





























Hadeeth Cards
Da'wa cards that highlight great meanings from the noble prophetic hadiths in a simple style and attractive display that helps the Muslim to have a deeper understanding of his religion in an easy way
All
Нуъман бин Башир (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Ыймандуулар бири-бирин жакшы көрүүдө, ырайым кылууда жана жардам берүүдө бир бүтүн дене сыяктуу, дененин бир мүчөсү ооруса, уйкусуздукта жана ысытмада ага бардык мүчөлөр шерик болот".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дене мүчөлөрүнөн бир мүчө ооруса, башка мүчөлөрү да уйкусуздукта жана ысытмалоодо ага шерик болгондой, мусулмандар да бири-бирине жакшылык кылууда, ырайым кылууда, жардам берип, көмөктөшүүдө, бирине зыян тийсе аны сезүүдө бир дене сыяктуу болуу керек экендигин айткан.
Абдуллах бин Масуд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Бетин тытып, жакасын айрып, караңгы доорго чакырып, кыйкыргандар бизден эмес".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Исламга чейинки доордогу кээ бир иштерди аткаруудан тыйып, катуу эскертип, бул иштерди кылгандар бизден эмес деп айткан. Биринчиси: Беттин кырына ургандар. Беттин кыры деп айтканы беттин көп бөлүгүн түзгөнү үчүн, негизи беттин бардык бөлүгүнө уруп, тытмалоого тыюу салынган. Экинчиси: Кайгыдан улам кийимдин башын чыгара турган жерин, жакасын айрыгандар. Үчүнчүсү: Караңгы доордогудай амалдарды кылуу, мисалы, кошок, өкүрүк, ж.б. коштогон дубаларды кылуу.
Анас (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын уктум: "Улуу Аллах Таала минтип айткан: "Эй, адам баласы! Эгер Мага дуба кылып, анын кабыл болуусун үмүт кылсаң, сенден болгон күнөөнүн баарын кечирип коюу Мага эч нерсе эмес . Эй, адам баласы! Эгер күнөөлөрүң асманды тиреп калса да сен Менден кечирим тилесең, сени кечирип коюу Мага оор эмес . Эй, адам баласы! Сен мага жер бети толо күнөө менен келип, бирок Мага эч нерсени шерик кылбай жолуксаң, Мен сага жер бети толо кечирим менен бармакмын".
Ат-Тирмизи жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Таала кудсий хадисте минтип айтканын баяндайт: Эй, адам баласы! Сен Мага дуба кылып, Менин ырайымымды үмүт кылсаң жана үмүтүңдү үзбөсөң, сенин айыбыңды жашырып, күнөөңдү кечирип коюу Мага жеңил. Атүгүл, күнөөлөрүңдүн арасында чоң күнөөлөр болсо да кечирем. Эй, адам баласы! Эгерде күнөөлөрүң асман менен жердин ортосун толтуруп, анын жетер чегине жетсе, анан сен Менден кечирим тилесең; анын көптүгүнө карабай баарын кечирип, өчүрүп саламын. Эй, адам баласы! Сен өлгөндөн кийин Мага жер бети толо күнөө, ката менен келсең, бирок Мага эч нерсени шерик кылбай, жалгыздап жүрүп өлгөн болсоң; сенин күнөө-каталарыңды жер бети толо кечирим менен тосуп алам. Анткени, Менин кечиримим кенен, ширктен башка бардык күнөөнү кечиремин.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: «Күчтүү момун алсыз момунга караганда Аллахка жакшыраак жана сүйүктүүрөөк. Алардын экөөсүндө тең жакшылык бар. Өзүңө пайдалуу болгон нерсеге умтул, Аллахтан жардам сура, жана алсыз болбо. Эгер сага бир кайгы-капа жетсе: « Эгер тигиндей кылсам, мындай болоор эле»-деп айтпа». Аллах тагдыр кылыптыр. Ал Өз каалаганын жасайт «-дегиле. Анткени, «Эгер» деген сөз шайтандын амалдарына жол ачат»
Муслим жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): ыймандуунун баары жакшы экенин, бирок ыйманында, чечкиндүүлүгүндө, байлыгында ж.б. күч-кубатка тиешелүү иштерде күчтүү болгон ыймандуу адам күчсүз ыймандууга караганда Аллахка жагымдуу жана сүйкүмдүүрөөк экенин айткан. Анан пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ыймандуу адамга, ага дүйнө жана акыретте пайдасын тийгизе турган иштерде Аллахка таянуу менен бирге себептерди аткарууну, Аллахтан жардам суроону жана Ага тобокел кылууну насаат кылган. Анан дүйнө жана акыретке пайдалуу иштерди аткарууда чамасыз болуудан, жалкоолуктан жана шалаакылыктан тыйды. Ыймандуу адам кайсы бир иште аракет кылса, себептерди аткарса, Аллахка таянса жана Аллахтан жакшылык тилесе, анда бардык иштерин Аллахка тапшыруусу жана Аллахтын тандоосу эң жакшы тандоо экенин билүүсү керек. Ошондон кийин ага кандайдыр бир көйгөй болуп калса, анда: "Эгер мен мындай кылсам, тигиндей болмок эмес" деп айтпасын. Анткени "эгер" деп айтуу шайтандын амалдарына эшик ачып берет. Тагдырга нааразы болууда, өткөн иште өкүнүүдө (шайтанга эшик ачат). Анын ордуна тагдырга моюн сунуп жана ыраазы болуп: "Аллахтын тагдыры, Ал каалаганын аткарды" деп айтуу керек. Болгон иш Аллахтын каалоосунун чегинде болду, анткени ал каалаганын аткаруучу. Анын буйругун жокко чыгаруучу болбойт жана Анын өкүмүн кечиктирүүчү да жок.
