





























Hadeeth Cards
Da'wa cards that highlight great meanings from the noble prophetic hadiths in a simple style and attractive display that helps the Muslim to have a deeper understanding of his religion in an easy way
All
Абу Саид Худри айтат: "Мечитте отурган адамдарга Муавия чыгып: "Эмне кылып отурасыңар?" - деди. "Аллахты эстеп, зикир кылып отурабыз" - дешти. "Ушул үчун гана отурабыз деп касам иче аласыңарбы?" - деди. "Аллахка касам ичип айтабыз, биз ушул үчүн гана отурабыз" - дешти. "Мен силерге ишенбегеним үчүн касам ичтиргеним жок (пайгамбардын кылганын кылып, ага окшошуу үчүн ушинттим). Аллахтын элчисинен менден да аз риваят кылган эч ким жок: Бир жолу Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мечитте тизилип отурган сахабаларына чыгып: "Эмне кылып отурасыңар?" - деди. "Аллахты зикир кылып, бизди Исламга баштаганына жана аны бизге белек кылганына шүгүр келтирип отурабыз" - дешти. "Ушул үчүн эле отурабыз деп касам ичесиңерби?" - деди. "Аллахка касам ичип айтабыз, ушул үчүн эле отурабыз" - дешти. "Мен силерге ишенбегеним үчүн касам ичтиргеним жок. Бирок мага Жебирейил келип, Аллах Таала периштелерге силерди мактап жатканын айтты" - деди".
Муслим жазып калтырганМуавия бин Абу Суфян (ага Алла ыраазы болсун) мечитте тизилип отурган адамдарга чыгып, алар эмне үчүн чогулуп отурганын сурайт. Алар: Аллахты зикир кылып отурабыз дешет. Алар чындап эле Аллахты зикир кылууну каалап чогулганын касам ичип тастыктоосун сурайт. Алар касам ичишет. Анан аларга: Мен силерге ишенбегеним үчүн же шектенгеним үчүн касам ичиргеним жок деп, пайгамбарды туураганын айтат. Анан пайгамбарга эң жакын адам болгонун айтат. Анткени анын бир тууганы Умму Хабиба пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аялы эле, ошондой эле ал өзү анын вахий жазган катчысы болгон. Бирок ошентсе да өтө аз хадис риваят кылган. Анан аларга минтип айтып берет: бир күнү пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үйүнөн чыгып, мечитте Аллахты зикир кылып, аларды Исламга баштап, динди нээмат кылганы үчүн алкыш-мактоо айтып отурган адамдарды көрөт. Анан алардын эмне кылып отурганын сурап, азыр Муавия касам ичтирген сыяктуу аларга касам ичтирет. Андан кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алардан эмне үчун сурап, эмне үчүн касам ичтиргенинин сырын айтат. Ага Жебирейил келип, Алла Таала ал жерде отургандарды периштелерге мактап сыймыктанганын б.а. силердин артыкчылыгыңарды жана жакшы амалыңарды көрсөтүп, алардын жанында мактады дейт.
Жабир бин Абдуллах (Аллах алардан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын уктум: "Киши үйүнө киргенде, кирээрде жана тамак ичээрде Аллахтын атын атап эстесе, Шайтан (жан-жөкөрлөрүнө): Силерге мында түнөк да жок, тамак да жок - дейт . А эгер кирип, бирок кирээрде Аллахты эстебесе, шайтан: Түнөктү таптыңар - дейт. А эгер тамактанаарда да Аллахты эстебесе, шайтан: Тамакты да, түнөктү да таптыңар - дейт.
Муслим жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үйгө кирээрде жана тамак ичээрде Аллахты зикир кылууга буйруган. Эгер адам үйгө кирээрде, же тамактанаарда "Бисмиллаах" деп Аллахты эстесе, шайтан жан-жөкөрлөрүнө: Үйдүн ээси Аллахты зикир кылып силерден коргонгон бул үйдө, силерге түнөктүн да, тамактын да үлүшү жок - деп айтат. Ал эми киши үйүнө киргенде кирип баратып Аллахты зикир кылбаса жана тамактанаарда да зикир кылбаса, анда шайтан жан-жөкөрлөрүнө, алар бул үйдөн түнөк да, тамак да табууга жетишкенин кабарлайт.
