





























Hadeeth Cards
Da'wa cards that highlight great meanings from the noble prophetic hadiths in a simple style and attractive display that helps the Muslim to have a deeper understanding of his religion in an easy way
All
Абу Муса Аль-Ашари (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Ким бизге каршы курал көтөрсө, анда ал бизден эмес".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулмандарга каршы курал алып жүрүүдөн, аларды коркутуп-үркүтүүдөн же талап-тоноодон эскертүүдө. Ким муну акыйкатты тургузуу үчүн кылбаса, анда чоң кылмыш жана чоң күнөө кылган болот. Ошондой эле бул оор азапка татыктуу болот.
Абу Саълаба Хушани Журсум бин Нашир (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Аллах Таала кээ бир амалдарды парз кылган, аларды аткарбай койбогула! Чектерди койгон, андан ашып кетпегиле! Кээ бир нерселерди арам кылган, аларга кирип кетпегиле! Кээ бир нерселерде унутуп эмес, силерге ырайым кылып унчуккан эмес. Аларды изилдебегиле!"
رواه الدارقطني في سننه وغيرهПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтат: Аллах Таала кээ бир иштерди аткарууну милдет парз кылган, мындай иштерди жеңил санап, же кайдыгерлик кылып аткарбай койбогула. Ал силерге чектерди белгилеп, эскертүүлөрдү берди, алар силерди Аллах ыраазы болбой турган иштерден тосуп, эскертип турат. Шарият буйругандан ашыкча кылып кошуп жибербегиле. Арамдарды ачык баяндады, ага жакындабагыла. Андан башка нерселерди пенделерине ырайым кылып, унчукпай калтырып койгон. Алар ошол мубах боюнча кала берет, аларды тереңдеп изилдебегиле.
"Абу Мухаммад Хасан бин Али бин Абу Талиб, Аллахтын элчисинин жыпар жыттуу небереси (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчисинен бул сөздөрдү жаттап алгам: "Шек-күмөндүү ишти таштап, күмөнү жок ишти кыл".
رواه الترمذي والنسائيПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сөз болобу, иш болобу, арамбы же адалбы, тыйуу салынганбы же тыйуу салынбаганбы, белгисиз болгон шектүү нерселерди таштоого буйруган. Анын ордуна эч кандай шеги жок иштерди кылуу керек.
Абу Йъала Шаддад бин Аус (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: «Чындыгында, Аллах бардык нерсеге жакшылык кылууну буйруган. Ошондуктан өлтүрсөңөр, кыйнабай өлтүргүлө. Мууздасаңар, кыйнабай мууздагыла. Мууздаган адам бычагын курчутуп алсын, жандыктын жанын кыйнабай чыгарсын».
Муслим жазып калтырганПайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Таала бизге бардык нерседе жакшылык кылууга буйруганын кабарлады. Жакшылык кылуу - бул ар дайым Аллахтын көзөмөлдөп туруусу, Ага ибадат кылуу, жакшылык кылуу жана макулуктарга зыян келтирүүдөн сактануу. Ошондой эле өлтүрүүдө да жана союуда да жакшылык кылуу. Касас өкүмүн тургузуп жаткан учурда да өлтүрүүдө жакшылык кылуу - бул өлүм жазасына тартылып жаткан адамды өлтүрүү үчүн эң оңой, эң жеңил жана тез жолду тандоо. Мал жандыкты союуда жакшылык кылуу – бул бычакты курчутуу менен малга жумшак мамиле кылуу. Малды каратып туруп анын алдында бычакты курчутпоо. Башка мал жандыктардын көз алдында мууздабоо.
Абу Маалик Ал-Хаарис ибн Аасим Ашарий (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: «Тазалык – ыймандын жарымы. "Алхамдулиллах" деп айтуу амал таразасын толтурат. "Субхааналлах" жана "Алхамдулиллах" деп айтуу асман менен жердин ортосун толтурат. Намаз – нур, садага - далил, ал эми сабырдуулук -жылуу таптуу нур. Куран - сенин пайдаңа же зыяныңа күбө болот. Ар бир инсан күндө өз напсисин Аллах үчүн же шайтан үчүн сатыкка коёт, анан аны куткарып алат же аны зыянга учуратат».
