





























Hadeeth Cards
Da'wa cards that highlight great meanings from the noble prophetic hadiths in a simple style and attractive display that helps the Muslim to have a deeper understanding of his religion in an easy way
All
Анас (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Силердин эч кимиңер өзүнө жакшы көргөн нерсени диндеш боордошу үчүн да жакшы көрмөйүнчө ыйманы толук болбойт".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулман адам дүйнө жана акыретке тиешелүү жакшылык иштерде, таат-ибадатта өзүнө жакшы көргөндү диндеш тууганына да жакшы көрмөйүнчө, өзүнө жек көргөндү ага да жек көрмөйүнчө ыйманы толук болбостугун айткан. Эгерде диндеш тууганынын дининде кемчилигин көрсө, аны оңдоого тырышат. Эгер жакшылыкты көрсө, аны улантууга жардам берет. Дүйнө ишинде да, акырет ишинде да насаатын айтып, кеңеш берип турат.
Абдуллах бин Масуд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Мусулманды сөгүү - пасыктык, өлтүрүү - каапырдык".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир мусулманды экинчи мусулман бир боорун сөгүүдөн тыйган. Бул Аллахка жана Анын элчисине итаат кылуудан чыгарган пасык иш. Ал эми бир мусулмандын экинчи мусулманды өлтүрүүсү каапырдык иштерден. Бирок бул кичине каапырлык болуп эсептелет.
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Жөөттөргө жана христиандарга озунуп салам айтпагыла. Эгер жолдо алардын бирөөсүнө жолугуп калсаңар, аны жолдун кырына кысып өткүлө".
Муслим жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жөөттөргө жана христиандарга, эгер алар мусулман мамлекетинин коргоосунда болсо да, озунуп салам айтуудан тыйган. Ошондой эле алардын бирөөсү менен бир жолдо бет келишип калсак, аны жолдун чекесине кысып өтүү керектигин баяндаган. Мусулман жолдун ортосу менен басып, каапыр жолдун чекеси менен басат. Кандай абал болсо да мусулман адам эч качан кор болбошу керек.
Абу Дарда (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Кыямат күнү ыймандуу адамдын таразасына салмак боло турган жакшы кулк-мүнөздөн өткөн оор нерсе жок. Чынында, Аллах бузуку жана богооз адамдарды жаман көрөт".
Абу Дауд жана ат-Тирмизи жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кыямат күнү ыймандуу адамдын таразасына салмак боло турган иштердин жана сөздөрдүн эң оору - жакшы кулк-мүнөз экенин айткан. Жакшы кулк-мүнөз - бул, жарык маанай, эч кимге зыян тийгизбөө, жакшылыкты көп кылуу ж.б. Аллах Таала иши жана сөзү бузук адамдарды жана сүйлөгөн сөзү башкаларды иренжите турган адамдарды жакшы көрбөйт.
Хусайн бин Али бин Абу Талиб (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Менин атымды укканда мага салават айтпаган адам - сараң адам".
رواه الترمذي والنسائي في الكبرى وأحمدПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) анын атын, куниясын же сыпаттарын укканда салават айтпай коюудан эскерткен. Мен эскерилгенимде мага салават айтпаган адам чыныгы сараң деген. Бул бир канча маанини билдирет: Биринчи: Бул аз да, көп да чыгым болбой турган, байлык да, күч да коротпой турган нерсеге сараңдык кылуу. Экинчи: мындай адам өзүнө-өзү сараңдык кылып, айтылган салаваттын сообунан куру калат. Анткени ал салават айтпай, сараңдык кылды жана өзүнө жүктөлгөн милдетти аткаруудан тыйылды жана анын аткарылышынын артынан келген сооптон да кол жууду. Үчүнчү: Пайгамбарга салават айтуу анын кээ бир акыларын берүү болуп эсептелет. Ал бизге динди үйрөттү, туура жолго багыт берди, Аллахтын динине чакырды, аян-кабарды жана шариятты таратты. Ал Аллах Тааладан кийинки эле биздин туура жолго түшүүбүзгө себепкер болду. Ошон үчүн ким ага салават айтпаса, ал өзүнө-өзү сараңдык кылат. Анын аз гана акысын бере албай пайгамбарына да сараңдык кылат.
Сахл бин Муаз бин Анас атасынан риваят кылып айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Кимде-ким тамак жеп бүткөндөн кийин: "Алхамду лиллаахил-лази атъамани хаза ва розаканиихи мин гойри хавлин уа лаа кувватин" (Менден эч кандай күч-кубат талап кылбай, ушул тамакты жедирип, ырыскы берген Аллах Таалага алкыш-мактоолор болсун) деп айтса, анын өткөн (майда) күнөөлөрү кечирилет.
Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) тамак жеген адам: бул тамакты табууга, аны жегенге менин кудуретим жок эле, Аллахтын жардамы менен гана тамак таап жей алдым деп, Аллахка алкыш-мактоо айтууга үндөгөн. Андан кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким ушинтип айтса, Аллах Таала анын мурда жасаган майда күнөөлөрүн кечиришине татыктуу болорун сүйүнчүлөгөн.
