





























Hadeeth Cards
Da'wa cards that highlight great meanings from the noble prophetic hadiths in a simple style and attractive display that helps the Muslim to have a deeper understanding of his religion in an easy way
All
Абдулла бин Мугаффал (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Бардык эки азандын ортосунда намаз бар. Бардык эки азандын ортосунда намаз бар". Анан: "Каалагандар үчүн" - деп кошумчалаган.
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ар бир азан менен икооматтын ортосунда напил намаз окуу керектигин айткан. Муну үч жолу кайталап, анан каалаган адамга гана мустахаб деп кошумчалаган.
Абу Зар, (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Сахабалардын бир тобу пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип: "О Аллахтын элчиси, колунда барлар сооп топтоодо бизден озуп кетишти. Алар биздей эле намаз окушат, биздей эле орозо кармашат, бирок байлыгы бар болгондуктан садака да беришет" - дешти. Ал: "Аллах Таала силерге да садакадай сооптуу иштерди бербеди беле? Ар бир тасби айтканыңар - садага, Ар бир такбир айтканыңар - садага. Ар бир мактоо айтканыңар - садага. Ар бир - тахлил айтканыңар - садага. Жакшылыкка чакырганыңар - садага, жамандыктан тыйганыңар да - садага. Атүгүл, аялдарыңарга жакындык кылганыңар да - садага" - деди. Сахабалар: "Биз кумар каалообузду кандыруу үчүн жакындайбыз го, ошого да сооп жазылабы?" - деп сурашты. Ал: "Эгер бул ишти арам жол менен кылсаңар, ага күнөө жазылат беле? Ошол сыяктуу эле адал жол менен кылганыңар үчүн сооп жазылат" - деди.
Муслим жазып калтырганКээ бир колу жука сахабалар өздөрүнүн жардылыгын, башка бай сахабалар сыяктуу садага берип, сооп топтоого чамалары жоктугун айтып даттанат. Алар деле биздей намаз окуп, орозо кармап, бирок байлыгынан садага да берип жатышат. Биз болсо садага бере албайбыз дешет. Ошондо пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аларга садаганын сообундай эле сооптуу иштерди айтат: Аллах Таала силерге деле өзүңөр үчүн бере турган садагаларды бербедиби? Мисалы, "субхан Аллах" деп айтсаңар, силерге садага бергендин сообу болот. Ошондой эле "Аллаху акбар", "Алхамду лиллах", "Лаа илааха иллаллах" деп айтканыңар садага. Жакшылыкка чакырып, жаманыктан тыйганыңар садага. Ал эмес аялыңар менен кошулганыңар да садага. Сахабалар таң калышып: "Оо, Аллахтын элчиси, бирөөбүз өз кумарын кандыруу үчүн аялына кошулса, ошого да сооп жазылабы?" - деп сурашат. Пайгамбарыбыз: "Эгерде ушул ишти зына, же башка бир арам жол менен кылса күнөө жазылат беле? Эми аны адал жол менен кылса, ага сооп жазылат" - деди.
Ыймандуулардын амири Абу Хафс Умар бин Хаттаб (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтып жатканын уктум: “Чынында иш-аракеттер ниетке жараша болот. Аныгында, ар бир адам ниетиндегисине жетет. Кимдин хижраты (жер которуу) Аллах жана Анын элчиси үчүн болсо, анын хижраты Аллах жана Анын элчиси үчүн болот. Ал эми кимдин хижраты жетчү дүнүйө үчүн, же үйлөнчү аял үчүн болсо, ошол ниетиндегисине хижрат кылган болот”.
رواه إماما المحدثين أبو عبد الله محمد بن إسماعيل بن إبراهيم بن المغيرة بن بردزبه البخاري وأبو الحسين مسلم بن الحجاج بن مسلم القشيري النيسابوري في صحيحيهما اللذين هما أصح الكتب المصنفةПайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бардык иш-аракеттерде ниеттер эске алынарын кабар берип жатат. Бул өкүм бардык ибадаттарда жана соода-сатыктарда жалпы болоору айтылды. Ошондуктан кимде-ким өз ишинде пайда көрүүнү ниет кылса, анда ал бул ниети менен пайдадан башка эч нерсеге жетпейт жана ага эч кандай сооп да болбойт. Ал эми кимде-ким өз иши менен Аллах Таалага жакындоого ниет кылса, анда ал иши жеп-ичүү сыяктуу катардагы иш болсо да, ал бул ниети менен соопко жана сыйлыкка жетет. Андан кийин, Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ниет менен амалдар сырткы сүрөтүнөн бирдей болгонуна карабастан ниеттин амалдарга тийгизген таасирин көрсөтүү үчүн мисал келтирди. Ошондуктан Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким хижрат кылууга ниет кылып Раббисинин ыраазычылыгын көздөп мекенин таштап кеткен болсо, анда анын хижраты кабыл болгонун, Ислам шариятына дал келген хижрат экенин жана ниетинин чынчылдыгынан улам хижраттын сообуна да ээ болорун ачык айтты. Ал эми кимде-ким хижрат кылуу менен акча, кадыр-барк, соода же аял сыяктуу дүнүйөлүк пайданы ниет кылса, анда ал хижраттан ал ниет кылган пайдасына гана жетет жана ага сооптон үлүш болбойт.
