





























Hadeeth Cards
Da'wa cards that highlight great meanings from the noble prophetic hadiths in a simple style and attractive display that helps the Muslim to have a deeper understanding of his religion in an easy way
All
Анас (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жуунганда бир саадан беш мудга чейин өлчөмдөгү сууга жуунчу. Даарат алганда бир муд сууга даарат алчу.
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жунубтуктан жуунганда бир саадан төрт мудга чейинки өлчөмдөгү сууга жуунчу. Дааратты бир муд сууга алчу. Саа дегени - төрт муд. Бир муд - болжолдо, адамдын кочушуна толо суу. (Эки колун бириктирип кочуштап сузуп алганчалык, болжолдо жети жүз, жети жүз элүү мл. суу болот)
Укба бин Амр (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Биз төөнү кезек менен кайтарчубуз. Бир күнү менин кезегим келип, кечинде төөлөрдү айдап келип жуушатып коюп келсем, Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) тике туруп адамдарга сүйлөп жаткан экен. Мен келип анын минтип айтып жатканын угуп калдым: “Кайсы бир мусулман жакшылап даарат алып, анан жүзү менен да, жүрөгү менен да берилип эки ирекет намаз окуса, анын бейишке кирүүсү анык болот”. (Аны угуп): Кандай жакшы сөз... – деп жибердим (сүйүнүп). Менин жанымда турган киши: Мындан мурдагы айтканы мындан да жакшы болчу, – деди. Карасам, ал Умар (ага Аллах ыраазы болсун) экен. Ал мага карап: Сенин эми эле келгениңди көрдүм, сага чейин ал: “Кимдир бирөөңөр жакшылап толук даарат алып, анан: “Ашхаду ан лаа илааха иллаллааху ва анна Мухаммадан аъбдуху ва расуулуху” деп айтса, ага бейиштин сегиз эшиги ачылып алардын каалаганынан кирет” деп айтты" – деди.
Муслим жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдарга сүйлөп жатып эки чоң маанилүү нерсени айткан: Биринчи: Кимде-ким даарат алганда толук даарат алып, жеткиликтүү кылып сүннөттө көрсөтүлгөндөй ар бир мүчөнүн акысын берип кемчиликсиз даарат алса, анан: Ашхаду аллаа илааха иллаллаху ва ашхаду анна Мухаммадан абдуху ва расуулуху деп келме айтса, ага бейиштин сегиз эшиги ачылып, алардан каалаганынан кирет. Экинчи: Кимде-ким жогоруда айтылгандай толук жеткиликтүү даарат алса, анан чын ыкластан жүзү жана бүт дене мүчөсү менен Аллахка берилип эки рекет намаз окуса, анын бейишке кирүүсү анык болот.
Анас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Силердин бирөөңөр даарат алып, анан маасысын кийсе, ошол маасысы менен намаз окуй берет. Кийин даарат алганда маасысына масх тартат жана кааласа аларды чечпейт. Бирок жунуб болсо гана чечип жуунусу керек".
Ад-Даракутни жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) баяндайт: эгер даарат алгандан кийин маасы кийсе, анан даараты бузулуп кайра даарат алмакчы болсо, кааласа маасысына масх тартып койсо болот. Белгилүү мөөнөткө чейин маасысын чечпей, масх тартып жүрө берет. Бирок жунуб болуп калса, анда маасыны чечип жуунуу керек.
Умму Атия (ага Аллах ыраазы болсун), пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) убада-келишим берген аял, ал минтип айтат: Тазалыктан кийин кызгылтым жана саргыч суу келсе, аны айыз деп эсептечү эмеспиз.
رواه أبو داود بهذا اللفظ ورواه البخاري بدون زيادة (بعد الطهر)Сахаба аялдардын бири Умму Атия (ага Аллах ыраазы болсун) пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) заманында айыз көрүп бүткөндөн кийин келген өңү кызгылтым жана саргыч сууга айыз деп маани беришпегенин, ал үчүн намазды да, орозону да калтырышпаганын айткан.
Ыймандуулардын энеси Айша (ага Аллах ыраазы болсун) минтип айтат: Абдурахман бин Ауфтун аялы Умму Хабиба бинт Жахш Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) каны токтобостугун айтып арызданып келди. Ал ага: "Өзүң айыз деп эсептеген мөөнөтүңчө намазды токтотуп тур да, анан жуунуп (окуй) бер" - деди. Ошондон кийин ал ар бир намазына жуунуп жүргөнүн көрдүм.
Муслим жазып калтырганСахаба аялдардын бири пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) каны эч токтобостугун айтып арызданат. Аны мындай абалган туш болгонго чейин канча убак айыз көргөн болсо, ошончо убак намаз окубай туруп, андан кийин жуунуп намаз окуй берүүгө буйруйт. Ал болсо ыктыярдуу түрдө ар бир намазын жуунуп анан окуп жүрдү.
Амр бин Сулайм ал-Ансари (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Мен күбөлүк берем, Абу Саид аль-Худри (Аллах андан ыраазы болсун) айтты: «Мен күбөлүк берем, Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Жума күнү жуунуу, тишин мисвак менен тазалоо жана эгер таба алса жыттуу нерсени себинүү ар бир балакат жаш курагына жеткен мусулманга ваажыб".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жума окуу ваажыб болгон бардык балакат жаш курагындагы эркек мусулмандарга жума күнү жуунуу ваажыб сыяктуу бекемделген сүннөт экенин айткан. Жана тишин мисвак же щетка менен тазалоо, жыттуу нерселерди себинүү да ваажыб.
