





























Hadeeth Cards
Da'wa cards that highlight great meanings from the noble prophetic hadiths in a simple style and attractive display that helps the Muslim to have a deeper understanding of his religion in an easy way
All
Ибн Масуъддун (ага Аллах ыраазы болсун) риваятында, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деди: "Келечекте өзүмчүл башчылар жана диниңерде жек көргөн иштер болот". О, Аллахтын элчиси, (ал учурда) бизди эмне кылууга буйруйсуң - дешти (сахабалар). "Силердин моюнуңардагы милдетиңерди аткара бергиле, акыңарды Аллахтан сурагыла" - деди.
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келечекте мусулмандарга алардын мал-мүлкүнө ж.б. дүйнө иштерине кыянат кыла турган башчылар башчылык кыларын кабарлаган. Ал башчылар алардын мал-мүлкүн каалагандай жумшап, мусулмандардын акысынан тыят. Ошондой эле аларда динде четке кагылган иштер пайда болот. Сахабалар (Аллах алардан ыраазы болсун) ошол учурда эмне кылуу керектигин сурайт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алардын мал-мүлктү каалагандай жумшоосу, силерди башчыны угуп, ага баш ийүү милдетинен тыйып койбоосу керектигин айтат. Тескерисинче, сабыр кылгыла, уккула, баш ийгиле, алардан бийликти талашпагыла, өзүңөргө тиешелүү акыны, башчыларды оңдоп-түзөөнү, алырдын жамандыгын жана зулумдугун жок кылууну Аллахтан сурагыла - деди.
Ан-Нуъман бин Баширдин (Аллах алардан ыраазы болсун) риваятында, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Аллахтын чегинде турган жана ага кирип кеткен адамдын мисалы, бир адамдарга окшойт, алар кемеге чыгарда чүчү кулак кылып, кээ бири үстүнкү кабатына, кээ бири астына жайгашат . Астына жайгашкандар суу алмакчы болгондо үстүндөгүлөрдү аралап өтөт. Анан алар өзүнчө: Эгер биз өзүбүздүн энчибизге кеменин түбүн тешип алсак, үстүндөгүлөргө зыяныбызды тийгизбейбиз - деп айтышат. Эгерде аларды каалаганын кыла берсин деп тек коюшса, баары чөгүп кетет. А эгер аларды колдон кармап токтотуп калышса, алар өздөрү да (өлүмдөн) кутулат жана баары кутулушат.
Бухари жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллахтын чегинде туруучуларга, Аллахтын буйругун такай аткаруучуларга, жакшылыкка чакырып, жамандыктан тыйуучуларга мисал келтирди. Жакшылыкка чакырууну таштап, жамандыкка берилип Аллахтын чегине кирип кеткендер жана алардын коомчулуктун ийгилигине тийгизген таасиринин мисалы, кемеге түшкөн бир топ адамдын мисалына окшош. Алар кеменин үстүнкү кабатына ким жайгашат, астына ким жайгашат деп чүчү кулак кармашат. Анан кээ бири үстүн, кээ бири астын ээлейт. Астына жайгашкандар суу алмакчы болгондо, үстүнө чыгып андагыларды аралап өтөт. Астынкы кабаттагылар өз ара сүйлөшүп: Эгер биз ушул астынан өзүбүзгө суу ала турган тешик тешип алсак, үстүндөгүлөрдү убайма кылбайбыз - дешет. Эгерде үстүндөгүлөр аларды ушундай кыла бергиле деп таштап койсо, алардын баары кеме менен чөгүп кетет. А эгер аларды мындай кылуудан кайтарып, тыйышса, эки топ тең аман калат.
Абу Бакр Сыддык (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Эй, адамдар! Силер Аллах Тааланын: "Эй, ыймандуу пенделер! Өзүңөргө сак болгула! Эгер туура жолго түшкөн болсоңор, анда адашкандар силерге зыян тийгизе албайт..." деген аятын окуп жүрөсүңөр. Мен Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын укканмын: "Эгерде адамдар зулум кылып жаткан адамды көрүп, анын колунан кармап токтотпосо, Аллах Таала ал үчүн баарын чогуу жазалап коюусу мүмкүн".
