





























Hadeeth Cards
Da'wa cards that highlight great meanings from the noble prophetic hadiths in a simple style and attractive display that helps the Muslim to have a deeper understanding of his religion in an easy way
All
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Ыймандуу болмоюнча бейишке кире албайсыңар жана бири-бириңди жакшы көрмөйүнчө ыймандуу боло албайсыңар. Оболу, мен силерге бир нерсени айтайын, эгер ошону аткарсаңар бири-бириңерди жакшы көрөсүңөр: "Араңарда саламды жайылткыла".
Муслим жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бейишке ыймандуулар гана кирерин баяндаган. Ошондой эле бири-бирин жакшы көрмөйүнчө ыйман толук болбостугун, мусулман коомчулугунун абалы оңолбостугун айткан. Андан кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) махабатты пайда кыла турган иштердин эң жакшысына багыт берди. Ал Аллах Таала пенделери үчүн учурашуучу сөз кылып койгон салам айтууну мусулмандардын арасына жайылтуу.
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен чогуу отурганбыз. Кокустан ал бир нерсенин катуу урунган добушун угуп: "Бул эмне экенин билесиңерби?" - деди. Биз: Аллах жана Анын элчиси жакшы билет - дедик. Ал: "Бул жетимиш жыл мурда тозокко ыргытылган таш, ал учуп барып тозоктун түбүнө азыр түштү" - деди.
Муслим жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кандайдыр бир зат асмандан келип жерге түшкөндө чыккан үн сыяктуу катуу чыккан үндү угуп, жанындагы сахабалардан бул эмненин үнү экенин сурайт. Алар: Аллах жана Анын элчиси жакшы билет - дешет. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Силер уккан үн мындан жетимиш жыл мурда тозоктун кырынан ыргытылган таш, ал учуп барып тозоктун түбүнө азыр түшкөнүн силер уктуңар деди.
Салама бин ал-Акваъ (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Бир киши Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көз алдында сол колу менен тамак жеди эле, ал: "Оң колуң менен жегин" - деди. Тиги: (Оң колум менен) жей албаймын - деди. "Анда жей албай калгын" - деди. (Анткени) тиги текеберленип ошенткен болчу. Ошентип ал колун оозуна жеткире көтөрө албай калды.
Муслим жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сол колу менен жеп жаткан адамды көрүп, аны оң колу менен жегенге буйруду. Тиги киши текебердик менен оң колу менен жей албастыгын айтып жалган сүйлөйт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага оң колу менен тамак жей албай калуусун тилеп дуба кылат. Аллах Таала пайгамбарынын дубасын кабыл кылып, тиги кишинин оң колу шал болуп, ошондон кийин ал колу тамагын же суусундугун оозуна чейин көтөрө албай калат.
Абу Умама (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) коштошуу ажылыгында минтип кутпа кылганын уктум: "Раббиңер Аллахтан корккула, беш убак намазыңарды окугула, айлык орозоңорду кармагыла, мал-дүйнөңөрдүн зекетин бергиле, жол башчыңарга баш ийгиле, ошондо Раббиңердин бейишине киресиңер".
Ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) хижранын онунчу жылындагы коштошуу ажылыгында, Арафа күнү кутпа айткан. Пайгамбарыбыз анда эл менен коштошкондуктан, бул ажылыгы "коштошуу ажылыгы" деп аталып калган. Адамдардын баарын Аллахтын буйругун аткарып, кайтарганынан тыйылып такыба болууга буйруган. Аллах Таала күнү-түнү окулуусун парз кылган беш убак намазды окууга (буйруган). Рамазан айында орозо кармоого (буйруган). Сараңдык кылбай, татыктуу адамга малдын зекетин берүүгө (буйруган). Аллах Таала башчы кылган адамдарга күнөө иштен башкасында баш ийүүгө (буйруган). Ким ушул айтылгандарды аткарса, анын сыйлыгы - бейишке кирүү.
Абу Храйра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Силерден ким болбосун мусулман боордошуна жолукканда ага салам айтсын. Эгер ал экөө даракты, дубалды же чоңураак ташты эки жагынан айланып өтүп, кайра бирксе, дагы салам айтышсын".
Абу Дауд жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулмандарды бири-бирине жолуккан сайын салам айтууга үндөгөн. Ал тургай, экөө басып баратканда ортосун дубал, дарак же чоң таш сыяктуу бир нерсе ажыратып, кайра бириксе, дагы салам айтышы керек.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Силерге Аллах Таала ал аркылуу күнөө-каталарды өчүрүп, даражаларды көтөрө турган ишти айтайынбы?" Сахабалар: Айтыңыз, о, Аллахтын элчиси" - дешти. "Кыйынчылыкка карабай жеткиликтүү даарат алуу. Мечитке көп каттоо. Намаздан кийин кийинки намазды күтүү. Мына ушул (Аллах менен) бекем байланыш".
