





























Hadeeth Cards
Da'wa cards that highlight great meanings from the noble prophetic hadiths in a simple style and attractive display that helps the Muslim to have a deeper understanding of his religion in an easy way
All
Абдуллах бин Масуъд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Кайсы күнөө Аллах үчүн өтө оор? - деп пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сурадым. "Ал сени жаратканына карабай, Ага башканы шерик кошууң" - деди. Ырас, бул өтө оор. Андан кийин кайсы күнөө? - деп сурадым. "Өзүң менен бирге аны багуудан коркуп, балаңды өлтүрүүң" - деди. Андан кийин кайсы? - дедим. "Кошунаңдын аялы менен ойноштук кылууң" - деди.
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эң чоң күнөөлөр тууралуу суралды эле, ал мындай деди: Күнөөнүн эң чоңу - чоң ширк. Чоң ширк - бул, Аллахка Анын улухиятына же рубубиятына же ысым-сыпаттарына башканы окшоштуруп, шерик кылып алуу. Бул күнөөнү Аллах Таала тообо аркылуу гана кечирет. Эгер ширк кылып жүргөн адам тообо кылбай өтүп кетсе, анда ал тозокто түбөлүк калат. Андан кийинкиси багуудан коркуп баласын өлтүрүү. Адам өлтүрүү арам. Ал эми өлтүрүлгөн адам өлтүрүүчүнүн канынан бүткөн адам болсо, анын күнөөсү мындан да оор. Анан да эгер өлтүрүүчүнүн өлтүрүүдөгү максаты өзүн ырыскы берүүдө Аллахка шерик кылып алып, ырыскы бере албайм деп коркон учурда болсо күнөө ого бетер оорлойт. Андан кийинкиси кошунасынын аялы менен зына кылуусу, кошунасынын аялына кыянаттык кылуу менен зына кылып, аны өзүнө көндүрүп алуу. Зына кылуу арам. Бирок шарият жакшылык кылууга жана жакшы мамиледе болууга үндөгөн кошунанын аялы менен зына кылуу күнөөнү ого бетер оорлотот.
Абу Айюб Аль-Ансари (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Кимдир бирөө бир тууганын үч түндөн ашык жүз буруп таштап коюусу туура эмес. Ошентип, ал мындан жүз бурат, бул андан жүз бурат. Алардын эң жакшысы саламды биринчи баштаганы болот».
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулман бир тууганын үч күндөн ашык таштап, бири-бири менен жолукканда саламдашпай жана сүйлөшпөй коюуларына тыюу салган. Бул эки урушкан адамдардын эң жакшысы – жүз буруп таштап коюуну таштоого аракет кылганы жана саламды биринчи баштаганы. Бул жерде таштоо дегени – напси үчүн таштоо. Ал эми Аллах Тааланын акысы үчүн таштоо – бул Аллахка баш ийбегендерди, бидъатчыларды жана жаман досторду таштоо. Бул таштоо убакыт менен чектелбейт. Тескерисинче, таштоонун пайдасына байланган. Эгерде аларга таштоо пайда берсе, анда тоштоону четке кагып мамиле кыла берет.
Абу Сирма, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Кимде-ким зыян келтирсе, анда Аллах ага зыян келтирет. Ал эми кимде-ким бирөөнү кыйнаса, анда Аллах аны кыйынчылыка салып коёт».
Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырганПайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бир мусулмандын өзүнө, мал-мүлкүнө жана үй-бүлөсүнө зыян келтирүүдөн же ага кыйынчылык келтирүүдөн эскертти. Ким ушундай кылса, анда Аллах аны келтирген зыянына жана кыйнаганына жараша жазасын жана азабын берет.
Жарир бин Абдуллах (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Биз Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жанында элек. Ал түнкү айга, тагыраак айтканда, толуп турган айга карап: " Раббиңерди ушул айды көрүп турган сыяктуу көрөсүңөр, Аны көрүүдө эч кыйналбайсыңар. Эгер күн батардагы жана күн чыгардагы намазга тоскоолдуктарды жеңе аласаңар, анда ушул эки намазды аткаргыла" - деди да, анан: "Күн чыгардан мурда жана күн батарда Раббиңе мактоо айтуу менен Аны аруула" деген аятты окуду.
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Бир түнү сахабалар Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен бирге отурганда, ал он төртүнө толуп турган айга карап мындай дейт: Чынында ыймандуу пенделер Раббисин акыйкат, өз көздөрү менен эч шексиз көрүшөт. Аллах Тааланы көрүүдө аларда тыгын да, кыйынчылык да, чарчоо да болбойт. Андан кийин Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай дейт: Эгер багымдат жана дигер намазынан силерди алагды кыла турган себептерди жогото алсаңар, анда ошондой кылгыла, бул эки намазга өз убагында жамаат менен окууга келгиле. Анткени бул Улук Аллах Тааланын жүзүн көрүүгө себеп болот. Андан кийин Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул аятты окуду: "Күн чыгардан мурда жана күн батарда Раббиңе мактоо айтуу менен Аны аруула".
