





























Hadeeth Cards
Da'wa cards that highlight great meanings from the noble prophetic hadiths in a simple style and attractive display that helps the Muslim to have a deeper understanding of his religion in an easy way
All
Жарир бин Абдуллах (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллахтан башка ибадат кылууга татыктуу кудай жок экенине жана Мухаммад анын элчиси экендигине күбөлүк берүүгө, намаз окууга, зекет берүүгө, (башчыны) угууга жана баш ийүүгө, бардык мусулмандарга насаат кылууга ант-убада бердим.
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Сахаба Жарир бин Абдуллах (ага Аллах ыраазы болсун) Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) төмөнкү иштерге ант-убада бергенин айтат: тавхидди карманууга, бир суткада күнү-түнү окулчу беш убак парз намазды, үрүкүн, ваажыб, сүннөттөрүн аткарып толук окууга, парз зекетти берүүгө, ал байлардан алынып, татыктуу кембагалдарга бериле турган мал-мүлккө тиешелүү ибадат, башчыларга баш ийүүгө жана бардык мусулмандарга насаат кылууга. Анткени насаат сөз менен жана амал менен болуп, ага пайдасын тийгизип, жакшылыкка жетүүсүнө, андан жамандыктын кетүүсүнө умтулуу менен болот.
Муаз бин Жабал (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Муаздын колунан кармап: "Эй Муаз, Аллахка ант берип айтам, мени сени жакшы көрөм" - деди. Анан: "Муаз, сага айтар осуятым: ар бир намаздан кийин "Аллахумма аъинни ъалаа зикрика ва шукрика ва хусни ъибадатика" деп айтканды такыр калтырба" - деди.
رواه أبو داود والنسائي وأحمدПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Муаздын (Аллах андан ыраазы болсун) колунан кармап, ага мындай деди: Аллахка ант болсун, мен сени жакшы көрөм. Муаз, сага ар бир намазды окугандан кийин, бул дубаны айтууну осуят кылам: (Оо Аллах, Сени зикир кылууга мага жардам бер) таат-ибадатка жакындата турган бардык амалдар жана сөздөр менен. (жана Сага шүгүр кылууга жардам бер) жакшылыктарга жеткирип, жамандыктардан сактаганың үчүн. (жана жакшы ибадат кылууга жардам бер) Аллахка ыклас кылып, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көрсөткөн тартипте ибадат кылууга.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Аллах Таала айтат: "Адам баласынын бардык амалы өзү үчүн. Бир гана орозосу андай эмес. Анын орозосу Мен үчүн жана анын сооп-сыйын Мен Өзүм берем". Орозо - бул, калканч. Кимдир бирөөңөр орозо кармасаңар, ал күндө жаман сөздөрдү сүйлөбөгүлө, кыйкырып, талашып-тартышпагыла. Эгер орозо адамды бирөө тилдеп же мушташмакчы болсо, ага "мен орозо кишимин" деп айтсын. Мухаммаддын жаны колунда турган Аллахка ант берип айтам, орозо кармаган адамдын оозунан чыккан жыт Аллахтын алдында мисктин жытынан да жыттуу. Орозо туткан адамдын сүйүнө турган эки убагы бар: биринчиси, ооз ачкан убакта кубанат. Экинчиси, Раббисине жолуккан учурда бул дүйнөдө орозо тутканына кубанат".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Тааланын кудусий хадисте минтип айтканын кабарлайт: Адам баласынын бардык амалдарынын сообу он барабардан жети жүз барабарга чейин көбөйтүлөт. Бирок орозо андай эмес. Анткени, орозодо эл көрсүн деген ниет болбойт, орозону Мен үчүн гана кармайт. Ошон үчүн анын сооп-сыйын Мен Өзүм гана билген өлчөмдө беремин. Анан минтип айтты: (Орозо - бул, калканч) тозоктон сактаган коргон, көшөгө, сактоочу. Анткени орозо шахваттардан тыйып, күнөөдөн тосот. Ал эми тозок шахваттар менен курчалган. (Орозо кармаган адам бузук ишке барбасын) бузук сөздөрдү сүйлөбөсүн, жыныстык катыш же ага алып бара турган иштерди кылбасын. (Талашып-тартышпасын) талаш-тартыш, үнүн көтөрүп кыйкырышкандан этият болсун. Орозо айында (эгер аны бирөө сөгүп, же мушташмакчы болсо), мен орозо туткан кишимин деп айтсын. Ошентсе, уруштан тыйылып калат. Эгер тыйылбай кол салса, мүмкүн болушунча жеңилирээк коргонсун. Андан кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жаны колунда турган Аллахтын аты менен касам ичип, орозо кармаганы себептүү оозунун жыты өзгөрүп калса, кыямат күнү ал Аллахтын алдында мисктин жытынан да жыттуу болорун, жума намаздарында жа зикир кылынган отуруштарда колдонуулусу мустахаб болгон мисктин сообунан көп сооп бериле тургандыгын айткан. Орозо кармаган адам үчүн эки учурда кубаныч болот: ооз ачкан учурда, ооз ачууга уруксат берилип, чаңкоосу жана ачкалыгы кеткени үчүн. Орозосун бүтүргөнүнө, ибадатын толук кылганына, Раббисинен жеңилдик болгонуна жана кийинки күндүн орозосун кармоого жардам болгондугуна кубанат. (Раббисине жолукканда, орозо тутканы үчүн кубанат) Анын сыйына жана соопторуна жеткени үчүн.
