





























Hadeeth Cards
Da'wa cards that highlight great meanings from the noble prophetic hadiths in a simple style and attractive display that helps the Muslim to have a deeper understanding of his religion in an easy way
All
Абу Саид ал-Худри (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Эгерде силерден бирөөңөр намаз окуп жатып үч рекетпи же төрт рекетпи окуганын билбей шектенип калса, шектенип турганын эмес, анык болуп турганын улантып окуй берсин. Анан намаздын акырында салам берүүдөн мурда эки жолу сажда кылсын. Эгер беш рекет кылып бир рекет ашыкча окуп алса, ошол эки сажда менен ал жуп болуп калат. А эгер төрт рекет болуп намаз так болуп калса, анда эки сажда шайтанга сокку болот".
Муслим жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эгер намаз окуп жаткан адам үчүнчү рекетти окудумбу же төртүнчү рекетти окудумбу деп эки анжы ойдо калса, күмөнсүрөп жатканын, тагыраагы төртүнчү рекет деген оюн таштап, анык болгон үчүнчү рекетти окудум деген ойго токтоп, анан дагы бир рекет кошуп окусун, акырында кошумча эки сажда кылсын деп айткан. Эгер төртүнчү рекетти окуган болсо, анда кошуп окуган рекети бешинчи болуп, бир рекет ашыкча болот. Анын артынан аткарылган кошумча эки сажда бир рекет намаздын ордуна эсептелип, намазы алты рекет б.а. так эмес, жуп намаз болуп жарактуу болот. Эгерде кошумча окуган бир рекети менен биригип намазы төрт рекет болсо, анда ашык-кеми жок төрт ирекет намазын окуган болот. Ал эми намаздын соңундагы эки кошумча саждасы шайтанды кор кылып, аны максатынан куру калтырган курал болот. Анткени, шайтан пендени намаздан алагды кылды, намазын бузууга аракет кылды, бирок пенде Аллахтын буйругун аткарып, убагында Ибилис Адамга сажда кылбай күнөөкөр болгон эки сажданы аткарып намазын кайра оңдоп алды.
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Эркектер үчүн саптардын эң жакшысы - алдыңкылары. Эң жаманы - арткылары. Аялдар үчүн саптардын эң жакшысы - арткылары. Эң жаманы - алдыңкылары".
Муслим жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабарлайт: эркектер үчүн намазда турганда саптардын эң жакшысы жана сообу көбү биринчи саптар; себеби имамга жакын болуп, ал окуган Куранды угат жана арттагы аялдардын сабынан алыс болот. Саптын жаманы, сообу азы жана шарияттын талабынан четте калганы - саптардын акыркысы. Аялдар үчүн саптардын эң жакшысы - акыркысы. Анткени акыркы сап аялдар үчүн жашыруун, эркектерге аралашып калуудан, аларды көрүүдөн оолагыраак болот. Ал эми алар үчүн саптардын эң жаманы - алдыңкы сап. Анткени алдыңкы сапта эркектерге жакын болуп, фитна пайда болуусу мүмкүн.
Убай бин Кааб (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир күнү биз менен багымдат намазын окуп, анан: "Баланча намазга келдиби?" - деп сурады. Сахабалар: "Жок, келбеди" - дешти. Ал: "Баланча келдиби?" - деп сурады. Сахабалар: "Жок, келбеди" - дешти. Ошондо ал: "Ушул эки намаз мунафыктар үчүн өтө оор намаздар. Бул эки намаз үчүн бериле турган сооп-сыйлыкты билгениңерде, төрт буттап жөрмөлөп болсо да келет элеңер . Биринчи сап периштелердин сабы сыяктуу. Эгер биринчи саптын артыкчылыгын билгениңерде, ага жарышып келмексиңер. Чынында, адамдын бирөө менен окуган намазы анын жалгыз окуган намазына караганда жакшы. Эки адам менен окуган намазы бир адам менен окуган намазына караганда жакшы. Намазда кишинин саны канча көп болсо, Аллахка ошончо жагымдуу болот".
