





























Hadeeth Cards
Da'wa cards that highlight great meanings from the noble prophetic hadiths in a simple style and attractive display that helps the Muslim to have a deeper understanding of his religion in an easy way
All
Абу Муслим Хавлани айтат: Мага чынчыл жана сүйүктүү болгон адам айтып берди, ал мен үчүн сүйүктүү жана менин оюмда ал чынчыл, ал Ауф бин Малик (ага Аллах ыраазы болсун), ал мындай деди: Биз тогузбу, сегизби же жетиби адам Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жанында отурган элек. Ал: "Аллахтын элчисине байъат келишим-убада кылбайсыңарбы?" - деди. Биз жаңы эле байъат кылган элек. Ошого: Сага байъат кылып, убада бердик го, о, Аллахтын элчиси? - дедик. Ал дагы: "Аллахтын элчисине байаът келишим кылбайсыңарбы?" - деди. Биз колубузду сунуп: "Сага байъат келишим кылдык го, о, Аллахтын элчиси. Эми эмне кылууга байъат келишим кылабыз?" - дедик. Ал: "Аллахка ибадат кылууңарга жана Ага эч нерсени шерик кылбооңорго, беш убак намазга, баш ийүүңөргө" - деп, анан акырын үнү менен: "Адамдардан эч нерсени сурабооңорго" - деди. Чынын айтсам, кийин мен ошол адамдардын кээ бири камчысын тушүрүп жиберсе, аны алып берүүсүн бирөөдөн суранбай калганын көрдүм.
Муслим жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир канча сахабалар менен туруп, кээ бир иштерди бекем кармоого ант, келишим кылуусун алардан үч жолу талап кылат: Биринчиси: Аллах Тааланын буйруктарын аткарып, тыюуларынан тыйылып, Ага эч нерсени шерик кылбай ибаадат кылууга. Экинчиси: Күнү-түнү окула турган беш убак парз намазды калтырбай окууга. Үчүнчүсү: Шариятка каршы келбеген иштерде мусулмандарга башчы болгон адамды угуп, баш ийүүгө. Төртүнчү: Бардык муктаждыктарын Аллахтан күтүп, адамдардан эч нерсе сурабоого. Ушул сөздү айтканда пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактосу болсун) үнүн мурдагыдан акырыныраак чыгарды. Чынында, сахабалар (аларга Аллах ыраазы болсун) берген ант-келишимдерин так аткарышты. Атүгүл, хадисти айткан киши айтат: Ошол сахабалардын кээ бири камчысын түшүрүп жиберсе, аны алып берүүнү бирөөдөн суранбай, өздөрү түшүп алганын көрдүм.
Бараа бин Аазиб (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Мусулман кабырда суралганда: "Лаа илаха иллаллаху Мухаммад расулуллохи " деп күбөлүк берет. Аллах Тааланын: "Аллах Таала ыйандуу пенделерин бул дүйнөдө да, акыретте да бекем сөзгө туруктуу кылат" - деген аятында ушул айтылган" (Ибрахим, 27-аят).
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пенде кабырында сурак берет. Аны атайын ушул ишке дайындалган эки периште Мункар жана Накир сурак кылат. Алардын ушундай аталышы бир канча хадистерде келген. Ошондо ыймандуу адам: "Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок жана Мухаммад Аллахтын элчиси" деп күбөлүк берет. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Тааланын төмөнкү аяты ушул жөнүндө экендигин айткан: "Аллах Таала ыймандуу пенделерди бул дүйнө жашоосунда да, акыретте да бекем сөзгө туруктуу кылат" (Ибрахим, 27-аят).
Ибн Умар (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактосу болсун) минтип айткан: "Мен адамдар Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок экенине, Мухаммад Аллахтын элчиси экенине күбөлүк бермейинче, намаз окумайынча, зекет бермейинче алар менен согуша берүүгө буйрулдум. Эгер ушуларды аткарышса, анда менден канын жана малын сактап калышат. Бирок Исламдын акысына тиешелүү иштерде андай эмес, анда алардын эсеби Аллахтын колунда".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Таала аны, мушриктер эч шериги жок жалгыз Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок экенине күбөлүк бермейинче жана Мухаммадга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) анын элчи экендигине күбөлүк бермейинче, ошондой эле бул күбөлүктөр талап кылган ибаадаттар: күнүмдүк беш убак намазды окумайынча жана татыктууларга зекет бермейинче, алар менен согуша берүүгө буйруганын бяндайт. Мына ушул иштерди аткарышса, анда Ислам алардын канын жана жанын сактайт. Аларды өлтүрүү адал болбойт. Бирок Ислам өкүмү менен өлтүрүүгө акылуу болгон кылмышка барса, анда өлтүрүлөт. Кийин кыяматта алардын ички сырын билген Аллах Таала аларга Өзү өкүм кылат.
