





























Hadeeth Cards
Da'wa cards that highlight great meanings from the noble prophetic hadiths in a simple style and attractive display that helps the Muslim to have a deeper understanding of his religion in an easy way
All
Али (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мага мындай деди: "Аллахым, мени туура жолго башта жана түз жүрүүгө ийгилик бер" деп дуба кыл жана дуба кылганда, туура жолду туура жолдо басып бара жатканыңды, түз жүрүүдө жебенин түздүгүн эстегин".
Муслим жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Али бин Абу Талибди (ага Аллах ыраазы болсун) төмөнкүдөй дуба кылууга буйруган: "Аллахым, мени туура жолго башта" туура жолго багыт берип, жол көрсөт. "жана түз жүрүүгө ийгилик бер" ийгилик бер жана бардык иштеримде түз-туруктуу кылгын. Туура жол дегени: акыйкатты кенен да жалпысынан да түшүнүү. Ийгилик дегени: акыйкатты ачык да, купуя да ээрчүү деген маани. Түз жүрүү: бардык иштерде акыйкатка дал келген ийгилик жана түз жүрүү. Бул сөздө, амалда жана этикадда туруктуу болгон түз жол. Маанавий иштер көзгө көрүнгөн иштер менен ачык болот: Сен бул дубаны айтканда, "жолдон адашпаганыңды" элестетип дуба кыл. Жүрөгүңдө өзүң сапарга чыгып бара жаткандай туура жол сура. Жолдо ал оң тарап, сол тарапка чыгып кетпейт. Себеби жолдон адашып кетпөөсү үчүн, ошентип ал максат кылган барчу жерине тынч жана бат жетет. (Түз жүрүүдө жебенин түздүгүн эстегин) дегени: Сен жебени атканда жебе мээленген жерине бат жетип кадаларын билесиң. Мерген бутага атканда жебени бутага түз мээлейт. Ошол сыяктуу Аллах Тааладан суранганда ниет кылган нерсеңди жебени мээлегендей так сура; сурооңдо туура жолдун да түз-туруктуулуктун да жеткен чегин сураган болосуң. Аллахтан түз-туруктуулукту суранганда ниет кылып жаткан нерсең жебени мээлеген адамдын бутасындай болуусун жүрөгүңө алып кел.
Али (ага Аллах ыраазы болсун) минтип айтат: Аллахтын элчисине кулдар алынып келгенин угуп Фатима жаргылчак тарткандан кабарып кеткен колун көрсөтүп, арызданып кызматчы сурамакчы болуп барат. Фатима барса Пайгамбарыбыз жок болот. Анан келген максатын Айшага айтып кайра кетет. Аллахтын элчиси келгенде Айша ага Фатиманын келгенин айтат. Али айтат: Биз эми уйкуга жатканыбызда, Аллахтын элчиси келип калды. Ордубуздан турмакчы болсок, ал: "Ордуңарда жата бергиле" - деди. Анан Фатима экөөбүздүн ортобузга келип отурду. Жакын отургандыктан, тамандарынын суугу ичиме билинип турду. Анан: " Силер сураганга караганда жакшыраак нерсени айтайынбы? Уйкуга жатарыңарда отуз үч жолу тасбих, отуз үч жолу тамхид, отуз төрт жолу такбир айткыла. Бул силер үчүн кызматчыга караганда жакшырак" - деди.
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыздын кызы Фатима жаргылчак тарткандан колдору кабарып кеткенин айтып, атасына арызданып келет. Ошол учурда пайгамбарыбызга туткунга түшкөн кулдар алынып келген эле. Үй иштерин аткартуу үчүн ошол туткундардан бир кызматчы сурамакчы болуп барат. Бирок пайгамбар үйдө жок болот. Айшага жолугуп, ага келген себебин айтып кайра кетет. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келгенде, Айша ага Фатима кызматчы сурап келгенин айтат. Фатима менен Али уйкуга жаткан учурда пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алардын үйүнө келет. Алардын ортосуна өтө жакын отургандыктан, Али анын бутунун суугу ичине өтүп жатканын сезет. Анан мындай дейт: Силер сураган кызматчыга караганда силерге пайдалуураак нерсени айтайынбы? Ооба, айтыңыз дешет алар. Ал мындай дейт: Түндө уйкуга жатканыңарда "Аллаху акбар" деп отуз төрт жолу такбир айткыла. "Субхан Аллах" деп отуз үч жолу тасбих айткыла. "Алхамду лиллаах" деп, отуз төрт жолу тахмид (мактоо) айткыла. Мына ушул зикр сөздөр силерге кызматчыга караганда жакшы.
