





























Hadeeth Cards
Da'wa cards that highlight great meanings from the noble prophetic hadiths in a simple style and attractive display that helps the Muslim to have a deeper understanding of his religion in an easy way
All
Абдуллах бин Шиххир (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Бану Амир тобунан бир топ киши менен Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бардым. Анан ага: Сен биздин төрөбүзсүң - десек, ал: "Төрө - Аллах" - деди. Биз: Даража жагынан бийигибиз, берешендик жагынан артыгыбызсың - дедик. Ал: "Ушинтип айтсаңар болот, же мындан да азыраак айткыла. Шайтан силерди өкүл кылып албасын" - деди.
Абу Дауд жана Ахмад жазып калтырганПайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир жамаат адамдар келип, ага жеткенден кийин ал өзү жактырбаган кээ бир мактоо сөздөрүн айта башташты. "Сен биздин төрөбүзсүң" - дешти. Аллхтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деди: "Төрө - Аллах" Ал калайыктын үстүнөн толук төрөлүккө, бийликке ээ. Калайык болсо Анын кулдары. Алар: Сен "Даража жагынан бийигибизсиң", даражасы, абройу, касиети бийиксиң - дешти. Сен "Берешендик жагынан артыгыбызсың", жоомарт, кең пейил, улуксуң - дешти. Кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аларды адаттагыдай эле сүйлөөгө, сөздү кооздобоого үндөдү. Антсе, шайтан ширк жана ага себепчи боло турган тыюу салынган иштерге кириптер кыла турган аша чабууларга алып барарын айтты.
Ибн Аббас (Аллах алардан ыраазы болсун) айтат: Акаба күнү эртең менен төөсүнө минип бара жатып Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Мага таш алып берчи" - деди. Мен ага манжалары менен ыргыта тургандай жети таш алып бердим. Ал таштарды алаканына салып: "Ушундай (кичинекей) таштар менен (шайтанды) аткыла"- деди. Анан: "Эй, адамдар, динде аша чаап кетүүдөн сактангыла. Анткени, силерден мурдагылар динде аша чапканы үчүн кыйрап жок болгон" - деди.
Ибн Маажа, ан-Насааи жана Ахмад жазып калтырганИбн Аббас (Аллах алардан ыраазы болсун), коштошуу ажылыгында, курбандык күнү эртең менен Акабада таш атууга пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен бирге барганын айтат. Аны жерден шайтанга атчу таштардан алып берүүгө буйруйт. Ал жети таш алып берет. Анын ар бири мысыр буурчагы же фундук көлөмүндө болчу. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аларды колуна алып, ары-бери кыймылдатып, анан мындай дейт: Атканда ушундай өлчөмдөгү таштар менен аткыла. Андан кийин пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дин иштеринде аша чабуудан, оорлотуудан жана чектен чыгуудан тыйып эскертти. Анткени, өткөн үммөттөрдөн (кээ бири) динде чектен чыкканы жана ыгы жок оорлоткону үчүн кыйрап жок болгон.
Ау Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Ооруунун жугуусу, куш менен төлгө тартуу, үкү конгон үйдө жамандык болот деп ырым кылуу, Сафар айына ырым кылуу, мунун баары жок нерселер. Пес оорусу менен ооруган адамдан арстандан качкандай качкыла".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) исламга чейинки караңгылык доордогу кээ бир иштерди айтып, андай иштерди кылбоого буйруган. Иштин баары Аллахтын колунда экенин, Анын буйругу жана тагдыры менен гана болорун эскерткен. Ал тыюу салган иштер төмөнкүлөр: Биринчи: Караңгылык доордо адамдар оору өзүнөн-өзү жугуп жайылат деп ойлошкон. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) оору Аллахтын каалоосусуз бир адамдан башкаларга жугат деген ишенимден тыйган. Бул жаратылышты Аллах башкарып турат. Ооруну пайда кылган да, аны кайра айыктырган да Аллах. Оору Анын каалоосу жана тагдыр кылуусу менен гана жугат. Экинчи: караңгылык доордо бирөө сапарга жөнөсө, же соода ишине чыкса, куш учуруп ырым кылган. Эгерде учурган кушу оң тарапка учуп кетсе, жакшы деп эсептеп сапарга чыккан. Эгер анысы сол тарапка учса, жаман деп эсептеп сапарга чыкпай калган. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул ырымга да тыюу салып, бул туура эмес ишеним экенин айткан. Үчүнчү: караңгы доордогу адамдар: кайсы үйдүн короосуна үкү келип консо, ошол үйгө жамандык болот деп айтышкан. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул ырымды да жокко чыгарган. Төртүнчү: Сафар айындагы ырым-жырымдарга да тыюу салган. Сафар ай санагында Мухаррам айынан кийинки экинчи ай. Сафар - ашказанда жаткан курт, малга, адамдарга оору жугузат, бул котур оорусунан да жаман деген ишенимдери болгон. Мына ушул туура эмес ишенимден тыйган. Бешинчи: пес оорусу менен ооруган адамдан арстандан оолак болгондой оолак болууга буйруган. Бул өзүнө этият болуу үчүн, Алла буйруган себептерди аткаруу үчүн айтылган буйрук. Пес оорусу адамдын бүт денесин каптай турган оору.