رواه أبو داود والنسائي وأحمدПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир күнү таңкы намазды окуп бүтүп: Баланча биздин бул намазыбызга келдиби? - деп сурайт. Сахабалар: Жок - дешет. Анан: Баланча келдиби? - деп башка адамды сурайт. Сахабалар: Жок - дешет. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай дейт: Багымдат жана куптан намаздары мунафыктар үчүн оор намаздар; бул учурларда алардын жалкоолугу басымдуулук кылат. Бул намаздар караңгыда окулгандыктан, алар башкаларга анча көрүнө албайт (рия кыла албайт). Эй, ыймандуулар, эгер силер бул эки намаз үчүн бериле турган ашыкча сооп-сыйды билгениңерде, (негизи сооп амалдын машакатына жараша берилет) анда жөрмөлөп болсо да келмексиңер. Имамга жакын турган биринчи сап, Аллахка жакын турган периштелердин сабына окшош. Эгер ыймандуулар биринчи саптын артыкчылыгын билгенде, ага жетишип калуу үчүн жарышып келишмек. Кишинин башка бир киши менен чогуу окуган намазы сооп жагынан да, таасири жагынан да өзү жалгыз окуган намазга караганда жогору турат. Жамаат менен окулган намазда кишинин саны канча көп болсо, ал намаз Аллахка ошончо жагымдуу болот.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Аллах Таала менин үммөтүмдүн ой-санаасына келген, бирок аткарбаган жана эч кимге айтпаган күнөөлөрүн кечирет".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабарлайт: мусулман адам напсисине келген жаман ойду ишке ашырбаса жана эч кимге айтпаса, ал үчүн жазаланбайт. Аллах Таала аны кечирет. Мухаммад пайгамбардын үммөтүнөн эч ким кыялына келген жаман ишти аткарууда эки анжы болуп, аны аткарууга толук бел байламайынча ага жооп бербейт. Эгер жүрөгү менен текеберликке, менменсинүүгө, эки жүздүүлүккө же кайсы бир дене мүчөсү менен күнөө кылууга толук чечим кылса же тили менен айтса, анда анысына жооп берет.
Али (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Үч түрдүү адамдан калем көтөрүлгөн (б.а. күнөө жазылбайт): уктап жаткан киши ойгонгонго чейин. Жаш бала балакат курагына жеткенге чейин. Акылынан айныган адам акылына келгенге чейин".
Абу Дауд, ат-Тирмизи, ан-Насааи "Ал-Кубро" китебинде жазып калтырган жана Ибн Маажа менен Ахмад да жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) төмөнкү үч түрдүү адамдан башкаларына жоопкерчилик жүктөлөрүн айткан: Жаш бала чоңоюп, балакат курагына жеткенге чейин. Акылынан айнып жинди болуп калган адам кайра акылына келгенге чейин. Уктап жаткан адам ойгонгонго чейин. Булардан жоопкерчилик алынган. Булардын кылган күнөөсү жазылбайт. Бирок жаш баланын жакшы иштеринин сообу жазылат. Жинди болгон адам менен уктап жаткан адамга жакшы иштеринин сообу да жазылбайт. Анткени, өздөрү эмне кылып жатканын билбегендиктен, алар ибадаттары кабыл болбой турган адамдар болуп эсептелет.
Ибн Умар (Аллах алардан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтты: "Бардык мас кылуучу ичимдиктер арак. Ал эми бардык мас кылуучу ичимдиктер арам. Кимде-ким бул дүйнөдө арак ичип жүрүп тообо кылбастан өтүп кетсе, акыретте аны иче албайт".
رواه مسلم وأخرج البخاري الجملة الأخيرة منهПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамды акылынан тайдырып, эсин кетире турган нерсенин баары, мейли ал суюк ичимдик болсун, мейли жей турган нерсе болсун, мейли жыттай турган түтүн болсун, баары хамр, мас кылуучу деп эсептелерин айткан. Акылдан кетире турган нерсенин баарына Аллах Таала тыюу салып, азын да, көбүн да арам кылган. Мындай мас кылуучулардын кайсы түрү болбосун, аны колдонуп, токтотпостон ичип жүрүп, тообо кылбай дүйнөдөн өтүп кетсе, ал бейиштеги насибинен куру калтырылып Аллахтын азабына дуушар болот.
Хурайым бин Фатик, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: Алты иш-аракет, төрт түрдүү адам жана эки сөзсүз боло турган иш бар. Ал эми ар бир жакшылык он эседен жети жүз эсеге чейин көбөйтүлүп берилет. Сөзсүз түрдө боло турган эки иш - ал кимде-ким Аллахка ширк кылбай өлсө, анда ал бейишке кирет. Ал эми ким ширк кылып жүрүп өлсө, анда ал тозокко кирет. Бир амалга өзүндөй болгон сооп ал - эгерде-ким бир жакшы ишке ниет кылып ал ишти жүрөгү менен аткарууга аракет кылып кылса, (бирок аткарууга мүмкүнчүлүгү жок болсо деле) Аллах анын жүрөгүн билип ага бир сооп жазат. А эгерде ким бир жаман иш кылса, анда ага бир күнөө жазылат. Ал эми бир жакшылык ишин кылса, анда ага он эсеге чейин көбөйтүлүп берилет. Кимде-ким Аллах жолунда мал-акчасын сарптаса, анда ага жети жүз эсеге чейин көбөйтүлүп берилет. Ал эми адамдар: Бирөөсү, бул дүйнөдө ырыскысы кеңири берилип акыретте куру жалак калат. Бирөөсү, бул дүйнөдө ырыскысы тарып акыретте кенен ырыскыга жетет. Бирөөсү, бул дүйнөдө жана акыретте да ырыскысы тар болот. Акыркысы, бул дүйнөдө жана акыретте да ырыскысы кенен болот».