Абдуллах бин Хубайб (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Катуу жамгыр жаап, көзгө сайса көрүнгүс караңгы болгон түнү чогуу намаз окуу үчүн Аллахтын элчисин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) издеп бардык. Анан аны таптым. Ал: "Айт" - деди. Мен унчуккан жокмун. Ал дагы: "Айт" - деди. Мен дагы эле эч нерсе дебедим. Ал: "Айт" - деди. Эмне деп айтам - дедим. Ал: "Кул хуваллааху ахадды" жана эки сактоочу сүрөнү оку, кеч киргизгениңде жана таң атырганыңда үч жолудан окуп жүрсөң, бардык жамандыктан сактоого жетиштүү болот" - деди.
Абу Дауд, ат-Тирмизи жана ан-Насааи жазып калтырганУлуу сахаба Абдуллах бин Хубайб (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: алар жамгырлуу, караңгы түндө аны менен бирге намаз окуу үчүн пайгамбарыбызды (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) издеп барышат да, аны табышат. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага: "Айт" б.а. оку - дейт. Ал эч нерсени окубайт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сөзүн кайталайт. Абдуллах: О, Аллахтын элчиси, эмнени окуйун? - дейт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Ихлас сүрөсүн (кул хуваллааху ахад), сактоочу эки сүрө (Кул ауузу бироббил фалак), (Кул ауузу бироббин наас) сүрөлөрүн эртең менен жана кечинде үч жолудан окусаң, бардык жамандыктан сактап, жаман иштен коргойт - дейт.
Абан бин Усман айтат: Усман бин Аффан (Аллах андан ыраазы болсун) Аллахтын элчисинен уктум деп бул хадисти айтып жатканын уктум: "Кимде-ким: Аллахтын аты менен баштаймын. Анын аты менен башталган нерсеге жер бетинде да, асманда да эч ким зыян жеткире албайт. Ал Угуучу, Билүүчү" деп үч жолу айтса, таң атканга чейин ага кокустан балээ-кырсык келбейт. Кимде-ким бул дубаны таң атканда үч жолу айтса, кеч киргенге чейин ага кокустан балээ-кырсык келбейт". Кийин Абан бин Усман шал оорусу менен ооруп калды. Андан жогорудагы хадисти уккан бир киши аны суроолуу карап калды. Усман ага: Сага эмне болду, мени таңыркап карайсың? Аллахка ант болсун, мага Усман бин Аффан жалган айткан эмес. Усманга да пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жалган айткан эмес. Болгону, мага ушул балээ келген күнү мен (бирөөгө) ачууланып, жогорудагы дубаны айтпай унутуп калыпмын - деди.
Абу Дауд, ат-Тирмизи, ан-Насааи "Ал-Кубро" китебинде жазып калтырган жана Ибн Маажа менен Ахмад да жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) күн сайын таң аткандан кийин жана кечинде күн батардан мурда үч жолудан ушул дубаны айтса, ага балээ-кырсык болбостугун баяндаган: "Аллахтын ысымы менен" бардык зыяндуу нерселерден сактанамын. "Ал Аллах Анын аты зикир кылынса эч нерсе зыян тийгизе албайт". Ал нерсе "жердеги" кандай чоң нерсе болбосун, же жерден сырткары балээлерден болсун, "асмандагы" асмандан түшүүчү балээлерден болсун эч бири зыян бербейт. "Ал Аллах биздин сөздөрүбуздү "Угуучу" биздин абалдарыбызды "Билүүчү". Кимде-ким бул дубаны кечинде айтса, таң атканга чейин ага кокустук балээлер келбейт. Ал эми ким таң эрте айтса, кеч киргенге чейин ага кокустук балээлер келбейт. Кийин бул хадисти айтып өткөргөн Абан бин Усманга шал оорусу тиет. Шал оорусу дегени, адамдын бир жак ыптасы иштебей калат. Ошондо андан жогорудагы хадисти уккан кишилердин бири аны таң калып карайт. Усман ага: Неге таң калып карайсың?! Аллахка ант болсун, мен Усмандан жалган нерсени айткан жокмун. Усман да пайгамбардан жалган нерсени айткан жок. Болгону, мага ушул оору тийген күнү Аллах Таала бул дубаны айтууну тагдырыма жазбаптыр. Мен бир нерсеге ачууланып, бул сөздөрдү айтууну унутуп калыпмын - деди.
