Hadeeth Cards
Da'wa cards that highlight great meanings from the noble prophetic hadiths in a simple style and attractive display that helps the Muslim to have a deeper understanding of his religion in an easy way






























Da'wa cards that highlight great meanings from the noble prophetic hadiths in a simple style and attractive display that helps the Muslim to have a deeper understanding of his religion in an easy way
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллахты көп эстеген адамдардын даражасын баяндап, алар башкаларды артында калтырып, жалгыздап, бейиштин бийик даражаларына озуп кетти деп айтат. Алардын жалгыздап кеткенин Жумдан тоосуна салыштырат. Анткени, Жумдан тоосу айланасында башка тоо жок жалгыз тоо болчу.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулман кишинин кылган күнөөсү кечирилерине үмүт бар экенин баяндайт. Бирок мактаныч менен кылган күнөөсүн уялбай жарыя кылган адам кечиримге ылайык эмес. Түнү күнөө кылат, аны Аллах жашырып койсо, эртеси бирөөлөргө түндө мындай күнөө кылдым деп өзү ашкере кылат. Түндө Аллах аны жашырган эле, күндүзү ал өзү Аллах жашырганды ашкере кылды.
Мухаммед пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Ибрахим пайгамбар менен Исра жана Мираж түнүндө жолукканын кабарлайт. Ибрахим ага: «Оо, Мухаммад, үммөтүңө менден салам айт жана аларга бейиштин топурагы борпоң, суусу таттуу, тузсуз экенин билдир. Бейиш кең, тегиз, бирок азырынча бак-дараксыз, анын өсүмдүктөрү жакшы сөздөр. Булар түбөлүк сооптуу иштер болуп кала турган сөздөр: «Субханаллах» (Аллах аруу), «Алхамдулиллах» (Аллахка мактоолор болсун), «Лаа илааха иллаллох» (Аллахтан башка сыйынууга татыктуу Кудай жок), «Аллаху Акбар» (Аллах Улук). Мусулман адам бул сөздөрдү айткан жана кайталаган сайын бейиште ага бак тигилет».
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдар арасында минтип салам берүүнүн адебин көрсөткөн: "Ассалааму алайкум ва рахматуллоохи ва баракатуху". Жашы кичине жаш улууга, улоодогу жөөгө, басып бараткан отурганга, саны аз саны көпкө салам айтат.
Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бирр - жакшылык жана исм - күнөө жөнүндө сурашат. Ал минтип жооп берет: Жакшылыктын эң негизги белгиси бул Аллахка такыба болуу менен жакшы мүнөздө болуу, башкалардын зыянына сабыр кылуу, көп ачууланбоо, жарык маанайда болуу, сылык сүйлөө, карым-катыш кылуу, жумшак болуу, жакшы сухбат мамиле кылуу. Ал эми күнөө бул, жүрөккө шектүү болгон нерселер кирип, ага көңүл толбой, анын күнөө экенине шек жана коркунуч пайда болгондо, жана аны кадыр-барктуу, изги адамдарга көрсөтүүнү каалабай калганда – мына ошол иш күнөө болот. Анткени, адамдын табияты жакшы амалдарынын элге көрүнүшүн жактырат. Эгер айрым иштеринин башкаларга көрүнүшүн жаман көрсө, анда ал амалда жакшылык жок, ал күнөө.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Таала пенделеринин тообосун кабыл кыларын айтат. Эгер пенде күндүзү күнөө кылып, кечинде күнөөсүнө тообо кылса, Аллах Таала анын тообосун кабыл кылат. Эгер түндө күнөө кылып, күндүзү күнөөсүнө тообо кылса, Аллах Таала аны кабыл кылат. Аллах Таала пендесинин тообо кылганын сүйүнүп, кабыл кылуу үчүн колун созот. Ушинтип тообонун эшиги жабылуусу бул дүйнөнүн бүткөнүнөн кабар берет, бирок тообо эшиги күн батыштан чыкканга чейин ачык турат. Күн батыштан чыкканда, тообонун эшиги жабылат.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабарлайт: мурдагы пайгамбарлардын осуяттарынан кылымдан кылымга өтүп эл арасында айтылып акыркы үммөткө чейин жеткен сөз: эмне кылганы жатканыңа кара, эгер ал ишиң үчүн уялбай турган болсоң, кыла бер. А эгер ал ишиң үчүн уяла турган болсоң, аны кылба. Анткени, жаман ишти кылуудан тосуп турган нерсе уяттуулук. Кимде уяты жок болсо, ал бардык жаман, бузук иштерди кыла берет.
Ибн Умар (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси аны ийнинен кармап: Бул дүйнө жашоосунда бөтөн жерлик адамдай бол. Ал башка жерден келген, жашаганга турагы жок, Жаратуучуга ибадат кылуудан алагды кыла турган бала-чака, үй-бүлөсү да жок. Же андан да өткөн өз мекение бара жаткан жолоочу сыяктуу бол. Бөтөн жерлик адам бөтөн жерде отурукташып жашап калышы мүмкүн. Ал эми мекенине бара жаткан жолоочу андай эмес. Ал эч жерге токтобойт, мекенине батыраак жетүүгө аракет кылат. Ошондой эле жолоочу киши өзүнүн жолуна жеткидей каражаттан ашык каражатка да муктаж эмес. Ошол сыяктуу ыймандуу адам дагы бул дүйнө жашоосунда жашоосуна жеткидей каражаттан ашыкчага муктаж эмес. Ибн Умар бул насаатка амал кылып аны иш жүзүндө аткарып: Таңды аттырсаң, кечти, кечти киргизсең таңды күтпөгүн. Өзүңдү кабырдагылардын биримин деп эсепте (ошого даярдан). Анткени, өмүрдө ооруу-сыркоо деген болот - дечү. Ооруп калганга чейин дени карды соо күндөрүңдө ибадат кылып кал. Тирүүлүгүңдү пайдаланып, өлгөндөн кийин пайдасы тие турган амалдарды аткарып кал.
Бир киши Аллахтын элчисине келип, напил ибадаттарды аткарууга алсыздык кылып жатканын айтып даттанат. Анан Аллахтын элчисинен ага аткарууга жеңил, сообу көп бир ибадатты үйрөтүүсүн суранат. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бардык убакта жана абалда Аллахка тасбих айтып, мактоо айтып, кечирим тилеп, дуба кылып тили кыймылдап, нымдалып туруусун айтып жол көрсөтөт.