





























Hadeeth Cards
Da'wa cards that highlight great meanings from the noble prophetic hadiths in a simple style and attractive display that helps the Muslim to have a deeper understanding of his religion in an easy way
All
Абу Айуб Ансари (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Даарат ушатууга барганыңарда кыбалага жүздөнүп отурбагыла, артыңарды да салбагыла. Чыгышка же батышка жүздөнүп отургула". Абу Айуб айтат: Биз Шам тарапка барганда ал жакта даараткананы кыбылага каратып салынган экен, биз бурулуп отуруп, анан Аллахтан кечирим айтып жүрдүк.
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) заара кылганы же заңдаганы даарат ушатууга барган адамды кыбылага, Кааба тарапка карап отуруудан жана ал жакка артын салып отуруудан тыйган. Тескерисинче, күн чыгышка же батышка бурулуп отурууга буйруган. Бул кыбыласы Мединанын кыбыласы сыяктуу болгон жерлерге тиешелүү. Анан Абу Айуб (Аллах андан ыраазы болсун) алар Шамга барганда, атайын даарат ушатуу үчүн курулган дааратканалар кыбыла тарапка карап курулганын көргөнүн айтат. Ошондо алар башка бир тарапка бурулуп отуруп жүрүшкөнүн, ошого карабай Аллахтан кечирим тилеп жүрүшкөнүн айтат.
Абу Катада (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Эч кимиңер заара кылганда мүчөсүн оң колу менен кармабасын. Даарат ушатканда оң колу менен тазалабасын. Ичкенде идиштин ичине демин чыгарбасын".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кээ бир адептерди баяндаган; заара кылган учурда мүчөсүн оң кол менен кармоодон тыйды. Алды жагын, арты жагын оң кол менен тазалоодон тыйды. Анткени, оң кол жакшы иштерди кылууга дайындалган. Ошондой эле суусундук ичкен идиштин ичине демин чыгаруудан тыйган.
Абу Хурайранын (ага Аллах ыраазы болсун) риваятында, пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: "Силердин бириңер башын имамдан мурда көтөрүп алса, Аллах анын башын эшектин башындай, же анын кейпин эшектин кейпиндей кылып коюусунан коркпойбу".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) башын имамдан мурда көтөрүп алган адамга катуу эскертүүнү баян кылган. Аллах анын башын эшектин башындай кылып коюусун, же анын кейпин эшектин кейпиндей кылып коюусун эскерткен.
Ибн Умар (Аллах алардан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намазды баштаганда эки колун эки ийининин тушуна чейин көтөрчү. Рүкү кылуу үчүн такбир айтканда, рүкүдөн башын өйдө кылганда эки колун ошондой көтөрчү. Анан: "Самиъа Аллаху лиман хамидах, роббанаа лакал хамду" деп айтчу. Саждада мындай кылчу эмес.
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намазда үч учурда колун ийин тушуна чейин: далы менен акырек сөөгүнүн тушуна чейин көтөргөн. Биринчи учур: намазды баштагандагы биринчи такбирде. Экинчиси: рүкүгө эңкейгендеги такбирде. Үчүнчүсү: рүкүдөн башын көтөргөндө. Ушул учурда: Самиъа Аллаху лиман хамидах, роббанаа ва лакал хамд деп айткан. Сажда кыларда да, саждадан өйдө болордо да колун көтөргөн эмес.
Ибн Масъуд (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менин алаканымды эки алаканын ортосуна кармап, ташахудду мага куду Курандын сүрөлөрүн үйрөткөндөй үйрөттү : "Саламдар, намаздар, жакшы сөздөр жана жакшы иш-аракеттер Аллахка таандык. (Аллахтын) тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сага болсун, о, пайгамбар. Бизге да, Аллахтын салих пенделерине да Аллахтын тынчтыгы болсун. Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок, Мухаммад Анын кулу жана элчиси" деп күбөлүк берем". Хадистин башка бир версиясында: "Чындыгында Аллах - бардык айып-кемчиликтерден Таза. Качан силердин бириңер намазда отурганда минтип айтсын: "Саламдар, намаздар, жакшы сөздөр жана жакшы иш-аракеттер Аллахка таандык. (Аллахтын) тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сага болсун, о, пайгамбар. Бизге да, Аллахтын салих пенделерине да Аллахтын тынчтыгы болсун". Ушуну айтса, Аллахтын асман-жердеги бардык кулдарына жетет. "Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок, Мухаммад Анын кулу жана элчиси" деп, андан кийин каалагандай дуба кылууга ыктыярдуу".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Абдуллах бин Масъудга (Аллах андан ыраазы болсун) намазда айтыла турган ташахудду үйрөттү. Ибн Масъуддун көңүлүн буруу үчүн анын колун кармады. Курандын кайсы бир сүрөсүн үйрөткөндөй үйрөткөнү, пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул ташахуддун маанисине да, айтылышына да зор маани бергенине далил. Анан ал мындай деди: "Аттахияту лиллаах": Бул, улуктукту билдирген бардык иштер жана сөздөр, булардын баары Аллах Таалага ылайык деген маани. "Ас-Солаваату": Бул, белгилүү болгон парз жана напил намаздар Аллах үчүн деген маани. "Ат-Тоййибаат": Бул, толуктукту билдирген сөздөр, иштер, сыпаттар баары Аллахка ылайык деген маани. "Ас-Салааму алайка аййухан-Набиййу ва рахматуллохи ва баркатух". Ага (пайгамбарга) апаат жана жамандыктардан саламаттыкты тилеп жана ага бардык жакшылыктын көбөйүп, мол болуусун суранып дуба кылуу. "Ас-Салааму алайнаа ва ъалаа ъибаадиллаахис-Соолихиийн": Намаз окуучуга жана асман-жердеги бардык салих пенделерге саламаттык тилеген дуба. "Ашхаду аллаа илааха ил-лаллооху": Аллахтан башка ибадатка татыктуу жок деп тастыктаймын. "Ва анна Мухаммадан ъабдуху ва расуулуху": Анын (пайгамбардын) пенде жана акыркы элчи экендигин тастыктаймын. Муну айткандан кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намаз окуучуну каалаган дубасын кылууга үндөдү.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дуба кылып, минтип айтаар эле: "Аллахым, кабыр азабынан, тозок азабынан, жашоонун жана өлүм фитна-бүлгүнүнөн жана масих Дажжалдын фитна-бүлгүнүнөн сактоону Өзүңдөн суранам ". Муслимдин риваятында: "Акыркы ташаххудду окугандан кийин төрт нерседен сактоону Аллахтан сурангыла: тозоктун азабынан, кабырдын азабынан, жашоонун жана өлүм фитна-бүлгүнүнөн, масих Дажжалдын жамандыгынан" деп келген.
