күнөөлөрүнө барабар болсо, анда сага пайда болбойт, сага зыян да болбойт. Алардын күнөөлөрүнө караганда берген жаза көбүрөөк болсо, анда ашыкча жазаң үчүн сенден өч алынып, аларга берилет. Ошондо ал киши четке чыгып, үнүн чыгара ыйлай баштады. Анда Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, ага: «Сен Аллахтын Китебинде: «Кыямат күнү адилеттүүлүк таразасына коёбуз, ошондо эч бир жанга зулумдук кылынбайт. Эгерде (сообу же күнөөсү) сары кычы данынчалык болсо да, аны алып келебиз. Биз жетиштүү эсепчибиз» деген аятты окубадыңбы?» - деп айтты. Ошентип, кыямат күнү эч кимге зулумдук кылынбайт жана адамдардын ортосундагы тараза адилеттүү болот. Ал киши: «Аллахка ант болсун! Оо, Аллахтын элчиси, мен өзүм үчүн да, алар үчүн да аларды таштап коюудан жакшыраак эч нерсе таба албайм» - деди. Мен күбөлүк берем, алардын баары Аллахтын ыраазычылыгы үчүн азат болсун деп ал күндөгү сурактан жана азаптан коркуп баарын азат кылды.
Усмандын (ага Аллах ыраазы болсун) айтымында, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан: "Силердин жакшыңар - Куранды үйрөнүп жана аны үйрөткөндөр".
Бухари жазып калтырган.Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулмандардын абзели, Аллахтын алдында даражасы бийиги - Куранды окуганды, жаттаганды, кыраат кылганды, түшүнгөндү, чечмелегенди үйрөнүп, анан өзү билген Куран илимин башка бирөөлөргө үйрөтүп, өзү да аны иш жүзүндө аткарып амал кылганы деп баяндаган.
Саъид бин Мусаяб атасынан укканын айтат: Абу Талибге өлүм сааты келгенде, Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага кирди. Анын жанында Абу Жахл менен Абдуллах бин Абу Умая бин Мугира бар экен. Анан ага: "О, агам, "Лаа илааха иллаллооху" деген сөздү айтыңыз, Аллахтын алдында сен үчүн буга күбө өтөмүн" - деди. Абу Жахл менен Абдуллах бин Абу Умая болсо: Абдулмутталибдин дининен чанып кетесиңби?! - деди Абу Талибге. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага сунуш кылган сайын, тигилер да айтканын кайталай беришти. Ошентип Абу Талиб акыркы сөзүндө: Абдулмутталибдин дининдемин деп, жан берди. "Лаа илааха иллаллоху" деп айтуудан баш тартты. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Аллахка ант болсун, Аллах тыймайынча сага кечирим тилей беремин" - деди. Ошондо Аллах Таала: "Пайгамбарга да, ыймандууларга да мушриктерге кечирим тилөө мүмкүн эмес" (Тобо, 113-аят) деген аятты түшүрдү. Ал эми Абу Талиб тууралуу: "Чынында, сен өзүң каалаган адамды туура жолго сала албайсың, бирок Аллах гана кимди кааласа туура жолго салат" деген аятты түшүрдү (Касас, 56-аят).
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) атасы менен бир тууган агасы Абу Талиб жан берерде анын жанына кирип, ага мындай деди: Ага, "Лаа илааха иллаллоху" деңиз, Аллахтын алдында ушул сөзүңө сага күбө өтөм. Абу Жахил менен Абдуллах бин Абу Умая экөөсү: Эй, Абу Талиб, атаң Абдулмутталибдин динин чанып кетесиңби?! - дешти. Анын дини буттарга сыйынуу дини болчу. Ошентип экөө улам кайталап айтып жатып, акырында Абу Талибдин соңку сөзү: Мен Абдулмутталибдин дининдемин деген сөз болду. Ширк жана буттарга сыйынуу дининде (калды). Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Сага кечирим тилеп дуба кылам, Аллах мени мындан тыйганча - деди. Ошондо Аллах Таала бул аятты түшүрдү: "Пайгамбарга да, ыймандуу пенделерге да, мушриктер алардын тууганы болсо деле, алар тозоктун тургундары экени маалым болгондон кийин, аларга кечирим тилөө мүмкүн эмес" (Тобо, 113-аят). Абу Талиб жөнүндө Аллах Тааланын төмөнкү сөздөрү түшкөн: "Чынында, сен өзүң каалаган адамды туура жолго сала албайсың. Бирок Аллах гана кимди кааласа туура жолго салат. Ал туура жолго түшүүчүлөрдү билүүчү" (Касас, 56-аят). Сен туура жолго түшүүсүн самаган адамыңды туура жолго сала албайсың, сенин милдетиң жеткирүү гана. Аллах кимди кааласа аны туура жолго салат.