Абу Абдулла Нууман бин Башир (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын уктум: Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Чындыгында, адал нерселер белгилүү, арам нерселер да белгилүү. Ал эми ал экөөнүн ортосунда көптөгөн адамдар билбеген күмөндүү нерселер бар. Ким ошондой күмөндүү нерселерден сактанса, анда ал динин жана намысын таза сактаптыр. Ким күмөндүү нерселерди кылган болсо, анда ал арамга түшүп калышы мүмкүн. Бул бирөөнүн корук-жайына жакын малын жайып жүргөн чабан сыяктуу. Ал малын карап турбаса, корук-жайга кирип кетүүсү мүмкүн. Ар бир падышанын корук-жайы болот. Аллахтын корук-жайы – Ал арам кылган нерселер. Чындыгында, денеде бир үзүм эт бар, эгерде ал оңолсо, дененин баары оңолот. Эгерде ал бузулса, анда дененин баары бузулат. Мына ошол бир үзүм эт – ал жүрөк».
رواه البخاري ومسلمПайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) нерселерге байланыштуу жалпы айтылган эрежени ачыктап жатат. Ал эреже шариятта үчкө бөлүнөт: Ачык-айкын адал, ачык-айкын арам жана өкүмдө адалдык жана арамдык жагынан ачык-айкын болбогон күмөндүү иштер. Анын өкүмүн көп адамдар биле бербейт. Демек кимде-ким ошол күмөндүү нерселерди таштаса, анда анын дини аны арамга түшүп калуудан сактайт жана анын намысы бул күмөндүү иштерди жасаган себебинен аны айыптаган адамдардын сөзүнөн аман болот. Кимде-ким күмөндүү нерселерден алыстабаса, анда ал же арамга түшүп калат, же адамдар анын намысына тийишет. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) күмөндүү нерселерди аткарып койгон адамдын абалын баяндоо үчүн мисал келтирди. Бул кожоюну коргогон жердин жанында малын жайып жүргөн чабанга окшош. Чабандын малы бул коруктун жанына жакын жайгашкандыктан, жайылып ага өтүп кетүүсүнө аз калат. Ошондой эле, кимде-ким күмөндүү бир ишти кылса, анда ал арамга жакындайт да ал арамга түшүп калышына аз калат. Андан кийин Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) денеде бир үзүм эт бар экенин, (ал жүрөк) ал оңолсо, дененин баары оңолоорун жана ал бузулса, дененин баары бузулаарын кабар берди.
Абу Хамза Анас бин Малик, Аллахтын элчисинин кызматчысы (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Силердин эч кимиңер өзүнө жакшы көргөн нерсени диндеш боордошу үчүн да жакшы көрмөйүнчө ыйманы толук болбойт".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулман адам дүйнө жана акыретке тиешелүү жакшылык иштерде, таат-ибадатта өзүнө жакшы көргөндү диндеш тууганына да жакшы көрмөйүнчө, өзүнө жек көргөндү ага да жек көрмөйүнчө ыйманы толук болбостугун айткан. Эгерде диндеш тууганынын дининде кемчилигин көрсө, аны оңдоого тырышат. Эгер жакшылыкты көрсө, аны улантууга жардам берет. Дүйнө ишинде да, акырет ишинде да насаатын айтып, кеңеш берип турат.
Абу Масуд Укба бин Амр Ансари Бадри (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Мурдагы пайгамбарлардын сөздөрүнөн адамдарга кеңири тараганы: "Эгер уялбасаң, каалаганыңды кыла бер" деген сөз".
Бухари жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабарлайт: мурдагы пайгамбарлардын осуяттарынан кылымдан кылымга өтүп эл арасында айтылып акыркы үммөткө чейин жеткен сөз: эмне кылганы жатканыңа кара, эгер ал ишиң үчүн уялбай турган болсоң, кыла бер. А эгер ал ишиң үчүн уяла турган болсоң, аны кылба. Анткени, жаман ишти кылуудан тосуп турган нерсе уяттуулук. Кимде уяты жок болсо, ал бардык жаман, бузук иштерди кыла берет.
