





























Hadeeth Cards
Da'wa cards that highlight great meanings from the noble prophetic hadiths in a simple style and attractive display that helps the Muslim to have a deeper understanding of his religion in an easy way
All
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Силерге Дажжалдын мурдагы пайгамбарлар коомуна айтпаган сыпаттарын айтып берейинби?" Анын көзү сокур. Ал бейиш жана тозок сыяктуу нерсени алып жүрөт. Анын бейиш дегени тозок болот. Нух пайгамбар аны айтып коомуна эскерткен сыяктуу мен да силерге эскертемин".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларына Дажжал тууралуу мурдагы пайгамбарлар айтпаган анын сыпаттары жана белгилери тууралуу кабар берген. Алардын кээ бири булар: Анын көзү сокур болот. Аллах Таала ага бейиш жана тозок сыяктуу нерсени алып жүрүүгө мүмкүнчүлүк берет б.а. элдин көзүнө ошондой көрүнөт. Бирок анын бейиши - тозок, тозогу - бейиш. Ким анын айтканын кылса, эл көзүнө бейиш болуп көрүнгөн нерсеге киргизет, бирок ал күйгүзүүчү тозок болот. Ким ага моюн сунбаса, аны эл көзүнө тозок болуп көрүнгөн нерсеге киргизет, бирок ал бейиш болот. Анан пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Нух пайгамбар Дажжалдын азгырыгын коомуна эскерткен сыяктуу, ал да үммөтүнө анын азгырыгынан сак болууну эскертти.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Адам досунун дининде болот. Ошондуктан ар кимиң ким менен дос болоруна карасын".
Абу Дауд, ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдын жүрүм-туруму, адаттары жакын досуна окшошуп каларын айткан. Достук адамдын жүрүм-турумуна, адеп-ахлагына, иш-аракеттерине таасирин тийгизет. Ошон үчүн досту жакшылап карап тандоого чакырган. Жакшы адам досунун ыйманына, туура жолдо жүрүүсүнө жана жакшы иштерди кылуусуна далил болот жана аны колдоп турат.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Жакшы иш-амалдарды аткарууга шашылгыла. Караңгы түн каптагандай фитна-азгырыктар каптаган заман келет. Ошондо эрте менен ыймандуу болуп турган адам, кечинде каапыр болуп калат. Кечинде ыйманы менен жүргөн адам, эртең менен каапыр болуп калат. Алар жарыбаган дүйнө кызыкчылыгы үчүн динин сатып жиберишет".
Муслим жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ыймандууларды жакшы иш-амалдарды шашылып аткарууга үндөгөн. Аларды жакшы иш-амалдардан алаксыта турган, же такыр эле аткартпай тосо турган фитна, шек-күмөндүү жаман иштер пайда болорун айткан. Ал учур түндөй караңгы, анда чындык менен жалган аралашып кетет. Адамдар ак менен караны ажырата албай калат. Азгырыктын күчтүүлүгүнөн эртең менен эле ыймандуу болуп турган адам, кечинде каапыр болуп калат. Кечинде ыймандуу болуп турган адам, эрте менен каапыр болуп калат. Убактылуу, жок болуп кете турган кайсы бир дүйнө кызыкчылыгы үчүн динин таштап коюшат.
Зайнап бинт Жахш (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Бир жолу Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) чочулагандай түрү менен кирип келип мындай деди: "Лаа илаха иллаллааху, чоң жамандык жакындап келе жаткан араптардын шору курусун. Бүгүн Йажуж менен Мажуждун тосмосунун ушунча жери ачылды" деп, сөөмөйүн баш бармагы менен бириктирип эки манжасынын ортосундагы кичине жылчыкты көрсөттү. Зайнаб бинт Жахш айтат: "Мен ага мындай дедим: "О, Аллахтын элчиси, биздин арабызда салих адамдар болсо деле кыйроого учурашыбыз мүмкүнбү?"" Ал: "Ооба, эгер бузуку иштер күнөөлөр көбөйүп кетсе" - деди.
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аялы Зайнаб бинт Жахштын бөлмөсүнө чочулап, корккондой түр менен кирет. Анан алдыда жаман иштин болорун, андан бир гана Аллахка жалбаруу менен кутулууга болорун билдирип: "Лаа илааха иллаллааху" дейт. Анан минтип айтат: Араптарга вайл болсун, бир жамандыктын ишке ашарына аз калды. Бүгүн Йажуж менен Мажуждун Зулкарнайн тосуп кеткен тосмосу ушунча өлчөмдө ачылды деп, баш бармагы менен сөөмөйүн бириктирип, ортосунда пайда болгон жылчыкты көрсөттү. Зайнаб (ага Аллах ыраазы болсун): "Арабызда ыймандуу, саалих адамдар бар болсо, Аллах кантип бизди кыйратып жиберсин? деп сурайт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага мындай дейт: Эгерде бузукулук, жамандык, күнөөлөр, зына кылуу, арак ичүү ж.б. көбөйүп кетсе, Аллах Таала адамдардын баарын чогуу кыйратат.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Аллах Таалага таза, күнөөсү жок жолугуусу үчүн ыймандуу эркектин жана ыймандуу аялдын өзүнө, балдарына жана мал-мүлкүнө ар кандай балээ, сыноолор боло берет".
Ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: ыймандуу эркек-аялдарга алардын өзүнө тиешелүү, мисалы, ден-соолугуна, дене-мүчөлөрүнө же балдарына тиешелүү, мисалы, ооруп калуу, кайтыш болуп калуу, ата-энесине моюн сунбай коюу, же мал-мүлкүнө тиешелүү, мисалы, жетишсиздик, соодасынын жүрүшпөй калуусу, мал-мүлкүн ууруга алдырып жиберүү, ырыскысынын аздыгы сыяктуу ар түрдүү балээ, сыноолор боло берет. Мунун баарын Аллах Таала алардын күнөө-каталарын кечирип, кыяматта Ага эч кандай күнөөсү жок, таза жолугуулары үчүн ушинтет.
Хузайфанын (ага Аллах ыраазы болсун) риваятында, Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Аллах каалады жана баланча каалады" деп айтпагыла. Анын ордунда: "Аллах каалады андан кийин баланча каалады" - дегиле".
Абу Дауд менен ан-Насааи "Ал-Кубро" китебинде жазып калтырган жана Ахмад дагы жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулман адамды: "Аллах каалады жана баланча каалады" деп айтуудан тыйган. Же Аллах жана баланча каалады деп айтуудан; Мунун себеби, Аллахтын каалоосу жана каалоосун ишке ашыруусу абсолюттук түрдө Анын Өзүнө гана тиешелүү, ага эч ким шерик боло албайт. Жана деген маанини билдирген (Вав) байламтасын колдонгондо, кимдир бирөөнүн Аллахка шерик болгону жана Аны менен бирдей болуп калды деген маани туюунулат. Тескерсинче: Аллах каалады, кийин баланча каалады деп айтуу керек. "Вав" деген тамаганын ордуна кийин деген маанини билдирген "сумма" деген тамганы колдонсо, пенденин каалоосу Аллахтын каалоосунан кийин болгонун билдирет, анткени "сумма" бир иштин экинчи иштен бираздан кийин (дароо эмес) болгонун туюндурат.
Абу Саид ал-Худри (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Силерден мурдагылардын жолун изме-из, карышма-карыш ээрчийсиңер. Атүгүл, алар кескелдириктин ийнине кирсе, силер да аларды ээрчип киресиңер". Биз: О, Аллахтын элчиси, сиз жөөттөр менен христиандарды айтып жатасызбы? - деп сурадык. Ал: "Алардан башка кимди айтмак элем?!" - деди.
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) анын заманынан кийин келе турган үммөтүнүн кээ биринин абалын сүрөттөгөн. Алар жөөттөр менен христиандардын акыйда-ишенимин, кылган иш-аракеттерин, адаттарын, каада-салттарын дал ошолордой кылып изме-из, карышына-карыш ээрчишет. Атүгүл, алар кескелдириктин ийинине кирип кетишсе, алардын артынан ээрчип булар да киришет.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Ким туура жолго чакырса, ал аны ээрчиген адамдардай эле сооп алат, мындан тигилердин сообу да кемип калбайт . Ал эми ким адашууга чакырса, аны ээрчип адашкандардын күнөөсүндөй күнөөгө батат, мындан тигилердин күнөөсү да кемибейт".
Муслим жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Ким адамдарды туура жолго колу менен болобу, тили менен болобу багыт берип үндөсө, же кызыктырса, аны ээрчиген адамдар ала тургандай соопко ээ болорун, мындан ал көрсөткөн жолго түшкөндөрдүн сообу кемибестигин баяндап айткан. Ал эми ким адамдарды колу менен же тили менен, күнөөгө же адал эмес иштерге алып бара турган туура эмес жаман жолго багыт берип, жол көрсөтсө, аны ээрчиген адамдар ала тургандай күнөөгө ээ болот. Мындан ал көрсөткөн жолго түшүп алгандардын күнөөсү да кемибейт.
Абдуллах бин Масъуд (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Жамандыкка жоруу - ширк, жамандыкка жоруу - ширк, жамандыкка жоруу - ширк" деп үч жолу (айткан). Бизде бул (жоруму жаман ырымдар) бар, бирок тобокел кылуу менен Аллах аны кетирет.
Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) куш учуруудан (ырым кылуудан) катуу эскертип тыйган. Бул, уккан-көргөн нерсенин баарынан жаман жышаан издөө, мисалы: куштардан, айбанаттардан, майыптардан, сан-санактан, күндөрдөн ж.б. нерселерден. Ал эми куш учуруу деп баса берлгилеп айтканынын себеби, исламга чейинки доордо жоромол кылуунун ушул түрү өтө кенен жыйылган болчу. Мунун негизи мындай: Бирөө сапарга чыкмакчы болсо же соодо кылмакчы болсо, жа дагы башка бир ишке киришерде куш учуруп көрөт. Эгерде койо берген кушу оң тарапка учуп кестсе, аны жакшылыкка жоруп, ишине кирише берген. А эгер куш сол тарапка учуп кетсе, аны жамандыкка жоруп, баштай турган ишин кылбай токтотуп койгон. Мындай кылуу ширк экенин кабарлаган. Чынында, жаман жышаан издөө ширк. Анткени, жакшылыкты Аллах Таала гана берет, жамандыкты да бир гана эч шериги жок Жалгыз Аллах кетирет. Анан Ибн Масъуд (Аллах андан ыраазы болсун) кээде мусулман адамдын дилине деле мындай жамандыкка жоруу кылт этип келээрин, бирок аны Аллахка тобокел кылуу жана себептерин аткаруу менен жок кылуу керектигин эскерип өткөн.