Абу Муса ал-Ашари (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Куран окуган ыймандуу адам цитрон сыяктуу, анын жыты да, даамы да сонун. Ал эми Куран окубаган ыймандуу адам курма сыяктуу, анын жыты жок, бирок даамдуу . Куран окуган эки жүздүү (мунафык) адам райхан сыяктуу, анын жыты буркураганы менен даамы ачуу. Ал эми Куран окубаган эки жүздүү адам колоцинт сыяктуу, анын жыты да жагымсыз, даамы да ачуу”.
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Куранды окуган жана андан пайдаланган адамдардын түрлөрүн баяндаган: Биринчиси: Куранды окуп, андан пайдаланган ыймандуу адам. Ал цитрон деп аталаган өсүмдүктүн мөмөсү сыяктуу, анын даамы да жакшы, жыты жана түсү да жакшы. Анын пайдасы көп, ал окуганына амал кылат жана башка пенделерге да пайдасын тийгизет. Экинчиси: Куранды окубаган ыймандуу адам. Ал курма сыяктуу, даамы таттуу, бирок анын жыты жок. Курма даамды ичине ороп алып, бирок анын адамдар жыттай турган жагымдуу жыты жок болгон сыяктуу, тиги адамдын жүрөгү ыйманды ороп алган, бирок адамдар угуп ырахат ала тургандай Куранды окубайт. Үчүнчүсү: Куран окуган мунафык. Ал Райхан сыяктуу, анын жыты жагымдуу бирок даамы ачуу. Б.а. анын жүрөгү ыйман менен оңдолгон эмес, Куранга да амал кылбайт, адамдардарын арасында өзүн мусулман сыяктуу көрсөтөт. Жыты жакшы деп анын Куран окуганын окшоткон. Даамы ачуу деп анын каапырлыгын окшоткон. Төртүнчү: Куран окубаган мунафык. Ал колоцинт сыяктуу, анын жыты да жок, даамы да ачуу. Анын жытынын жоктугун Куран окубаганына окшоткон; Куран окубагандыгы үчүн. Даамынын ачуулугун каапырлыгынын ачуулугуна окшоткон. Ичи да ыймандан бош, сырткы иштери да пайдасыз, тагыраагы, зыяндуу.
Ибн Умар, радыяллаху анхума, риваят кылып айтты: Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, Меккени фатх кылган күнү элге кайрылып мындай деди: «Эй адамдар! Чындыгында, Аллах силерден Исламга чейинки доордун текебердигин жана ата-бабалары менен сыймыктанууларын алып салды. Эй адамдар, Аллах силерден жахилияттын жүгүн жана анын ата-бабаларына болгон текебердигин алып салды. Адамдар эки түрдүү болот: салих, такыба жана Аллахтын алдында урматтуу жана бузуку, бактысыз, Аллахтын алдында эң төмөн. Бардык адамдар Адам атанын балдары. Аллах Таала Адам атаны топурактан жараткан. Аллах Таала айтты: "Оо, адамдар! Биз силерди бир эркек жана бир аялдан (Адам ата менен Обо энеден) жараттык жана бири-бириңерди таанып-билишиңер үчүн силерди элдерге жана урууларга бөлдүк. Чындыгында, Аллахтын алдында силердин эң урматтууңар - эң такыбаңар. Чындыгында, Аллах Билүүчү, Кабардар!". (Аль-Хужурат сүрөөсү, 13-аят)
Ат-Тирмизи жазып калтырган.Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Меккени фатх кылган күнү элге кайрылып, мындай деди: Оо, адамдар! Аллах силерден Исламга чейинки доордогу текебердикти жана Исламга чейинки доордун сыймыгы жана ата-баба менен сыймыктанууну көтөрдү жана аларды жок кылды. Тактап айтканда адамдар эки түргө бөлүнөт: Алар Аллах Таалага ибадат кылган салих, такыба, моюн сунуучу болот. Мындай адамдар эл ичинде теги, тукуму болбосо да Аллахтын алдында урматтуу болот. Же бузуку жана бактысыз каапыр болот. Мындай адамдар бийик даражалуу, кадыр-баркы жана бийлиги бар болсо да Аллахтын алдында эч нерсеге татыбаган, кор жана төмөн болушат. Бардык адамдар Адам атанын балдары. Аллах Таала Адам атаны топурактан жараткан. Теги топурактан болгон адамдын текеберленип өзүнө суктануусу туура эмес. Буга Аллах Тааланын сөздөрү далил. Аллах Таала айтты: "Оо, адамдар! Биз силерди бир эркек жана бир аялдан (Адам ата менен Обо энеден) жараттык жана бири-бириңерди таанып-билишиңер үчүн силерди элдерге жана урууларга бөлдүк. Чындыгында, Аллахтын алдында силердин эң урматтууңар - эң такыбаңар. Чындыгында, Аллах Билүүчү, Кабардар!". (Аль-Хужурат сүрөөсү, 13-аят)
Ибн Аббас, радыяллаху анхума, айтты: Пайгамбарга, саллаллаху алейхи уа саллам, «Бисмиллахир Рохманир Рохиим (Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен баштаймын)» деген аяты түшүрүлмөйүнчө эки сүрөөнүн бөлүнүшүн билген эмес».
