Hadeeth Cards
Da'wa cards that highlight great meanings from the noble prophetic hadiths in a simple style and attractive display that helps the Muslim to have a deeper understanding of his religion in an easy way






























Da'wa cards that highlight great meanings from the noble prophetic hadiths in a simple style and attractive display that helps the Muslim to have a deeper understanding of his religion in an easy way
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдардын эң берешени болгон. Рамазан айында берешендиги андан да күчөп, ким эмнени кааласа ошону берчү. Анын берешендигинин артышына эки себеп бар эле: Биринчиси: Жебиреил периштеге жолукканы. Экинчиси: Куранды жүрөгүнөн өткөрүп окуганы. Жебиреил периште ага Курандан түшкөн аяттардын баарын дагы бир сыйра окутуп чыкчу. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы мактоосу болсун) өтө берешен жана жакшылыкты өтө көп кылган киши болгон. Адамдарга жакшылык кылууда Аллах Таала жөнөткөн согуп турган шамал сыяктуу шашылат эле.
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип кабарлайт: багымдат жана дигер намаздарын такай калтырбай окуган адам тозокко кирбейт. Бул эки намазды баса белгилеп айткан себеби; бул намаздар окууга оор намаздар болуп эсептелет. Багымдат намазы уйку кызып, таттуу болгон учурда болот. Дигер намазы күндүзү иш кызып, эл алагды болгон учурга туш келет. Кимде-ким ушул эки намаздын машакатына чыдап такай окуп жүрсө, анда башка намаздарын да сактай алат.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип баяндайт: ага парз болгон намаз убактысы киргенде мусулман адам жакшылап, толук даарат алса, анан жүрөгү менен да, дене мүчөлөрү менен да Аллахка берилип, Анын улуктугун сезип намаз окуса, намаздын үрүкү, сажда ж.б.у.с. амалдарын толук аткарса, анда анын бул намазы ага чейин жасаган майда күнөөлөрүнө каффарат болот, б.а. күнөөлөрүн кетирет. Бирок ал чоң күнөөлөрдү кылбоосу шарт. Мындай артыкчылык бардык заманга жана бардык намаздарга тиешелүү.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтуучусу куру кол калбай турган жана өкүнбөй турган, тескерисинче сооп боло турган зикирлер жөнүндө айткан. Бул сөздөр парз намаздан кийин биринин артынан бири айтылат. Булар төмөнкүлөр: "Субхааналлах" деп отуз үч жолу айтуу. Б.а. Аллах Тааланы бардык кемчиликтерден таза деп аруулоо. "Алхамду лиллах" деп отуз үч жолу айтуу. Бул сөз Аллахты сүйүү жана улуктоо менен Анын кемчиликсиз толуктугун айтып мактоо. "Аллаху Акбар" деп отуз төрт жолу айтуу. Аллах Улук, Ал бардык нерседен Кудуреттүү, Чоң.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) азанчынын үнүн уккан адам төмөнкү сөздөрдү айтса күнөөсү кечирилерин айткан: "Ашхаду ан лаа илааха иллаллааху вахдаху лаа шарика лах" Күбөлүк берем, тастыктаймын, моюнга алам Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок, андан башка сыйынылган нерсенин баары батыл, жалган. "Ва анна Мухаммаддан абдуху ва расуулух" Мухаммад Аллахтын кулу жана элчиси, ага ибадат кылынбайт. Ал жалган айтпаган элчи. "Розийту биллахи роббан" Аллахтын рубубиятына, улухиятына, ысым-сыпаттарына баарына ыраазымын. "Ва би Мухаммадин расуулан" Ал алып келген диндин баарына жана бизге жеткиргенине ыраазымын. "Ва бил Ислам" Исламдын бардык буйруктарына жана өкүмдөрүнө, "Диинан" дин болгонуна ишенүү жана баш ийүү менен ыраазымын. (ушинтип айтса) анын кичине күнөөлөрү кечирилет.
Бир киши Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип сурайт: Биз балык уулап, же соода кылып же башка иштер менен кемеде көп жүрөбүз. Жаныбызда иче турган таза суубуз аз болот. Эгер ал сууну даарат же гусул үчүн пайдалансак, ичкенге суу таппай калабыз. Бизге деңиздин суусунан даарат алганга болобу? Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип жооп берди: Деңиздин суусу таза, тазалаганга да жарактуу. Ага даарат алууга да, жуунууга да болот. Суу бетине чыгып калган кит, балык жана башка деңиз жандыктары жегенге да адал. Кармалбай, өлүп суу бетине калкып чыгып калса деле адал.
Пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айбанаттар жана жырткычтар ичүү ж.б.у.с нерсе үчүн келген суунун тазалыгы тууралуу сурашты. Ал минтип жооп берди: Эгер суу эки чоң кумура чыга турган болсо, (болжолдо 210 литр) ал суу көп деп эсептелет жана нажас болбойт. Бирок түсү, даамы, же жыты өзгөрүп кетсе, анда нажас болот.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) уйкудан турган адамды мурдун үч жолу жууга үндөйт. Мурунду жуу дегени, сууну мурунга киргизе тартып кайра чимкирүү. Мындай кылуунун себеби, шайтан мурундун кеңилжээринде түнөгөнү үчүн. Бул жалпы мурундун ичи.
Умар (ага Аллах ыраазы болсун) пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир адам даарат алып бүткөндө, бутунун тырмактай жерине суу тийбей калганын көрүп, анын суу тийбеген жерин көрсөтүп: барып жакшылап даарат ал, толук кыл, ар бир мүчөңө суу жеткир деп айтат. Тиги киши барып дааратын толук алып келет да, анан намазын окуйт.