Абу Муса Ашари (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Салих жана жаман адам менен отуруунун мисалы, атыр саткан жана көөрүк үйлөгөн адам менен отуруу сыяктуу. Атыр саткан адам: же ал сага атырын белек кылат, же сен андан сатып аласың, же жок эле дегенде анын жыпар жыты келип турат. Көөрүк үйлөгөн адам: же ал сенин кийимиңди күйгүзөт, же андан жагымсыз жытты табасың".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эки түрдүү адамды мисал келтирди: Биринчиси: Сөзгө ынак адам жана салих дос, ал Аллахка жана Аллах ыраазы боло турган иштерге багыт берет, Ага баш ийүүгө түрткү болот. Ал атыр саткан адамга окшош, сага атыр бериши мүмкүн, же сен андан атыр сатып аласың, же сен анын жыпар жытын жыттайсың. Экинчиси: Жаман жолдош же табакташ. Ал Аллахтын жолунан тыят, күнөө иштерди кылууга түрткү болот. Андан жаман иштерди гана көрөсүң, өзү сыяктуу сенден да жаман иштерди кылууну талап кылат. Ал көөрүк менен отту кызыткан темир уста сыяктуу. Анын учурган учкунуна кийимиңди күйгүзөсүң, же андан жаман жытты жыттайсың.
Анас (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Йа муколлибал кулууби саббит колби алаа дииника" (Эй, жүрөктөрдү калчоочу Аллах, менин жүрөгүмдү динге бекем кыл)" - деп көп дуба кылчу. Мен: "О, Алахтын элчиси, биз сизге жана сиз алып келген динге ыйман келтирдик. Ошентсе да биз үчүн коркосузбу?" - деп сурадым. Ал: "Ооба, жүрөктөр Аллахтын манжаларынан эки манжасынын арасында турат. Кандай кааласа ошондой калчайт" - деди.
Ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) динге жана таат-ибадатка бекем кылуусун жана туура жолдон тайып кетүүдөн, адашуудан сактоосун сурап Аллахка көп дуба кылчу. Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип көп дуба кылганына Анас (Аллах андан ыраазы болсун) таң калып, анын жөнүн сураганда пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдардын жүрөктөрү Аллахтын эки манжасынын ортосунда турарын, Аллах аларды каалагандай калчарын айтып түшүндүрөт. Жүрөк ыйман менен каапырлыктын чеги. Жүрөктү арабча "колбун" дейт, мааниси ары-бери өзгөрүп туруучу дегенди туюндурат. Жүрөктүн өзгөрүүсү казан кайнап ашып кеткенден да бат өзгөрүп турат. Аллах кимди кааласа, анын жүрөгүн туура жолго багыттап, динде туруктуу кылат. Кимди кааласа, анын жүрөгүн туура жолдон тайдырып, адаштырат.
Абу Умама айтат: Мага Амр бин Абаса (Аллах андан ыраазы болсун) Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) укканын минтип айтты: "Аллахтын пендеге эң жакын боло турган учуру - түндүн акыркы бөлүгү. Эгер колуңдан келсе, ошол убакта Аллахты зикир кылуучулардан бол"
Абу Дауд, ат-Тирмизи жана ан-Насааи жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: түндүн акыркы үчүнчү бөлүгүндө Аллах Таала пендеге эң жакын болгон учуру. О, ыймандуу пенде, эгер ушул убакта намаз окуп, зикир чалып, тообо кылуучу адамдардын катарында болууга чамаң жетип, колуңдан келип турса, анда бул убакты текке кетирбей, аны пайдаланып калууга тырыш.
Савбан (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Кишинин сарптаган акчасынын эң абзели: Үй бүлөсүнө сарптаган акчасы, Аллах жолунда казатка чыгуу үчүн ат-улоосуна сарптаган акчасы жана Аллах жолунда жүргөн жолдошторуна сарптаган акчасы". (Хадисти риваят кылгандардын бири) Абу Килаба: "Алгач үй-бүлөдөн баштады" - деп, андан кийин Абу Килаба дагы сөзүн улай: "Жаш балдарын камсыз кылып, аларды сурануудан, муктаждыктан чыгаруудан өткөн сооптуу каржылоо болмок беле?!" - деди.
Муслим жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) каржылоону сүрөттөп, каржы кыла тургандар көп болсо, алардын эң зарылынан баштоо керектигин, ирети менен айтып берген. Каржылоонун сообу эң көбү - өзү каржылоого милдеттүү болгон адамдарга берилген каржы болот. Мисалы, аялына, баласына ж.б. Андан кийинкиси, Аллах жолундагы согушка даярдалган улоого кетирген каржысы. Андан кийин Аллах жолунда согушка кетип жаткан дос, жолдошторуна берген каржысы.
