





























Hadeeth Cards
Da'wa cards that highlight great meanings from the noble prophetic hadiths in a simple style and attractive display that helps the Muslim to have a deeper understanding of his religion in an easy way
All
Абдулла бин Умар (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын уктум: "Силерден кимиңер жума намазына келсе, жуунуп келсин".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жума намазга барууну каалаган адам, жанабаттан жуунгандай жуунуп барганы жакшы экенин баса белгилеп айткан.
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Кимде-ким жакшылап толук даарат алып, жума намазына барса, анан (кутпаны) укса жана унчкупай жым отурса, өткөн жумадан бул жумага чейинки, ага кошумча дагы үч күндүн (майда) күнөөлөрү кечирилет. Ал эми ким (жердеги майда) таштарды ары-бери жылдырса, куру калат"
Муслим жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтат: кимде-ким парз, сүннөт, мустахабдарын калтырбай толук аткарып даарат алса, анан жума намазын окуу үчүн мечитке барып, кутпа айткан кишини унчукпай угуп отурса, керексиз сөз сүйлөбөсө, Аллах Таала анын он күндүк майда күнөөлөрүн кечирет. Өткөн жумадан бул жумага чейинки жети күн андан сырткары дагы үч күндүк күнөөлөрү кечирилет. Анткени жакшылыктын сообу он эсеге көбөйтүлүп берилет. Андан кийин пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кутпадан алагды кыла турган иштерди кылуудан тыйып эскертти. Кимде-ким денесине тийген майда таштарды тазалаган сыяктуу адамды алагды кыла турган иштерди кылса, ал жуманын толук сооп-сыйын алуудан куру калат.
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Кимде-ким эртең менен жана кечинде мечитке барса, анын ар бир барганы үчүн Аллах Таала ага бейиште сый даярдап койот".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) илим алуу, же ибадат кылуу же башка бир жакшы максатта таң эрте жана күн батарга жакын болобу, кайсы убакытта болбосун мечитке барган адамга ар бир барган сайын бейиште орун жана сый даярдаларын айтып сүйүнчүлөгөн.
Абдуллах бин Салам (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Мединага келген күнү, адамдардын баары ал келе жаткан тарапка чуркап, бирөө "Аллахтын элчиси келди!" деп үч жолу кыйкырды. Мен дагы эл менен бирге аны көрүүгө чуркадым. Анын жүзү мага даана көрүнгөндө, жүзүнөн дароо эле анын жалган сүйлөбөстүгүн байкадым. Анын айткан сөздөрүнөн эң биринчи укканым ушул болду: "Эй, адамдар! Саламыңарды жайылткыла. Ачкаларды тоюндургула! Туугандар менен катташкыла! Түндө башкалар уктап жатканда силер намаз окугула! Ошондо эч жамандыкка учурабай бейишке киресиңер!".
Ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырганПайгамбарыбыз Мединага келгенде анын караанын көргөн адамдар ага бет алып чуркашты. Аны утурлай чуркагандардын арасында жөөттөрдөн Абдуллах бин Салам да бар эле. Ал пайгамбардын жүзүн көргөндө эле ал жүздүн жалган айтпастыгын сезет. Анткени анын жүзүнөн нур, чырай, айбат жана чынчылдыктын белгиси көрүнүп турган. Анын пайгамбардан уккан эң биринчи сөзү, адамдын бейишке кирүүсүнө себеп боло турган амалдар жөнүндө айтканы болду. Ал амалдар төмөнкүлөр: Биринчи: саламды жайылтуу, көбөйтүү, тааныган адамга да, тааныбаган адамга да ачык салам айтуу. Экинчи: коноктоп же белек кылып, же садага катары ачка адамдарга тамак берүү. Үчүнчү: ата жагынан болобу, эне жагынан болобу туугандык байланышы бар жакын туугандар менен карым-катышта болуу. Төртүнчү: адамдар уктап жатканда түнкү напил намаздарды окуу.
