





























Hadeeth Cards
Da'wa cards that highlight great meanings from the noble prophetic hadiths in a simple style and attractive display that helps the Muslim to have a deeper understanding of his religion in an easy way
All
Абдурахман бин Самура (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Шайтандардын (сыйынылган буттар) жана ата-бабаңардын аты менен ант ичпегиле".
Муслим жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) таагут-шайтандарга, тагыраак айтканда, мушриктер Аллахтын ордуна сыйынган бардык бут-буркандардын аты менен ант ичүүдөн тыйган. Бул алардын чектен чыгып, каапыр болгону үчүн. Ошондой эле ата-бабаларынын аты менен ант ичүүдөн да тыйган. Жахилият учурунда араптарда мактаныч жана ыйыктоо үчүн аталарынын аты менен ант ичүү адаты болгон.
Абдуллах бин Амрдын (Аллах андан ыраазы болсун) риваятында пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Мусулман адам - башка мусулмандар анын колунан жана тилинен зыян тартпаган адам. Мухажир адам - Аллах тыюу салган нерселерди таштаган адам".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Исламды толук карманган мусулман адам башка мусулмандар анын тилинен аман болгон адам. Б.а. аларды сөкпөгөн, наалат айтпаган, артынан сүйлөбөгөн жана алардын ортосунда тили менен зыянын тийгизе турган эч бир ишке барбаган адам. Ошондой эле анын колунан да жамандык көргөн эмес, б.а. ал эч кимге өкүм зордук кылган эмес, мал-мүлкүн тартып алган эмес ж.б.у.с. Ал эми мухажир - Аллах арам кылган нерсени таштаган адам.
Абу Саид Худрий (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Менин сахабаларыма тил тийгизбегиле! Силерден бирөөңөр Ухуд тоосундай каржы берсе, анысы сахабаларымдын бир кочуш же анын жарымындай каржысына татыбайт"
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларга тил тийгизип сөгүүдөн тыйган. Айрыкча, динди алгачкылардан болуп кабыл кылган мухажир жана ансарларды. Эгер адамдардын бири Ухуд тоосундай алтынды каржы кылып берсе, анысы бир сахабанын кочуштап берген же жарым кочуш азыгына да татыбастыгын айткан. Мунун себеби сахабалардын ыкласынын күчтүүлүгү, ниетинин түздүгү, каржылары жана согуштары Меккенин ачылышынан мурда, аябай муктаждык болуп турган учурда болгону үчүн.
Тамим ад-Даари (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын уктум: "Бул дин түндүн караңгылыгы менен күндүн нуру жеткен жердин баарына жетет. Аллах Таала бул динди киргизбеген же ылайдан салынган, же кийизден жасалган үй калбайт. Ал бирөөлөрдү ызаттуу кылса, бирөөлөрдү кор кылат. Исламды кабыл кылгандарды Аллах ызаттуу кылат. Каапыр болгондорду Аллах кор кылат" Тамим ад-Даари айтат: Бул хадисте айтылганды мен өзүмдүн жакындарымдан көрдүм. Алардын арасынан динди кабыл кылгандары жакшылыкка жетип, кадыры артып, ызаттуу болду. Динди кабыл кылбай каапыр болгондору кордук тартып, кор болушуп, салык төлөп калышты.
Ахмад жазып калтырганАллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жакында Ислам дини бүт жер бетине жайыларын, түн менен күн жеткен жердин баарына жетерин айткан. Аллах Таала шаардагы, айыл-кыштактагы, атүгүл жайлоодогу үйлөргө чейин бул динди киргизет. Кимде-ким Исламды кабыл кылып, ага ыйман келтирсе, Исламдын ызаты менен ызаттуу болот. Кимде-ким Исламдан баш тартса, ишенбей каапырдык кылса, кор болот. Хадисти айткан сахаба Тамим ад-Даари (Аллах андан ыраазы болсун) Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айткан бул кабарды турмушта өзүнүн жакындарынан көргөнүн айтат. Жакындарынын арасынан кимиси динди кабыл кылса, ал жакшылыкка жетип, кадыр-барктуу болуп ызатка ээ болду. Ал эми динди кабыл кылбагандары кор болушту. Анткени, алар салык катары мусулмандарга мал-мүлкүнөн төлөп жашашкан.
Айша, радыяллаху анха, айтат: Мен: "Оо, Аллахтын Элчиси, Ибн Жудаан Исламга чейинки доордо тууганчылык байланыштарды бекемдеп, кедей-кембагалдарды тоюндурчу, бул ага пайдасын береби?" - деп сурадым. Ал айтты: «Бул ага эч кандай пайда алып келбейт, анткени ал эч качан: «Раббим, Кыямат күнү менин күнөөмдү кечир» - деп айткан эмес».
Муслим жазып калтырганПайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Исламга чейин Курайштын башчыларынын бири болгон Абдулла ибн Жудаан тууралуу кабар берди. Анын жакшы иштеринин ичинен жакындарына туугандык мамиле кылуусу, аларга жакшылык кылуусу, кедей-кембагалдарды тоюндуруусу жана Ислам дини үндөгөн башка жакшы иштерди кылуусу. Бирок бул иштер ага Акыретте пайда бербейт. Анткени ал Аллахка каапыр болгондугу үчүн жана эч качан: «Раббим, кыямат күнү менин күнөөмдү кечир» деп айтпагандыгы үчүн анын жакшы иштери ага пайда бербейт.
