





























Hadeeth Cards
Da'wa cards that highlight great meanings from the noble prophetic hadiths in a simple style and attractive display that helps the Muslim to have a deeper understanding of his religion in an easy way
All
Абу Хурайра (ага Алллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактосу болсун) минтип айткан: "Ыйман жетимиш канча, же алтымыш канча бутактан турат. Анын эң бийиги "Лаа илааха иллаллоох" сөзү, эң төмөнү жолдон зыяндуу нерсени алып таштоо .Уяттуулук да ыймандын бир бутагы".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ыймандын амалды, ишенимди жана сөздү ичине камтыган бир канча бутактары жана түрлөрү бар экенин кабарлады. Ыймандын түрлөрүнүн эң абзели: "Лаа илааха иллаллоох" келменин маанисин түшүнүү менен, талабын аткарып амал кылуу менен айтуу. Чынында, Аллах Таала ибадат кылууга татыктуу Жалгыз Кудай, Андан башка ибадатка татыктуу кудай жок. Ыймандын амалдарынын эң азы адамдарга зыянын тийгизе турган нерселерди алардын жолунан тазалап алып таштоо. Андан кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) уяттуулук да ыймандын бир бөлүгү экенин айткан. Уяттуулук бул жаман ишти таштап, жакшы ишти кылууга түрткү болгон кулк-мүнөз.
Абу Башир ал-Ансарий (ага Аллах ыраазы болсун) риваят кылат: Ал Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен кайсы бир сапарында чогуу болот. Ал айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдар турагында эс алып жатканда аларга элчисин жиберип: " Төөлөрдүн моюнундагы тебеге байланган мончокторду да, башка мончокторду калтырбай алышсын" - деди.
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сапарда жүрүп, адамдар эс алууга токтоп, уктоочу жайына тиккен чатырларында турган кезде аларга чабарманын жиберип, аларды төөлөрүнүн моюнуна байлаган мончокторун кыркып алууга буйруду. Мейли ал мончок жаанын тебе жибине байланган болсун, же коңгуроо, чокой сыяктуу нерсе болсун. Анткени, алар мындай нерселерди көз тийүүдөн сактануу үчүн байлашар эле. Аларды кесип таштоого буйрулушту. Себеби мындайлардан эч нерсе кайтарылбайт б.а. мындайлар көз тийүүдөн тосо албайт. Пайда да, зыян да шериги жок Жалгыз Аллахтын колунда.
Таарик бин Ашйам ал-Ашжаъи (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын уктум: "Ким: Лаа илааха иллаллоох" деп айтып, Аллахтан башка ибадат кылынган нерселерден баш тартса, анын мал-мүлкү жана каны арам болот. Ал эми сурагы Аллахка таандык".
Муслим жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Алллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким "лаа илааха иллаллоох" деп тактап айтканда, Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок деп тили менен айтса, күбөлүк берсе, анан Аллахтан башка сыйынып жүргөн нерселеринен баш тартса, Исламдан башка бардык диндерден баш тартса, анын каны жана малы мусулмандарга арам болорун кабарлаган. Биз анын сырткы амалына гана карайбыз, анын малы тартып алынбайт, каны төгүлбөйт. Бирок кокус кылмыш кылып, же жазага кириптер болуп калса гана Ислам өкүмдөрү менен кылмышына жараша өкүм чыгарылат. Ал эми анын эсеп-кысабын кыямат күнү Аллах жүргүзөт, эгер айтканында чынчыл болсо сообун алат, эгер эки жүздүүлүк кылып жалган айткан болсо жазасын алат.
Абдулла бин Амр (Аллах алардан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Мээримдүүлөргө Мээримдүү Зат ырайым кылат. Жер жүзүндөгүлөргө ырайым кылгыла, силерге асмандагы Зат ырайым кылат".
Абу Дауд, ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырганПайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) башкаларга ырайым кылгандарды Мээримдүү Аллах ырайым кылаарын түшүндүрүп жатат. Бардык нерсени камтыган Анын ырайымдуулугу жетиштүү сыйлык. Андан кийин Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жер жүзүндөгү бардык адамдарга, айбанаттарга, канаттууларга жана башка бардык жаратылгандарга ырайым кылууну буйруду. Мунун сообу – асмандардын үстүнөн Аллахтын силерге ырайым кылуусу.
Анас бин Малик (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Кыямат күнү тозокто эң жеңил азап тартып жаткан адамга кайрылып Аллах Таала: "Эгер сенде жер бети толо мүлкүң болсо, аны берип өзүңдү азаптан куткарат белең?" - деп сурайт. Ал: "Ооба" - дейт. Ошондо Аллах Таала мындай дейт: "Мен сенден мында жеңил нерсени эле каалаганмын. Сен Адамдын белинде жаткан кезиңде Мага эч нерсени шерик кылбашыңды айткам, бирок сен баш тартып, Мага башка нерселерди шерик кылдың".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабарлайт: Тозокко түшүп эң жеңил азап менен азапталып жаткан тозок тургунуна кайрылып, Аллах Таала: Сенде бутүндөй дүйнө жана андагы бардык нерселер болсо, ошонун баарын ушул азаптан кутулуу үчүн берет белең? деп сурайт. Тиги адам ооба деп жооп берет. Аллах Таала минтип айтат: Сен Адамдын белинде турганыңда силерден ант келишим алганда Мен сенден буга караганда өтө жеңил нерсени талап кылгам, сенден болгону Мага эч нерсени шерик кылбай ибадат кылууну талап кылып, ушуга буйругам. Кийин сен жашоого келгениңде мындан баш тартып, Мага башка нерсени шерик кылдың.