Абдуллах бин Умар (Аллах алардан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Баарыңар кайтаруучусуңар жана кайтарганыңарга жоопкерсиңер. Адамдарга кайтаруучу болгон башчы аларга жоопкер. Эркек киши үй-бүлөсүн кайтаруучу, ал аларга жоопкер. Аял киши күйөөсүнүн үйүнө жана балдарына кайтаруучу, ал аларга жоопкер. Кул кожоюнунун мал-мүлкүнө кайтаруучу, ал ага жоопкер. Билип алгыла, баарыңар кайтаруучусуңар жана баарыңар жоопкерсиңер".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) коомчулуктагы ар бир мусулмандын кам көрүшү жана көтөрүүсү керек болгон жоопкерчилик жүктөлгөндүгүн кабар берет. Имам же башчы Аллах ага башкартып койгон адамдар үчүн кайтаруучу, анын моюнуна алардын шариятын сактоо, аларга зулумдук кылгандардан коргоо, душмандарына каршы күрөшүү жана укуктарын коргоо жүктөлгөн. Эркек киши үй-бүлөсүндө аларды каржылоого, жакшы мамиле жасоого, таалим-тарбия берүүгө, адеп берүүгө милдеттүү. Аял киши күйөөсүнүн үйүндө үй иштерин жакшы жүргүзүүгө, балдарына жакшы тарбия берүүгө милдеттүү. Ал ушул нерселер тууралуу суралат. Кызматчы же мандикер иштеген адам кожоюндун анын колунда турган мал-келин сактоого жана кылган кызматына жоопкер, ал ушулар үчүн суралат. Ар ким өзүнө тапшырылган нерсенин кайтаруучусу жана алар тууралуу сөзсүз суралат.
Абдуллах бин Масуд (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен бирге болчубуз. Бир маалда ал мындай деди: "Кимде-ким никенин акысын бере алса, анда үйлөнсүн. Анткени үйлөнүү көзгө көшөгө жана зынадан коргоочу болот. Кимде-ким никенин акысын бере албаса, анда ага орозо кармоо зарыл, анткени орозо аны бычкан сыяктуу шакыбатын токтотот".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аялынын жыныстык кумарын кандырууга жарактуу жана аны каржылоого мүмкүнчүлүгү бар жигиттерди батыраак үйлөнүүгө үндөгөн. Анткени, үйлөнүү адамды көзүн арамга артуудан, зынага же башка бузук ишке баруудан сактайт. Ал эми нике менен бүлөсүн каржылоого мүмкүнчүлүгү жок бирок жыныстык катнашка жарактуу болсо, анда аны орозо кармоого үндөйт. Анткени, орозо адамдын кумар каалоосун басаңдатат.
Укба бин Аамир (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Бөтөн аялдардын жанына киргенден сак болгула". Ансарлардан бир киши: Оо, Аллахтын элчиси, кайын журттан болсочу (аялдын кайниси, кайнагасы)" деп сурады. Ал: "Кайын журттан болсо - бул, өлүмгө тете" - деди.
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бөтөн аял менен жалгыз калууга болбостугун эскертип: Бөтөн аялдын жанына кирүүдөн, же бөтөн аял силердин жаныңарга кирүүсүнөн сак болгула деди. Ансарлардан бир адам минтип сурады: Эгер эркектин жакын туугандары болсо, мисалы, күйөөсүнүн ага-иниси же ага-инисинин баласы, атасы менен бир тууганы, же атасы менен бир туугандын баласы, же эжесинин баласы сыяктуу аялга нике жүрө турган адамдар кирсе боло береби? Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Андан өлүмдөн корккондой корккула! - деди. Анткени, мындай жакын адамдар менен ээн калуу фитнага, диндеги кыйроого алып келет. Күйөөнүн аталары менен балдарынан башка туугандары жат адамга караганда көбүрөөк тыйылуусу зарыл. Жат адамга караганда күйөөнүн туугандары менен ээн калуу көп кездешет. Башкаларга караганда булардан жамандык көбүрөөк жана фитнанын болуусу да көбүрөөк мүмкүн. Себеби аял менен байланышуу жана аны менен ээн калуу жеңил. Адатта эркек кишинин ага-инисинин аялы менен жалгыз калуусуна коомчулук кайдыгер карашат. Башынан эле сактанып, алыс болгон чоочун эркекке салыштырмалуу күйөөнүн бир тууганы менен жалгыз калуу өлүм сыяктуу.