Анас бин Малик (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Азан жана икооматтын ортосунда айтылган дуба артка кайтарылбат".
Абу Дауд, ат-Тирмизи жана ан-Насааи жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) азан менен икооматтын ортосунда дуба кылуунун артыкчылыгын баяндаган. Бул дуба артка кайтарылбайт жана кабыл болууга жакын. Ушул убакта Аллахка дуба кылгыла.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтар эле: "Аллахым, менин иштеримдин коргоочусу болгон динимди оңдо. Менин жашоом өтүп жаткан дүйнөмдү оңдо. Мен кайтып бара турган акыретимди оңдо. Өмүрдү мен үчүн ар бир жакшылыкты көбөйтүүчү кыл, ал эми өлүмдү ар бир жамандыктан арылтуучу кыл».
Муслим жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өзү толуктоо үчүн жиберилген ахлактардын баары топтолгон дуба менен дуба кылган. Ал: диндин оңолушу, дүйнөнүн оңолушу, акыреттин оңолушу. Бул кыска сөзүндө үч бирдиктүү нерсенин оңолушун сурады. Биринчи диндин оңолушунан баштады. Диндин ичинде эки дүйнөнүн абалынын оңолушу жатат. Ал минтип айтты: (Аллахым, менин динимди оңдо) динимдин бардык милдеттерин адептери менен толук аткарууга мага топук (ийгилик) бер. (Ал диним менин бардык иштеримдин коргоочусу) эгер диним бузулса, бардык иштерим бузулат жана мен куру жалак, өкүнүүчү болуп калам. Анткени, диндин оңолушу дүйнөнүн оңолушу менен толук болот. Ошон үчүн минтип айтты: (Менин дүйнөмдү да оңдо) ден соолук, аманчылык, ырыскы, ыймандуу жар, таза, такыба уул-кыз, ж.б. мен муктаж болгон нерселерди бер. Буларды адал жана Сага ибадат кылууга жардам берүүчү кыл. Андан кийин бул суранычынын себебин айтты: (Бул дүйнөдө менин жашоом өтөт) мен жашап турган жерде жана тирүүлүгүмдө. (Мен кайтып бара турган акыретимди оңдо) мен Сага кайтып баруум, салих амалдарым менен, Аллахтын ибадатты ыклас менен аткарууга жана жакшы акыбет менен коштолсун. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) акыретти дүйнөдөн кийин тизмектеди. Себеби дүйнө акыреттин жакшы болуусуна себеп болот. Кимде-ким бул дүйнөдө Аллах каалагандай түз (дининде бекем) жашап өтсө, анын акырети да түз болуп, акыретте бактылуу болот. (Жашоомдо жакшылыктарды көп кыл) өмүр бою жакшы амалдарды кылууга насип кыл. (Өлүмүмдү бардык жамандыктан кутулуучу кыл) фитналардан, мээнеттерден, күнөө жана кайдыгерлик сыноолорунан, айрыкча дүйнөнүн кайгы-машакаттарынан куткарып, ырахатка жеткир.
Абу Муса (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ушинтип дуба кылчу: "Раббим, менин каталарымды жана билбестигимди кечир. Бардык иштеримдегеи кемчилик жана аша чабуумду кечир. Мендеги Сен Өзүң билип турган күнөөлөрүмдү кечир. Аллахым, менин каталарымды, атайын жана билбей жасаган, тамашалап кетирген кемчиликтеримди кечир. Мендеги бардык кемчиликти кечир. Аллахым, менин мурдагы жана кийинки күнөөлөрүмдү кечир. Ачык жана жашыруун күнөөлөрүмдү кечир. Сен алдыда кылуучу жана кечиктирүүчүсүң. Сен бардык нерсеге күчү жетүүчү Кадырсың".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) барлык нерсени камтыган дубасы ушундай болчу: "Раббим, менин каталарымды кечир, билбестигимди, мен билбестен жасап алган каталарды да кечир. "Бардык иштердеги ысырапкорлугумду кечир" кемчилик кетиргенимди жана чектен аша чапканымды. "Мендеги Сен Өзүң билгендерди" Аллахым Сен Билүүчүсүң, мен болсо унутуп калам. "Аллахым менин каталарымды жана атайын кылгандарымды кечир" мен билип туруп жасап алган каталарды кечир. " Чындап же азилдеп кетирген каталарымды кечир" мазакташууда пайда болгон, эки абалда тең чындап же азилдеп) пайда болгон каталарымды. "Мендеги бардык кемчиликтерди" жогоруда айтылган айып, кемчииктердин баарын кечир. "Аллахым менен мурдагы" болуп өткөн, "жана кийинки" эми боло турган каталарымды кечир. "Жашыруун" купуя болгон жана "Жарыя" ачык болгон каталарымды кечир. "Сен мурда жеткирүүчү жана кечиктирүүчүсүң" калайыктан кимди кааласаң, аны ыраазы кылып ырайымыңа мурда жеткиресиң. Кимди кааласаң аны кордоп ырайымыңдан кечиктиресиң. Сен кечиктирген ишти алдыга жылдыруучу, Сен алдын кылган ишти кечиктирүүчү жок. "Сен бардык нерсеге кадырсың" ар бир каалаган ишиңди аткарууга толук кудуреттүүсүң.