





























Hadeeth Cards
Da'wa cards that highlight great meanings from the noble prophetic hadiths in a simple style and attractive display that helps the Muslim to have a deeper understanding of his religion in an easy way
All
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Адамдарда каапырлыктын белгилеринен болгон эки белги бар: Ата-текти кемсинтүү жана өлүккө өкүрүп ыйлоо".
Муслим жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эки ишти каапырлардын амалы, Исламга чейинки доордон калган ахлак деп кабарлаган. Ал экөө: Биринчиси: Адамдардын тегин кемсинтип, аларды басынтып, текеберлик кылуу. Экинчиси: өлүм болгондо тагдырга нааразы болуп, үнүн көтөрүп өкүрүп ыйлоо, же сабырсыздыктан улам кийимин тытып ыйлоо.
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: бир жолу Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Куру-жалак калган адам ким экенин билесиңерби? ” - деп сурап калды. Куру-жалак калды деп арабыздагы күмүш акчасы да, буюм-терими да жок калган кишини айтабыз деди сахабалар. Аллахтын элчиси (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Чынында, менин үммөттүмдөгү куру-жалак калган адам: кыямат күнү окуган намазы, туткан орозосу, берген зекети менен келет. Ошол эле учурда ал бирөөнү сөккөн, бирөөгө жалаа жапкан, бирөөнүн малын жеген, бирөөнүн канын төккөн, бирөөнү урган сыяктуу жаман иштерин да ала келет. Анан анын жакшы иш-амалдары тигилерге алып берилет. Кокус моюнундагы карызы бүтө электе жакшы амалдары түгөп калса, анда тигилердин жаман иш-амалдары мунун моюнуна жүктөлөт. Андан кийин тозокко ташталат” - деди.
Муслим жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларынан куру кол калган адам ким экенин сурады. Сахабалар: Арабызда же малы, же буюуму жок калган адамдар куру кол адамдар деп жооп беришти. Пайгамбарыбыз: Менин үммөтүмдүн куру кол калгандары - кыямат күнү намаз, орозо, зекет ж.б. жакшы иш-амалдары менен келет. Ошону менен бирге бирөөнү сөккөн, дагы бирөөнүн абийирин төккөн, дагы бирөөнүн мал-мүлкүн алып танып кеткен, дагы бирөөнүн канын төгүп зулум кылган, дагы бирөөнү уруп кордогон... Анан ошол зулум чекккендерге анын жакшылыктары алынып берилет, эгер зулумдугу жана алган акылары акырын чыкканга чейин анын жакшылыктары түгөнүп калса, зулум чеккендердин күнөөлөрүнөн ага алынып берилет. Анан анын эч кандай жакшылыгы жок калгандыктан, тозокко ташталат.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Алтыны жана күмүшү бар адам, ал экөөнүн акысын бербесе, кыямат күнү болгондо, алтын-күмүшү оттон болгон тактайчага айланат жана ал отко кызытылат, анан аны менен ээсинин капталына, бешенесине жана артына үтүктөлүп белги салынат. Ал муздаган сайын кайра кайталанып турат. Бул күндүн узактыгы элүү миң жылга тете болот. Ошентип качан адамдарга өкүм чыгып, бара турган жерин же бейишти, же тозокту көргөнгө чейин азапталат". Бирөө: О Аллахтын элчиси, төөсү болсочу? - деп сурады. Ал: "Төөсү бар адам анын акысын бербесе, анын бир акысы сууга келгенде саап (сүтүнөн муктаждарга берүү), кыямат күнү болгондо, кенен, жайык жерге жүз төмөн ташталат да, бир ботосу да калбай келип, буттары менен ээсин тебелеп, тиштери менен тиштеп өтөт. Эң акыркысы тебелеп өткөндөн кийин, биринчиси кайра тебелей баштайт. Бул күндүн узактыгы элүү миң жылга тете болот. Ошентип качан адамдарга өкүм чыгып, бара турган жерин же бейишти, же тозокту көргөнгө чейин азапталат". - деди. Дагы бирөө: О Аллахтын элчиси, ую жана