Абу Муса ал-Ашари (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Чынында Аллах Таала заалымга убакыт берет, анан аны кармаганда такыр коё бербейт ". Анан бул аятты окуду: "Раббиң шаарларды азабына алганда мына ушундай азаптайт. Алар заалым болчу. Анын азабы чынында оорутуучу, катуу" (Худ: 102-аят).
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ширк жана күнөөлөр аркылуу зулумдукту уланта берүүдөн жана адамдардын акысына зулумдук кылуудан тыйып эскерткен. Аллах Таала заалымга убакыт берип, кечиктирип, анын өмүрүн, мал-мүлкүн узартып, аны жазалоого шашылбайт. Эгер ушул мөөнөттө да тиги тообо кылбаса, анда аны азабына алып, такыр бошотпойт жана көп зулум кылганы үчүн аны жазасыз калтырбайт. Андан кийин пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Раббиң шаарларды азабына алганда мына ушундай азаптайт. Алар заалым болчу. Анын азабы чынында оорутуучу, катуу" - деген аятты окуду (Худ: 102-аят).
Абу ал-Хаййаж ал-Асадий айтат: Али бин Абу Талиб мага: Мен сени Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мени буйруган нерсеге буйруйунбу? Эстелик, сүрөттү көрсөң талкалап жок кыл, кабыр үстүнө коюлган нерсени көрсөң тегиздеп түздөгүн - деди.
Муслим жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларын эстеликтерди калтырбоого (жандуулардын сүрөтү, денеси болсо, болбосо айырмасы жок) талкалап же өчүрүп жоготууга жөнөтөт эле. Ошондой эле жерден бийик көтөрүлгөн кабырларды тегиздөөгө, кабыр үстүнө курулган нерселерди сындырууга, же аларды алып кабырдын үстүн тегиздеп, бир карыштай гана көтөрүп коюуга буйруган.
Имран бин Хусейн (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан: "Куш учурган жана учурткан, көзү ачыктык кылган жана көзү ачыктык кылдырткан, сыйкырлаган жана сыйкыр кылдырган, түйүн түйүп ырым кылган адамдар бизден эмес. Ким көзү ачыкка барып анын айтканына ишенсе, Мухаммадка (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) түшкөн нерсеге каапырлык кылыптыр".
Ал-Базар жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) "бизден эмес" деген сөзү менен үммөтүнөн кээ бир (жаман) иштерди кылгандарга катуу эскертүү берген: Биринчиси: "Куш учурган жана учурткан киши". Бул мындай: кайсы бир ишти баштаарда, сапарга чыгарда, соода кыларда ж.б. куш учуруп ырым кылат. Эгер коё берген куш оң тарапка учса, каалаган ишин баштай берет. А эгер куш сол тарапка учуп кетсе, жаман ырым кылып ишин баштабайт. Мындайды өзү кылууга да болбойт, мындайды жасаган адамга барып жасатууга да болбойт. Буга ушул сыяктуу ырымдардын баары кирет, мейли ал куш аркылуу болсун, же айбанаттар, же майып адамдар, же сандар, же күндөр аркылуу болсун айырмасы жок. Экинчиси: "Көзү ачыктык кылган жана кылдырткан киши". Жылдыздар же башка нерсе аркылуу кайып илимин билем деп айтса, же ушундай көзү ачыктык кылган сыяктууларга барып, алардын кайып илими тууралуу айтканына ишенип тастыктаса, Мухаммадка (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) түшкөн нерсеге (Куранга) каапыр болот. Үчүнчүсү: "Сыйкырлаган жана сыйкыр кылдырган..." бул сыйкырчылык менен алек болгон адам, же бирөөгө пайда-зыян берүү үчүн ушундайларды пайдаланган адамдар. Ошондой эле жипти түйүн кылып түйүп ага тыюу салынган сөздөр менен дем салып сыйкыр кылган адамдар.
Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аялдарынын биринин риваятында, пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Ким төлгөчүгө барып андан бир нерсе тууралуу сураса, кырк күнгө чейин анын намазы кабыл болбойт".
Муслим жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) төлгөчүгө барууга болбостугун эскерткен. Төлгөчү дегени, көзү ачык, жылдыз кароочу, пал ачуучу ж.б. ушундайларды пайдаланып кайыпты билерине далил кылган адамдардын жалпы аталышы. Мындайлардан кайып ишти бир эле жолу сурап койсо, Аллах Таала сураган кишини кырк күндүк намазынын сообунан куру калтырат, бул анын ушундай чоң күнөөгө барганынын акыбети.
Ибн Аббас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан: "Ким жылдыз илиминен үйрөнсө ал сыйкырдын бир бутагын (бир азын) үйрөнгөн болот, көбөйткөн сайын көбөйө берет".
Абу Дауд, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ким астрология жана жылдыздар илимин окуса, алардын кыймылын, кирүүсүн, чыгуусун жерде болуп жаткан окуяларга, мисалы, бирөөнүн өлүмүнө, туулуусуна, ооруп калуусуна ж.б. келечекте боло турган иштерге байланыштырып далил кылса, ал адам сыйкырдын бир бөлүгүн үйрөнгөн болуп эсептелет. Ошентип бул илимге тереңдеп кирген сайын сыйкыры да көбөйө берет.