Анас бин Маликтин (Аллах андан ыраазы болсун) риваятында пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Оору жукпайт, жамандыкка жоруу да жок. Мага фаьл жагат". Фаьл деген эмне? деп сурашканда: "Бул жакшы сөз" - деди.
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жахилияттагы адамдардын, оору Аллахтын тагдырысыз эле бирөөдөн бирөөгө жугат деген ишеними туура эмес экенин айткан. Ошондой эле жамандыкка жоруу да туура эмес. Ал угулган же көрүлгөн кайсы бир нерсе менен ырым кылуу, мисалы куштар, жан-жаныбар, майып адамдар, сандар, күндөр ж.б. нерселер менен ырым кылып жамандыкка жоруу. Ал эми куш учуруу деп баса белгилеп айтканынын себеби, исламга чейинки доордо жамандыкка жоруунун ушул түрү өтө кенен жыйылган болчу. Мунун негизи мындай: Бирөө сапарга чыкмакчы болсо же соода кылмакчы болсо, же дагы башка бир ишке киришерде куш учуруп көрөт. Эгерде койо берген кушу оң тарапка учуп кетсе, аны жакшылыкка жооруп, ишине кирише берген. А эгер куш сол тарапка учуп кетсе, аны жамандыкка жооруп, баштай турган ишин кылбай токтотуп койгон. Андан кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аны фаьл таң калтырарын айткан. Бул кайсы бир жакшы сөздү угуу аркылуу инсандын жүрөгүнө кубаныч кирип, Аллах жөнүндө жакшы ойдо болуусуна себеп болот.
Ал-Бараа (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Ансарлар тууралуу: "Аларды ыймандуулар гана жакшы көрөт. Мунаафыктар гана жаман көрөт. Аларды жакшы көргөндөрдү Аллах жакшы көрөт. Аларды жаман көргөндөрдү Аллах жаман көрөт" - деген.
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Мадинанын элиндеги ансарларды жакшы көрүү ыймандын толуктугунун белгиси экенин айткан. Буга алардын Исламга жана пайгамбарга жардам берүүдө биринчилерден болгону, мусулмандарга баш баанек берүүгө аракет кылганы, мал-жанын Аллах жолунда ишеткени себеп. Ал эми аларды жаман көрүү эки жүздүүлүктүн белгиси. Анан Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ким ансарларды жакшы көрсө, аны Аллах жакшы көрөрүн, ким ансарларды жаман көрсө, аны Аллах жаман көрөрүн баяндады.
Абдуллах бин Масуд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Алла Таала менден мурда жиберген бардык пайгамбарлардын үммөтүндө анын сүннөтүн карманып, буйругун аткарган өзгөчө жакын чөйрөсү жана жолдоштору болгон. Андан кийин алардын артынан кылбаган нерсени кылдым деп, буйрулбаган нерсени аткарган адамдар чыккан. Мындай адамдарга каршы колу менен күрөшкөн – ыймандуу, тили менен күрөшкөн – ыймандуу. Кимде-ким аларды жүрөгү менен (жек көрүп) каршы болсо, ал да ыймандуу. Мындан кийинкилеринде сары кычынын данындай да ыйманы болбойт".
Муслим жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип кабарлаган: Алла Таала андан мурда жиберген бардык пайгамбарлардын үммөтүнүн арасында ал өткөндөн кийин анын ордун басууга татыктуу, ыкластуу мужахиддер жана тандалган жардамчылары болгон. Алар пайгамбарынын сүннөтүн карманган, буйругун аткарган. Бул ыймандуу, салихтерден кийин эч кандай жакшылыгы жок адамдар чыккан. Алар өздөрү кылбаган иштерди айтышат, буйрулбаган ишти кылышат. Кимде-ким ошолорго каршы колу менен жихад кылса, ал ыймандуу болот. Кимде-ким колу менен жихад кыла албай, бирок тили менен аларга каршы сүйлөп жихад кылса, ал да ыймандуу. Кимде-ким тили менен да айта албай, бирок жүрөгү менен аларды жек көрсө, ал да ыймандуу. Ал эми жүрөгү менен жек көрө албай, аларга ыраазы болгондордун жүрөгүндө сары кычынын данындай да ыйманы болбойт.
