





























Hadeeth Cards
Da'wa cards that highlight great meanings from the noble prophetic hadiths in a simple style and attractive display that helps the Muslim to have a deeper understanding of his religion in an easy way
All
Абу Саид ал-Худри (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Эркек киши эркек кишинин авретине карабайт. Аял киши да аял кишинин авретине карабайт. Бир эркек киши башка эркек киши менен, аял киши да башка аял киши менен бир жамынчыга оронуп жылаңачтанып жатпайт".
Муслим жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эркек кишини эркек кишинин авретин кароодон тыйган. Аял кишини аял кишинин авретин кароодон тыйган. Аврет: бул ачылып калса уяла турган мүчөлөр. Эркектин аврети киндигинен тизесине чейин. Ал эми аял киши бөтөн эркектин алдында бүт денеси аврет. А, аялдардын жана өзүнө махрам болгон эркектердин алдында адатта үйдө иштеп жүргөн учурда көрүнүүгө уруксат болгон жеринен башка жерлери аврет. Ошондой эле пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эркек киши эркек киши менен бир кийимдин же бир жамынчынын астында жылаңачтанган абалда калуусунан тыйган. Аял киши аял киши менен бир кийимдин же бир жамынчынын астында жылаңачтанган абалда калуусунан тыйган. Анткени, мындайда алар бири-биринин авретине кол тийгизип алуусу мүмкүн. Авретти кармоо, аны кароодой эле тыюу салынган арам иш. Балким, кармоо кароого караганда катуурак тыйылган, анткени бул чоң бузукулукка түртөт.
Анас, радыяллаху анху, риваят кылат: Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, бир киши келип, мындай деп айтты: «Оо, Аллахтын Элчиси, кандай гана жаман иш болбосун, эч кимисин калтырбай аткарып чыктым». Анда Пайгамбар: «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок экендигине жана Мухаммад Аллахтын элчиси экендигине күбөлүк бересиңби?» - деп үч жолу сурады. Ал: «Ооба, күбөлүк берем» - деп айтты. Пайгамбар айтты: «Күбөлүк берүүң ал жаман иштериңди жууп кетет».
Абу Йаъла, ат-Табарани жана аз-Зия ал-Макдиси жазып калтырганБир адам Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, келип: «Оо, Аллахтын Элчиси, мен бардык күнөөлөрдү жана туура эмес иштерди кылдым, мен чоң күнөөнү да, кичүү күнөөнү да калтырбай аткардым. Эми менин күнөөлөрүм кечирилеби?» - деп сурады. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, андан: «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок экендигине жана Мухаммад Аллахтын элчиси деп күбөлүк бересиңби?» - деп сурады. Ага муну үч жолу айтты. Ал киши: "Ооба, күбөлүк берем" - деп айтты. Ошентип, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ага эки күбөлүк берүү келмесинин пазилеттүүлүгүн жана алар күнөө иштерди жууп кетүүсүн айтып берди. Ошондой эле тообо кылуу өзүнөн мурунку күнөө иштерди жок кылаарын айтты.
Жабир бин Абдуллах (Аллах алардан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Илимди аалымдарга мактануу үчүн жана наадандар менен талашуу үчүн ошондой эле жыйындарда өзүн көрсөтүү үчүн албагыла. Эгерде кимдир бирөө мындай кылса, анда ага тозок болсун жана тозок болсун».
Ибн Маажа жазып калтырганПайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аалымдардын алдында мактануу үчүн жана мен да силердей аалыммын деп өзүн көрсөтүү үчүн илим алуудан катуу кайтарды. Ошондой эле акмактар жана жеңил ойлуу адамдар менен талашып-тартышуу максатта илим алуудан кайтарды. Жыйындарда алдыңкы катарда болууга, башкалардан артыкчылык кылуу максатта илим алуудан кайтарды. Андыктан ким мындай кылса, анда ал риякерлиги жана илим издөөдөгү ыклассыздыгы үчүн отко татыктуу болот.
Ан-Наввас бин Самаан Аль-Ансари, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Аллах Таала түз жолго мисал келтирди. Ал түз жолдун эки тарабында ачык эшиктери менен дубалдар бар. Ал эми эшиктерге түшүрүлгөн пардалар бар. Түз жолдун эшигинин башында: «Эй адамдар, бардыгыңар бул жолго түшкүлө, оңго-солго кетпегиле», - деп айтып турган жарчы бар. Кимде-ким ал эшиктерди ачууну кааласа, түз жолдун үстүндө: «Шоруң кургур! Бул эшикти ачпа. Эгерде ача турган болсоң, анда ага кирип кетесиң» - деп турган дагы бир жарчы бар. Түз жол - бул Ислам дини. Эки дубал - бул Аллахтын койгон чектери. Ал эми ачык эшиктер - алар Аллахтын арам кылган иштери. Түз жолдун баш жагында турган жарчы - бул Аллахтын Китеби. Ал эми түз жолдун үстүндө турган жарчы - бул ар бир мусулмандын жүрөгүндөгү Аллахтын эскертүүсү».
Ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырганПайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Аллах Тааланын Исламды эч кандай кыйшыгы жок түз жолго салыштырып мисал кылганын айтты. Ал түз жолдун эки тарабында эки дубал бар. Ал эки дубал - алар Аллахтын койгон чектери. Бул эки дубалдын ачылган эшиктери бар. Алар Аллахтын арам кылган иштери. Ал эшиктердин үстүнөн түшүрүлгөн пардалар бар. Ал пардалар жолдон өтүп бараткан адамга ичин көрсөтпөй турган пардалар. Ал эми жолдун башында адамдарды туура жолго салып, туура багыт берип аларга: «Түз жолдон оңго же солго басып кетпегиле, анын ортосунда жүргүлө» - деп айтып турган жарчы бар. Ал жарчы Аллахтын Китеби. Ал эми жолдун үстүндө турган дагы бир жарчы бар. Ал жарчы жолдо жүргөн адам ал эшиктердин пардаларынан бир аз ачууну каалаганда, ал аны кайтарып: «Шоруң кургур, ал эшикти ачпа! Ачсаң кирип кетесиң, кирүүдөн өзүңдү токтото албайсың» - деп айтып турат. Бул чакыруучу ар бир мусулмандын жүрөгүндөгү Аллахтын эскертүүсү.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Силердин бирөөңөр үй-бүлөсүнө кайтып келгенде, үч семиз төө менен кайткысы келеби?» Биз: «Ооба» - деп жооп бердик. Ал айтты: «Силердин бириңер намазда окуган үч аят ал үчүн үч семиз төөдөн жакшы».
Муслим жазып калтырганПайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намазда үч аят окуунун сообун түшүндүрүп берди. Адам үйүнөн үч чоң семиз жана бооз төө тапкандан көрө намазда үч аят окуган жакшы деп айтты.
Укба бин Амир Аль-Жухани, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Ким Куранды ачык ашкере окуса, анда ал садаканы ашкере берген сыяктуу болот. Ал эми Куранды ичинен окуса, анда ал садаканы жашырып берген сыяктуу болот».
Абу Дауд, ат-Тирмизи жана ан-Насааи жазып калтырганПайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Куранды ачык окуган адам ачык садака кылгандай болот. Ал эми Куранды ичинен окуган адам жашырып садака берген адам сыяктуу болорун ачыктап берди.
Али мындай дейт: Мен Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) хадис уксам, Аллах андан Өзү каалаганча пайдаландырчу. Эгер анын сахабаларынан бирөө-жарымы андан хадис айтса, мен аны касам ичтирчүмүн да, касам ичсе ага ишенчүмүн. Ал эми бул хадисти мага Абу Бакр айткан. Абу Бакр чын сүйлөйт. Ал: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын уктум дейт: "Кайсы бир киши күнөө кылып, кийин туруп тазаланып (даарат алып), анан намаз окуса, анан Аллахтан (күнөөсүнө) кечирим тилесе, Аллах аны кечирет ". Андан кийин бул аятты окуду: "(Ал такыбалар) кокус ыплас иш кылып алса, же (күнөө менен) өзүнө зулум кылса, дароо Аллахты эстеп, күнөөсүнө кечирим тилейт..." (Аалу Имран, 135-аят).
Абу Дауд, ат-Тирмизи, ан-Насааи "Ал-Кубро" китебинде жазып калтырган жана Ибн Маажа менен Ахмад да жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кайсы бир пенде күнөө кылып алса, анан жакшылап даарат алып, анан бул күнөөсүнө тообо кылуу ниети менен эки ирекет намаз окуса, анан Аллахтан кечирим тилесе, Аллах аны кечирерин кабарлаган. (Бул хадисти айткандан) кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Тааланын бул аятын окуйт: "(Ал такыбалар) кокус ыплас иш кылып алса, же (күнөө менен) өзүнө зулум кылса, дароо Аллахты эстеп, күнөөсүнө кечирим тилейт. Күнөөнү Аллахтан башка ким кечирет. Алар билип туруп жасаган (күнөө) ишин кайра кайталабайт". (Аалу Имран, 135-аят).
Абу Умама Баахилий (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Бир киши пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип: "Мен соопту да, атакты да үмүт кылып казатка чыккан кишини көрдүм. Ага сооп берилеби?" - деп сурады. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Ага эч нерсе берилбейт" - деди. Тиги киши суроосун үч жолу кайталады. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага: "Ага эч нерсе берилбейт" - деп, анан: "Аллах Таала калыс Өзү үчүн жана Өзүнүн ыраазылыгы үчүн аткарылган амалдарды гана кабыл кылат" - деп айтты.
رواه النسائيАллахтан сооп-сый талап кылып ошол эле учурда элден мактоо, атак-даңк үмүт кылып казатка чыккан кишинин өкүмү кандай болорун суроо үчүн бир киши пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип ошол адам сооп-сыйга татыктуу болобу деп сурайт. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) андай адамга эч кандай сооп берилбейт, анткени ал ниетинде Аллахка башка нерсени шерик кылды деп жооп берет. Суроо берген киши суроосун үч жолу кайталайт. Пайгамбарыбыз да баягы ага эч кандай сооп берилбейт деген жообун кайталап айтат. Анан пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллахтын алдында амалдардын кабыл болуу эрежесин эскертип: Аллах Таала баары Анын Өзү үчүн аткарылган, эч кандай башка ниет аралашпаган, Аллахтын ыраазылыгы көздөлгөн амалдарды гана кабыл кыларын айтат.
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Адам Исламды эң жакшы кармануусу - өзүнө тиешеси жок нерсеге кийлигишпегени".
رواه الترمذي وغيرهПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулман адамдагы Исламдын эң жакшы белгиси жана анын ыйманынын толуктугу - анын өзүнө тиешеси жок, ага пайдасы да жок, аны кабатыр кылбай турган сөздөргө жана иштерге аралашпай, же дүйнө жана дин иштеринен ага байланышы жок нерселерге киришпегени экенин баяндаган. Тиешеси жок иштер менен алек болуу - анын өзүнө тиешелүү, өзү аткарышы зарыл болгон иштерден алаксытып же тескерисинче, сактана турган иштерге жакындатып коёт. Инсан кыямат күнү бул дүйнөдө кылган иштеринен суралат.