





























Hadeeth Cards
Da'wa cards that highlight great meanings from the noble prophetic hadiths in a simple style and attractive display that helps the Muslim to have a deeper understanding of his religion in an easy way
All
Ыймандуулардын энеси Айша (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Умму Салама Эфиопия жеринде "Мария" деп аталган чиркөөнү көргөнүн, анын ичинде (ар түрдүү) сүрөттөр бар экенин Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кеп кылат. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): " Эгер арасындагы ийги иш-амалдарды кылган пенде (же киши) дүйнөдөн өтсө, анын кабырына мечит куруп . Анан ага жанагындай сүрөттөрдү тартышат. Мына ошолор Аллахтын алдындагы эң жаман калайык" - деди.
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Ыймандуулардын энеси Умму Салама (ага Аллах ыраазы болсун) пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Эфиопия жеринде болгондо "Мария" деп аталган чиркөөнү көргөнүн, анда картиналар, оймо-чиймелер, сүрөттөр бар экенин таң калып айтат. Анан пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай сүрөттөрдү коюуунун себептерин түшүндүрөт. Сен айтып жаткан адамдар, эгер алардын арасындагы ийги иш-амал кылган кишилерден бирөөсү дүйнөдөн өтсө, анын кабырына намаз окуй турган мечит куруп алышат. Анан ага жанагындай сүрөттөрдү тартышат - дейт. Ошондой эле, мындай ишти кылгандар Аллахтын алдындагы эң жаман адамдар экенин айтат. Анткени мындай иштер Аллах Таалага ширк кылууга түртөт.
Абдулла бин Умар (Аллах алардан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Ислам беш нерсеге (түркүккө) негизделген : Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок, Мухаммад Анын кулу жана элчиси деп күбөлүк берүү, намаз окуу, зекет берүү, (Каабага) ажылык кылуу, Рамазанда орозо кармоо".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Исламды бекем курулушка окшоткон. Ал курулушту кармап турган түркүктөрү Исламдын беш түркүгү, ал эми Исламдын башка жөрөлгөлөрү курулушту толуктап бүтүрөт. Бул түркүктөрдүн биринчиси: эки күбөлүк; Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок жана Мухаммад Анын элчиси деген күбөлүктөр. Бул экөө бири-биринен ажырагыс болгон бир түркүк. Пенде бул эки күбөлүктү Аллахтын жалгыздыгын, Ал гана ибадатка татыктуу экендигин, Андан башка ибадатка татыктуу жоктугун моюндап айтат. Бул күбөлүктүн талабын аткарып амал кылат. Мухаммаддын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алып келген динине ишенип, анын артынан ээрчийт. Экинчи түркүк: Намаз окуу. Бул бир сутка ичинде окула турган беш убак парз намаз. Алар: Багымдат, бешим, дигер, шам жана куптан. Намаз окуганда анын (сырткы) шарттары, (ички) үрүкүн-парздары жана ваажыбдары толук аткарылуусу керек. Үчүнчү түркүк: Парз болгон зекетти берүү. Бул шариятта чектелип көрсөтүлгөн чек-өлчөмгө жеткен малдан милдеттүү түрдө бериле турган байлыкка тиешелүү ибадат. Зекет аны алууга ылайыктуу болгон адамдарга берилет. Төртүнчү түркүк: Ажы кылуу. Бул Аллахка кулчулук кылуу үчүн Меккени максат кылып барып, анда ажылыктын талап, тартиптерин аткаруу. Бешинчи түркүк: Рамазан айында орозо тутуу. Бул таң аткандан баштап, күн батканга чейин Аллахка кулчулук кылуу ниети менен жегенден, ичкенден ж.б. орозону буза турган иштерден сактануу.
Абу Саид аль-Худри (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат: "Мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтканын уктум: «Силердин кимиңер күнөө ишти көргөн болсо, анда аны колу менен токтотсун! А эгерде колу менен токтото албаса, анда тили менен токтотсун! Ал эми тили менен да токтото албаса, анда жүрөгүнөн жек көрсүн! Мына бул ыймандын эң алсыздыгы».
Муслим жазып калтырганПайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жамандыкты, б.а. Аллах жана Анын Элчиси тыюу салган нерселердин бардыгынан адамдын мүмкүнчүлүгүнө жараша токтотууга буйруйт. Эгерде бир күнөө ишти көрсө, аны токтотууга күчү жетсе, анда колу менен токтотушу керек. Эгерде ага кудурети жетпесе, анда күнөөкөрдү тыйып, күнөөнүн зыянын түшүндүрүп жана бул жамандыктын ордуна жакшылык ишти көрсөтүп, аны тили менен токтотсун. Эгерде бул даражага жете албаса, анда бул жамандыкты жүрөгү менен жек көрсүн. Эгерде аны токтотууга кудуретим жеткенде, ошондой кылмакмын деген ниетте болсун. Жүрөгүнөн жек көрүү – жамандыкты токтотуудагы ыймандын эң алсыз даражасы.
