





























Hadeeth Cards
Da'wa cards that highlight great meanings from the noble prophetic hadiths in a simple style and attractive display that helps the Muslim to have a deeper understanding of his religion in an easy way
All
Абу Хавра Саъидий айтат: Хасан бин Алиге (Аллах алардан ыраазы болсун): Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) угуп эстеп калган хадистериң барбы? - дедим. Ал: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай дегенин эстеп калгам: "Шек-күмөн жаратып турган ишти таштап, шек-күмөнү жок ишти аткар. Чынчылдык - бейкуттукту, жалган айтуу болсо, шектенүүнү алып келет".
رواه الترمذي والنسائي وأحمدПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамга шек-күмөн жараткан сөз болсун же иш болсун аны таштоого буйруган. Мейли ага тыюу салынган болсун, мейли тыюу салынбасын, мейли арам, мейли адал болсун. Анын ордуна шек-күмөнү жок, адалдыгы, жакшылыгы анык болгонду алсын. Ошондо жүрөк тынчтанат. Ал эми шектүү нерсе жүрөктү тынчсыздандыра берет.
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Кишинин (мечитте) жамаат менен окуган намазы, анын үйүндө же базарында окуган намазынан жыйырма канча даража ашыкча болот. Бул мындай, эгер алардын бири даарат алганда жеткиликтүү даарат алса, анан намаз окуу үчүн гана мечитке келсе, анын ар бир шилтеген кадамына даражасы көтөрүлөт, ошого жараша катасы өчүрүлөт. Ошентип мечитке кирип, канча убакыт намазды күтүп отурса, намазда отургандай эсептелет. Силерден бирөөңөр намаз окуган ордунда отурса, анын даараты бузулбаса же бирөөгө зыян тийгизбесе, периштелер ага дуба кылып: Аллахым, ага ырайым кыл. Аллахым, аны кечир. Аллахым, анын тобосун кабыл кыл дешет".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулман адам намазды жамаат менен окуса, анын бул намазы үйдө же базарда окуган намазынан жыйырма канча барабар абзел болорун айткан. Анан мунун себебин чечмелеген: Киши дааратын толук, жеткиликтүү алып, анан намаз окуу ниети менен мечитке жөнөсө, таштаган кадамына жараша мартабасы жана орду жогорулайт, ошондой эле ошого жараша каталары өчүрүлөт. Мечитке киргенден кийин намазды күтүп отурса, күтүп отурган учурунда да намаз окугандын сооп-сыйын алат. Ал намаз окуган орунунда отурганда периштелер ага дуба кылат: "Аллахым, ага ырайым кыл. Аллахым, аны кечир. Аллахым, анын тобосун кабыл кыл" дешет. Эгер ал дааратын сындырбаса же адамдарга же периштелерге зыян тийгизе турган иш кылбаса.
Ибн Аббас (ал экөөнө Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Эгерде адамдарга доомат артканы бериле берсе, анда адамдар башкалардын мал-мүлк, кан-жанын доомат менен талап кыла бермек. Андыктан доомат кылган киши күбө-далил алып келиши керек. Ал эми дооматты четке каккан киши касам ичсе жетиштүү".
رواه البيهقيПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтат: эгерде адамдарга эч кандай күбө-далили жок эле алардын доомат кылган нерселери бериле берсе, анда алар башкалардын мал-мүлкүнө, кан-жанына доомат артып ала бермек. Ошон үчүн доомат кылган киши талап кылып жаткан нерсесине күбө-далил алып келиши керек. Эгер күбө-далил алып келе албаса, талаш доомат кылынып жаткан адамга каралат. Эгер ал аны четке какса, касам ичиши керек болот.
Жабир бин Абдуллах (Аллах алардан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Кимде-ким сарымсак же пияз жесе, бизге (же биздин мечитибизге) жолобой үйүндө отурсун" . Бир жолу Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сарымсак, жашылчалар кошулган тамак салынган идишти алып келишти эле, андан жагымсыз жытты байкап, эмне кошулганын сурады. Алар анда сарымсак бар экенин айтышты. Ал аны ошол жердеги бир сахабасына бергиле деди. Кийин тиги сахабанын тамакты жебей отурганын көрүп: "Сен жей бергин. Мен сен байланышпаган бирөө менен байланышам" - деди. Имам Муслимдин Жабир бин Абдуллахтан риваят кылган хадисинде пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Кимде-ким бул жашылчаны, б.а. сарымсакты жесе..., башка риваятта: "Пияз, сарымсак же порейди жесе, биздин мечиттерибизге жолобосун. Анткени, адам баласы жийиркенген нерседен периштелер да жийиркенет".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Жамаат намазга келген мусулман бир туугандарына зыян бербөөсү үчүн, пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) пияз же сарымсак жеген адамды мечитке келүүдөн тыйган. Бул тыюу пияз менен сарымсакты жештен эмес, жегенден кийин мечитке келүүдөн тыйган жеңил тыюу. Бул жашылчалар жегенге боло турган жашылчалар. Бир жолу пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жашылчалар салынган казанды алып келишкенде, андан жагымсыз жытты байкап жана ага анда сарымсак бар экенин айтышканда, аны өзү жебей, бир сахабасына бердирет. Ал сахаба да пайгамбарды ээрчип аны жебей отурганын көрүп: Сен жей бер. Мен аян-кабар алып келген периште менен байланышам - деген. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) периштелер да адамдар сыяктуу жагымсыз жытка жийиркенерин айткан.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын уктум: "Эгерде силерден кимдир бирөөнүн эшик алдында дарыя агып, анан ал ошол дарыяга бир күндө беш жолу жуунса, анын денесинде кир калабы?" Кирден эч нерсе калбайт - дешти (сахабалар). Ал: "Беш убак намаз да ушул сыяктуу, Аллах намаз аркылуу күнөөлөрдү жууйт" - деди.