Умар бин Хаттаб (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: «Эгерде силер Аллахка чындап тобокел (таянуу) кылганыңарда, Аллах силерге эртең менен курсагы ач чыгып, кечинде курсагы ток кайткан чымчыкка ырыскы бергендей ырыскы бермек».
رواه الإمام أحمد والترمذي والنسائي وابن ماجه وابن حبان في صحيحه والحاكمПайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизди дүйнөлүк жана диний иштерде пайда алып келүү жана зыяндан сактануу үчүн Аллах Таалага таянууга үндөп жатат. Анткени Аруу Аллах Тааладан башка эч ким бере да албайт, тыйып да коё албайт жана зыян да, пайда да жеткире албайт. Качан биз пайда алып келе турган жана зыяндан сактай турган себептерди Аллахка чын ыкластан таянып аткарсак, анда Аллах бизге эртең менен курсагы ач чыгып, кечинде курсагы ток кайткан чымчыкка ырыскы бергендей ырыскы берип коёт. Чымчыктын бул кылганы - башкаларга таянбастан, жалкоолук кылбастан ырыскы издөөдөгү себептердин бир түрү.
Наваас бин Симаан (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: "Жакшылык - бул жакшы адеп-ахлак. Күнөө - көкүрөгүңдү өйүгөн жана адамдар билүүсүн жек көргөн иштериң" Вабиса бин Маъбад (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчинине барсам, ал: "Жакшылык менен күнөө тууралуу сураганы келдиңби?" - деди. Мен: "Ооба" - дедим. Ал: "Жакшылык - жан дүйнө тынчтанып, жүрөк бейпил болгон нерсе. Күнөө - көңүлдө күмөн жаратып, көкүрөк тынч албай турган нерсе. Адамдар сага аны (адал деп) улам фатва беришсе да".
الحديث الأول: رواه مسلم، والحديث الثاني: رواه أحمد والدارميПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жакшылык жана күнөө тууралуу баяндоосуна ылайык, жакшылыктын эң негизги белгиси Аллахка такыба болгон жана калайыкка зыянын тийгизбеген жакшы ахлак, бул ачууланбоо, жүзү жарык, сылык сүйлөө, карым-катышта болуп, жумшак, кичи пейил, жакшы мамиле жана жакшы сүйлөшүү менен болот. Жакшылык - бул, напси жана жүрөк тынч алган иштер. Күнөө – жүрөктө тынчсыздануу жараткан, адамдын көкүрөгү бейпилдик таппаган күмөндүү иштер. Ал тууралуу шектенүү пайда болот жана бул иш күнөө болуп калышы мүмкүн деген коркунуч жүрөктө туулат. Ошондой эле адам аны эл алдында көрсөтүүнү каалабайт. Анткени адам табиятынан элге жакшы жагын гана көрсөткүсу келет. Эгер кылганын элге көрсөтүүнү жек көрсө демек, бул күнөө, анда эч жакшылык жок. Эгер бирөөлөр аны кылууга фатва берип жатса да, өзүңдө экиленүү болсо, алардын айтканын аткарба. Анткени туура илимге негизделбеген фатва күмөндү кетире албайт. (Күмөн анык болуп, фатва берген адам аны билбестен фатва бере бериши мүмкүн). А эгер фатва шарияттык далилге таянып чыгарылса, анда фатва алган адам, эгер көңүлу жай таппаса деле аны аткарса болот.
Абдулла бин Буср (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбызга бир киши келип: "О Аллахтын элчиси! Ислам шарияты (напил амалдар) бизге көптүк кылып жатат. Анын баарына татый турган дайыма аткарып жүрө турган амал барбы?" - деп сурады. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деди: "Тилиң ар дайым Аллахты зикир кылуу менен нымдалып турсун". Дагы бир айтымда: Муаз бин Жабал (ага Аллах ыраазы болсун) айткан хадисте: Мен Аллахтын элчисинен эң акыркы сураганым: "Кайсы амал Аллахка жакын жана жагымдуу" деген суроо болду. Ал: "Сен Аллахты зикир кылуу менен тилиң нымдалган абалда өлүүң" - деди.
رواه أحمد والترمذي وابن ماجه وابن حبانБир киши Аллахтын элчисине келип, напил ибадаттарды аткарууга алсыздык кылып жатканын айтып даттанат. Анан Аллахтын элчисинен ага аткарууга жеңил, сообу көп бир ибадатты үйрөтүүсүн суранат. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бардык убакта жана абалда Аллахка тасбих айтып, мактоо айтып, кечирим тилеп, дуба кылып тили кыймылдап, нымдалып туруусун айтып жол көрсөтөт.