Ахмад жазып калтырганПайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, иш-аракеттер алты түргө, ал эми адамдар төрт түргө бөлүнөөрүн айтты. Алты түрдөгү иш-аракеттер алар: Биринчиси: Ким Аллахка эч нерсени шерик кылбастан өлсө, ал сөзсүз бейишке кирет. Экинчиси: Ким Аллахка ширк келтирип өлсө, анда ал сөзсүз түрдө тозок отунда түбөлүккө калат. Мына бул экөө - сөзсүз боло турган иштер. Үчүнчүсү: Жакшы ниет. Андыктан ким бир жакшылык кылууга ниет кылып, аны жүрөгү менен аткарганга чейин ниетинде чын ыкластуу болсо, анда анын жүрөгүндөгү ниетин Аллах билет. Андан соң ал бул жакшылыкты кылууга мүмкүнчүлүгү болбой калса да, ага толук жакшылык жазылат. Төртүнчүсү: Жамандык иш-аракет: Кимде-ким бир жамандык кылса, анда ага бир күнөө жазылат. Мына бул экөө эч кандай көбөйтүлүп берилбейт. Өзүндөй гана сыйлык же жаза берилет. Бешинчиси: Бир жакшылык ишти ниет кылып, аны аткарган адамга он сооп берилет. Алтынчы: Бир жакшылык иши үчүн жети жүз соопко чейин берилет. Кимде-ким Аллах жолунда бир мал-мүлкүн сарптаса, анда ага жети жүз соопко чейин жазылат. Бул Аллахтын пенделерине болгон пазилети жана берешендиги. Ал эми адамдардын төрт түрү алар: Биринчиси: Бул дүйнөдө ырыскысы кенен болгон жана дүйнөдө каалаган нерсесин тапкан адам, бирок акыретте ал ырыскыдан куру калат жана анын барар жери тозок болот. Ал бай болгон каапыр адам. Ал эми экинчиси: Бул дүйнөдө ырыскысы тар болуп, акыретте ырыскы кенен болгон адам. Ошондой эле анын барар жери бейиш болот. Ал ыймандуу кедей адам. Үчүнчүсү: Бул дүйнөдө да, акыретте да ырыскысы тар адам. Ал болсо каапыр кедей адам. Төртүнчүсү: Бул дүйнөдө да, акыретте да ырыскысы кенен адам. Ал болсо ыймандуу бай адам.
Ибн Аббас (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Аллах Өзүнүн өкүмдөрү так аткарылышын жакшы көргөндөй эле, Өзү берген уруксаттардын аткарылышын жакшы көрөт».
Ибн Хаббан жазып калтырганПайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп кабарлайт: Адамдардын үзүрлүү болгондугунун себебинен аларга жеңилдетүү үчүн Аллах койгон өкүмдөрдөгү жана ибадаттардагы уруксаттарынын аткарылышын жакшы көрөт. Мисалы, сапарда намаздарды кыскартып жана бириктирип окулган уруксаттарын аткарылышын жакшы көрөт. Ошондой эле Аллах парз жана важиб өкүмдөрүнүн так аткарылышын жакшы көрөт. Анткени уруксаттардагы жана милдет өкүмдөрдөгү буйруктары бир.
Амр бин Аамир Анас бин Маликтен риваят кылып айтты: "Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ар бир намазга даарат алчу"- деди. Ошондо (Амр бин Аамир) Мен: "Силер кандай кылат элеңер?" - деп сурадым. Ал Анас бин Малик: "Даарат бузулбаса, ар бирибизге бир даарат менен (бир нече намаз окууга) болот" - деди.
Бухари жазып калтырганПайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) даараты бузулбаса да, ар бир парз намазына даарат алчу. Даараттын сооп-сыйлыгына жана пезилетине жетүү үчүн ушундай кылат эле. Даараты сынбаса, ошол бир даараты менен бирден ашык парз намаз окуса болот.