Абу Дауд, ат-Тирмизи, ан-Насааи "Ал-Кубро" китебинде жазып калтырган жана Ибн Маажа менен Ахмад да жазып калтырганАбу Бакр Сыддык (ага Аллах ыраазы болсун) адамдар төмөнкү аятты окуп жүрүшкөнүн айтат: "Эй, ыймандуу пенделер! Өзүңөргө сак болгула! Эгер туура жолго түшкөн болсоңор, адашкандар силерге зыян тийгизе албайт..." (Маида, 105-аят). Бул аятты адам өз жанын сактаса болду, ал өзү ыйманга келгенден кийин башкалардын адашканы ага зыянын тийгизбейт, ал башкаларды жакшылыкка чакырып, жамандыктан тыюуга буйрулган эмес деп түшүнүшөт... Анан аларга анын мааниси андай эмес экенин үйрөтүп, Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) укканын айтат: Эгер адамдар заалым адамды көрүп, аны тыюуга кудурети болуп туруп, аны зулумдуктан тыйбаса, Аллах Таала алардын баарын чогуу азаптап коюшу жакын болот. Жаман иш кылганды жаман иши үчүн, ага унчукпаганды унчукпаганы үчүн.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Адам баласы ар бир дене мүчөсү үчүн күн сайын садага берүүсү керек . Анын эки адамды жараштырып койгону - садага. Бирөөнү атына аттантып, жүгүн артып бергени - садага. Жакшы сөз - садага. Намаз окуу үчүн мечитке таштаган ар бир кадам - садага. Жолду зыяндуу нерседен тазалоо - садага".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ар бир балакат жаш курагына жеткен мусулман таза ден-соолугуна шүгүр иретинде Аллах үчүн күн сайын дене мүчөлөрүнүн санынча садага бериши керектигин айткан. Бул садагалар мал-мүлктөн гана бере турган садага эмес, жакшы иштердин баарына тиешелүү садагалар. Алардын кээ бири төмөнкүлөр: Урушкан эки адамды жараштырып коюу - садага. Алсыз болгон бирөөнү улоосуна мингизип, жүгүн артып берүү да - садага. Дуба, зикир же салам айтуу сыяктуу жакшы сөздөрдүн баары - садага. Мечитке карай таштаган кадамдын баары - садага. Зыяны тие турган нерсени жолдон алып таштоо - садага.
Вааил ал-Хазрамий айтат: Салама бин Йазид ал-Жуфий (ага Аллах ыраазы болсун) Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип сурады: Оо, Аллахтын пайгамбары, эгер бизге өздөрүнүн укугун талап кылып, бизди укугубуздан тыйган адамдар башчы болуп калса, биз эмне кылабыз? Пайгамбарыбыз андан жүз бурду. Ал дагы сурады. Пайгамбарыбыз дагы жүз бурду. Ал экинчи же үчүнчү жолу сураганда Ашаъс бин Кайс аны жым отур деп эскертти. Ошондо пайгамбарыбыз: "Аларды уккула жана баш ийгиле. Алар өз моюнундагына, силер өз моюнуңардагыга жооп бересиңер" - деп жооп берди.
Муслим жазып калтырганПайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдарды угууга жана баш ийүүгө буйруп, өз укуктарын талап кылган, бирок адамдарды адилдикти, олжо бөлүштүрүүнү, зулум тарткан адамга жардам берүүнү, теңдикти талап кылуу укуктарынан ажыраткан башчылар тууралуу суралды. Бизди андай башчыларга кандай мамиле кылууга буйруйсуң? Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул суроону жактырбагансып, ага жооп бербей тескери бурулду. Бирок сураган адам суроосун эки-үч жолу кайталап жиберди. Ашаъс бин Кайс сурап жаткан кишини этегинен тартып жым бол деп белги берди. Анан пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага жооп берип мындай деди: Алардын айтканын уккула, буйругуна баш ийгиле. Анткени, алар моюнуна жүктөлгөн, адилеттүү болуу, кол алдындагылардын акысын берүү сыяктуу иштерге өздөрү жооп берет. Силер болсо, моюнуңарга жүктөлгөн, аларга баш ийүү, акысын берүү, кыйылчыкка сабыр кылуу сыяктуу иштерге жооп бересиңер.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: "Чынында бул дин абдан жеңил. Эч ким чамасы келбеген даражада ибадат кылам дебесин. Антсе ага дин үстөмдүк кылат. Ошондуктан, ар бир иште тактыкты жана ортолукту кармангыла. Ар бир ишти мыкты аткаргыла. Ошенте алсаңар, кубангыла. Таңкы, кечки жана түн бир оокумдагы убактыңарды жакшы пайдаланып, Аллахтан жардам сурагыла".