Абу Ваакид ал-Лайсийи (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Алахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Хунайнга жөнөп чыкканда, мушриктердин "Заат анваат" деп аталган дарагынын жанынан өттү. Мушриктер ага (аны ыйыктап) курал-жарагын илип койчу. Ошондо жанындагылардан бирөөлөр: О, Аллахтын элчиси, булардын "Заат анвааты" сыяктуу бизге да (ыйыктай турган) "Заат анваат" кылып бербейсиңби? - дешти. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Субхааналлах! Бул айтканыңар Мусанын коому ага: "Алардын кудайы сыяктуу бизге да кудай кылып бер" дегениндей болуп жатат (Аъраф, 138-аят) . Жаным колунда турган Затка ант ичип айтам, силер да мурда өткөндөрдүн жолуна түшөсүңөр" - деди (ачууланып).
Ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырганАллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Хунайнга жөнөп чыгат, ал Мекке менен Таифтин ортосунда жайгашкан өрөөн. Аны менен бирге Исламга эми эле кирген сахабалар да бар эле. Жолдо алар "Заат анваат" б.а. илинчектүү дарак деп аталган дарактын жанынан өтүшөт. Бул даракты мушриктер ыйык санап, андан береке үмүт кылып курал-жарагын жана башка нерселерди илип коюшчу. Динге жаңы кирген сахабалар пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аларга да ошол дарак сыяктуу курал-жарагын илип алып береке тилей турган дарак дайындап берүүсүн суранат. Алар муну туура иш деп ойлошкон. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алардын атйкан сөзүн четке какканын билдирип, Аллахты улуктап "Субхааналлах" деп тасбих айтат. Анан алардын айтканы Мусанын коому ага (Бизге да алардын кудайы сыяктуу кудай дайндап бер) деген сөзүндөй экенин айтат. Алар да буттарга ибадат кылып жаткандарды көрүп, ошол мушриктердики сыяктуу аларга да буттарды кудай кылып берүүсүн талап кылышкан. Мындай кылуу алардын жолун ээрчүү болот. Андан соң пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келечекте мусулман үммөтү да жөөт жана христиандардын жолун ээрчип, алар кылганды кыларын айтып, мындай кылуудан тыйып катуу эскертти.
Ибн Аббас (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир киши келип, кээ бир иштер тууралуу сүйлөшүп, акырында: Аллах жана сен кааладың... - деди эле, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Мени Аллахка шерик кыласыңбы?! Жалгыз Аллах каалады деп айткын" - деди.
Ибн Маажа менен ан-Насааи "Ал-Кубро" китебинде жазып калтырган жана Ахмад да жазып калтырганПайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир киши келип, өзүнө тиешелүү иштерин сүйлөшүп, анан: "Аллах жана сен кааладың" деп айтат. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) анын айтканын четке кагып, пенденин каалоосун Аллахтын каалоосуна жана деген байламта аркылуу кошуу кичине ширк болорун эскертет. Мусулман адамга минтип сүйлөөгө болбойт. Анан ага туура сөздү үйрөтүп: "Жалгыз Аллах каалады" деп, каалоосунда Аллахты жалгыздоону, анын каалоосуна башка бирөөнүн каалосун эч кайсы байламта менен кошууга болбостугун эскертет.
Ыймандуулардын энеси Айша (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Мага Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кирди. Мен сүрөттөрү бар, жука, жүн кездемени (текчеге) парда кылып тартып койгон элем. Аны көрүп, өңү өзгөрүп кетти да, илинген жеринен сыйрып алды. Анан: "Айша! Кыямат күнү Аллахтын алдында азабы катуу боло турган адамдар - Аллахтын жараткан нерселерине окшошту тарткандар" - деди. Айша энебиз айтат: Анан биз аны кесип алып, бирби, экиби жаздык жасап койдук.
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Айша энебиздин бөлмөсүнө кирип, ал буюм-терим койгон текчесине жандуулардын сүрөттөрү бар кездемени парда кылып тартып койгонун көрөт. Аллах үчүн ага ачууланып өңү өзгөрүп, аны сыйрып алып мындай дейт: Кыямат күнү катуу азаптала турган адамдар Аллахтын жаратканына окшош нерселерди тарткан адамдар. Айша энебиз: анан андан бир же эки жаздык жасап койдук - дейт.
