





























Hadeeth Cards
Da'wa cards that highlight great meanings from the noble prophetic hadiths in a simple style and attractive display that helps the Muslim to have a deeper understanding of his religion in an easy way
All
Ибн Умар (Аллах алардан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эртең менен да кечинде да бул дубаны калтырбай, дайыма айтчу: "Аллахым, Сенден дүйнө жана акыреттин амандыгын (жакшылыгын) сураймын. Аллахым, Сенден динимде, дүйнө жашоомдо, үй-бүлөмдө жана мал-мүлкүмдө кечирим жана амандык (жакшылык) сураймын. Аллахым, менин кемчилик-айыбымды (бардык айып-кемчилигимди) жашыр жана жүрөгүмдү тынч кыл. Аллахым, мени бет алдымдан келүүчү, артымдан келүүчү, оң жак, сол жагымдан келүүчү, үстүмдөн келүүчү жамандыктардан сакта. Мен Сенин улуулугуң менен астымдан келе турган жамандыктан (кайдыгер өлүмдөн) сактанам".
Абу Дауд, ан-Насааи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эртең менен жана кечинде ушул дубаларды калтырбай, такай айтып жүргөн: (Аллахым, мен Сенден аманчылык тилейм) оорулардан, балээлерден, дүнүйөлүк кыйынчылыктардан, диний фитна жана азгырыктардан (Дүйнө жана акыретте), убактылуу жана түбөлүктүү жашоодо. (Аллахым, Сенден кечирим сурайм) жана күнөөлөрдүн өчүрүлүшүн жана алардын кечирилишин, (жана жакшылыкты сурайм) айып-кемчиликтен таза болууну, (динимде) ширктен, бидаттан жана күнөөкөр болуудан, (дүйнө жашоомдо) кыйынчылыктан, кырсыктан, зыяндуу жамандыктардан, (үй-бүлөмдө) аялым, балдарым жана туугандарыма, (мал-мүлкүмдө) байлыгыма жана иштериме (жакшылык сурайм). (Аллахым, менин айып-кемчиликтеримди жап) мендеги айыптарды, кемчиликтерди жашырып, күнөөлөрүмдү кечир. (жана жүрөгүмдү тынч кыл) чочулоодон, коркуудан сакта. (Аллахым мени сакта) мага келе турган балээ-кырсыктарды менден кетир, (бет алдымдан келүүчү, артымдан келүүчү, оң жак, сол жагымдан келүүчү, үстүмдөн келүүчү) жамандыктардан сакта деп, туш тарабынан келүүчү жамандактардан сактоону Аллахтан суранган. Анткени, балээ-кырсыктар адамдарга ушул айтылган тараптардын бирөөсүнөн келип калышы мүмкүн. (Мен Сенин улуулугуң менен) капылет келип, жок кылуучу (астымдан) келүүчү жамандыктан сактанам.
Ыймандуулардын энеси Айша (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага бул дубаны үйрөткөн: "Аллахым, Сенден жакшылыктын баарын, азыркысын да, кийинкисин да, мен билгенин да, билбегенин да суранам. Сенин жардамың менен бардык жамандыктан, азыркысынан да, кийинкисинен да, мен билгенинен да, билбегенинен да коргоном. Аллахым, Сенден кулуң жана пайгамбарың суранган жакшылыктын баарын суранамын. Сенден кулуң жана пайгамбарың сактоону сураган жамандыктын баарынан сактооңду суранам. Аллахым, мен Сенден бейишти сурайм. Бейишке жакындата турган сөздөрдү жана амалдарды сурайм. Сенден тозоктон сактоону сурайм. Тозокко жакындата турган сөздөрдөн жана амалдардан сактоону сурайм. Сен чыгарган тагдыр-өкүмдүн баары мен үчүн жакшылык болуусун сурайм.