Ибн Аббас (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: "Аллах Таала менин үммөтүмдүн катасын, унутуп жана мажбурланып кылганын кечирди".
رواه ابن ماجه والبيهقي وغيرهماПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Таала анын үммөтүнүн үч абалын кечирерин айткан: Биринчиси: Каталыктан кылган иштери. Бул атайын жасабаган б.а. бир ишти кылууну максат кылып, бирок натыйжада максат кылбаган ишке кириптер болуп калган учурлары. Экинчиси: Унутуп калуу. Бир ишти кылуу эскертилип, бирок аны кыларда унутуп калган учурлары. Буга да күнөө жазылбайт. Үчүнчүсү: Мажбур жасаган иштери. Өзү кылууну каалабаган ишке мажбурланып, аны кылбай коюуга кудурути жатпеген учурлары. Мында да ага күнөө жазылбайт. Бул хадистеги сөз пенде менен анын Раббисинин ортосундагы тыюу салынган нерсени жасоо жөнүндө болуп жатат. Ал эми буйрук кылынган ибадаттарды унутуп коюу (мисалы: намазды убагында окууну унутуп коюу) бул милдетти түшүрүп салбайт. (Кийин сөзсүз аны толукташы керек). Ошондой эле, эгер адамдын тыюу кылынган ишти жасоосунун натыйжасында башка бирөөгө зыян жетсе, анда бул жерде адамдардын укугу түшпөйт. Мисалы, кимдир бирөө атайлап эмес, кокусунан адам өлтүрүп алса, ага кун (кан акы) милдет болот. Же бирөөнүн машинасын бузуп алса, аны төлөп берет.
Муаз бин Жабал (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен сапарда бирге болдум. Бир күнү жол жүрүп бара жатканда аны жандай бастырып калдым. Анан андан: Оо, Аллахтын элчиси, мени тозоктон алыстатып, бейишке киргизе турган кандай иш бар? – деп сурадым. Ал: “Сен өтө оор ишти сурадың. Бирок Аллах жеңил кылгандар үчүн өтө оңой болот . Аллахка шерик кошпой ибадат кыл, беш убак намазды толук оку, зекетти бер, Рамазан айынын орозосун карма. Аллахтын үйү (Каъбага барып), ажылык милдетиңди аткар” – деп, анан сөзүн кайра улады: “Сага жакшылыктын эшиктери тууралуу айтайынбы? Орозо (тозоктон) калкан; Садага – суу отту өчүргөндөй күнөөлөрдү өчүрөт. Адамдын түн ортосунда окуган намазы” – деп, бул аятты окуду: “Алардын жамбашы жатчу жайынан алыс болуп, коркуу жана үмүт менен Раббисине дуба кылышат. Биз берген ырыскыдан каржылашат. Эч ким кылган иш-амалдары үчүн аларга жашыруун даярдалып коюлган көз кубанычын билбейт”. Анан кайра мага: “Сага диндин башы, тиреги жана туу чокусу тууралу айтайынбы?” – деди. Мен: О Аллахтын элчиси, айтыңыз – дедим. Ал: “Диндин башы – Ислам; Анын тиреги – намаз; Туу чокусу – Аллах жолунда күрөш” – деди. Анан: “Эми сага ушул айтылгандардын баарынын негизи эмне экенин айтайынбы?” – деди. Мен: О Аллахтын элчиси, айтыңыз – дедим. Ошондо ал тилин кармап көрсөтүп: “Ушуну сакта!” – деди. Мен: О Аллахтын элчиси, биз айткан сөздөрүбүз үчүн да жоопко тартылабызбы? – деп сурадым. Ал: “Энең сени жоготсун, оо Муаз, адамдарды тозокко бети же мурду менен кулаткан нерсе тилинен тапкан күнөөлөрү эмеспи” – деди.
Ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырганМуаз (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен бирге сапарда болдум. Бирде аны менен жанаша басып калып: Оо Аллахтын элчиси, мага мени бейишке киргизип, тозоктон куткара турган амалды атап берчи - деп сурадым. Ал: Сен аткаруу напсиге оор болгон иштер тууралуу сурадың. Бирок Аллах Таала аны аткарууну жеңил кылып койгон адамга аткаруу жеңил болот. Исламдын мобул беш парзын аткар: Биринчи: Аллахка эч нерсени шерик кылбай, ибадат кыласың. Экинчиси: Күнү-түнү биригип суткасына беш убак намаз окуйсуң. Булар: багымдат, бешим, дигер, шам жана куптан намаздары. Намаз окуганда шарттарын, үрүкүндөрүн, важибтерин толук аткар. Үчүнчүсү: парз болгон зекетиңди чыгарасың. Зекет белгилүү өлчөмгөн жеткен малдан тиешелүү адамдарга чыгарып бере турган мал-дүйнөгө байланыштуу ибадат. Төртүнчүсү: Рамазан айында орозо кармайсың. Орозо таң аткандан, күн батканга чейин ибадат ниетинде тамак, суусун, ж.б. оозду ачып койо турган иштерден сактануу. Бшинчиси: Аллахка ибадат кылуу үчүн Меккени максат кылып Аллахтын үйүнө ажылык кыласың. Андан кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Сага жакшылыктын эшигине жеткире турган жолду айтайынбы? Жанагы парз амалдарга кошуп бул напилдерди аткар - дейт. Биринчиси: Напил орозо карма. Мындай орозолор кумар каалоону басаңдатып, күч-кубатты азайткандыктан күнөө кылууга жол бербейт. Экинчиси: Напил садага кетирген күнөө, каталарды өчүрөт жана анын изин кетирет. Үчүнчүсү: Түндүн акыркы бөлүгүндө тахажуд намазы. Андан кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Тааланын сөзүн окуду: (Алардын жамбашы жатчу жайынан алыс болуп) уйкудан туруп, коркуу жана үмүт менен Раббисине кайрылышат (зикир, Куран окуу, дуба менен). Биз берген ырыскыдан каржылашат. Эч ким кылган иш-амалдары үчүн аларга жашыруун даярдалып коюлган көз кубанычын билбейт. Анан Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Сага диндин башы, тиреги жана туу чокусу тууралу айтайынбы? - дейт. Муаз (Аллах андан ыраазы болсун): ооба, айтыңыз - дейт. Пагамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Диндин башы - эки күбөлүк келме, ушул эки келме менен адам динге келет. Диндин тиреги - намаз. Намаз болмоюнча Ислам болбойт. Түркүгү жок үй болбогон сыяктуу. Кимде-ким намаз окуса, анын дини бекемделип, көтөрүлөт. Диндин туу чокусу - Аллахтын Сөзүн жогоруу кылуу үчүн дин душмандары менен күрөшүү. Анан Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Сага жогорудагылардын баарын бекемдей турган нерсени айтайынбы - деп, колу менен тилин кармап: Ушуну сакта, өзүңө тиешелүү болбогон нерсени сүйлөбө - деп эскертет. Муаз (Аллах андан ыраазы болсун): Биз ар бир сүйлөгөн сөзүбүз үчүн эсеп берип, азапталабызбы? - деп сурайт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага: Энең сени жоготсун! - дейт. Бул аны каргаган сөз эмес. Арабтарда маанилүү бир нерсеге көңүл буруп, билүүсү үчүн кыйыр мааниде айтылган сөз. Анан: Адамдардын тозокко көмкөрүсүнөн кулап түшүүсүнө алардын каапырлык сөздү сүйлөгөнү, жалган жалаа жапканы, сөгүнгөнү, кыйбат, ушак кылганы себеп болуп жатпайбы - дейт.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Оо, адамдар! Аллах Аруу-Таза, таза нерселерди гана кабыл кылат. Аллах Таала ыймандууларга пайгамбарларга буйруган нерсени буйруган. Ал минтип айткан: "Оо, пайгамбарлар! Таза, адал нерседен жегиле! Ийги иш-амалдарды кылгыла! Чынында, эмне кылганыңарды Мен билүүчүмүн" (Муминун, 51-аят). Ошондой эле: "Оо, ыйман келтиргендер! Биз силерге берген ырыскылардын таза-адалынан жегиле...”!" деген (Бакара, 172-аят). Андан кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алыс сапарга чыгып, чачы саксайып жүдөгөн, үстү-башын чаң баскан адам колун өйдө көтөрүп: “ “Оо, Раббим, оо, Раббим” деп дуба кылганын эскерип, анан мындай деди: “Анын жегени арам, ичкени арам, кийгени арам, арамдан азыктанат. Анан анын дубасы кантип кабыл болсун?!”