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: “Силерден ким болбосун уйкуга жаткан учурда шайтан желкесине үч түйүн түйөт. Ар бир түйүндү түйүп жатып "Алдыда узун түн бар, уктай бер деп түйгөн жерине урат. Эгер ал ойгонуп, Аллахты эстесе, түйүндөрдүн бири чечилет. Эгер даарат алса, экинчи түйүн чечилет. Эгер намаз окуса, акыркысы да чечилип, эртең менен сергек турат жана маанайы ачык жүрөт. А эгер андай кылбаса, маанайы жок, илең-салаң ойгонот”
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) шайтандын абалы жана түнкү же багымдат намазына турууну каалаган адам менен болгон күрөшү тууралуу кабар берет. Мусулман киши уйкуга жатканда, шайтан анын желкесине үч түйүн түйөт. Ал түн ичинде ойгонуп, шайтандын азгырыгына карабай Аллахты зикир кылса, бир түйүн чечилет. Эгер даарат алса, экинчи түйүн чечилет. Эгер туруп намаз окуса, үчүнчү түйүнү да чечилет. Аллах Таала ага таат-ибадат кылууга ийгилик бергенине, сооп-сый жана кечиримди убада кылганына сүйүнп, эртең менен сергек, маанайы жарык абалда ойгонот. А эгер намазга турбаса, маанай жок, жүрөгү кабатырланып, жакшы амалдарды аткарганга жалкоолонуп илең-салаң болуп турат. Анткени, ал шайтандын түйүндөрүнө байланып, Аллахтын ырайымынан оолактап калат.
Маъдан бин Абу Талха Йаъмари (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кызматчысы Савбанга жолугуп: Анын себеби менен Аллах мени бейишке киргизе турган амалды айтчы? - деп айттым. Же Аллахка эң сүйкүмдүү амалды айтчы деп сурадым окшойт. Ал унчукпай койду. Мен дагы сурадым. Ал бул жолу да унчукпады. Үчүнчү жолу сураганымда, ал: Бул амал тууралуу Аллахтын элчисинен мен да сураганмын. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Аллах Таалага көп сажда кылгын. Сажда кылганың сайын сенин даражаңды көтөрүп, катаңды өчүрөт". Маъдан айтат: Кийин Абу Дардага жолугуп, андан да ошол эле суроону сурадым. Ал мага Саубан айткандай эле жооп берди.
Муслим жазып калтырганПайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бейишке кирүүгө себеп боло турган же Аллах Таалага сүйкүмдүү болгон амал тууралуу сурашты. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Көбүрөөк сажда кылууга аракет кыл. Сен Аллахка ар бир сажда кылганыңда, ал үчүн сенин даражаңды көтөрүп, күнөөңдү өчүрөт - деди.
Абу Муса Ашари (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Ким эртең мененки жана кеч курунку намазды окуса, бейишке кирет".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) багымдат намазы менен асыр намазын калтырбай, өз убагынан кечиктирбей окууга үндөгөн. Кимде-ким бул эки намазды талаптагыдай, өз убактысында, жамаат менен окуса, бул намаздар анын бейишке кирүүсүнө себеп болот.
Айша (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: "Эмизүү да төрөт (туугандык) арам кылган нерсени арам кылат".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) тага, атасынын бир тууганы, өз бир тууганы сыяктуу текте жана бир туугандыкта арам кылган нерсени эмчектештик да арам кыларын айткан. Ошондой эле өкүмдөрдө бир туугандык адал кылган нерсени эмчектештик да адал кылат.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Эң сүйүктүү досум (пайгамбар) (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мага үч ишти осуят кылды: ар айда үч күндөн орозо кармоону; (күн сайын) эки рекеттен чашке намазын окууну; уктаардан мурда витр намазын окуп жатууну".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) сүйүктүү пайгамбары жана жолдошу (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага үч ишти осуят кылып эскерткенин кабарлайт: Биринчиси: ар бир айда үч күн орозо кармоо. Экинчиси: күн сайын эки рекет чашке намазын окуу. Үчүнчүсү: уктаардан мурда витр намазын окуу. Витр намаз мындай убакта окуу уйкудан ойгонбой калам деп корккон адамдар үчүн.
Ибн Умар (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактосу болсун) минтип айтканын уктум: "Жаңырган айды көрүп орозо кармагыла. Жаңырган айды көрүп орозоңорду бүтүргүлө. Эгер күн бүркөк болуп калса, эсеп менен чыгаргыла".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Рамазан айынын башталышынын жана бүтүүсүнүн белгиси тууралуу баяндап: Эгер Рамазандын айын көрсөңөр орозо туткула. Эгер күн бүркөк болуп ай көрүнбөй калса, анда Шаабан айын эсептеп отуз күн болгондо орозо кармай бергиле. Эгер Шаввалдын айын көрсөңөр оозуңарды ачкыла. Күн бүркөө болуп ай көрүнбөй калса, Рамазанды эсептеп отуз күн болгондо орозону бүтүрө бергиле.