





























Hadeeth Cards
Da'wa cards that highlight great meanings from the noble prophetic hadiths in a simple style and attractive display that helps the Muslim to have a deeper understanding of his religion in an easy way
All
Абдулла бин Амр (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Кимде-ким муаахадты (6) өлтүргөн болсо, анда бейиштин жытын жыттабайт. Анын жыты кырк жылдык алыстан жыттанып турат".
Бухари жазып калтырганПайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) муаахадты өлтүргөн адамга катуу азап болоорун баяндап жатат. Муаахад: Ислам жергесине коопсуздук келишимин алып кирген каапыр адам. Кимде-ким аны өлтүрсө, бейиштин жытын жыттабайт. Бейиштин жыты кырк жылдык аралыктан келип турат.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылып айтты: Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) каалаган өкүмгө жетүү максатында пара берүүчүгө жана пара алуучуга каргыш айтты.
Ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырганПайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) пара берген жана пара алган адамга Аллах Тааланын ырайымынан чыксын жана алыс болсун деп дуба кылган. Мына ошол пара - бул соттор өкүмдү бурмалоосу үчүн аларга төлөнүүчү нерсе. Пара берүүчү адам каалаган максатына адилетсиздик менен жетиши үчүн пара берет.
Абдуллах ибн Амр (Аллах алардан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен бирге Меккеден Мединага келе жатканбыз. Сууга жеткенибизде адамдар асыр намазына шашылып даарат ала башташты. Биз алардын жанына келип, кээ бирлери согончогуна суу жеткирбей кургак калып даарат алып жатканын көрдүк. Ошондо пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Суу жетпеген согончокторго азап болот, дааратты жеткиликтүү алгыла!" - деди.
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабалары менен Меккеден Мадинага келе жаткан. Жолдо сууга туш келип, асыр намазын өз убагында окуу үчүн шашылып даарат ала башташат. Сахабалардын кээ бири шашылып даарат алгандыктан, согончокторуна суу жеткирбей, караган адамга кургак калып жатканы көрүнөт. Ошондо пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) даарат алганда кемчиликтүү алып, согончокторуна суу жеткирбей кургак калтырган адамдарга тозокто азап болорун айтып, аларды дааратты жакшы, толук алууга буйруйт.
Умар Ибн аль-Хаттаб (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Эгерде азанчы: "Аллаху акбар, Аллаху акбар" - десе, силер да: "Аллаху акбар, Аллаху акбар" - деп айтсаңар, андан кийин азанчы: "Ашхаду ал-лаа илааха иллаллах" - десе, силер да: "Ашхаду ал-лаа илааха иллаллах" - деп айтсаңар, андан кийин азанчы: "Ашхаду анна Мухаммадар-расуулуллах" - десе, силер да: "Ашхаду анна Мухаммадар-расуулуллах" - деп айтсаңар, андан кийин азанчы: "Хаййя алас-солаах" - десе, силер: "Лаа хаула уа лаа куввата илла бил-лаах" - деп айтсаңар, андан кийин азанчы: "Хаййя алаль-фалаах, хаййя алаль-фалаах" - десе, силер: "Лаа хаула уа лаа куввата илла бил-лаах" - деп айтсаңар, андан кийин азанчы: "Аллаху акбар, Аллаху акбар" - десе, силер да: "Аллаху акбар, Аллаху акбар" - деп айтсаңар, андан кийин азанчы: "Лаа иляха иллааллах" - десе, силер да: "Лаа иляха иллааллах" - деп чын жүрөктөн айтсаңар, анда Аллах силерди бейишке киргизет”. (7)
Муслим жазып калтырганАзан – намаз убагы киргенин элге кабарлоо. Азандын сөздөрү ыйман акыйдасын толук камтып алган сөздөр. Бул хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) азанды укканда эмнелер айтылаарын баяндады. Бул азан угуучу азанчынын айтканын айткандай айтуу. Эгер азанчы "Аллаху акбар" десе, угуучу: "Аллаху акбар" - дейт ж.б.у.с. Бирок азанчы: "Хаййя алас-солах" жана "Хаййя алал фалах" - десе, угуучу: "Лаа хаула уа лаа куввата илли биллах" - деп айтат. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ким азанчы айтканын чын жүрөктөн кайталаса, анда ал бейишке кирээрин баяндады. Азандын сөздөрүнүн маанилери: "Аллаху акбар": Ал бардык кемчиликтен аруу Аллах - эң улуу, эң урматтуу жана баарынан бийик. "Ашхаду ал лаа илааха иллаллах": Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок экендигине күбөлүк берем. "Ашхаду анна Мухамман расуулуллах": Мухаммад Аллах Тааланын элчиси экенине, Аллах Таала аны жибергенине жана ага моюн сунуу важиб экендигине тилим жана жүрөгүм менен ынанып күбөлүк берем. "Хаййя алас-солаах": Намазга келгиле. Азан угуучунун сөзү: "Лаа хаула уа лаа куввата илла биллах": Аллах Таала ийгилик бербесе ибадат кылуудагы тоскоолдуктардан кутулууга эч кандай жол жок, ибадат кылууда эч кандай күч-кубат да жок, ал нерселерге эч кимдин кудурети да жетпейт. Бардык нерсе Аллах Тааланын колдоосу менен гана болот. "Хаййя алал фалаах": Кутулуунун себептерин аткарууга келгиле. Ал кутулуу бул - бейишке кирүү жана тозоктон кутулуу.