кою бар кишичи? -деп сурады. Ал: "Ую жана кою бар киши алардын акысын бербесе, кыямат күнү болгондо кенен жерге жүз төмөн жаткырылып, бири калбай баары келип, баарынын мүйүзү түптүз, эч бири мүйүзү жок токол же мүйүзү сынык эмес, баары мүйүздүү болуп, мүйүзү менен жерге таптап сүзүп, туягы менен жерге ныгыра басып өтөт. Алардын эң акыркысы өтүп бүткөндө биринчиси келип сүзүп, тебелей баштайт. Бул күндүн узактыгы элүү миң жылга тете болот. Ошентип качан адамдарга өкүм чыгып, бара турган жерин же бейишти, же тозокту көргөнгө чейин азапталат". - деди. Дагы бирөө: О Аллахтын элчиси, аты бар кишичи? - деп сурады. Ал: Ат үч түрдүү болот: бири ээсине күнөө алып келет. Экинчиси ээсине (сурануудан тоскон) көшөгө болот. Үчүнчүсү ээсине сооп алып келет. Эми ээсине күнөө алып келгенине кайтсак, ээси ал атты рия үчүн, мактаныч үчүн, же мусулмандарга каршы колдонуу үчүн кармап багат. Ал ага күнөө алып келет. Ал эми көшөгө боло турган атка кайтсак, ээси аны Аллах жолунда багат. Анын акысын берүүнү да унутпайт. Мындай ат ага көшөгө болот. Ал эми сооп алып келүүчү атка келсек, ээси аны Аллах жолунда мусулмандар жихадга минсин үчүн жайытта, бакчада багат. Анын ал жерлерден жеген чөбү үчүн да сооп жазылат. Анын таштаган тезегине жана заарасына да сооп жазылат. Эгер ал арканын үзүп ой-кырды ашып чуркаса, канча жерди басса ошончо сооп жазылат. Ээси аны дарыядан алып өтүп, аны сугарууну каалабаса деле ал канча суу ичсе ошончо сооп жазылат".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир канча малдын түрүн атап, алардын акысын (зекетин) бербеген адамдын кыяматтагы абалы кандай болорун баяндаган. Алар төмөнкүлөр: Биринчи: алтын-күмүш жана ушулардын өкүмүндө пайдаланылган соода буюмдары жана акча бирдиктери. Булар зекеттин өлчөмүнө жеткенде ээси зекет бербесе, кыямат күнү отко ээритилип жалпак тактайдын калыбына келтирилет. Анан аны отко кызытылып, ээси ошону менен азапталат. Анын капталдары, бешенеси жана арты үтүктөлөт. Тактай сууган сайын аны кайра кызытып, кайра азапташат. Мындай азап узундугу элүү миң жылга тете болгон кыямат күнү бүткөнчө, Аллах Таала калайыкка өкүм кылып, бейишке кирчүлөр бейишке, тозокко кирчүлөр тозокко киргенге чейин уланат. Экинчи: Төөсүнүн зекетин жана акысын бербеген адам. Төөнүн акысынын бири келген муктаждарга аны саап сүтүн берип туруу да кирет. Кыямат күнү төөлөрү чоң жана семиз болуп, бири калбай баары келет. Анан алардын ээсин ээн, тегиз талаага жүз төмөн жаткырып, төөлөр аны тебелеп, тиштеп азаптайт. Биринин артынан бири келип, айланып азаптай беришет. Мындай азап узундугу элүү миң жылга тете болгон кыямат күнү бүткөнчө, Аллах Таала калайыкка өкүм кылып, бейишке кирчүлөр бейишке, тозокко кирчүлөр тозокко киргенге чейин уланат. Үчүнчү: Уй жана кой-эчкисинин зекетин бербеген адам. Кыямат күнү булар да бири калбай келет. Анан ээсин ээн, тегиз талаага жүз төмөн жаткырып, баары мүйүздүү, мүйүздөрү түптүз малдар мүйүзү менен сүзүп, туягы менен жерге таптап тебелеп, биринин артынан бири келип азаптай берет. Мындай азап узундугу элүү миң жылга тете болгон кыямат күнү бүткөнчө, Аллах Таала калайыкка өкүм кылып, бейишке кирчүлөр бейишке, тозокко кирчүлөр тозокко киргенге чейин уланат. Төртүнчү: жылкы баккан адам. Бул үч түрдүү болот: Биринчиси: Бакканы үчүн күнөөкөр болот. Анткени, ал элге көрүнүү, мактаныч жана мусулмандарга каршы согушка колдонуу үчүн баккан. Экинчиси: Бакканы үчүн аты ага көшөгө болот. Анткени ал аны Аллах жолунда багып, жем-чөбүн