Ибн Масуд (Аллах андан ыраазы болсун) айтты: Бир киши: Оо, Аллахтын Элчиси, жахилият кезинде кылган иштерибиз үчүн жазаланабызбы? - деп сурады. Анда Пайгамбарыбыз айтты: «Ким Исламда жакшылык кылса, жахилиятта кылган иши үчүн жазаланбайт, ал эми ким Исламда жүрүп жаман иштерди кылса, биринчи жана акыркысы үчүн жазаланат»
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Исламга кирүүнүн пазилеттерин ачыктап айтып берди. Ошондой эле ким Исламды кабыл алып, такыба мусулман болуп, ыкластуу жана чынчыл болсо, анда жахилиятта кылган күнөөлөрү үчүн жооп бербейт. Ал эми ким Исламда жүрүп эки жүздүү болсо же динден чыгып кетсе, анда ал каапырлык кезинде кылган иштери үчүн жана Исламдагы кылган күнөөлөрү үчүн жооп берет.
Жабир, радыяллаху анху, риваят кылат: Бир киши Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдан, мындай деп сурады: «Айтыңызчы, мен парз намаздарын окуп, Рамазан орозосун кармасам, адалды адал деп билип, арамды арам деп билсем жана бул нерселерге эч нерсе кошпосом, анда мен бейишке киреминби?» Анда Пайгамбарыбыз: «Ооба» - деди. Ал: «Аллахка ант болсун! Мен буга эч нерсе кошпойм» - деди.
Муслим жазып калтырганПайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ким беш убак намазды окуп аларга нафил намазды кошпосо, Рамазан орозосун кармап нафил орозо кармабаса, адалды адал деп билип жана аны аткарса, арамдын арам экендигин билип андан алыс болсо, анда анын бейишке кирерин баяндады.
Абу Маалик Аль-Ашарийден (Аллах андан ыраазы болсун) Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Тазалык – ыймандын жарымы. Алхамдулиллахи сөзү амал таразаны толтурат. Субхааналлах жана Алхамдулиллах сөздөрү болсо асмандар менен жердин ортосун толтурат. Намаз – нур, садака бул - далил, ал эми сабырдуулук болсо жарыктык. Куран болсо, сенин пайдаңа же сенин зыяныңа күбөө болот. Ар бир инсан күндө өз нафсисин Аллах үчүн же шайтан үчүн сатыкка коёт, анан аны куткарып алат же аны зыянга учуратат».
Муслим жазып калтырганПайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай дейт: Чындыгында тышкы тазалык даарат алуу жана жуунуу менен болот. Анткени бул намаздын шарты. Ал эми: «Алхамдулиллах» – сөзү Аллахты мактоо сөзү жана Аны толук болгон сыпаттар менен сыпаттоо сөзү. Ошондой эле бул сөз Кыямат күнү таразага тартылып, амал таразасын толтурат. Ал эми «Субханаллах» жана «Алхамдулиллах» сөздөрү - бул ар бир кемчиликтен аруулоо жана Аллахтын улуулугуна ылайыктуу келген толук болгон сыпаттар менен сыпаттаган сөздөр. Бул сөздөрдү айтууда Аллахка толук сүйүү жана улуктоо менен коштолот. Ошондой эле бул сөздөр жер менен асмандардын ортосун толтурат. «Намаз нур» деген сөзү пенденин жүрөгүндө, жүзүндө, кабырында жана кайра тирилүүдө ага нур болот. «Садака далил» деген сөзү момундун ыйманынын чынчылдыгына далил болот. Ошондой эле садаканын сыйлыктарына ишенбегендиги үчүн садаканы бербеген мунафык адам эмес экенине далил болот. “Сабырдуулук жарыктык” – бул деген тынчсызданууда жана нааразычылыкта өзүн кармай билүү. Сабырдуулуктун жарыктык сыяктуу болгонунун себеби күн нуру сыяктуу жылуулукту жана күйгүзүүнү алып келген жарык сыяктуу. Анткени, сабыр кылуу - бул нафсиге оор келет жана өзүн өзү көптөгөн аракет менен көндүрүүсү керек. Ошондой эле өзү каалаган нерсесинен өзүн кармоосу талап кылынат. Анын ээси дайыма жарык жана туура жолдо болот. Сабыр кылуу – Аллахка моюн сунууда, Ал арам кылган иштерден тыйылууда сабыр кылуу жана бул дүйнөдөгү балээлерге жана ар кандай кыйынчылыктарга сабыр кылуу түрлөрүнө бөлүнөт. «Куран болсо, сенин пайдаңа» - бул Куранды тилават кылуу менен жана ага амал кылуу менен болот. Же «сенин зыяныңа күбө болот» - бул Куранды тилават кылууну жана аны иш жүзүнө ашырууну таштап коюуда болот. Андан кийин, Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизге бардык адамдар чуркашып, тарашып, уйкудан туруп ар кандай иштери үчүн үйлөрүнөн чыгып кетээрин айтты. Алардын кээ бирлери Аллахка моюн сунууда туура жолду карманышып өз нафсилерин тозок отунан куткаргандар жана алардын арасында туура жолдон тайып, күнөө ишке барып, тозокко түшүп нафсисин кор кылгандар да бар.