Сухайб (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Момундун ишине таң каламын. Анын бардык иши жакшылык. Мындай момун үчүн гана болот. Эгер ага кубаныч болсо, ага шүгүр кылат. Бул ал үчүн жакшы. Эгер ага зыян болсо, ага сабыр кылат. Бул да ал үчүн жакшы».
Муслим жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ыймандуу адамдын абалына ыраазы болуу менен таң калганын айткан; анткени, анын ар бир абалы ал үчүн жакшылык. Мындай жакшылык ыймандуулардан башкаларда болбойт. Эгер кубанычка бөлөнсө, ал үчүн Аллахка шүгүр кылат; шүгүр кылганы үчүн соопко ээ болот. Эгер кыйынчылыкка кабылса, сабыр кылат. Аллахтан сооп күтөт. Сабыр кылганы үчүн соопко ээ болот. Ошентип ал кандай абалга кабылбасын баары бир соопко ээ болот.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) чүчкүргөндө колун же кийиминин бир учун оозуна тосуп, ошо менен үнүн басаңдатчу.
Абу Дауд, ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырганАллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) чүчкүргөндө мындай кылчу: Биринчи: колу же кийиминин бир учу менен оозун жапчу; муну оозунан же мурдунан жанындагыларды иренжите турган нерселер чыгып кетпеши үчүн ушундай кылчу. Экинчи: үнүн акырын чыгарчу, катуу чыгарчу эмес.
Усама бин Зайддын (ага Аллах ыраазы болсун) айтымында, ага бирөөлөр: Сен Усманга кирип сүйлөшпөйсүңбү? - дешет. Ал: Силер укпасаңар эле мен сүйлөшпөгөн боломбу? Аллахка ант болсун, мен аны менен бетме-бет сүйлөштүм. (Башчыга ар ким доомат артып кире бере турган) эшикти биринчи ачкан киши болуудан корком. Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) төмөнкү хадисти уккандан кийин, башчы болгон адамдардын эч бирин адамдардын жакшысы деп айтпайм. "Кыямат күнү бир киши алып келинип тозокко ташталат. Анын ичеги-карды чубалып калат. Анан ал эшек тегирмендин ташын айлантып тегеренген сыяктуу ичеги-кардын айланып калат. Анын айланасына тозоктун тургундары чогулат. Анан: Эй, баланча! Сага эмне болду!? Сен башкаларды жашылыкка чакырып, жамандыктан тыят элең го? - деп сурашат. Ал айтат: Ооба, чындап башкаларды жакшылыкка чакырчумун, бирок өзүм аткарчу эмесмин. жамандыктан кайтарчумун, бирок өзүм кыла берчүмүн".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Усама бин Зайдга (ага Аллах ыраазы болсун): Усман бин Аффанга (ага Аллах ыраазы болсун) кирип адамдардын арасына жайылып жаткан фитна тууралуу айтпайсыңбы деп айтышат. Усама: Ага кирип жашыруун сүйлөшкөнүн айтат. Анткени, ал башчыга эл көзүнчө ачык каяша кылууну каалаган эмес. Андай кылса, халифаны кемсинтүүгө себеп болуп калмак жана буга чейин эч ким ача элек фитнанын эшигин ачкан болмок. Андан кийин Усама (ага Аллах ыраазы болсун): ал амирлерге жашыруун насаат кыларын, падышага да кошомат кылбастыгын, аларды жалгандан беттерине мактабастыгын айтат. Анткени ал пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана макоосу болсун) минтип айтканын уккан: кыямат күнү бир кишини алып келип, тозокко ташташат. Азаптын оордугунан жана ысыктын катуулугунан анын ичеги-карды дароо эле чубалып калат. Анан ал тегирмендин ташын айланып тегеренген эшек сыяктуу өзүнүн ичеги-кардын тегерене баштайт. Анын айланасына тозоктун тургундары чогулуп: "Эй, баланча, сен башкаларды жакшлыкка буйруп, жамандыктан тыят элең го?!" - деп сурашат. Ал минтип айтат: Мен башкаларды жакшылыкка буйруйт элем, бирок өзүм аткарбайт элем. Жамандыктан тыят элем, бирок өзүм аткара берет элем.