берип караган. Тукум улоо үчүн айгырларды камсыздоо да акылардан болуп эсептелет. Үчүнчүсү: Бакканы үчүн сооп алат. Анткени, аны Аллах жолунда жихадга чыгуу үчүн баккан. Ал аттын жайытта же бакчада жеген чөбүнө да жакшылык жазылат. Анын таштаган тезегине жана заарасына да жакшылык жазылат. Эгер арканы үзүлүп дөбө, дөңсөөлөргө чуркап чыкса анын ар бир изине жана тезегине жакшылык жазылат. Ээси аны дарыядан алып өтүп, аны сугарууну каалабаса деле ал канча суу ичсе ошончо сооп жазылат. Андан кийин пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үй эшектери тууралуу сурашты. Ал мындай деди: Эшек тууралуу эч кандай аян-кабар айтылбады. Бирок жалпы таат жана күнөөлөр тууралуу мындай аят түшкөн: "Кимде-ким кымындын салмагында жакшылык кылса, аны (сыйын) көрөт. Кимде-ким кымындын салмагындай жамандык кылса, аны (жазасын) көрөт" (Зилзала, 8-аят). Ким эшек бакканда аны жакшылыкка пайдаланса, сообун көрөт. Эгер күнөө ишке пайдаланса, анын жаман акыбетин көрөт. Бул аят жалпы иштерге тиешелүү.
Адий бин Хаатим (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Силерден кимиңер болбосун, жакында Аллах Таала аны менен котормочусуз сүйлөшөт.Ошондо ал оң тарабына карап жасаган жакшы амалдарын гана көрөт. Сол тарабына карап жасаган жаман иштерин гана көрөт. Алдына карап бет алдында турган жалындуу тозокту көрөт. Ошон үчүн жарты курманы садака кылып болсо да тозоктон сактангыла".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабарлайт: Кыямат күнү ар бир момун мусулман Аллах Тааланын алдына келип турат. Аллах Таала аны менен эч кандай ортомчусу, котормочусу жок түзмө-түз сүйлөшөт. Пенде катуу коркконунан бет алдындагы тозоктон кутулуп чыгуунун жолу барбы деп эки жагына алаңдап карайт. Ошондо оң тарабына караганда бул дүйнөдө жасаган жакшы амалдарын көрөт. Сол тарабына караганда жалаң жаман күнөө иштерин көрөт. Алды тарабына караса, тозок отун көрөт. Тозок отунан кутулуунун айласын таппайт. Тозоктун үстүндөгү кыл көпүрөдөн өтүүдөн башка айласы калбайт. Анан пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Өзүңөрдү садака аркылуу тозоктон тоскула, курманын жарымындай нерсе болсо да садака бергиле деп эскертти.
Укба бин Аамир аль-Жуханий (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын эчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) он чакты адам келип, ал алардын тогузу менен убада-келишим кылып, онунчусуна келишим кылбай койду. О, Аллахтын элчиси, тогузу менен келишим кылып, бирөөн калтырып койдуң го? - дешти эле, ал: "Анын тагынган тумары бар экен" - деди. Тиги киши коюнуна колун салып, тумарын жулуп таштады эле, аны менен убада-келишим кылып, анан: "Тумар тагынган адам, чынында ширк кылган болот" - деди.
Ахмад жазып калтырганПайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир жамаат адам келет, алардын саны он болчу. Алардын тогузу менен исламга кирүүгө жана аны ээрчүүгө келишим-убадасын алат. Бирөөсү менен андай келишим кылбай койот. Мунун себебин сураганда, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай дейт: Анын тумары бар экен. Тумар дегени, мончок, же дагы башка бир нерселерди жипке байлап, көз тийүүдөн жана башка зыяндан сактайт деп тагынып алуу. Ошенткенде тиги киши колун салып тумарын кесип алып таштайт. Ошондон кийин гана пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аны менен келишим кылат. Анан тумар тагынуудан тыйып, эскертип, аны тагынуунун өкүмүн баяндайт: "Тумар тагынган киши чынында ширк кылган болот".
