





























Hadeeth Cards
Da'wa cards that highlight great meanings from the noble prophetic hadiths in a simple style and attractive display that helps the Muslim to have a deeper understanding of his religion in an easy way
All
Зияд бин Лабид, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте ал айтат: Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бир нерсени айтып: «Ал илим жок боло турган кезде болот» - деди. Мен айттым: «Оо, Аллахтын Элчиси, илим кандай жок болот. Биз Куран окуйбуз, балдарыбызга да окутабыз жана балдарыбыз да балдарына окутушат. Ушинтип Кыяматка чейин окубайбызбы?». Ал айтты: «Апаң сени жоготкур Зияд! Мен сени Мадинадагы илимдүү кишилерден деп билемин. Чындыгында, яхудийлер жана христиандар Тоорат менен Инжилди окушат эмесби, бирок андагы нерселердин бирин да аткарышпайт?!».
Ибн Маажа жазып калтырганПайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, сахабаларынын арасында отурганда, ал мындай деди: «Бул адамдардан илим көтөрүлгөн кезде болот» - деп айтты. Зияд бин Лабид аль-Ансари, радыяллаху анху, таң калып Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, сурады: Ал айтты: «Бизден илим кантип көтөрүлүп, жоголот? Куранды окуп, жаттап алганбыз. Аллахка ант болсун! Биз аны окуйбуз жана аялдарыбызга, уулдарыбызга жана уулдарыбыздын уулдарына окутабыз». Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа саллам, таң калып: «Энең сени жоготкур, Зияд! Мен сени Медина калкынын аалымдарынан деп билем» - деп айтты. Ошондо Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай деп түшүндүрдү: Илимдин жоголуусу Курандын жоголуусу менен болбойт. Бирок илимди иш жүзүндө аткарууну таштап коюу менен жоголорун айтты. Бул иудейлер жана христиандардын китептери Тоорат жана Инжил китептери. Бирок ал китептер аларга пайда бербейт. Анткени алар китептердин максаттарын туура колдонушкан жок. Ошондой эле анын өкүмдөрүн аткарышкан жок.
Ибн Аббас, радыяллаху анхума, айтты: «Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, кырк жашында вахий түшкөн. Меккеде он үч жыл болду, андан соң хижрат кылууга буюрулду. Мындан улам Мадинага хижрат кылды, ошондо ал жерде он жыл болду. Андан соң Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, дүйнөдөн кайтты».
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Ибн Аббас, радыяллаху анхума, айтат: «Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, кырк жашында Пайгамбар болуп жиберилген жана ага вахий түшкөн. Ошентип вахий түшкөндөн кийин Меккеде он үч жыл жашады, андан соң Мадинага хижрат кылууга буюрулду. Ал жерде он жыл жашады, андан соң Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа саллам, алтымыш үч жашында көз жумду».
Катада, рахимахуллах, айтат: Анас бин Малик, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте, бир адам: «Оо, Аллахтын Элчиси, каапыр адам Кыямат күнү тирилгенде жүзү менен кантип тургузулат? - деп сурады. Пайгамбар айтты: «Аны бул дүйнөдө эки буту менен бастырган Зат Кыяматта аны бети менен бастырууга Кудуреттүү эмеспи?!». Катада бул хадисти айтып ушул жеринде: «Раббимдин улуулугуна ант болсун! Албетте Ал Кудуреттүү» - деп айтты».
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ушундай суроо менен суралды: «Кыямат күнү каапыр адам тирилгенде кантип жүзү менен тургузулат?» Ага Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Аны бул дүйнөдө эки буту менен бастырып койгон Аллах, Кыямат күнү аны бети менен бастырууга Кудуреттүү эмеспи?! Аллах бардык нерсеге Кудуреттүү».
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат: «Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) амекисине: «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок деп айтыңыз. Кыямат күнү мен сизге күбө болом» - деп айтканда, ал айтты: «Эгерде Курайш башчылары «бул өлүмдөн коркуп келимени айтты» дешип жемелөөлөрү болбогондо, анда мен сенин көзүңдү сүйүнтмөкмүн». Ошондо Аллах бул аятты түшүрдү: «Чындыгында, сен жакшы көргөн адамыңды туура жолго алып келе албайсың. Бирок Аллах каалаган пендесин туура жолго алып келет». (Касас, 56)
Муслим жазып калтырганПайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) агасы Абу Талиб өлүм алдында жатканда кыяматта ага шапаат кылуусу үчүн «Лаа илааха иллаллах» деп айтуусун суранат. Ошондой эле амекиси Исламда экендигине күбөлүк берүү үчүн келимени айтууну суранат. Бирок Курайш уруусунун башчыларынын жемесинен коркуп, күбөлүк келмесин айтуудан баш тартат. Курайш башчылары «ал өлүмдөн коркуп, алсыздыктан Исламды кабыл алды» деген сөздү айтпасын деп келимени айтпай коёт. Пайгамбардын, саллаллаху алейхи уа саллам, амекиси Абу Талиб ага мындай деп айтат: «Эгер андай болбогондо, мен күбөлүк келимесин айтып сенин жүрөгүңдү сүйүнтмөкмүн жана сен ыраазы болгонго чейин тилегиң аткарылат эле». Ошентип, Аллах Таала Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Исламга киргизе турган хидаятка ээ эмес, бирок Аллах Таала кимге кааласа, туура жолго салат деген аятты түшүрөт. Бирок Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдарды түз жолго чакыруу жана туура жолду ачыктап берүү хидаятына ээлик кылат.