Зайд бин Халид Аль-Жухани (Аллах андан ыраазы болсун) айтты: Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аль-Худайбияда жамгыр жааган түнү биз менен бирге багымдат намазын окуду. Ал намаздан кийин элге кайрылып: «Раббиңер эмне дегенин билесиңерби?» - деди. Алар: «Аллах жана Анын Элчиси жакшы билет» - деп айтышты. Пайгамбар айтты: «Раббиңер: Менин пенделеримдин арасынан Мага ыйман келтиргени жана Мага каапыр болгону бар» - деди . Кимде-ким: «Бизге Аллахтын пазилети жана ырайымы менен жамгыр жаады» деген болсо, анда алар Мага ыйман келтирди жана жылдыздарга каапырлык кылышты. Ал эми: «Бизге баланча же түкүнчө жылдыздын таасиринен жамгыр жаады» деген болсо, анда ал Мага каапыр болду жана жылдыздарга ыйман келтирди» - деп айтты.
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) түнү жамгыр жаагандан кийин Меккеге жакын жайгашкан Аль-Худайбия кыштагында багымдат намазын окуду. Салам берип, намазын бүтүргөн соң элге кайрылып: «Улуу Раббиңер эмне дегенин билесиңерби?» – деп сурады. Сахабалар: «Аллах жана Анын Элчиси жакшы билет» - деп жооп беришти. Пайгамбар айтты: "Жамгыр жааганда Аллах Таалага ыйман келтиргендер жана Аллах Таалага каапыр болгондор болуп адамдар экиге бөлүнөрүн Аллах таала баяндады". Ал эми «бизге Аллахтын ырайымы жана пазилети менен жамгыр жаады» деп жамгыр жааганын Аллах Таалага таандык кылса, анда ал жамгыр жаадырган Жаратуучуга, ааламдагы бүткүл иштерди Башкаруучу Аллахка ыйман келтирген болот жана жылдыздарга каапырлык кылган болот. Ал эми «бизге баланча жылдыздын таасиринен жамгыр жаады» деп жамгыр жааганын кайсыл бир жылдыздарга таандык кылса, анда ал Аллахка капырлык кылды жана жылдыздарга ыйман келтирди. Андыктан жамгырды жылдыздарга таандык кылуу - бул динден чыгарбаган кичине капырлык. Анткени Аллах Таала жамгыр жааганына жылдыздар таасирин тийгизүүсүнө тагдыр жактан себеп кылган эмес жана шариятында да айткан эмес. Кимде-ким жамгыр жааганын жана башка окуяларды жылдыздардын кыймылдарына жана чыккан жерине таандык кылса же аларды чыныгы таасир берүүчү деп эсептесе, анда ал динден чыгарган чоң каапырлык кылган болот.
Абу Хурайра, радыяллаху, анху риваят кылат: Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, сахабалар келип: «Биздин оюбузга айтканга тил барбаган жаман ойлор келет» - деп сурашты, анда Пайгамбар: «Силерге ушундай ойлор келип жатабы?» - деди. Алар: «Ооба» дешти. Пайгамбар: «Бул ыймандуулуктун ачык белгиси» - деп айтты.
Муслим жазып калтырганПайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, сахабаларынын бир тобу келип, аларга айтканга тил барбаган жаман ойлор келип жатканы туурасында сурашты. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам: «Силерге келип жаткан ойлор ыймандуулуктун белгиси жана шайтан адамдын оюна салган азгырыктарын кайтарган мусулман адамдын бекем ишеними» - деп айтты. «Ошондой эле бул ойлорду айтуу силерге жийиркенүүнү алып келгендиги шайтан силерди азгырып албагандыгынан кабар берет. А эгерде андай келген ойлорду кайтарбасаңар же аны менен күрөшүп жакшы ойлорго өтпөсөңөр, анда шайтан силерди азгырып жүрөгүңөрдү ээлеп алгандын белгиси болот» - деп айтты.
Абдуллах бин Аббас, радыяллаху анхума, риваят кылат: «Бир киши Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа салламга, келип: «Оо, Аллахтын Элчиси, биздин оюбузга ушундай ойлор келет. Аны сизге айтууга караганда күл болуп күйүп калганыбыз жакшыраак» - деп айтат. Анда Пайгамбарыбыз: «Аллаху Акбар! Аллаху Акбар! Шайтандын айла-амалын жөн гана азгырыкка таштаган Аллахка мактоолор болсун!» - деп айтты.
Абу Дауд менен ан-Насааи "Ал-Кубро" китебинде жазып калтырганБир киши Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа салламга, келип: «Оо, Аллахтын Элчиси, биз оюбузга ушунчалык жаман ойлор келет, аны айтканга караганда күл болуп күйүп кеткенибиз жакшыраак» - деп айтышат. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, эки жолу такбир айтып, шайтандын айла-амалы жөн эле азгырык ойлорго айланып кеткени үчүн Аллахка мактоо айтты.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат. Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Шайтан силердин бириңерге келип: «Баланчаны ким жаратты? Муну ким жаратты?» - деген ойлорду салат. Акырында: «Раббиңди ким жаратты?» - деген азгырык суроо салат. Эгерде кимдир бирөөгө мындай азгырык ойлор келсе, анда ал Аллахтан коргоо сурасын жана андай ойлонуусун токтосун».
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) шайтандын момунга салган азгырык суроолоруна кандай түрдө мамиле кылууну айтты. Шайтан адамга: «Муну ким жаратты? Тигини ким жаратты? Асманды ким жаратты? Жерди ким жаратты?» - деген ойлорду салат. Ыймандуу адам ага шарият, таза табият жана акыл менен Аллах деп жооп берет. Бирок шайтан азгырууда бул чекте гана токтоп калбайт. Ал адамга: «Раббиңди ким жаратты?» - деген ойго чейин алып барат. Ошондо момун адам бул азгырыкты үч нерсе менен кайтарат: Аллахка ыйман келтирүү менен Аллахтан шайтандын азгырыгынан коргоону сурануу менен. Шайтандын салган азгырыктарын токтотуу менен.