Hadeeth Cards
Da'wa cards that highlight great meanings from the noble prophetic hadiths in a simple style and attractive display that helps the Muslim to have a deeper understanding of his religion in an easy way






























Da'wa cards that highlight great meanings from the noble prophetic hadiths in a simple style and attractive display that helps the Muslim to have a deeper understanding of his religion in an easy way
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) берилген садакадан пенденин мал-дүнүйөсү кемибейт, тескерисинче, садака кылган адамдан балээлерди кетирет деп баяндап жатат. Садака кылган адамга Аллах чоң жакшылык менен анын ордун толуктап берет. Демек, садака берүүдөн анын мал-дүнүйөсү кемибейт, кайра көбөйөт. Өч алуу же ээсин жазалоо мүмкүнчүлүгү болсо да аны кечирүү күч-кубатты жана ар-намысты арттырат. Ким болбосун, бирөөдөн коркконунан, сылык-сыпаалыгынан, же пайда үмүт кылбастан, Аллахтын жүзү үчүн гана кичипейил, жөнөкөй болсо, анда анын сыйлыгы катары даражасы өйдө болууга жана кадыр-баркка жетүүгө татыктуу болот.
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдардын ичинен ыйманы толугу кулк-мүнөзү жакшысы экенин айткан. Кулк-мүнөздүн жакшылыгы жарык маанайда болуу, жакшылыктарды кылуу, сылык-сыпаа сүйлөө жана эч кимге зыян бербөө менен билинет. Ошондой эле ыймандуулардын жакшысы аялдарга жакшы мамиле кылгандары экенин айткан. Б.а. аялына, кызына, эже-карындашына, жакын аял туугандарына жакшылык кылуусу керек. Анткени адамдардын арасынан алар жакшы мамилеге муктажыраак болушат.
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул дүйнө андагы нерселер убактылуу пайдаланылып, анан жок болуп кете тургандыгын айткан. Ошол пайдалана турган нерселердин эң абзели салиха аял: күйөөсү анын жүзүнө караса кубантат, бир нерсеге буйруса баш ийет, күйөөсү жокто анын мал-мүлкүн жана өзүнүн абийирин таза сактайт.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Тааланын: "О, Адам баласы, важиб жана мустахаб болгон нафакаңды бергин. Ошондо сага ырыскыңды кеңейтем, сенин бергениңдин ордуна берем жана аны сага берекелүү кылам" - дегенин кабарлаган.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аткарылуусу зарыл болгон шарттар булар аялга кошулуунун адал болуусуна себеп болгон шарттар экенин баяндаган. Бул шарттар нике келишими учурунда аял эркектен талап кылган мубах (ыктыярдуу) шарттар.
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ар бир парз намазында салам айткандан кийин ушул улук зикирди айтчу. "Лаа илааха иллаллооху": Аллахтан башка ибадат кылууга татыктуу кудай жок деген маани. "Вахдаху лаа шарикалах": Ал Жалгыз, Анын шериги жок. Тактап айтканда, улухиятта, рубубиятта жана ысым-сыпаттарында Анын шериги жок. "Лахул мулку": Бардык мүлк Аныкы, тактап айтканда, асман-жердин жана алардын ортосундагы жалпы, толук, бардык мүлк Ага таандык. "Ва лахул хамду": Алкыш-мактоолор да Ага жарашат, тактап айтканда, Ал кемчиликсиз толук сыпыттар менен сыпатталган, толук сүйүү менен макталган, баардык абалдарда жыргалда да, кыйынчылыкта да улукталган. "Ва хува аълаа кулли шайиң кодиир": Ал бардык нерсеге Кудуреттүү. Кудурети бардык жааттан жетиштүү, толук, эч нерсеге күчү жетпей калбайт, эч кайсы иш Ага тоскоолдук жарата албайт. "Лаа хавла ва лаа куввата илла биллаахи": Бир абалдан экинчи абалга, күнөөдөн таат-ибадатка кайтуу да, күч-кубат да Аллахтан, Ал жардам Берүүчү, тобокел Ага гана болот. "Лаа илааха иллаллааху, ва лаа наъбуду илла ийяху": Ширкти кетирүүчү жана улухияттыкты бекемдөөчү сөз, анткени Андан башка ибадатка татыктуу зат жок. "Лахун-ниъмату ва лахул фадлу": Нээмат-жакшылыкты жаратып ага ээлик кылган Аллах, пенделеринен кимге кааласа жакшылыкты ашыгы менен берет. "Ва лахус-Санааул хасан": Аллахтын затына, сыпатына, иштерине, нээматына жана бардык абалда Ага алкыш-мактоо болсун. "Лаа илааха иллаллооху, мухлисина лахуд-диин": Б.а. ибадатты көрсөтүү же угузуу үчүн эмес калыс Аллах үчүн Анын Өзүнө гана аткарылат. "Ва лав карихал каафирууна": Каапырлар жаман көрсө да, Аллахты жалгыздоодо жана Ага ибадат кылууда бекем турушат.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Зулхижжа айынын баштапкы он күнүндөгү жакшы амалдар жылдын башка учурларынан абзел экенин кабарлаган. Сахабалар бул күндөрдөн башка күндөрү Аллах жолунда жихадга чыгуунун сооп-сыйлыгы тууралуу, бул амал абзелби, же ушул күндөрдөгү жакшы амалдар абзелби деп сурашат. Анткени аларда жихад иш-амалдардын эң абзели экени белгилүү эле. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аларга минтип жооп берип: бул күндөрдөгү жакшы амалдар башка күндөгү жихаддан да сооптуу, бирок бирөө Аллах жолунда жихадга өз мал-мүлкү менен чыкса жана мал-мүлкү түгөнүп, өзү да шейит болуп кетсе, ушул адамдын гана сооп-сыйлыгы жогору болорун айтат. Бул күндөрдөгү жакшы амалдарды абзел кылган мына ушул.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) асыр намазын убактысынан атайлап кечиктирүүдөн эскерткен. Ким кечиктирсе иш-амалдары жокко чыгып, текке кетерин айтты.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким сүннөт жана мустахаб амалдарына көңүл буруп даарат алса, бул анын күнөөлөрүнүн кечирилүүсүнө, каталарынын өчүрүлүүсүнө себеп болорун кабарлаган. Күнөө-каталары тырмактарынын астынан чыгып кеткенче өчүрүлөт.