Муслим жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабарлайт: Аллах Таала Таза, Ыйык, айып, кемчиликтерден аруу, толук сыпаттар менен сыпатталган. Сөздөрдүн, амалдардын, ишенимдердин тазасын гана кабыл кылат. Мындай ибадаттар калыс Аллах үчүн анан пайгамбардын көрсөткөн тартибинде болушу керек. Аллах Таалага ушндай жол менен гана жакындоого болот. Ыймандуу адам үчүн анын эң таза амалы - таза, адал ырыскы менен азыктануусу. Ошон үчүн Аллах Таала ыймандууларды пайгамбарларды буйругандай таза, адал тамактанууга жана жакшы амалдарды аткарууга буйруган. Ал минтип айткан: "Оо, пайгамбарлар! Таза, адал нерседен жегиле! Ийги иш-амалдарды кылгыла! Чынында, эмне кылганыңарды Мен билүүчүмүн". Ошондой эле: "Оо, ыйман келтиргендер! Биз силерге берген ырыскылардын таза-адалынан жегиле...”!" деген. Андан кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким арамдан ырыскы жесе, анысы аткарган амалын бузуп, анын сырткы көрүнүшү кабыл боло тургандай көрүнсө да, кабыл болбой каларын эскерткен. Кабыл боло тургандай көрүнгөн сырткы көрүнүштөр булар: Биринчи: Ажылык, жихад, же туугандар менен байланышуу сыяктуу Аллахка таат кылуу максатында болгон узун сапарлар. Экинчи: таралбай чатышып калган чачы, чаң басып калган кийими, анын муктаж экендигинен кабар берет. Үчүнчү: Колун асманга сунуп дуба кылганы. Төртүнчү: Аллахтын ысымдарын ортого салып, Оо, Раббим! Оо, Раббим! - деп жалбарганы. Ушундай себептердин болуусуна карабай анын дубасы кабыл болбойт. Анткени, анын жегени, ичкени, кийгени баары арамдан. Арам менен азыктанган. Мындай адамдын дубасы кайдан кабыл болмок эле.
Микдад бин Амр Киндий (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай дейт: Мен каапырлардын бири менен бет келип согушуп, ал менин бир колумду кылыч менен шылый чапса, анан дарактын артына жашынып алып: Мен Аллах үчүн Исламды кабыл кылдым - десе, мен аны өлтүрсөм болобу, оо, Аллахтын элчиси? Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага: "Аны өлтүрбө" - деди. Ал: Оо, Аллахтын элчиси, ал менин колумду кыя чаап, колумду кесип таштагандан кийин айтып жатат да? - деди. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Аны өлтүрбө. Эгер аны өлтүрсөң, ал сен аны өлтүрө электеги сенин ордуңда болуп, сен болсо ал жанагы сөзүн айта электеги анын ордунда болуп каласың" - деди.
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Микдад бин Асвад (ага Аллах ыраазы болсун) пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип сурайт: согушта ал каапырлардын бирине бет келип, аны менен кылычташып, каапыр анын бир колун кылыч менен кыя чаап, анын качып барып дарактын артына жашынып: Лаа илааха иллаллааху деп келме айтса, аны өлтүрүү адал болобу? Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Аны өлтүрбө" - дейт. Ал: оо, Аллахтын элчиси, ал менин бир колумду чаап салса да аны өлтүрбөймүнбү? - деп сурайт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Аны өлтүрбө, анткени анын каны сага арам болду. Эгер ал исламга киргенден кийин сен аны өлтүрсөң, ал каны ислам менен корголгон сенин ордуңда болот. А сен болсо аны өлтүргөнүң үчүн өч алууга каны адал болгон адамдын ордунда болуп каласың - дейт.