Абу Дауд жазып калтырган.Ибн Аббас, радыяллаху анхума, Ыйык Курандын сүрөөлөрү Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, түшүрүлгөндө ага «Бисмиллахир Рохманир Рохиим» аяты түшүрүлмөйүнчө сүрөөнүн бөлүнүшүн жана бүткөнүн билбей турганын айтты. Качан бул аят келгенде бир сүрөө аяктаганын жана жаңы сүрөөнүн башталганын билген.
Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылып айтты: "Мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, мындай деп айтканын уктум: Аллах таала айтты: "Намазды Менин жана пендемдин ортосунда экиге бөлдүм, ошондой эле пендеме сураган нерсеси (берилет). Эгерде пенде: "Альхамду лиллахи Роббиль ааълямиин" - деп айтса, Аллах айтат: "Пендем Мага шүгүрлөрдү айтты". Эгерде пенде: "Ар-Рахманир Рахийм" - деп айтса, Аллах айтат: "Пендем Мага мактоолорду айтты". Эгер пенде: "Маалики яумуддиин" - деп айтса, Аллах айтат: "Пендем Мени улуктады". Эгерде пенде: "Иййака наьбуду ва иййака настаьийн" - деп айтса, Аллах айтат: "Бул Мени менен пендемдин ортосундагы (нерсе) жана Пендеме сураган нерсеси (берилет)". Эгерде пенде: "Ихдинас сиротоль мустакийм. Сиротоль лязиина анъамта аълайхим гойриль магдууби алайхим уа ляд-дооооллиин" - деп айтса, Аллах айтат: "Бул пендем үчүн, пендеме сураган нерсеси (берилет)".
Муслим жазып калтырган.Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, хадиси кудсийде, Аллах Тааланын айтканын кабар берди: "Мен Фатиха сүрөөсүн намазда Өзүм менен пендемдин ортосунда экиге бөлдүм, жарымы мен үчүн, жарымы ал үчүн". Биринчи жарымы: Аллахка шүгүрлөр, мактоолор жана улуктоо жана аны эң жакшы сыйлык менен сыйлоо. Экинчи жарымы: дуба жана жалбаруу. Аллах Таала айтты: "Мен ага жооп берем жана сураганын берем" - деди. Намаз окуган адам: "Альхамду лиллахи Раббиль ааълямиин" - десе, Аллах айтат: "Менин пендем мага шүгүрлөрдү айтты". Эгер ал: "Ар-Рахманир Рахийм" - десе, Аллах айтат: «Менин пендем Мени мактады жана Мага шүгүрлөрөрдү айтты. Менин жаратканыма болгон жакшылыктарды жалпылай моюнга алды". Эгер ал: "Маалики яумуддиин" - десе, Аллах айтат: "Менин пендем Мени улуктады, бул эң чоң сыймык". Эгер намаз окуган адам: "Иййака наьбуду ва иййака настаьийн" - десе, Аллах: "Бул Мен менен пендемдин ортосунда" - дейт. Бул аяттын биринчи жарымы Аллахка таандык. Ал аят: "Иййака наьбуду". Бул - ибадат Аллахка гана болоорун моюнга алуу жана Ага гана ибадат кылууну кабыл алуу. Ушул менен Аллахка тиешелүү жарымы бүтөт. Ал эми аяттын экинчи жарымы пенде үчүн. Ал аят: "Иййака настаьийн". Бул - Аллахтан жардам суроо жана Анын жардам берүүгө болгон убадасы. Эгерде намаз окуучу: "Ихдинас сиротоль мустакийм. Сиротоль лязиина анъамта аълайхим гойриль магдууби алайхим уа ляд-дооооллиин" - десе, Аллах айтат: "Бул Менин пендемдин дубасы жана жалбаруусу. Пендемдин сураганы берилет жана мен анын дубасын кабыл кылдым".