Анас бин Малик, радыяллаху анху, риваят кылып айтты: "Чындыгында, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Сабит бин Кайсты жоктоп, ал жөнүндө сураганда, бир киши: "Оо, Аллахтын Элчиси! Мен сизге анын кабарын билип беремин" - деди. Ошентип ал Сабит бин Кайс үйүндө башын ылдый кылып капаланып олтурганын көрүп: "Абалың кандай?" - деп сурады. Сабит ага: "Жаман нерсе болду" - деп айтты. Анткени Сабит үнүн Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, үнүнөн өйдө көтөрүп сүйлөп койгон эле. Ошондуктан ал өзүн тозок ээлеринен дейт эле. Ошондо ал киши Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, кайтып келип, Сабит бин Кайстын абалын айтып берди. Анан ал киши Сабит бин Кайска кийинки жолу чоң кабар менен кайтып барды. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ал кишиге: "Ага барып айткын: Сен тозок ээлеринен эмессиң, тескерисинче, бейиш ээлериненсин» - деди".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Сабит бин Кайс, радияллаху анхуну, жоктоп, ал жөнүндө сураганда бир киши: "Мен сизге анын кабарын жана анын келбегендигинин себебин билип беремин" - деди. Ошондо ал Сабит бин Кайстын үйүнө барып, ал үйүндө башын ылдый кылып капаланып олтурганын көрүп: "Абалың кандай?" - деп сурады. Сабит ага жаман нерсе болгонун айтты. Анткени Сабит үнүн Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, үнүнөн өйдө көтөрүп сүйлөп койгон эле. Аллах Таала ким ушундай кылса, анын иш-аракеттери жараксыз болот жана ал тозок ээлеринен болот деп эскерткен болчу! Ошондо ал киши Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, кайтып келип, Сабит бин Кайстын абалын айтып берди. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ага Сабитке кайтып барууну жана ага Тозок элинин арасында эмес тескерисинче, бейиш ээлеринин арасында экенин сүйүнчүлөөнү буйруду. Себеби анын үнү табиятынан бийик болчу. Ошондуктан ал Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, жарчысы жана ансарлардын жарчысы болгон.
Абдулла бин Амр бин Аль-Аас (Аллах ал экөөнөн ыраазы болсун) риваят кылган хадисте ал Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай дегенин укту: "Эгер силер азанчыны уксаңар анын айтканын айткыла, андан соң мага салават айткыла. Анткени ким мага бир салават айтса, анда Аллах ал себептен ага он салават айтат. Андан кийин мага Аллахтан васила (10) сурагыла. Анткени ал васила бейиштеги улуу макам. Ал макам бир гана Аллахтын кулуна ылайыктуу. Ал мен болом деп үмүттөнөм. Ошондуктан ким мен үчүн васила сураса, ага шапаат уруксат болот".
Муслим жазып калтырганПайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким намазга азан айткан азанчыны укса, анын артынан кайталоону, бир гана эки хаяяа-аладан кийин башка сөздү айтууну үйрөткөн. Анткени эки хаяяа-аладан кийин мындай дейт: "Лаа хаула уа лаа куввата илли биллах". Анан азан айтылып бүткөндөн кийин Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) салават айтат. Анткени ким ага бир жолу салават айтса, анда Аллах ага ошол себептен он салават айтат. Аллахтын пендеге айткан салаватынын мааниси: Аллах Тааланын периштелердин алдында пендени мактоосу. Андан кийин Пайгамбар(ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үчүн Аллахтан васила суроону буйруду. Ал бейиштеги улуу макам. Ал бейиштин эң бийик даражасы. Бул орун Аллах Тааланын бардык пенделеринен бир пендесине гана ылайыктуу. Ал менмин деп үмүттөнөм. Бирок Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аны кичипейилдиктен айтты. Анткени бул жогорку даража бир гана адамга таандык болсо, анда ал бир адам андан башка эч ким боло албайт. Анткени, ал Пайгамбар адам затынын эң абзели. Андан кийин Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ким Пайгамбар үчүн васила сурап дуба кылса, анда ал Пайгамбардын шапаатына ээ болот деп түшүндүрдү.