Саъд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчисине чөлдө жашаганмбир араб келип: "Мага ар дайым айтып жүрчү сөздү үйрөтчү" деди эле, ал: "Аллахтан башка кудай жок. Ал - жалгыз. Анын шериги да жок. Аллах - эң Улук. Аллахка көп мактоолор болсун. Бардык ааламдардын Раббиси - Аллахты аруулайм. Өзгөрүү да күч-кубат да Даанышман жана Кудуреттүү Аллахтан" деп айткын деди. Анда ал: "Булар Раббим үчүн арналган дуба экен, өзүм үчүн эмне деп айтайын" деди. Ал: "О, Аллах. Мени кечир! Мага ырайым кыл, туура жолго башта жана мага ырыскы бер" деп айткын деди"
Муслим жазып калтырганЧөлдү жердеген адамдардан бирөөсу келип, Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) такай айтып жүрө турган зикирди үйрөтүүсүн суранат. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага минтет: "Аллахтан башка кудай жок. Ал - жалгыз. Анын шериги да жок". Ушинтип тавхид күбөлүгу менен баштайт. Бул Аллахтан башка ибадатка ылайык эч кандай кудай жок деген маани. "Аллах - эң Улук". Б.а. Аллах бардык нерседен улук жана чоң. "Аллахка көп алкыш-мактоолор болсун" Б.а. Аллахтын сыпатына, иштерине жана санак жеткис жакшылыктарына көп мактоо-шүгүрлор болсун. "Бардык ааламдардын Раббиси - Аллах бардык кемчиликтерден Аруу-Таза". Б.а. айып-кемчиликтерден таза, аруу. "Өзгөрүү да күч-кубат да Даанышман жана Кудуреттүү Аллахтан" Б.а. Ар кандай абалдан башка бир абалга өзгөрүү Аллахтын жардамы жана топугу менен гана болот. Тиги киши: Бул сөздөр Раббимди зикир кылып, улуктай турган сөздөр экен, мен өзүмө эмне деп дуба кылайын? - дейт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага: минтип айт - деди: "О, Аллах! Мени кечир" Күнөөлөрдү өчүрүү жана жашыруу менен "Мени ырайым кыл" Менин диниме жана дүнүйөмө пайдалуу иштерге жеткирүү менен "Мени туура жолго башта" Түз, туура жолго жана эң жакшы абалдарга "Мага ырыскы бер" Адал мал-мүлк, ден-соолук, ж.б. бардык жакшылыктарды
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Кимде-ким ант берип, антында: "Лат жана Уззага ант" деп айтса, ал "Лаа илааха иллалллаху" деп келме келтирсин. Кимде-ким жолдошуна "кел кумар ойнойбуз" деп айтса, ал садага берсин.
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллахтын атынан башка нерсе менен ант ичүүгө тыюу салып, катуу эскерткен. Ыймандуу адам Аллахтын аты менен гана ант ичет. Кимде-ким Аллахтын атынан башка нерсе менен, мисалы: Лаат жана Уззага ант деп, Исламга чейинки доордо кудай кылып сыйынып жүрүшкөн эки буттардын аты менен ант ичсе, ширктен өзүн тазалоо үчүн жана бул антынын күнөөсүнөн кутулуу үчүн дароо "лаа илааха иллал-лааху" деп келме келтириши зарыл. Ошондой эле, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким жолдошуна "кел кумар ойнойбуз" деп айтса, аны чакырганы үчүн дароо садага берсин деген. Кумар оюну эки же андан көп кишинин ортосуна коюлган акчага ойнолуп, алардын бири да утуп аларын же утулуп каларын билбейт.
Абу Саъид ал-Худри жана Абу Хурайра (ал экөөнө Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "(Кыяматта бейиш тургундары бейишке киргенден кийин) бир жарчы минтип жар салат: "Силер эми дени сак болосуңар, эч качан оорубайсыңар! Силер эми тирүү болосуңар, эч качан оорубайсыңар! Силер эми жаш болосуңар, эч качан картайбайсыңар! Силер эми ырахатта блсуңар, эч качан кыжаалат болбойсуңар" бул Аллах Тааланын төмөнкү сөзүнө шайкеш: "Кийин аларга: “Бул силердин кылган иш-амалыңар үчүн мураска берилген бейиш” деп жар салынат" (Аьраф, 43-аят).