رواه ابن ماجه وأحمدПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Айша энебизге ар тараптуу дубаларды үйрөткөн. Ал төрт дубадан турат: Биринчиси: Бардык жакшылыкты камтыган дуба (Аллахым, сенден бардык жакшылыкты сурайм) (азыркысын) жакын арада боло турган, (кийинкисин) кийин боло турган. (Мен билгенин) Сен мага билдиргендерди, (Мен билбегенин) Сен Өзүң гана билген (жакшылыктарды), Сен Аруу-Тазасың. Бул дубада ишти, Билүүчү, Кабардар жана майда баратынан бери Билип туруучу Аллахка тапшыруу айтылган. Аллах Таала мусулман адам үчүн жалаң гана жакшы, абзел иштерди тандайт. (Сенден бардык жамандыктан, азыркысынан да, кийинкисинен да, мен билгенинен да, билбегенинен да сактоону суранам). Экинчи дуба: мусулман адамды дуба кылганда чектен ашуудан сактайт. "Аллахым, мен Сенден сураймын" талап кыламын "Сенин пайгамбарың жана кулуң суранган жакшылыктардын баарын". "Жана коргоном" коргоном, сактанам "Сенин жардамың менен пайгамбарың жана кулуң коргонгон жамандыктын баарынан". Бул дуба Мухаммед пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллахтан өзү үчүн эмнени сураса ошонун баарын камтыган дуба. Пайгамбарыбыз сурагандын баарын бирден эсептеп отурбай, ушул дубаны айтып коюу жетиштүү. Үчүнчү дуба: бейишке кирүүнү жана тозоктон алыс болууну сурануу. Бул бардык мусулмандын тилеги жана кылган амалдарынын максаты. "Аллахым мен Сенден бейишти суранам" ага жетүүнү "Бейишке жакындата турган сөздөрдү жана амалдарды" Өзүңдү ыраазы кыла турган салих амалдарды аткартууну суранам. "Сенден мени тозоктон алыс кылууну суранам" тозокко татыктуу жаман амалдардан Сенин ырайымың менен гана кутулууга болот. "Ошондой эле тозокко алып бара турган создөрдөн жана амалдардан" Сенин каарыңды келтире турган күнөөлөрдөн сактооңду суранам. Төртүнчү дуба: Аллахтын өкүм, тагдырына ыраазы болууну дуба кылуу. "Мага кылган ар бир өкүм, тагдырыңды мен үчүн жакшылык кыл". Аллах Таала мага өкүм тагдыр кылган иштин баары мен үчүн жакшылык болсун. Мына ушул дуба Аллахтын каза-кадарына, өкүм тагдырына ыраазы болуу дубасы.
Абдулла бин Умар (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дубаларынын бир ушундай эле: "Оо, Аллахым! Мен Сенин жакшылыктарыңдын жок болуп кетүүсүнөн, аманчылыгыңдын алмашып кетүүсүнөн, кокустан келген азабыңдан жана Сенин газабыңа себеп болуучу бардык нерселерден Өзүңдүн жардамың менен коргоном".
Муслим жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) төрт нерседен коргоосун сураган: Биринчиси: "Аллахым, мен Сенин жакшылыктарыңдын жок болуп кетүүсүнөн сактоону суранам". Диний жана дүйнөлүк жакшылыктардын, ошондой эле Исламда бекем туруу жакшылыгынын жок болуп кетүүсүнөн сактоону жана жакшылыкты жок кыла турган күнөө иштерден алыс кылууну суранам. Экинчиси: "Аманчылыгыңдын алмашып кетүүсүнөн..." анын балээ-кырсыктарга алмашып кетүүсүнөн сактоону суранам. Оору-сыркоодон саламаттыкты, аманчылыгыңдын дайыма болуп туруусун суранам. Үчүнчү: "Кокустан келген азабыңдан..." балээ, кыйынчылык болуп келип калуусунан сактоону суранам. Эгерде азап жана жаман акыбет кокустан келип калса, тообо кылууга убакыт болбой калат. Мындайдагы кыйынчылык оор жана катуу болот. Төртүнчү: "Каарыңдын келүүсүнөн..." Сенин каарыңдын келүүсүнө себеп болчу иштерден сактоону суранам. Анткени, Сен кимге каардансаң, ал кор болуп, ийгиликсиздикке учурайт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул хадисинде да баарын камтыган сөздү: Аллахтын каарына себеп боло турган ишеним, амал жана сөздөр тууралуу айткан.
Абдуллах бин Амр бин Аас (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) төмөнкү сөздөрдү айтып дуба кылчу: "Аллахым, карызга батуудан, душмандын үстөмдүк кылуусунан жана табалоосунан сактоону Өзүңдөн суранам".