Муслим жазып калтырганПайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай дейт: Чындыгында тышкы тазалык даарат алуу жана жуунуу менен болот. Анткени бул намаздын шарты. Ал эми: «Алхамдулиллах» – сөзү Аллахты мактоо сөзү жана Аны толук болгон сыпаттар менен сыпаттоо сөзү. Ошондой эле бул сөз Кыямат күнү таразага тартылып, амал таразасын толтурат. Ал эми «Субханаллах» жана «Алхамдулиллах» сөздөрү - бул ар бир кемчиликтен аруулоо жана Аллахтын улуулугуна ылайыктуу келген толук болгон сыпаттар менен сыпаттаган сөздөр. Бул сөздөрдү айтууда Аллахка толук сүйүү жана улуктоо менен коштолот. Ошондой эле бул сөздөр жер менен асмандардын ортосун толтурат. «Намаз нур» деген сөзү пенденин жүрөгүндө, жүзүндө, кабырында жана кайра тирилүүдө ага нур болот. «Садака далил» деген сөзү момундун ыйманынын чынчылдыгына далил болот. Ошондой эле садаканын сыйлыктарына ишенбегендиги үчүн садаканы бербеген мунафык адам эмес экенине далил болот. “Сабырдуулук жарыктык” – бул деген тынчсызданууда жана нааразычылыкта өзүн кармай билүү. Сабырдуулуктун жарыктык сыяктуу болгонунун себеби күн нуру сыяктуу жылуулукту жана күйгүзүүнү алып келген жарык сыяктуу. Анткени, сабыр кылуу - бул нафсиге оор келет жана өзүн өзү көптөгөн аракет менен көндүрүүсү керек. Ошондой эле өзү каалаган нерсесинен өзүн кармоосу талап кылынат. Анын ээси дайыма жарык жана туура жолдо болот. Сабыр кылуу – Аллахка моюн сунууда, Ал арам кылган иштерден тыйылууда сабыр кылуу жана бул дүйнөдөгү балээлерге жана ар кандай кыйынчылыктарга сабыр кылуу түрлөрүнө бөлүнөт. «Куран болсо, сенин пайдаңа» - бул Куранды тилават кылуу менен жана ага амал кылуу менен болот. Же «сенин зыяныңа күбө болот» - бул Куранды тилават кылууну жана аны иш жүзүнө ашырууну таштап коюуда болот. Андан кийин, Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизге бардык адамдар чуркашып, тарашып, уйкудан туруп ар кандай иштери үчүн үйлөрүнөн чыгып кетээрин айтты. Алардын кээ бирлери Аллахка моюн сунууда туура жолду карманышып өз нафсилерин тозок отунан куткаргандар жана алардын арасында туура жолдон тайып, күнөө ишке барып, тозокко түшүп нафсисин кор кылгандар да бар.
Абу Саид Саад бин Малик бин Синан ал-Худри (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Өзгө да, өзгөгө да зыян берүүгө болбойт".
رواه ابن ماجه والدارقطني وغيرهما مسندًاПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өзүнө жана башкаларга зыяндын ар кандай түрлөрүнөн жана көрүнүштөрүнөн сактануу керек экенин баяндады. Ошондуктан кимдир бирөө өзүнө да, башкаларга да зыян келтириши туура эмес. Зыянга зыян менен жооп берүү адал эмес. Анткени зыян зыян менен кетирилбейт. Бирок зыянды чектен чыкпастан өч алуу (касас) менен жоюуга болот.
Ибн Аббас (ал экөөнө Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Эгерде адамдарга доомат артканы бериле берсе, анда адамдар башкалардын мал-мүлк, кан-жанын доомат менен талап кыла бермек. Андыктан, доомат кылган киши күбө-далил алып келиши керек. Ал эми дооматты четке каккан киши касам ичет".