Муслим жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бейиш ээлери бейиште ырахат алып жаткан учурда аларга бир жарчы жар саларын кабарлайт: Силер эми дениңер соо болосуңар, бейиште кичинекей да оору болбойт. Эми тирүү болосуңар, бейиште өлүм болбойт. Кичинекей өлүм деп аталган уйку да жок. Силер эми дайыма жаш болосуңар, бейиште эч качан картаюу болбойт. Эми ырахатта болосуңар, бейиште кайгы, кыжаалатчылык болбойт. Муну Аллах Таала да айткан: "Кийин аларга: “Бул силердин кылган иш-амалыңар үчүн мураска берилген бейиш” деп жар салынат" (Аьраф, 43-аят).
Сухайб (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Бейиш тургундары бейишке киргенден кийин Улуу Аллах Таала: "Дагы бир нерсени каалайсыңарбы, кошумча кылып берейин?" - дейт. Бейиш ээлери: "Сен биздин жүзүбүздү агартпадыңбы? Бейишке киргизбедиңби? Тозоктон куткарбадыңбы?" - дешет. Ошондо Аллах Таала көшөгөнү ачат, аларга Раббисинин жамалын көрүүдөн артык сүйүктүү нерсе берилген эмес эле".
Муслим жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бейиш тургундары бейишке киргенден кийин Аллах Таала аларга минтип айтарын кабарлайт: Силерге дагы бир нерсени кошумча кылып берүүмдү каалайсыңарбы? Бейиш тургундарынын баары: Биздин жүзүбуздү ак кылбадыңбы, бейишке киргизбедиңби, тозоктон куткарбадыңбы? дешет. Аллах Таала тосмону алып өйдө көтөрөт: анын тосмосу нур, аларга Раббисинин жамалын көрүүдөн өткөн жакшы нерсе берилген эмес.
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Эки түрдүү адамдар тозоктун тургундары болот, бирок мен аларды көрө элекмин. Биринчиси, колунда уйдун куйругундай чубалган камчысы бар, аны менен адамдарды сабаган коом. Экинчиси, кийимчен жылаңач, эркектерди өздөрүнө тарткан жана башкаларды да ушундай болууга кызыктырган, башына түйгөн чачтары төөнүн өркөчүндөй чайпалган аялдар. Мына ушулар бейишке кирбейт жана бейиштин жытын да жыттабайт. Ал эми бейиштин жыты канча-канча аралыкка буркурап турат".
Муслим жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) тозоктун тургуну боло турган адамдардын эки тобун айтып эскерткен. Бирок аларды өзү көргөн эмес, анткени анын учурунда мындай адамдар болгон эмес, булар кийинчерээк чыккан: Биринчи тобу: уйдун куйругундай узун камчылары бар адамдар. Аны менен башкаларды урат. Булар жазыксыз адамдарды сабаган милиция кызматкерлери жана залимдердин жардамчылары. Экинчи тобу: адатта аялдын табиятында болгон ыйбаалуулуктун жана уяттуулуктун кийимин сыйрып салган аялдар. Алардын сыпаты: негизинде кийимчен, акыйкатында жылаңач, анткени алар бүт денеси көрүнүп турган жука кийинет, же сулуу көрүнүү үчүн денесинин бир мүчөсүн жаап, экинчи мүчөсүн ачып жүрүшөт. Кийимдери жана баскан-турганы менен эркектердин көңүлүн өздөрүнө бурат. Ийиндерине таянып басышат. Башкаларды туура жолдон бурууга, болуп жаткан адашууга чакырат. Алардын дагы бир сыпаты: баштары төөнүн чайпалган өркөчүндөй, алар чачтарын түйүп, же чүпүрөк менен байлап чоңойтуп алат. Төөнүн өркөчүнө окшоткону, алар чачтарын жана көкүлдөрүн башынын төбөсүнө түйүп алганы, түйүлгөн чачын төөнүн өркөчүндөй ары-бери чайпалтып ойсолоңдоп басканы үчүн. Кимде ушундай жаман сыпаттар болсо, аларга төмөнкүдөй жаман убада берилген, алар бейишке кирбейт, бейиштин жытын жыттабайт, ага жакын да келбейт. А бейиштин жыты өтө алыс аралыктан буркурап турат.