Ан-Насааи жана Ахмад жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир канча иштен сактоону Аллахтан суранган: Биринчиси: "Аллахым, Сенден суранамын" Сенден башкадан суранбайм "карызга батып кетүүдөн сакта" карыздын оордугунан, кыжаалатчылыгынан, кайгы-капасынан сакта. Карыздан кутулууга жардам берүүңдү суранам. Экинчиси: "душмандын үстөмдүгүнөн" басмырлоосунан жана башчылык кылуусунан сакта. Душмандын зыянынан сактооңду жана жеңишке жеткирүүңдү суранам. Үчүнчү: "душмандын таба кылуусунан" мусулмандардын башына түшкөн балээ, кыйынчылыкка кубанып карап туруусунан сакта.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: Эртең менен таң атырганда ал минтип айтчу: "Аллахым, Сенин атың менен таң атырабыз. Сенин атың менен кечти киргизебиз. Сенин атың менен тирилебиз. Сенин атың менен өлөбүз. Кайра тирилип баруу Сага гана" Кеч киргенде минтип айтчу: "Аллахым, Сенин атың менен кеч киргизебиз. Сенин атың менен таң атырабыз. Сенин атың менен тирилебиз. Сенин атың менен өлөбүз. Кайра тирилип баруу Сага гана". Кээде: "Кайра кайтып баруу Сага гана" дечү.
رواه أبو داود والترمذي والنسائي في الكبرى وابن ماجهПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) таң жаңы агарып ата баштаганда минтип айтчу: "Аллахым, Сенин ысмың менен таң атырабыз" Сенин сактооңо таянып, нээмат-жакшылыктарыңа тобокел кылып, топук-ийгиликтериңе куралып, Сен берген күч-кубат менен кыймыл-аракет кылып (таңды тосуп, күндүзгү жашоону баштадык). "Сенин ысмың менен кечти киргизип, Сенин ысмың менен өлүп, Сенин ысмың менен өлөбүз". Б.а. жогоруда айтылгандай кечинде да айтылат. Кечинде минтип айтат: Аллахым Сенин ысмың менен кечти киргиздим, Сенин Тирилтүүчү ысымың менен тирилебиз, Өлтүрүүчү ысымың менен өлөбүз. "Анан кайра Сенин өзүңө тирилип барабыз" өлгөндөн кийин кайра тирилүү жана чогулгандан кийин кайра ажырашуу, биз ар дайым жана ар кандай абалда ушундай абалда болобуз. Кеч кирип дигерден кийинки убак болгондо минтип айтчу: "Аллахым, Сенин атың менен кеч киргиздик. Сенин атың менен таң атырдык. Сенин атың менен тирилебиз. Сенин атың менен өлөбүз. Кайра кайтуу Өзүңө гана" бул дүйнөдө да акыретте да кайра кайтаруу Сага гана. Сен мени өлтүрүп, Сен мени кайра тирилтесиң.
Анас (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көп кылган дубасы: "Роббана аатинаа фид-дуня хасана, ва фил аахироти хасана, ва кынаа азаабан-наар" деген дуба эле.
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көптөгөн дубаларды камтыган дубаларды көп кылчу, ошолордун бири: "О, Жараткан, бизди бул дүйнөдө да, акыретте да жакшылыктан куру калтырба жана тозок азабынан сакта" Бул дуба дүйнө жакшылыктарын, адалдан болгон кенен ырыскыны, салиха аялды, көзүңду кубанткан ыймандуу баланы, ырахатты, пайдалуу илимди, ийги иш-амалдарды жана башка жакшы жана мубах иштерди суранууну өз ичине камтыйт. Ошондой эле акыреттин жакшылыктарын, кабырдагы, эсеп-кысап учурундагы, тозоктогу азаптардан сактоону, Аллахтын ыраазылыгына жетүүнү, даярдалган нээмат-жакшылыктарга ээ болууну, Ырайымдуу Раббибизге жакын болууну суранууну да ичине камтыйт.
Шаддад бин Аус (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Истигфардын төрөсү мындай: Аллахым, Сен менин - Раббимсиң, Сенден башка ибадатка татыктуу кудай жок. Сен мени жараттың, мен Сенин кулуңмун. Мен чолом жетишинче Сага берген убада, шартымды сактаймын. Жасаган иштеримдин жамандыгынан сактоону Сенден суранам. Мага берген нээмат-жакшылыктарыңды жана күнөөлөрүмдү мойнума алам. Мени кечир, Сенден башка күнөөлөрдү кечирүүчү эч ким жок». Анан мындай деди: "Кимде-ким эртең менен бул сөздөрдү чын жүрөгүнөн айтса, анан ошол күнү кечке чейин каза болсо, ал бейиштин тургундарынан. Ал эми ким бул сөздөрдү кечинде чын жүрөгүнөн айтса жана таң атканга чейин каза болсо, ал бейиштин тургундарынан".