Аиша энебиз (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Адамдар Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көзү ачыктар тууралуу сурашты. Ал: "Алар эч нерсе кыла албайт" - деди. О, Аллахтын элчиси, кээде алардын айтканы туура чыгып калып жатпайбы - дешти. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Ал туура чыгып калган сөздү жиндер уурдап келип (көзү ачык) досунун кулагына тоок какылыктагандай какылдайт. Алар болсо ага жүздөн ашык жалганды аралаштырып айтат"-деп айтты.
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тычтыгы жана мактоосу болсун) келечектеги кайып кабарлар тууралуу айткандар жөнүндө суралды эле, ал: "Аларга арлашпагыла, алардын айтканын укпагыла, алардын кылганы силерди кыжаалат кылбасын" - деген. Кээ бир окуяларда алардын айтканы туура чыгып калып жатат, мисалы, баланча айда, баланча күнү мындай болот деп кайып ишти айтса, ошолордун айтканындай болуп калган учурлар болот дешет. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жиндер асманда айтылган кабарларды тыңшап угуп келет да көзү ачык досторуна түшүп укканын аларга айтат. Кийин көзү ачык анын асмандан укканына жүз жалганды кошуп жиберет.
Анас бин Малик (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Муазды улоосуна учкаштырып баратып: "Муаз бин Жабал!" - деди. Ал: "Кызматыңызга даярмын, о, Аллахтын элчиси!" - деди. "Муаз!" - деди дагы. "Кызматыңызга даярмын, о, Аллахтын элчиси!" - деди ал. Ушунтип үч жолу айткандан кийин: " Ким чын жүрөгү менен: "Лаа илааха иллаллооху, ва анна Мухамммадан аъбдуху ва расуулух" - деп күбөлүк берсе, Аллах анын тозокко кирүүсүн арам кылат" - деди. "О, Аллахтын элчиси, муну адамдарга айтып сүйүнчүлөйүнбү?" - деди Муаз. "Андай кылсаң, ушуга таянып алышат" - деди. Бул хадисти Муаз өлөр алдында хадисти айтпай жашырып кетүүдөн корккону үчүн айтты.
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Муаз (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) артында, анын улоосуна учкашып бараткан. Аны: "Эй, Муаз!" - деп үч жолу чакырган, анткени ага айта турган сөзү өтө маанилүү экенин билдирген. Анын ар бир чакырыгына Муаз (Аллах андан ыраазы болсун) "Лаббайка, я расуулуллоохи, ва саъдайка" деп "Сизге кайра-кайра жооп кайтарууга даярмын, о Аллахтын элчиси, сизге жооп берүү мен үчүн бакыт алып келет деп үмүт кылам" - деп жооп берип жатты. Ошондон кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким "Лаа илааха иллаллооху" деп т.а. Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок, Мухаммад болсо Аллахтын элчиси деп жалган эмес, чын жүрөгүнөн күбөлүк берсе, анан ошол абалында өтүп кетсе, Аллах аны тозокко киргизбестигин кабарлады. Муаз (Аллах андан ыраазы болсун) пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) анын айтканын адамдарга кабарлап, аларды кубантып сүйүнчүлөйүнбү деп сурайт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдар ошого үмүт артып, башка амалдарын таштап коёбу деп чочулайт. Муаз (Аллах андан ыраазы болсун) бул хадисти өлүм сааты жакындаганга чейин эч кимге айткан эмес. Өлүмүнө жакын хадисти айтпай жашырганы үчүн күнөөкөр болуп калуудан коркуп айткан.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Раббибиз Улук Аллах Таала ар бир түнү түндүн акыркы үчүнчү бөлүгү калганда дүйнө асманына түшөт. Анан: "Мага дуба кыла турган барбы, Мен жооп берем? Менден сурай турган барбы, Мен беремин? Менден кечирим тилей турган барбы, Мен аны кечиремин?" - дейт.
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Таала ар бир түнү түндүн акыркы үчүнчү бөлүгү калганда дүйнө асманына түшөрүн баяндаган. Анан дуба кылгандын дубасын кабыл кыларын айтып, пенделерин Ага дуба кылууга үндөйт. Сурагандын сураганын берерин айтып, аларды каалаган нерсесин суроого кызыктырат. Ыймандуу пенделерин кечире тургандыгын айтып, аларды күнөөлөрү үчүн кечирим тилөөгө буйруйт.
Абу Марсад ал-Ганави (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Кабырлардын үстүнө отурбагыла жана анда намаз окубагыла!"
Муслим жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабырлардын үстүнө отурууга тыюу салган. Ошондой эле кабырда намаз окууга жана кыбыла тарабындагы кабырга жүздөнүп намаз окууга тыюу салган. Анткени, бул ширкке алып баруучу иштерден.