Усман бин Абу аль-Аас (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат: Усман бин Абу аль-Аас (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип: "Оо, Аллахтын Элчиси, мен намазда Куран окуп жатканымда шайтан аралашып, мени адаштырууга аракет кылып жатат" - деди. Ошондо Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Бул "Ханзаб" деп аталган шайтан. Эгерде аны сезсең, анда Аллахтан андан коргоо тилегин жана үч жолу сол тарабыңа түкүргүн". Усман бин Абу аль-Аас (Аллах андан ыраазы болсун) айтты: "Ошондо мен ушундай кылдым, Аллах Таала аны менден кетирди".
Муслим жазып калтырганУсман бин Абу аль-Аас (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип: "Оо, Аллахтын Элчиси, мен намаз окуп жатканымда шайтан азгырып мени хушуу (11) менен окуудан тосуп жатат. Мен Куран окуп жатканымда чаташтырып, күмөнгө салып жатат." - деп айтты. Ошондо Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага мындай деди:" Бул Ханзаб деген шайтан. Эгерде муну билип, сезсең, анда Аллахтан коргоо суран, Аллахтан андан коргоо сура жана сол тарабыңа үч жолу аз шилекейиң менен түкүрүп жибер. Усман айтты: Ошентип, мен Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эмнени буйруса, ошону аткардым. Ошондуктан Аллах аны менден кетирди.
Аббас бин Абдулмуталиб (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын укканмын: “Кимде-ким Аллах Тааланы Раббим деп, Исламды диним деп жана Мухаммадды пайгамбарым деп ыраазы болсо, ыймандын даамын татыптыр".
Муслим жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабарлайт: Ыйманында чынчыл, ыйманы жүрөгүндө бейпилдик тапкан ыймандуу адам ушул үч ишке ыраазы болсо, жүрөгү менен тынчтыкты, кенендикти, кубанычты, Аллахка жакындыгынын даамын сезет: Биринчиси: Аллахтын Рабби экенине ыраазы болсо. Мында Аллахтын Раббилик тарабынан берилген ырыскыларга жана ар кандай абалдарга көкүрөгү кеңейип ыраазы болот. Жүрөгүндө ага каршы эч нерсени сезбейт жана Аллахтан башка нерсени Рабби кылып албайт. Экинчиси: Исламдын дин болгонуна ыраазы болуу. Мында Исламдын моюнга жүктөгөн буйруктарына жана важибтерине жүрөгү менен ыраазы болуп, Исламдын жолунан башка жолго ыраазы болбойт. Үчүнчүсү: Мухаммаддын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) элчи болгонуна ыраазы болуу. Мында пайгамбарыбыз алып келген динге шек-күмөнсүз ишенип, ага кубанып жана ыраазы болот. Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жолунан башка жолго түшпөйт.
Абдуллах бин Амир (Аллах алардан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: “Төмөнкү төрт түрдүү жорук кимде болсо, ал анык эки жүздүү болот. Ал эми кимде бул жоруктардын бири болсо, андан арылмайынча экүү жүздүүлүктүн бир белгиси бар болот. Алар: аманат берилсе, ага кыянаттык кылат; сүйлөсө жалган сүйлөйт; убада берсе, сөзүндө турбайт жана талашып-тартышса, аша чаап кетет”.
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) төрт иштен тыйып, катуу эскерткен. Эгер бул төрт иш бир адамда топтолсо, ал анык мунафыктарга окшойт. Бул ошол төрт ишти көп учурда аткарган адамга тиешелүү. Ал эми бул иштердин кээ бирин гана кылган адам буга кирбейт. Биринчиси: Сүйлөгөндө жалганга таянып сүйлөйт, сөзүндө чындыгы болбойт. Экинчиси: Келишим кылса, анын өтөөсүнө чыкпайт, келишим кылган адамга кыянат кылат. Үчүнчүсү: Убада берсе, анысын аткарбайт, убадасынын тескерисин кылат. Төртүнчүсү: Кимдир бирөө менен талашып-тартышса, сөзүн чындыкка чыгаруу үчүн чектен чыгып, акыйкаттан четтеп, батыл жалганды айтат. Нифак, (эки жүздүүлүк) - ичиндеги нерсенин тескерисин ачыкка чыгаруу. Мына ушул маани жогорудагыдай адаттардан байкалат. Эки жүздүүлүгү сүйлөгөн адамдын акысына, убада берген адамдын акысына, келишим кылган адамдын акысына, талаш-тартыш кылган адамдын акысына кирет. Мындай адам каапырлыгын жашырып динин көрсөткөн анык мунафык эмес. Кимде ушул айтылган сыпаттар болсо, аны таштаганга чейин мунафыктыктын сыпатын көтөрүп жүргөн болот.