Абдуллах бин Амир бин Ааас (ал экөөнө Аллах ыраазы болсун) айткан: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мечитке киргенде: "Ауузу биллахил азиим, ва би важхихил карим, ва султанихил кодим, минаш-шайтоонир-рожим" деп айтты. Абдуллах бин Амрдан: Ушинтип эле айтчубу? - деп сурашты. Ал: "Ооба" - деди. Эгер ушинтип айтса, шайтан: "Бул күн бою менден корголду" - деп айтат.
Абу Дауд жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мечитке кирерде минтип айтчу: (Ауузу биллахил азиим) Улуу Аллахтын жана Анын сыпаттарын айтып коргономун (ва би важхихил карим) Берешен, Жоомарт (ва султонихи) үстөмдүгү, кудурети жана каалаган пендесине төккөн каары (кодим) эзелки, түбөлүк (минаш-шайтонир-рожим) Аллахтын ырайымынан алыстатылган, куулган шайтандан Башкача айтканда: О, Аллахым, мени шайтандын азгырыгынан, ээрчиткен жолдорунан, коркутууларынан, алдаган өтүнүчтөрүнөн жана адаштыруусунан Өзүң сакта. Анткени ал адашууга себепчи, азгырык менен наадандыкка шыкакчы болот. Абдуллах бин Амрдан: пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ушуну эле айттыбы? - деп сурашат жанындагылар. Ал: "Ооба" - деп жооп берет. Эгерде мечитке кире турган адам ушул дубаны айтса, шайтан: "Бул адам менден бардык убакта, күнү-түнү корголуп калды" - деп айтат.
Абу Саид Худри (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Улуу Аллах Таала бейиш тургундарына: "Эй, бейиш тургундары!" - деп кайрылат. Алар: "О, Раббибиз, Сенин кызматыңа даярбыз" - дешет. Аллах Таала: "Ыраазы бодуңарбы?" - деп сурайт. Алар: "Биз кантип ыраазы болбойбуз, Сен бизге башка эч бир калайыкка бербеген нерсени бердиң" - дешет. Аллах Таала: "Мен силерге мындан да жакшыны берем" - дейт. Алар: "О, Рабби, мындан да жакшы нерсе болмок беле?"- дешет. Аллах Таала: "Мен силерге ыраазы болдум. Мындан кийин силерге такыр ачууланбаймын" - дейт.
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабарлайт: бейиш тургундары бейишке киргенден кийин Аллах Таала аларга: Эй, бейиш тургундары деп кайрылат. Алар: Раббибиз, биз Сенин алдыңда, буйруктарыңды аткарууга даярбыз деп жооп беришет. Анан аларга: силер Мага ыраазы болдуңарбы? - дейт. Алар: Ооба, ыраазыбыз; Сен эч бир калайыкка бербеген жакшылыктарды бизге бердиң. Анан кантип ыраазы болбойлу - дешет. Аллах Таала: Силерге мындан да жакшы нерсени берейинби? - дейт. Алар: Оо, Раббибиз! Мындан да жакшы нерсе болмок беле? - дешет. Аллах Таала: Мен эми силерге ыраазылыгымды уланта берем, эми силерге эч качан ачууланбайм - дейт.
Абу Талха (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Ит жана сүрөт бар үйгө периштелер кирбейт".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ырайым периштелери ит бар жана жандуулардын сүрөтү илинген үйлөргө кирбестигин кабарлаган. Мунун себеби, жандуу нерселердин сүрөтүн тартуу чоң күнөө. Сүрөт тартуу Аллахтын жаратуучулугун тууроо жана ширк кылууга ортомчу болот. Кээ бир сүрөттөргө сыйынып, ибадат кылгандар бар. Ал эми ит жашаган үйгө периштелердин кирбегенине иттердин ыплас, нажасаттарды жегени жана кээ бир иттердин шайтан деп эсептелгени себеп. Периштелер шайтандын душманы. Ошондой эле иттердин жыты да жагымсыз. Периштелер жагымсыз жытты жактырбайт. Алар андай жерге баруудан тыйылган. Ошондуктан үйүнө ит кармаган адамдар ырайым периштелеринин үйүнө кирүүсүнөн, ага салават айтуусунан, кечирим тилөөсүнөн, береке алып келүүсүнөн жана шайтанды кубалоосунан куру калат.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Периштелер ит жана коңгуроо бар кербенге (жолоочуларага) жолдош болбойт"
Муслим жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кербенде ити бар, же жаныбарлар басканда шыңгырап турчу коңгуроосу бар адамдарга периштелер сапарда жолдош болбостугун айткан.