رواه البيهقي وغيره هكذا وبعضه في الصحيحينПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтат: эгерде адамдарга эч кандай күбө-далили жок эле алардын доомат кылган нерселери бериле берсе, анда алар башкалардын мал-мүлкүнө, кан-жанына доомат артып ала бермек. Ошон үчүн доомат кылган киши талап кылып жаткан нерсесине күбө-далил алып келиши керек. Эгер күбө-далил алып келе албаса, талаш доомат кылынып жаткан адамга каралат. Эгер ал аны четке какса, касам ичиши керек болот.
Абу Бурда атасы Абу Муса Ашаринин (ага Аллах ыраазы болсун) айтканын айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аны Йеменге жөнөтөт. Кийин Абу Муса пайгамбардан йемендиктер жасаган ичимдик тууралуу сурайт. Пайгамбарыбыз: "Ал эмне экен?" - деп тактайт. Абу Муса: "Ал-битъу ва алмизру" - дейт. Андан "ал-битъу" эмне экенин сурашканда, ал: "Ал-битъу - балдын кайнатмасы, ал-мизру - арпанын кайнатмасы" - деп түшүндүрөт. Пайгамбарыбыз: "Бардык мас кылуучулар - арам" - деп жооп берет. Имам Бухари. Имам Муслимдин китебинде мындай айтылат: Абу Муса айтат: "Аллахтын элчиси мени менен Муазды Йеменге жиберди. (Кийин) мен: "О Аллахтын элчиси, бизде арпадан жасалган "ал-мизру" деген, анан балдан жасалган "ал-битъу" деген ичимдиктер бар, буларды ичсе болобу?" - деп сурасам, ал: "Бардык мас кылуучулар арам" - деп жооп берди". Муслимдин китебинде жазылган дагы бир айтымда мындай айтылат: Пайгамбарыбыз: "Намаздан адаштыра тургандай мас кылган нерсенин баары арам" - деген. Анын дагы бир айтымында: "Аллахтын элчисине кыска сөз менен түшүндүрүү артыкчылыгы берилген эле. Ал намаздан адаштыра турган мас кылуучунун баарынан тыйган".
رواه البخاري ومسلمАбу Муса Ашари кабарлайт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аны Йеменге жибергенде, ал Йеменде жасалган ичимдиктер жөнүндө сурайт. Пайгамбарыбыз аны чечмелеп сурайт. Абу Муса алар балдан жана арпадан жасалган ичимдиктер экенин айтат. Ошондо кыска сөз менен түшүндүрүү артыкчылыгы берилген пайгамбарыбыз: "Бардык (акылды кетире турган) мас кылуучулар - арам" - дейт.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылып айтат: Мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтканын уктум: «Кимде-ким Аллах үчүн аялы менен жыныстык катнаш кылбай жана бузукулук иштерди кылбай ажылык кылса, анда ал энеден төрөлгөндөй күнөөлөрүнөн таза болуп кайтат».
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Кимде-ким Аллах үчүн аялы менен жыныстык катнаш кылбай ажылык кылса» - деген сөзүндөгү жыныстык катнаш – бул жыныстык катнаш кылуу жана ага киришүүдөн алдынкы өбүшүү жана кармалашуу экендигин баяндап жатат. Жана жыныстык катнаш – бул жаман сөздөр деп да айтылат. Ошондой эле анын «бузукулук иштерди аткарбай» деген сөзү – бул жаман иштерди жана күнөө иштерди аткарбоо экендигин баяндап жатат. Жана Ажылык учурунда тыюу салынган (1) иштерди кылуу да бузукулук иштерден болот. Кимде-ким Аллах үчүн ушуларды кылбай ажылык кылса, анда ажылыктан энеден төрөлгөндөй күнөөлөрүнөн таза ымыркай сыяктуу күнөөсү кечирилген абалда кайтарын баяндап жатат.