Hadeeth Cards
Da'wa cards that highlight great meanings from the noble prophetic hadiths in a simple style and attractive display that helps the Muslim to have a deeper understanding of his religion in an easy way






























Da'wa cards that highlight great meanings from the noble prophetic hadiths in a simple style and attractive display that helps the Muslim to have a deeper understanding of his religion in an easy way
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эгер эркек киши каржылай турган үй-бүлөсүн, аялын, ата-энесин, балдарын ж.б. каржыласа, ал муну менен Аллахка жакындарын, анын бергенине садака бергендин сообу берилерин кабарлаган.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) чачтын бир жерин кырып, бир жерин калтырып коюудан тыйган. Бул тыюу эркектердин баарына, чоңуна да, кичинесине да тиешелүү. Ал эми аялдарга чачын кырдырууга болбойт.
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Таала аны сажда кылганда жети мүчөсү менен сажда кылууга буйруганын айтат. Алар: Биринчи: бешене, ал: эки көз менен мурундун өйдө жагындагы жүздүн жайык жери. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мурун менен бешене экөө биригип жети мүчөнүн бири экенин баяндап жана сажда кылган адам мурдун жерге тийгизүүсү зарыл экенин бышыктап, мурдун колу менен ишаара кылып көрсөткөн. Экинчи жана үчүнчү мүчөлөр: эки кол. Төртүнчү жана бешинчиси: эки тизе. Алтынчы жана жетинчиси: эки буттун манжалары. Анан бизди жерге сажда кылган учурда этияттап чачыбызды байлап алуудан, кийимди бирине-бирин киргизип кымтылануудан тыйган. Тескерисинче, аларды жөн таштап койобуз, башка мүчөлөрдөй эле жерге тийип сажда кылуусу үчүн.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактооосу болсун) намазда эки сажданын ортосунда ушул беш нерсени, мусулман пенде өтө муктаж боло турган, дүйнө жана акыреттин жакшылыктарын ичине камтыган нерселерди сурап дуба кылчу. Биринчи: Күнөөлөрүн кечирүүнү, айып-кемчилигин жашырууну жана ал үчүн жазалабоону. Экинчи: Кенен ырайымын. Үчүнчү: Шектүү иштерден, ышкы-кумардан, оору-сыркоодон сактоону. Төртүнчү: Ак жолду жана ал жолдон адаштырбай алып жүрүүнү. Бешинчи: Ыйман, илим, жакшы амал жана адал ырыскысын берүүнү.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намазын бүткөндө: "Астагфируллох, астагфируллох, астагфируллох" - деп айткан. Андан кийин Аллах Тааланы улуктап: "Аллахумма антас-салам, ва минкас-салам, табааракта зал жалаали вал икрам" - деп айткан. Аллахтын Салам-тынчтык сыпаты толук, бардык айып-кемчиликтерден таза. Анын ушул сыпаты менен Анын Өзүнөн гана дүйнө жана акыреттин жамандыктарынан саламаттыкты сурайт. Аллах Тааланын жакшылыгы эки дүйнөдө тең көп, Ал улуулук жана жакшылыктын ээси.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намазды негизи туруп окуу керектигин баяндаган. А эгер туруп окууга мүмкүнчүлүгү чектелген абал болсо, анда отуруп окуса болот. А эгер отуруп окууга да алы келбесе, анда жатып окуса жарай турганын кабарлады.
Көзү көрбөгөн киши пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип: "О, Аллахтын элчиси, мага жардам берип, мени беш убак намазга мечитке алып келе турган эч ким жок" - дейт. Б.а. ал пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага жамаатка келбей эле коюуга уруксат берүүсүн каалаганын билдирет. Ага уруксат берет. Ал кетип бара жатканда кайра чакырып, намазга чакырган азанды угасыңбы деп сурайт. "Ооба" - дейт ал. "Анда азанга жооп кылып мечитке келгин" - дейт.
Ибн Масъуд (ага Аллах ыраазы болсун) пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) муктаждык кутпасын үйрөткөнүн айтат. Бул кайсы бир муктаждык иште кутпаны баштаарда айтылчу сөздөр. Муктаждык дегени, нике кутпасы, жума кутпасы сыяктуу кутпалар. Бул кутпа Аллах Таала түрдүү алкыш-мактоолордун баарына ылайык экендигин билдирген терең маанилерди ичине камтыйт. Ошондой эле шериги жок Жалгыз Аллахтан жардам суроо, күнөөлөрдү жашырууну жана ал үчүн жазалабоону сурануу, бардык жамандыктан, напсинин жамандыгынан ж.б. жамандыктардан сактоону Анын Өзүнөн жалбарып суранууну камтыйт. Кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) туура жол Аллахтын колунда экенин, Ал кимди туура жолго баштаса, аны адаштыруучу болбостугун, ал эми кимди Ал адаштырса, ага туура жолго баштоочу болбостугун кабарлаган. Андан кийин Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок деген тавхид күбөлүгүн жана Мухаммад Анын элчиси деген элчиликке берилген күбөлүктү эскерткен. Акырында Аллахтын ыраазылыгын издеп, Анын буйругун аткарып, тыюусунан тыйыла турган такыбалыкка буйруган үч аят менен жыйынтыктаган. Аятта мындай жакшы амалдарды жасап, жакшы сөздөрдү айткандардын сыйлыгы - күнөөнүн кечирилүүсү, жамандыктардын өчүрүлүүсү, бул дүйнөдө жакшы, таза жашоо, кыяматта болсо утугу бейиш болот.
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аялдын никесинде валий жок болсо никеси жараксыз экенин баяндады.