Жабир бин Абдуллах (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Мага менден мурдагы пайгамбарларга берилбеген беш нерсе берилди : бир айлык аралыктан душмандарымдын жүргүндөгү коркунуч аркылуу жеңиш берилди. Жер бетинин баары мага намаз окуганга жарактуу жана тазаланганга жарактуу болду. Үммөтүмдөн ким кайсы жерде болсо, ошол жерде намазын окуй берсин. Мага олжо адал болду. Мага чейин эч кимге олжо адал эмес эле. Мага шапаат кылуу артыкчылыгы берилди. Мага чейинки пайгамбарлар өзүнүн гана элине жиберилсе, мен жалпы адам баласына жиберилдим".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага мурдагы пайгамбарларга берилбеген беш нерсе берилгенин кабарлайт: Биринчиси: Мени менен душмандарымдын аралыгы бир айлык сапар болгонуна карабастан, Аллах Таала алардын жүрөгүнө коркунуч салып, мага жардам (жеңиш) берди. Экинчиси: Жер бети бизге намаз окууга жарактуу болду. Кайсы жерде болсок ошол жерде намаз окуй беребиз. Ошондой эле суу жок учурда таямум кылганга жердин топурагы таза болду. Үчүнчүсү: Согуштан түшкөн олжолор да адал болду. Олжо деп, мусулмандар каапырлар менен согушуп жеңишке жетишкенде алардан калган мал-мүлккө айтылат. Төртүнчүсү: Адамдарды кыямат күнүнүн коркунучунан куткаруу үчүн шапаат кылуу артыкчылыгы берилди. Бешинчиси: Мен жалпы калайыкка, инсандарга да, жиндерге да пайгамбар болуп жиберилдим. Мурдагы пайгамбарларда андай болгон эмес. Алар ар кимиси өзүнө тиешелүү элине гана жиберилген.
Талха бин Убайдуллах (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: “Нажд журтунан чачтары үрпөйгөн жүдөгөн бир киши пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келди. Анын бийик үнүн тээ алыстан эле уктук, бирок эмне деп жатканына түшүнбөдүк. Жаныбызга келгенде гана пайгамбардан Ислам негиздерин сурап жатканын түшүндүк. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) анын суроосуна: “Күнү-түнү биригип беш убак намаз окуу” – деп жооп берди. Тиги: “Мындан ашыкча дагы намаз окуу мага шартпы?” – деп сурады. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Жок, бирок өз ыктыярың менен кошуп окуйм десең, нафил намаздарды оку. Анан Рамазан айында орозо кармоо” – деди. Тиги дагы сурады: “Мындан башка дагы орозо кармоо шартпы?” “Жок, бирок өз ыктыярың менен кармайм десең, нафил орозолорду карма” – деди. Анан пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) зекет тууралуу айтты. Тиги: “Мындан сырткары да зекет берүү шартпы?” – деп сурады. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Жок, бирок өз ыктыярың менен берем десең, нафил садака бер” – деди. Тиги киши жоопту угуп артына бурулуп баратып: “Аллахка ант, мен мына ушул сиз айткандардан ашыкча да кылбайм, кем да кылбайм” – деди. Ал ары кеткенден кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Эгер, бул сөзүнө турса, азаптан кутулат”. – деди”.
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Нажддын тургундарынан чачы чатышкан, үнү бийик, бирок айтканы түшүнүксүз болгон бир киши келди. Ал качан гана пайгамбардын жанына келгенде, андан Исламдын парздары тууралуу сурап жатканы маалым болду. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алгач намаздан баштады. Аллах Таала бир суткада беш убак намаз окуунун милдет кылып моюнга жүктөгөнүн айтты. Тиги киши: бул беш убак намаздан сырткары дагы башка намаздарды окуу мага милдет эмеспи? деп сурады. Ал: Жок, башка намаз окуу сага милдет эмес. Бирок кошумча нафил намаздарды окусаң болот деди. Анан Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага Рамазан айынын орозосун кармоого милдеттүү экенин айтты. Тиги киши: Рамазандын орозосунан башка орозо кармоо мага милдет эмеспи? - деп сурады. Ал: Жок, эгер кааласаң, нафил орозо кармасаң болот - деди. Анан пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага зекет тууралуу айтты. Тиги киши: Милдеттүү зекеттен башка садака да берүү мага милдет эмеспи? - сурады. Ал: Жок. Бирок кааласаң, напил садакаларды берсең болот - деди. Киши Аллахтын элчисинин айткандарын уккандан кийин артына бурулуп жөнөдү да, Аллахка касам ичип, бул айтылгандарды ашык-кем кылбай аткарып жүрөрүн айтты. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Эгер бул киши касам ичип айткан сөзүндө турса, анда тозоктон кутулуучулардын катарында болот - деди.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Жаркырап күн чыгып жаткан күндөрдүн эң жакшысы бул - жума күн. Бул күнү Адам ата жаратылган. Ушул күнү ал бейишке киргизилген. Ушул күнү бейиштен чыгарылган. Кыямат дагы дал ушул күнү болот".
Муслим жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) күн чыгып башталган күндөрдүн эң жакшысы жума күнү экенин баяндады. Жума күнүнүн өзгөчөлүктөрү төмөнкүлөр: Аллах Таала Адам атаны жума күнү жараткан. Аны жума күнү бейишке киргизген. Кийин жума күнү кайра бейиштен чыгарган жана жер бетине түшүргөн. Кыямат жума күнү башталат.