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Тааланын мындай дегенин айтат: "Адам баласы мени жалганчыга чыгарды, мындай кылуу аларга ылайык эмес эле. Алар Мени сөгүштү, мындай кылуу аларга ылайык эмес эле. Жалганчыга чыгарганы: бизди биринчи жолу жараткандай, кайра жарата албайт деп айтканы. А чынында, аларды кайра тирилтүү жоктон бар кылып биринчи жолу жаратканга караганда жеңил эмеспи. Ал эми сөккөнү: Аллахтын баласы бар деп айтканы. А чынында, Мен эч нерсеге муктаж эмес Жалгызмын, тууган да, туулган да эмесмин, Мага эч нерсе тең эмес".
Бухари жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кудуси хадисте Аллах Тааланы жалганчыга чыгарып, кемчиликтүү жана айыптуу деп сыпаттаган, бирок андай кылуу аларга ылайык болбогон мушриктер менен каапырлар тууралуу айтканын кабарлайт. Аллардын Аллахты жалганга чыгарганы: Аллах Таала аларды биринчи жолу жоктон бар кылып жараткандай, алар өлгөндөн кийин кайра тирилтпейт деген ойлору. Аллах Таала аларга жооп кылып, аларды биринчи жолу жоктон бар кылып жараткан Аллах кайра тирилтүүгө да кудуреттүү экенин, бул биринчи жаратууга караганда оңой экенин айтат. Аллах үчүн жаратуу жана кайра тирилтүү бирдей эле иш. Аллах бардык нерсеге кудуреттүү. Ал эми аны акаарат кылып сөккөнү: Анын баласы бар деп айтышканы. Аларга жооп кылып, Ал Өзү ысымдарында, сыпаттарында, иштеринде жалгыз экенин, бардык кемчиликтен жана айыптардан таза экендигин, эч кимге муктажы жок беймуктаж экендигин, баары Ага муктаж экенин, Ал эч кимге ата да, эч кимге бала да болбогонун айтып, Мага окшошо турган же теңдеше турган эч кандай теңи жок деген.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Чынында, Аллах Таала мындай деди: "Ким Менин досума душмандык кылса Мен ага согуш жарыя кыламын. Пендемди мага жакындата турган Мен ага парыз кылган амалдардан өткөн амал жок. Пендем Мага напил амалдар аркылуу жакындаган сайын, Мен аны жакшы көрөм. А Мен аны жакшы көрсөм, анын уга турган кулагы, көрө турган көзү, кармай турган колу жана баса турган буту болом. Эгер менден сураса, берем, Эгер Мени менен сактанса, сактайм. Мен кылган иштеримден момундун жанын алганда экиленгендей экиленген эмесмин, ал өлүмдү жек көрөт, Мен аны кыйнаган нерсени жек көрөм".
Бухари жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Улук Аллах Таала кудусий хадисте минтип айтканын кабарлайт: Ким менин досторумдан бирине ыза берсе, ачууландырса, же аны жек көрсө, мен ага билдирем жана ага согуш жарыялайм. Дос дегени: такыба ыймандуу адам. Пендеде ыйман жана такыбылыктан канча болсо, Аллахка достугу ошончолук болот. Мусулманды Раббисине жакындата турган эң жакшы иш - ибадаттарды аткаруу жана күнөөлөрдөн тыйылуу сыяктуу ага важыб, парз кылынган иштер. Мусулман адам парз ибадаттар менен бирге напил ибадаттарды аткарган сайын Раббисине жакындап, Анын сүйүүсүнө жетет. Аллах аны жакшы көрүп калгандан кийин анын төмөнкү төрт мүчөсүн күнөөдөн Өзү сактайт: Угуусун сактайт, Аллах ыраазы боло турган сөздөрдү гана угуп калат. Көрүүсүн сактайт, Аллах кароосун жакшы көргөн жана ыраазы болгон нерсени гана карап калат. Колун сактайт, колу менен Аллах ыраазы боло турган иштерди гана жасайт. Буттарын сактайт, Аллах ыраазы боло турган жерлерге гана басат, жакшылык бар нерсеге гана аракет кылат. Аны менен бирге Аллахтан эмнени сураса, Аллах ага сураганын берет. Дубасы кабыл болуучу киши болот. Эгер Аллах менен сактанып, Андан коргоо тилесе, Аллах аны корккон нерсесинен сактап, коргойт. Андан кийин Аллах Таала айтат: Мен кылган иштеримдин ичинен ыймандуу адамга ырайым кылып анын жанын алганда экиленгендей эч экиленбеймин; анткени ал өлүм учурунда катуу оору болгону үчүн аны жек көрөт, Аллах болсо ыймандуу адамды кыйнаган нерсени жек көрөт.