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) күнүмдүк беш убак намазды майда күнөөлөрдү жана каталарды өчүрүүдө бирөөнүн эшигинин алдында агып жаткан дарыяга окшоштурган. Ал киши дарыяга бир күндө беш жолу жуунса, денесинде эч кандай кир калбайт.
Амир бин Шуъайб атасынан чон атасынын айтканын минтип айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Балдарыңарды жети жашка чыкканда намаз окууга буйругула, он жашка чыкканда (окубаса, эскертүү үчүн акырын) ургула жана (кыз менен баланын) жаткан орундарын бөлгүлө".
Абу Дауд жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ата балдарын (уулбу, кызбы айымасы жок) жети жашында намазга буйруусун жана намаз окуу үчүн эмнени билиш керек болсо, аны үйрөтүү керектигин айткан. Ал эми он жашка чыкканда да намаз окубаса буйругандан сырткары уруу керектигин жана (ушул жашка чыккан уул бала менен кыз баланын) төшөгүн ажыратуу керектигин айткан.
Абдурахман бин Абу Лайла айтат: Мага Каъб бин Уъжра жолугуп: Сага бир белек берейинби? - деди. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизге чыкты. Биз: О, Аллахтын элчиси, биз сага кантип салам айтканды үйрөндүк, ал эми салаватты кантип айтабыз? - дедик. Ал: "Аллахумма солли алаа Мухаммад, ва алаа аали Мухаммад. Камаа соллайта алаа Иброхима, ва алаа аали Иброхим. Иннака хамидум-мажиид. Аллахумма баарик алаа Мухаммад, ва алаа аали Мухаммад. Камаа бааракта алаа Иброхима, ва алаа аали Иброхим. Иннака хамидум-мажиид, деп айткыла" - деди.
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Аттахиятта ага: "Ассаламу алайка айюхан-набию ва рахматуллохи ва баракатух..." деп айтууну үйрөнгөндөн кийин, сахабалар пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага кантип салават айтуу керектигин сурашат. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аларга салават кандай айтыларын үйрөтөт. Анын мааниси мындай: "Аллахумма солли алаа Мухаммад ва алаа аали Мухаммад" Мааниси: Бийиктиктеги периштелерге аны жакшы сөздөр менен макта жана динде аны ээрчигендерди, жакындарынан ыймандуу болгондорду да (макта). "Камаа соллайта алаа аали Иброхима" Ибрахим жана анын үй-бүлөсүн, алар Ибрахим, Исмайил, Исхак, алардын урпактары жана алардын динин ээрчиген ыймандуулар, артык кылган сыяктуу, артыкчылыгыңды Мухаммадга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) да бер. "Иннака хамидум-мажид" Мааниси: Затыңда, сыпатыңда жана кыймыл-аракетиңде макталгансың, улуктугуңда, башчылыгыңда жана берешендигиңде кененсиң. "Аллахумма баарик алаа Мухаммад, ва алаа аали Мухаммад, камаа бааракта алаа аали Иброхима" Ага жакшылык жана ыззаттын эң чоңун бергин, аны көбөйт жана түбөлүктүү кыл.
Убада бин Саамит (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деди: "Фатиханы окубаган адамдын намазы жок".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Фатиха сүрөсү окулбаса, адамдын окуган намазы жарактуу болбостугун айткан. Фатиханы окуу намаздын ар бир ирекетинде аткарылчу рүкүндөрдүн бири.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Кимде-ким жума күнү жунуптуктан жуунгандай жуунуп, анан эртелеп мечитке барса, төөнү курмандыкка чалгандай сооп алат. Андан кийинки убакта барган адам уйду курмандыкка чалгандай сооп алат. Андан кийинки убакта барган адам мүйүздүү кочкорду курмандыкка чалгандай сооп алат. Андан кийинки убакта барган адам тоокту садака кылгандай сооп алат. Андан кийинки убакта барган адам жумуртканы садака кылгандай сооп алат. Имам кутпа айтуу үчүн минбарга чыкканда периштелер зикирди угуу үчүн чогулат".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жума намазына эртелеп баруунун артыкчылыгы тууралуу айткан. Намазга баруу убактысы – ошол күнү Күн чыккан убактан имам кутпа айтуу үчүн минбарга чыкканга чейин созулат. Бул аралыкты беш саатка бөлсөк болот. Б.а. күн чыккандан баштап имам минбарга чыкканга чейинки убакты беш бөлүккө бөлөбүз: Биринчиси: кимде-ким жунуптуктан жуунгандай тазаланып жуунуп, биринчи саатта мечитке барса, төөнү садака кылгандай соопко ээ болот. Экинчиси: экинчи саатта барган адам уйду садака кылгандай соопко ээ болот. Үчүнчүсү: үчүнчү саатта барган адам мүйүздүү кочкорду садака кылгандай соопко ээ болот. Төртүнчүсү: төртүнчү саатта барган адам тоокту садака кылгандай соопко ээ болот. Бешинчиси: бешинчи саатта барган адам жумуртканы садака кылгандай соопко ээ болот. Ошентип имам кутпа айтуу үчүн минбарга чыкканда мечитке келгендерди катары менен жазып жаткан периштелер жазганын токтотуп, зикир жана кутпаны угуу үчүн чогулушат.