Бухари жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Ислам дини бардык тарабынан жеңил, оңой түзүлгөнүн айткан. Алсыздык же муктаждык себептери табылган учурда анын жеңилдиги анык билинет. Анткени, кайсы бир дин амалына берилип терең кирип кетүүнүн жана жеңилдикти таштоонун акыбети ошол амалды аткара албай кала турган алсыздыкка алып барат, же анын баарын же кээ бирин такыр аткара албай калууга себеп болт. Андан кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өтө аша чаппай, ортолукту карманууга үндөйт; пенде ага буйрулган ишти кемчиликтүү кылбашы керек. Так кыла албаган ишти аткарбашы керек. Эгер ишти толук аткарууга чамасы жетпесе, анда ага жакыныраагын аткарышы керек. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) амалды толук аткарууга чамасы жетпеген адам аны колунан келишинче, аз болсо да такай аткарып турса, ага чоң сооп болорун сүйүнчү катары айткан. Анткени, амал алсыздыктан улам аткарылбай калса да сооптон үзүлүп калбайт. Дүйнө жашоосу бул – сапар жана акыретке алып бара турган көч. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үч убакта ибадатты мыкты аткарып жана улантып турууга жардам берүүсүн Аллахтан суранууга буйруган: Биринчиси: таң эрте багымдат намазынан күн чыкканга чейинки убак. Экинчиси: чак түштөн оогон убак. Үчүнчүсү: түн же түндүн кээ бир бөлүгү. Түндө ибадат кылуу күндүзгө караганда оор. Ошон үчүн түндүн кээ бир бөлүгүндө деп айткан.
Анас (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдардын ичинен мүнөзү эң жакшысы эле.
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдардын ичинен кулк-мүнөзү эң толугу эле. Ал бардык кулк-мүнөздүүлүктө жана жакшылыктарда алдында болчу, мисалы, сөзүнүн сылыктыгы, жакшылыкты көп кылганы, жүзүнүн жарыктыгы, эч кимге зыян бербегени, башкалардын зыянына чыдаганы ж.б. иштерде алдында болчу.
Саъд бин Хишам бин Аамир Айша энебизге (Аллах андан ыраазы болсун) кирип, мындай деди: "О, ыймандуулардын энеси, мага Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кулк-мүнөзү тууралуу айтып бериңизчи". Ошондо ал: "Сен Куран окубайсыңбы?" - деп сурады. Ал: "Окуймун" - деди. "Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мүнөзү Куран эле" - деди Айша энебиз.
Муслим узун хадис боюнча жазып калтырганЫймандуулардын энеси Айшадан (Аллах андан ыраазы болсун) пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мүнөзү тууралуу суралат. Ал мааниси терең бир сөз менен жооп берет. Суроочунун көңүлүн бардык толук сыпаттарды камтыган Куранга буруп: "Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Курандын ахлагын алган эле" - дейт. Куран эмнеге буйруса аны аткарган, Куран эмнеден тыйса, андан сактанган, мүнөзү ага амал кылуу менен болгон, чектеринен чыккан эмес, адебинен адеп алган, мисалдарынан жана окуяларынан сабак алган.
Ыймандуулардын энеси Айша (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бут кийим кийгенде, чач-сакалын тараганда, даарат алганда, деги ар бир ишинде оң жагынан баштоону жакшы көрөт эле.
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жакшы иштердин баарын оң колу менен баштаганды артык көрчү. Мисалы: Бут кийимин кийгенде он бутун биринчи кийчү. Чачын, сакалын тараганда же майлаганда оң жагынан баштачу. Даарат алып колдорун жана буттарын жууганда оң жагын биринчи жуучу.