Малик бин Аус бин Хадасан айтат: Мен жанымдагыларга кайрылып: Ким мага алтын теңгелерди күмүш акчага алмаштырып берет? - деп сурадым. Талха бин Убайдулла: Алтындарыңды бизге (берчи) көрөлү, анан кийин кызматчыбыз келгенде келсең, сага күмүш акча беребиз - деди. Ал жерде Умар бин Хаттаб да турган. Ал: Жок, мындай болбойт. Аллахка ант болсун, сен ага акчаны дароо беришиң керек, же алтындарын кайтарып бересиң. Анткени Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: "Күмүштү алтынга алмаштыруу сүткордук болот, бирок колмо-кол болсо эч нерсе эмес. Буудайды буудайга алмаштыруу сүткордук болот, бирок колмо-кол болсо эч нерсе эмес. Арпаны арпага алмаштыруу сүткордук болот, бирок колмо-кол болсо эч нерсе эмес. Курманы курмага алмаштыруу сүткордук болот. Бирок колмо-кол болсо эч нерсе эмес".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Таабийиндердин бири Малик бин Аус айтат: Анда алтын динарлары болгон. Ал динарын күмүш дирхамга алмаштырмакчы болот. Талха бин Убайдулла ага: Алтындарыңды бизге бер, карап көрөлү - деп, анан аны ала турган болгондон кийин: Бизди күтө тур, кызматчыбыз келгенден кийин келсең күмүш акчаларды сага беребиз - дейт. Бул отурушта Умар (Аллах андан ыраазы болсун) да отурган. Ал мындай соодалашууну четке кагып, Аллахка ант берип, Талханы күмүш дирхамдарды дароо берүүгө же алтындарын кайра кайтарып берүүгө буйруйт. Анан мунун себебин түшүндүрүп, Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алтынды күмүшкө же күмүштү алтынга соода кылганда дароо колмо-кол алуу важиб экенин айтканын, эгер мындай болбосо, арам сүткордук болорун, мындай соода жараксыз экенин эскерткенин айтат. Алтынды күмүшкө же күмүштү алтынга соода кылганда колмо-кол соода кылып кабыл кылып алуу керек. Ошондой эле буудайды буудайга, арпаны арпага, курманы курмага соода кылганда, өзүндөй, салмагын, өлчөмүн бирдей кылып колмо-кол соода кылуу керек. Булардын бирин да кийинкиге калтырып насыя соода кылууга болбойт. Ошондой эле колмо-кол өткөрүп алмайынча ажырап кетүүгө болбойт.
Усман бин Абу Аас Сакафи (ага Аллах ыраазы болсун) Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) динге киргенден бери денесинен бир жери ооруп жатканын айтып даттанат. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага мындай дейт: Колуңду ооруган жериңе коюп үч жолу: "Бисмиллах" деп айткын. Анан жети жолу: "Өзүм сезген жана кооптонгон ушул ооруунун жамандыгынан коргоо тилеп, Аллахка жана анын кудуретине сыйынам!
Муслим жазып калтырганУсман бин Абу Аас (ага Аллах ыраазы болсун) аны өлүмгө алып бара тургандай катуу ооруп калат. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аны кабар алып келип, Аллах Таала андан ооруну кетире турган дубаны ага үйрөтөт. Бул дуба мындай: алгач колун ооруган жерине койот. Анан үч жолу "Бисмиллах" дейт. Андан кийин: "Өзүм сезген жана кооптонгон ушул ооруунун жамандыгынан коргоо тилеп, Аллахка жана анын кудуретине сыйынам" деп жети жолу айтат. Кооптоном дегени, келечекте мени кайгыга жана коркунучка салуусунан, же оору бут денеме жайылып кетүүсүнөн чочулайм деген маани.