Hadeeth Cards
Da'wa cards that highlight great meanings from the noble prophetic hadiths in a simple style and attractive display that helps the Muslim to have a deeper understanding of his religion in an easy way






























Da'wa cards that highlight great meanings from the noble prophetic hadiths in a simple style and attractive display that helps the Muslim to have a deeper understanding of his religion in an easy way
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) уккан учурда азанчыга жооп берүүгө үндөгөн. Ага жооп берүү анын айтканын сөзмө-сөз кайталап айтуу менен болот. Ал такбир айтканда, анын артынан такбир айтабыз. Күбөлүк келмелерине келгенде, аларды кайталайбыз. (Хаййа алассола, хаййа алалфалах) деген сөздөр гана кайталанбайт. Себеби бул учурда "Лаа хавла ва лаа куввата илла биллах" деп айтылат.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сапарларынын биринде баратып даарат алат. Даарат алып бутун жубарга келгенде, пайгамбар бутун жууштугу үчүн Мугира бин Шуъба (Аллах андан ыраазы болсун) анын бутундагы маасыларын чечүү үчүн колун созот. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Ал экөөнү жөн кой, чечпегин, себеби мен буларды бутума кийгенде даарат алып анан кийгенмин дейт. Анан пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) буттарын жуунун ордуна маасыларына масх тартып койот.
Фатима бинт Абу Хубайш пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) суроо сурап: Менден эч токтобой кан келип турат, атүгүл этек кир келбей турган убакта да токтобойт. Ушул учурлар да этек кир келген учурдун өкүмүндө болобу? Мен намазды таштап койомбу? - дейт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага минтет: Бул истихааза каны, бул ооруу себептүү жатындагы тамырлардын жарылуусунан улам чыккан кан, этек кирдин каны эмес, Сен истихаза канын көрө турган ооруу менен ооруй электеги, ай сайын этек кир келе турган адатыңдагы күндөр келген учурда намаз, орозо жана башка этек кири келген убакта аял киши аткарбай турган иштерди токтот. Бул мөөнөт өткөндөн кийин сен этек кирден тазаланган болосуң, анан кандын ордун жууп тазала, анан дааратсыздыкты кетирүү үчүн дене-башыңды толук жууп жуун, анан намаз окуй бер.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намаз окуучуларды сапка тегиз турууга, бири-биринен алдыга же артка туруп албоого буйруган. Сапта тегиз туруу намаздын толук болуусуна өбөлгө. Саптын ийрилиги же бош орундун калуусу - намаздын кемчилиги.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) даараттын кээ бир өкүмдөрүн баяндаган, алар: Биринчиси: даарат алган кишиге мурдуна сууну тартуу, кийин кайра чимкирип чыгаруу зарыл. Экинчиси: заң чыккан жерин суу менен эмес, таш же ушул сыяктуу башка нерсе менен тазалаган адам так санда тазалайт. Анын азы үч, көбү чыккан нерсе жоголуп, ошол жай таза болгонго чейин. Үчүнчүсү: түнкү уйкудан турган киши колун идиштин сыртында үч жолу жуумайынча даарат алуу үчүн колун идиштеги сууга салбайт. Себеби, ал колу түндө кайсы жерде турганын билбейт. Ал ыплас болуп калуусу мүмкүн. Ага шайтан үйлөп коюусу жана да инсанга зыяндуу же сууну булгай турган нерсени салып коюусу мүмкүн.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул дүйнө даамдаганга таттуу, караганга көрүмдүү экенин, инсан ага алданып, аны менен алек болуп, аны негизги максатына айлантып аларын баяндаган. Ошондой эле, Аллах Таала биздин кандай амал кыларыбызды, Ага таат-ибадат кылабызбы, же күнөө кылабызбы, ушуну кароо үчүн, бизди бул дүйнө жашоосунда бирибиздин артынан бирибиз келе турган кылганын баяндады. Андан кийин: Силерди дүйнөлүк пайдалар жана анын көркөмдүгү алдап коюусунан этият болгула - деди. Бул, силерди Аллах буйруган нерсени таштоого, Ал тыйган нерсеге кирип кетүүгө алып барат. Бул дүйнөдөгү этият болуп, сактануусу зарыл болгон эң чоң фитна - аялдардын фитнасы. Ал Исраил урпактары кабылган эң биринчи фитна болгон.
Абдуллах бин Умар (Аллах алардан ыраазы болсун) пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эстеп калган, сунан раватиб деп аталган напил намаздар он ирекет экенин баяндайт. Эки ирекет бешимден мурда, эки ирекет андан кийин. Шамдан кийин үйүндө эки ирекет. Куптандан кийин үйүндө эки ирекет. Багымдаттан мурда эки ирекет. Ушуну менен он ирекет болду. Ал эми жума намазынан кийин эки ирекет окуган.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мисвакты көп колдончу жана колдонууга буйручу. Мисвакты колдонууну кээ бир убактарга бекемдеп айтчу. Мисалы: түндө уйкудан турган учурда. Бул учурда өзү да мисвак менен оозун тазалачу.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эркек кишини аялына зулум кылууга, аны таштоого же андан жүз буруп кетүүгө алып бара турган жек көрүүдөн тыйган. Анткени адам баласы кемчиликтен аруу эмес, эгер аялынан бир жаман мүнөз көрсө, анын башка жакшы мүнөзүн да көрөт. Ошол өзүнө жаккан жакшы мүнөзүнө таянып ага ыраазы болот. Өзүнө жакпаган мүнөзүнө сабыр кылат. Сабыр кылып, акыры ажырашууга алып бара турган жек көрүүнү ташташы керек.