Абу Барза ал-Аслами (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Кыямат күнү пенде өмүрүн эмне менен өткөргөнү, илимин кандай пайдаланганы, мал-мүлкүн кайдан таап, кайда каржылаганы, дене-кубатын кандай иштеткени тууралуу суралмайынча анын кадамы жылбайт".
Ат-Тирмизи жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кыямат күнү эч бир адам төмөнкү иштер тууралуу суралмайынча эсеп-кысап майданынан бейишке да, тозокко да өтө албастыгын айткан. Биринчиси: Жашоосун кантип өткөргөнү тууралуу. Экинчиси: Илимди Аллахтын ыраазылыгы үчүн алганбы? Алган илимине амал кылдыбы? Алган илимин тиешелүү адамдарга жеткирдиби? Үчүнчүсү: Мал-мүлкүн арамдан таптыбы, же адалдан таптыбы? Анан аны Аллах ыраазы боло турган иштерге жумшадыбы, же Аллахтын ачуусун келтире турган иштерге короттубу? Төртүнчү: Дене мүчөлөрүн, күч-кубатын, чың ден соолугун, жаштык курагын эмнеге иштетип, эмнеге жумшады?
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Хайбар согушу болгон күнү Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деди: "Бул тууну Аллахты жана Анын элчисин жакшы көргөн адамга берем. Аллах Таала аны жеңишке жеткирет". Умар бин Хаттаб айтат: Мен башчы болууну ушул күнү гана аябай кааладым. Анан мага берип калса деп үмүт кылып (көрүнүү үчүн) боюмду керип өйдө болдум. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Али бин Абу Талибди чакырып, ага тууну берди. Анан: "Согушка аттан, Аллах жеңишке жеткирмейинче, артыңа кылчайба" - деди. Али алдыга басып жөнөп, токтой калды, бирок артына бурулуп караган жок. Анан үнүн катуу чыгарып: Оо, Аллахтын элчиси, алар эмне кылганча согушайын? - деп сурады. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деди: "Алар Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок экенине жана Мухаммад Аллахтын элчиси экенине күбөлүк бергенге чейин согуша бер. Эгер алар ушинтип күбөлүк берип мусулман болсо, өлүм жазасына татыктуу күнөө кылмайынча, жандарын жана мал-мүлкүн сенден сактап калышат. Алардын эсеби Аллахтын колунда".
Муслим жазып калтырганПайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларына эртең Мадинага жакын жайгашкан Хайбар жөөттөрү жеңилерин кабар берет. Бул жеңиш азыр мен тууну берген адамдын башчылыгында болот деп айтат. Туу дегени аскерлер белги катары көтөрүп жүргөн желек. Ал кишинин эң негизги сыпаты: Аллахты жана Анын элчисин жакшы көрөт, Аллах менен Анын элчиси аны жакшы көрөт. Умар бин Хаттаб (ага Аллах ыраазы болсун) Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айткан Аллахтын жана Анын элчисинин сүйүүсүнө жетишсем деп үмүт кылып, ушул күнү башчылыкка кызыккандай, эч качан кызыкпаганын эскерет. Анан Умар (ага Аллах ыраазы болсун) пайгамбар көрүп чакырып калабы деген үмүт менен боюн созуп, тууну мага берсе экен деп самады. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Али ибн Абу Талибди (Аллах андан ыраазы болсун) чакырып, ага тууну берди. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Алиге аскерлерди жетектеп, душман менен жолуккандан кийин Аллах жеңишке жеткирип, душмандын чептерин басып алганга чейин артка чегинбөөнү, токтобоону жана тынчтык келишимин түзбөөнү буйруду. Али (ага Аллах ыраазы болсун) алга жөнөп токтоп калды, бирок пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) буйругуна каршы келбеши үчүн, артына кылчайбай туруп үнүн бийик чыгарып: Оо, Аллахтын элчиси, алар менен эмне кылганга чейин согушайын? - деп сурады. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деди: «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок жана Мухаммад Аллахтын элчиси деп күбөлүк бермейинче алар менен согуш. Эгер алар муну кабыл алып, Исламга кирсе, анда жандарын жана мал-мүлкүн сенден сактап калышат, Ислам мыйзамдары боюнча жазага татыктуу болгон кылмыштан башка учурларда. Жана алардын эсеби Аллахтын колунда».