Муслим жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларына кайрылып, күнөөлөрдүн кечирилүүсүнө, периштелердин жазылган китебинен өчүрүлүүсүнө, бейиште даражанын бийик болуусуна себеп боло турган иштерди билүүнү каалайсыңарбы деп сурады. Сахабалар: Ооба, угууну каалайбыз - деп жооп берет. Ал минтип айтат: Биринчи: суукта, суу аз учурда, ооруп турганда, же суу ысык болуп калган учурда, айтор кандай кыйынчылык болгонуна карабай, дааратты толук, жеткиликтүү алуу. Экинчи: алыс үйдөн мечитке басып баруу жана улам-улам мечитке каттоо. Үчүнчү: намаз убактысын күтүү, жүрөк менен байланып самап күтүү. Мечитте жамаат менен намаз окуу үчүн күтүп отуруу. Бир намаз окулуп бүткөндөн кийин кийинки намазды күтүү. Андан кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ушул иштер Аллах менен чыныгы байланыш экенин айтты. Анткени, булар шайтандын азгырык жолдорун тосот. Напси каалоосун тыят. Бул кудум душмандын чегиндеги чек араны коруу сыяктуу.
Абу Дарда (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Көңүл бургула! Мен силерге силердин даражаңарды көтөрө турган, Падышаңардын алдында эң таза жана силер үчүн алтын-күмүш садака кылуудан да артык, казатта душманыңар менен беттешип, силер алардын, алар силердин башын кыя чапкандан да артыгыраак ишиңер жөнүндө айтып берейинби?" Алар: "Ооба" - дешти, Пайгамбар: "Ал иш - Аллахты зикир кылуу" - деди.
Ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларынан минтип сурады: Силерге ишиңердин ичинен эң абзелин, эң маанилүүсүн, Аллахка эң жакынын, эң тазасын, эң алдыңкысын айтып үйрөтүүмдү каалайсыңарбы? Ошондой эле, бейиштеги ордуңарды бийик кыла турганын айтайынбы? Силер алтынды жана күмүштү садака кылгандан да жакшыраак ишти айтайынбы? Силер согушта каапырларга жолугуп, силер аларды, алар силерди өлтүргөндөн да жакшы ишти айтайынбы? Сахабалар: Ооба, айтыңыз. Биз ошол ишти билүүнү каалайбыз - дешти. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Бардык убакта, кандай абал, кандай учур болбосун, Аллахты зикир кылуу - деди.
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) чөлдүк киши келип: Мага мен аны аткарсам бейишке кире турган бир ишти көрсөтчү - деди. Ал: "Аллахка эч нерсени шерик кылбай ибадат кыласың, парз намаздарды окуйсуң, парз зекетти бересиң, Рамазанда орозо кармайсың" - деди. Тиги киши: Жаным колунда турган Аллахка ант болсун, мындан ашыкча эч нерсе кылбаймын - деди. Ошентип ал ары кеткенде пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Кимди бейиштик адамды көрүү кубандырса, анда тиги кишиге карасын" - деди.
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Бейишке киргизе турган амалды көрсөтүп берүүсүн суранып пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир чөлдүк киши келди. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага бейишке кирүү жана тозоктон кутулуу Исламдын түркүктөрүн аткарууда, Аллахка эч нерсени шерик кылбай, Анын Өзүнө ибадат кылууга байланыштуу экенин айтып жооп берди. Анын бири - Аллах Таала пенделерине ар бир күн-түнү окууну парз кылган беш убак намазды окуйсуң. Аллах сага берүүңдү милдет кылган мал-дүйнөнүн зекетин, татыктуу адамга бересиң. Рамазан айынын орозосун өз убагында кармайсың. Ошондо тиги киши: Жаным колунда турган Аллахка ант болсун, сен айткандан ашыкча ибадат кылбаймын жана мындан кем да кылбаймын дейт. Ошентип ал кеткенден кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай дейт: Кимди бейиштин тургундарынан болгон адамды көрүү кубандырса, анда ушул чөлдүк кишиге карасын.
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) баяндайт, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: "Тумшугу менен жер сүзсүн, дагы тумшугу менен жер сүзсун, дагы тумшугу менен жер сүзсүн". Бирөөлөр: О, Аллахтын элчиси, ким тумушугу менен жер сүзсүн? деп сурады. Ал: "Анын ата-энеси экөө тең же экөөнүн бири картайган кезине жетсе, (аларга кызмат кылып) бейишке кире албаган адам" - деди.
Муслим жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимдир бирөөнү кор болуп, шерменде болсун деген мааниде "тумшугу менен жер сүзсүн" деп үч жолу дуба кылды. Бирөөлөр: О, Алланын элчиси, кимге мындай каршы дуба кылып жатасыз? деп сурайт. Ал: Кимдин ата-энеси экөө тең, же экөөнүн бири баласынын колунда картайса, ошолордун картайганы баласынын бейишке кирүүсүнө себеп боло албаса б.а. аларга жакшы мамиле кылбай, алардын каргышына калса, ошол бала тумшугу менен жер сүзсүн деп жооп берди.