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намазда акыркы ташаххуддан кийин, салам берүүдөн мурда төрт нерседен сактоосун Аллахтан суранат эле жана бизди да ушул нерселерден сактоону Аллахтан суранууга буйруган. Биринчи: Мүрзөдөгү азаптан. Экинчи: тозоктогу азаптан, бул кыямат күнүнө тиешелүү. Үчүнчү: тирүүлөрдүн фитна, азгырыгынан, тыюу салынган дүйнөлүк ышкы кумарлардан жана дүйнөнүн адаштыруучу шек-күмөндүү иштеринен. Ошондой өлүм фитнасынан, т.а. өлүм саатынан, ислам же сүннөттөн четтеп (өлүп) кетүүдөн, эки периштенин сурагы сыктуу мүрзөдөгү сыноолордон. Төртүнчү: акыр заманда чыга турган масих Дажжалдын фитна, азгырыгынан. Аллах ал аркылуу пенделерин сынайт. Анын жеке өзүн зикир кылып айтканы, анын фитнасы жана адаштыруусу коркунучтуу болгондугу үчүн.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) такбир айтып намазга киргенден кийин (Фатиханы) окуганга чейин бир саамга унчукпай турчу. Ошондо мен: О, Аллахтын элчиси, ата-энем сага курман болсун, такбир менен кырааттын ортосунда унчукпай турдуңуз, ал учурда эмнени окуйсуз? - деп сурадым. Ал: " Аллахумма баъид байни ва байна хотойайа камаа баъадта байнал машрики вал магриб, Аллахумма наккини мин хотойайа камаа йунаккас савбул абйазу минад-данаси, Аллахуммаг силнии мин хотойайа бис-салжи вал-мааи вал-баради" деп айтамын" - деди.
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) такбир айтып намазга киришкенден кийин фатиханы окуганга чейин бир азга унчукпай туруп калчу. Б.а. намазды кайсы бир дубаны окуп баштачу. Анын окуган дубасы мындай эле: О, Аллах! Мен менен менин каталарымдын арасын батыш менен чыгыштын арасын узак кылгандай узак кыл! О, Аллах! Ак кийим кирден таза болгондой мени да каталарымдан тазарта көр! О, Аллах! Менин каталарымды кар, суу жана шүүдүрүм менен жуба көр! Ал күнөө кылбастыгы үчүн күнөөлөрү менен анын ортосун чыгыш менен батыш бири-бирине жолуга албагандай эч жолуга албай турган алыс кылгын деп дуба кылган. Кокус ага жолугуп калса б.а. күнөө кылып калса, анда аны ак кийимдин кирин кетирип тазалагандай таптаза кылуусун, күнөөсүн эң жакшы муздак тазалоочу суу, кар жана шүүдүрүм менен тазалагандай тазалап анын табын жана ысыгын кетирүүсүн суранып дуба кылган.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Эгерде бирөөңөрдүн идишине ит башын салса, ал идишти жети жолу жууп тазаласын". Муслимдин риватында: "Жетинин биринчисин топурак менен тазаласын" - деп айтылган.
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ит жалаган идишти жети жолу жууп тазалоого буйруган. Жетинин биринчисинде идишти топурак менен тазалап алуу керек. Андан кийин суу менен жууса ыплас, зыяндуу микробдордон тазаланат.
Анас (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ажатканага кирээрде: "Аллахым, жиндердин эркек, ургаачысынын жамандыгынан сактоону Өзүңдөн тилейм" деп айтчу.
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) заара же заңдоо үчүн ажетин өтөй турган жерге кирүүнү каалаганда, Аллахтан коргоо тилөөчү жана шайтандын эркек жана ургаачысынын жамандыгынан сактагын деп Ага сүйөнчү. Ал-Хубс вал-Хабааис деген сөздөр, жамандык жана ыпластык деп да чечмеленет.