Муаз (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат: Күндөрдүн биринде Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен Уфайр аттуу эшектин үстүндө учкашып бара жаткам. Ошондо Пайгамбар айтты: "Эй, Муаз! Сен пенделердин Аллахка болгон акыларын жана Аллахтын пенделерине болгон акысын билесиңби?" - деп сурады. Мен: "Аллах жана Анын Элчиси жакшы билет" - деп айттым. Ал: "Пенделердин Аллахка болгон акылары - жалгыз Ага гана сыйынуулары жана Ага эч кимди шерик кылбоосу - деп айтты. Ошондой эле Аллахтын пенделерине болгон акысы - ал Өзүнө шерик кошпогон пендесин азапка салбоосу" - деди. Мен: "О, Аллахтын Элчиси! Мен бул кабарды элге айтып сүйүнчүлөсөм кандай?" - дедим. Ал: "Аларды сүйүнчүлөбөй эле кой. Андай кылсаң алар ушуга таянып алышат" - деп айтты.
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллахтын пенделердеги акысын жана пенделердин Аллахтагы акысын баяндап берди. Аллахтын пенделердин үстүндөгү акысы – алар жалгыз Ага ибадат кылуулары жана Ага эч нерсени шерик кылбоо экендигин айтты. Ал эми пенделердин Аллахтагы акысы – Ага эч нерсени шерик кошпой, жалгыз Өзүнө сыйынган пенделерин азаптабашы. Андан кийин Муаз айтты: Оо, Аллахтын Элчиси, мен адамдарга сүйүнчүлөп, алар бул жакшылыкка кубанып, сүйүнүшпөсүнбү? - деп сурады. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Ушуга гана таянып калышат» - деп коркуп, аны тыйды.
Жабир (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир киши келип: Оо, Аллахтын Элчиси, милдет болгон негизги эки нерсе эмне? - деп айтты. Ал айтты: «Ким Аллахка шерик кошпой өлсө бейишке кирет, ал эми ким шерик кошуп өлсө тозокко кирет».
Муслим жазып калтырганБир киши Пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өзгөчө эки маселе туурасында сурады. Алар: Бейишке киргизген амал жана тозокко түшүргөн амал. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага: "Бейишке киргизген нерсе - ал адам Аллахка сыйынып жана ага эч нерсени шерик кылбай өтүшү" - деп жооп берди. Ал эми тозокко түшүүгө себеп болгон нерсе - бул адам Аллахка шерик кошуп өлгөндө, бирөөнү Аллахка тең же Анын улухуятында, же рубубиятында, же Анын ысымдары менен сыпаттарында окшош деп эсептегенде болот.
Суфян бин Абдулла ас-Сакафи (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Мен: О, Аллахтын элчиси, мага Исламдагы бир сөздү үйрөт, ал жөнүндө сенден башка эч кимден сурабаймын, - дедим. Ал: "Аллахка ыйман келтирдим" дегин, анан түз жүргүн" - деди.
Муслим жана Ахмад жазып калтырганСуфян бин Абдулла деген сахаба (Аллах андан ыраазы болсун) пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага жалпы Ислам маанисин камтыган сөздү үйрөтүүсүн суранып, аны бекем кармап, ал жөнүндө башка эч кимден сурабастыгын айтат. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага: Аллахты жалгыз деп билем, Ал менин Раббим, Кудайым, Жаратуучум жана эч шериги жок Ибадат кылуучум деп айткын - деди. Кийин Аллахтын парз буйруктарын аткарып, Ала тыйган тыюулардан тыйылып, Аллахка баш ийүүгө, анан ушул жолдо такай жүрүүгө буйруду.