Бухари жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) истигфардын ар түрдүү сөздөрү бар экенин, алардын ичинен эң абзели жана эң улугу төмөнкү сөздөр экенин айткан: "Аллахым, Сен менин Раббимсиң, Сенден башка ибадатка татыктуу кудай жок. Сен мени жараттың, мен Сенин кулуңмун. Мен чолом жетишинче Сага берген убада, шартымды сактаймын. Жасаган иштеримдин жамандыгынан сактоону Сенден суранам. Мага берген нээмат-жакшылыктарыңа ынанам жана күнөөлөрүмдү мойнума алам. Мени кечир, Сенден башка күнөөлөрдү кечирүүчү эч ким жок". Биринчиден пенде Аллахтын тавхидин моюндайт, Аллах Таала анын Жаратуучусу, эч кандай шериги жок ибадат кыла турган Кудайы экенин (моюнуна алат). Ыйманда жана баш ийүүдө колунан келишинче Аллахка берген ант-келишимин аткарарын (моюнуна алат). Анткени, пенде канчалык көп ибадат кылса да, Аллах буйругандын баарын аткара албайт, нээматтарга татыктуу шүгүр кыла албайт. Ал Аллахка кайрылат, Аны менен коргонот. Анткени, Аллах - пенде жасаган жаман ишинен коргоно турган Коргооочу. Пенде Аллахтын ага берген нээматтарына муюп, аны моюнуна алат. Өзү жасаган күнөө, каталарын моюндап, өзүнө кайтат. Аллахка ушинтип жалбарып сурануудан кийин, Раббисине дуба кылып аны Өз кечирими, ырайымы жана пазилети менен кечирүүсүн, күнөөлөрүн жашыруусун, жана күнөөлөрдөн сактоосун тилейт. Анткени, күнөөлөрдү Аллахтан башка эч ким кечире албайт. Андан кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул сөздөр эртең менен жана кечинде айтылчу зикирлерден экенин, кимде-ким бул зикирди чын жүрөгүнөн, маанилерине түшүнүп, ишеним менен эртең менен күн чыккандан шашкеге дейре айтса жана ошол күнү өлсө, бейишке кирерин айткан. Ал эми ким кечинде, күн баткандан таң атканга чейинки аралыкта айтса жана таң атканга чейин өлсө, бейишке кирерин айткан.
Жаабир бин Абдуллах (Аллах алардан ыраазы болсун) Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Зулумдуктан сактангыла! Себеби зулумдук - кыяматтагы караңгылык. Ач көздүктөн сактангыла! Анткени, силерден мурдагылар ач көздүктүн айынан кыйроого учураган. Ач көздүк аларды кан төгүүгө, арамды адал кылууга түрткөн".
Муслим жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) зулумдук кылуудан тыйып, эскерткен. Зулумдук: адамдарга зулум кылуу, өзүнө-өзү зулум кылуу жана Аллах Тааланын акысында зулум кылуу (болуп бөлүнөт). Зулумдук - бул, ар бир акы ээсине акысын бербей койуу. Адамдын кылган зулумдук кыямат күнү анын башына кыйынчылык жана оор абалдар менен коштолуп каран күн түшүрөт. Ошондой эле ач көздүктөн тыйган. Ач көздүк бул суктук жана сараңдык. Мал-мүлккө тиешелүү бирөөлөрдүн акысын бербей коюу, дүнүйөгө өтө берилип суктук кылууда ач көздүккө кирет. Зулумдуктун ушул түрү бизден мурда жашап өткөн кээ бир коомдорду кыйратып жок кылган, аларды бири-бирин өлтүрүүгө түрткөн, Аллах арам кылган нерселерди адалдаштырууга алып барган.
Абдуллах бин Амр (Аллах алардан ыраазы болсун) айтат: Бир адам Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Мусулманчылыктын жакшысы кандай болот?" - деп сурады эле, ал: Муктаждарды тойгузасың, таанышка да, бейтаанышка да салам айтасың" - деди.
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Исламдын кайсы өзгөчөлүгү абзел? - деп суралды. Ал эки өзгөчөлүктү айтты: Биринчиси: жакыр адамдарды көбүрөөк тамактандыруу. Буга садага кылуу, белек берүү, конок тосуу, той кылуу, ж.б. кирет. Айрыкча кымбатчылык жана ачарчылык учурларда адамдарга тамак берүү артыкча (сооптуу) болот. Экинчиси: бардык мусулмандарга, аларды таанысаң да, тааныбасаң да салам айтуу.