Абу Саъид ал-Худри (Аллах андан ыраазы болсун), пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен бирге он эки казатка катышкан, ал айтат: Мен Аллахтын элчисинен уккан бул төрт нерсе мени таң калтырды: "Аял киши эки күндүк жолго күйөөсү же махрамы менен гана чыгат . Эки күндө орозо кармоого болбойт: орозо айтта жана курбан айтта. Таңкы намаздан кийин күн чыкканча намаз окууга болбойт, дигерден кийин күн батканча намаз окууга болбойт. Үч гана мечитке атайын сапар кылып барууга болот: Харам мечитине, Акса мечитине жана менин ушул мечитиме (Набави мечитине)".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) төрт ишке тыюу салган: Биринчиси: Аял кишини эки күндүк аралыктагы сапарга күйөөсү же махрамы жок баруудан тыйган. Махрам дегени, ага нике жүрбөгөн жакын туугандары, атасы, баласы, ага-инисинин же эже-сиңдисинин баласы, атасы менен бир тууганы, тагасы ж.б. Экинчиси: Орозо айт күнү жана Курман айт күнү орозо кармоодон тыйган. Мейли бул күнү кармаган орозосу назири болсун, напил болсун, каффарат болсун, айырмасы жок, кандай орозо болсо да кармоого болбойт. Үчүнчүсү: Дигер намазынан кийин күн батканга чейин жана таңкы намаздан кийин күн чыкканга чейин напил намаз окуудан тыйган. Бир жерден экинчи жерди абзел деп, же анын жакшылыгы артык деп атайлап сапар кылуудан тыйган. Болгону үч гана мечитке намаз окуу үчүн атайын сапар кылып чыгууга болот. Анткени, сооп ушул үч эле мечитте эселеп көбөйөт. Бул мечиттер: (Меккедеги) Харам мечити, (Мединадагы) Набави мечити, (Палестинадагы) Акса мечити.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Кимде-ким ар бир парз намаздан кийин отуз үч жолу Аллахка тасбих айтса, отуз үч жолу алкыш-мактоо айтса, отуз үч жолу такбир айтса, жалпы токсон тогуз болуп, жүзүнчүсүн: "Лаа илаха иллаллааху вахдаху лаа шарикалах, лахул мулку, ва лахул хамду, ва хува алаа кулли шайин кодиир" деп жыйынтыктаса, деңиздин көбүгүндөй көп күнөөсү болсо да кечирилет".
Муслим жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким парз намаздардан кийин төмөнкү зикир-дубаларды айтса: Отуз үч жолу "Субханаллаах" десе, бул Аллахты кемчиликсиз деп аруулоо. Отуз үч жолу "Алхамду лиллаахи" десе, бул Аллахты жакшы көрүп, аны улуктап айткан алкыш-мактоо. Отуз үч жолу "Аллаху Акбар" десе, бул Аллах Таала бардык нерседен Улуу жана Бийик деген сөз. Жүзүнчүсүндө: "Лаа илааха иллаллооху вахдаху лаа шарикалах, лахул мулку валахул хамду ва хува аълаа кулли шайин кодиир" деп айтса, бул сөздүн мааниси: Жалгыз, эч шериги жок Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок, бир гана Кемчиликсиз Аллах Таала толук мүлктүн ээси, Ага гана улуктоо жана сүйүү менен айтылган алкыш-мактоого ылайык, Андан башка эч ким буга ылайык эмес, Ал бардык нерсеге Кудуреттүү, Ал аткара албай кала турган эч нерсе жок дегенди билдирет. Мына ушул сөздөрдү айткан адамдын күнөөлөрү деңиз суусу толкуганда жээкте пайда болгон аппак көбүктөрдөй көп болсо да кечирилет.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Кимде-ким ар бир парз намазынан кийин "Аят ал-Курси" деген аятты окуп жүрсө, анын бейишке кирүүсүн өлүмү гана тосуп турат".
رواه النسائي في الكبرىПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ар бир парз намаздан кийин "аят ал-Курсини" окуп жүргөн адамды өлүм эле бейиштен тосуп турарын айткан. Бул аят Бакара сүрөөсүнүн ичинде. Ал аятта Аллах минтип айткан: "Аллахтан башка эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок. Өзу гана бар. (Ал) - түбөлүк Тирүү, ар нерсени башкарып Туруучу. Аны үргүлөө да, уйку да кармабайт. Асмандардагы жана жердегинин баары Аныкы! Анын алдында Анын уруксаты болмоюнча эч ким (эч кимге) шапаат-колдоочулук кыла албайт. Ал алардын (бардык макулуктардын) келечегиндеги жана өтмүшүндөгү нерселерди билет. Ал эми алар болсо, Анын илиминен Ал Өзү каалагандан башка эч нерсени билишпейт. Анын курсийи асмандар жана жерден да кенен. Ал экөөнү (асмандар менен жерди) сактап туруу Аны такыр чарчатпайт жана Ал - эн Жогорку жана эн Улук!" (Бакара, 255-аят).