Анас бин Малик (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Ким бир намазды унутса, аны эстегенде окусун. Ага андан башка каффарат (8) жок. Аллах таала айтты: "Мени эстөө үчүн намаз оку" [Таха: 14]".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким кайсы бир парз намазды окууну убактысы бүткүчө унутуп калса, аны эстеген замат казасын окууга шашылуусу керек экенин баяндады. Эгер мусулман унуткан намазын эстегенде окубаса кайдыгерликтин күнөөсү кечирилбейт жана өчүрүлбөйт. Анткени Аллах Таала Өзүнүн ыйык китебинде айтты: "Мени эстөө үчүн намаз оку". [Таха: 14]". Мааниси: унутулган намазды эстеген кезде оку.
Абдуллах бин Умар (аларга Аллах ыраазы болсун) минтип айткан: Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кайсы бир казатында кайтыш болгондордун арасынан аял кишинин өлүгү чыгат. Ошондо пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) согушта аялдарды жана жаш балдарды өлтүрүүнү катуу кайтарды.
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир казатта өлтүрүлгөн аялды көрүп, согушта аялдарды жана балакат жаш курагына жете элек балдарды өлтүрүүгө катуу кайтарды.
Ибн Умар (аларга Аллах ыраазы болсун) минтип айткан: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) назр кылуудан тыйып: "Назр жакшылык алып келбейт, сараң адамдан гана чыгарылуусу талап кылынат" - деди.
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) назр кылуудан тыйган. Назр - бул, адам өзүнө-өзү шарият буйрубаган ишти жүктөп алуусу. Назр тагдырда жазылган ишти алдыга да, артка да жылдырып жибербейт. Болгону назр кылуу важиб болуп калган соң, сараң адамдын бир нерсе чыгаруусу талап кылынат. (Мисалы: эгер оорудан айыгып кетсем, миң сом садага берем десе, ушул назр болуп эсептелет. Айыкканда миң сом садага бериши милдеттүү болот).
Абу Муса (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Ашари уруусунан бир канча адам болуп Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мингенге улоо сурап бардык. Ал: "Аллахка ант болсун, силерге улоо бере албаймын. Менде силерге бере турган улоо жок" - деди. Арадан бир аз өткөндөн кийин ага олжого түшкөн төө келип калып, бизге үч төө берүүгө буйруду. Биз төөнү алып кетип жатканда бири-бирибизге: Бизди Кудай урду го, Аллахтын элчисине улоо сурап барып ал бизге улоо бербеймин деп Аллахтын атына касам ичип, анан кайра улоо берип койду го деп сөз кылдык. Абу Муса (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Анан Аллахтын элчисине кайра келип оюбузду айттык. Ал: "Силерге төөнү мен берген жокмун, Аллах Таала берди. Аллах кааласа, мен касам ичип кийин андан жакшы ишти көрсөм, касамымды бузуп, жакшы ишти аткара берем" - деди.
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Абу Муса Ашари (Аллах андан ыраазы болсун) уруусундагы бир канча адам менен Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келет. Максаты казатка минүү үчүн Аллахтын элчисинен төө суроо эле. Аллахтын элчиси касам ичип, аларга бере турган төө жок экенин айтат. Алар кайтып кетишет. Бир канча убакыт өткөндөн кийин Аллахтын элчисине олжодон түшкөн төөнү алып келишет. Ошол төөнү аларга берет. Төөнү алгандан кийин бири-бирине: бул төөнүн берекеси болбой калат го, анткени Аллахтын элчиси төө бербеймин деп касам ичти эле, андан кийин кайра берип койду дешет. Анан кайра келип мунун жагдайын сурашат. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аларга мындай деди: Силерге төөнү Аллах Таала берди; анткени аны ырыскы кылып, насип кылган Аллах. Мен болгону аны ишке ашырган себепчимин. Анан дагы мындай деп кошумчалады: Аллахка ант болсун, мен Аллах кааласа, кайсы нерсеге кыламын же кылбаймын деп касам ичпейин, касам ичкен нерсеге караганда жакшы ишти көрсөм, жакшы ишти аткарамын. Касамымдан кайтып анын кафаратын аткарам.
Абу Муса (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) баатырдыгы үчүн, элин сактоо үчүн, элге көрүнүү үчүн жихадга чыккан адамдардын кимиси Аллах жолунда болот? - деп сурашты. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Ким Аллахтын сөзү бийик болуусу үчүн жихад кылса, ошол Аллахтын жолунда болот" - деп жооп берди.
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ар түрдүү максатта согушка чыккан адамдар тууралуу сурашты. Баатырдыгы үчүн, коргонуу үчүн, адамдарга көрүнүү үчүн ж.б. максатта чыккан адамдардын кимиси Аллахтын жолунда болот? деп сурашты. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Ким Аллахтын сөзү бийик болсун деп согушса, ошол Аллах жолунда согушка чыккан болорун айтат.