





























Hadeeth Cards
Da'wa cards that highlight great meanings from the noble prophetic hadiths in a simple style and attractive display that helps the Muslim to have a deeper understanding of his religion in an easy way
All
Абу Бакра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Силерге чоң күнөөлөрдүн эң оору жөнүндө кабар берейинби?"- деп үч жолу айтты. Ошондо сахабалар: "Ооба, оо, Аллахтын Элчиси!" - дешти. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Аллахка шерик кошуу жана ата-энени нараазы кылуу". Ошондо Пайгамбар жөлөнүп жаткан жеринен отура калып: "Жалган күбөлүк берүү!" - деп кайра-кайра айтып, биз: "Токтотсо экен" дегенге чейин кайталай берди".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларына күнөөлөрдүн эң чоңу жөнүндө кабар берип жатып, бул үчөөнү айтты: 1. Аллахка шерик кошуу деген - ал ибадаттын кандай түрүн болсо да Аллахтан башкага кылуу жана Аллахтан башканы улухияда, рубубияда, Аллахтын ысым-сыпаттарында Аллах менен теңөө болуп саналат. 2. Ата-энени нараазы кылуу - бул ата-энеге сөз менен болсо да, кыймыл аракет менен болсо да зыян жеткирүү жана аларга жакшылык кылууну таштоо. 3. Жалган күбөлүк берүү жана жалгандан күбөлүккө өтүү. Бул акчасын алып, ар-намысына шек келтирип, же башка ушул сыяктуу нерселер менен айыпка жыгып каралоо максатында жалган айтылган сөздөр. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир нече жолу жалгандан күбөлүк берүүдөн кайра-кайра эскертип, анын жамандыгынан жана анын коомго тийгизген терс таасиринен эскертип жатканда Сахабалар Пайгамбарга боорлору ооруп, аны кыйнаган нерсени жек көрүшүп: «Пайгамбар токтосо экен» деп айтышты.
Аль-Микдам бин Маьди Кариба (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Эгерде ким мусулман бир тууганын жакшы көрсө, анда ага аны жакшы көрөрүн кабарласын».
Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ан-Насааи "Ал-Кубро" китебинде жазып калтырган жана Ахмад да жазып калтырганПайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) момундардын ортосундагы мамилени чыңдоочу жана алардын ортосундагы сүйүүнүн жайылышынын себептеринин бири бул - кимдир-бирөө мусулман бир тууганын жакшы көрсө, анда аны жакшы көрөөрүн кабар бериш керек экендигин баяндап жатат.
Абдуллах бин Амр бин Аль-Аас (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Чоң күнөөлөр: Аллахка шерик кошуу, ата-энеге ак болуу, адам өлтүрүү жана жалган ант берүү".
Бухари жазып калтырганПайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул хадисте чоң күнөөлөрдү баяндап жатат. Ал чоң күнөөлөрдү аткарган адам бул дүйнөдө да, акыретте да катуу азап менен азапталат. Чоң күнөөлөрдүн биринчиси: "Аллахка шерик кошуу". Бул ибадаттын кандай түрүн болсо да Аллахтан башкага арноо жана Аллахтан башканы Аллахтын сыпаттары болгон улухияда, рубубияда, Аллахтын ысым-сыпаттарында Аллах менен теңөө. Экинчиси: Ата-энени нараазы кылуу. Ата-энеге сөз менен болсо да, кыймыл аракет менен болсо да зыян жеткирүү жана аларга жакшылык кылууну таштоо. Үчүнчүсү: Душмандык кылып жана зулумдук менен адам өлтүрүү сыяктуу адилетсиздик менен адам өлтүрүү. Төртүнчүсү: Жалгандан касам ичүү. Бул калп айтып жатканын билип туруп жалгандан касам ичүүсү. Ушул "жалгандан касам ичүү" деп аталат. Анткени ал жалгандан касам ичип жаткан адамды күнөөгө же тозокко батырып салат.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Жесирге жана жардыга жардам берген адам Аллах жолунда жихад кылгандай же түнү туруп намаз окуп, күндүзү орозо кармагандай (сооп-сый алат)".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун), күйөөсү өлүп, ага каралашар эч кими жок аялга жана муктаж болгон жардыга жардам колун сунуп, Аллах Тааладан сооп үмүт кылып аларды каржылган киши, Аллахтын жолунда жихадга чыккандай, же чарчабастан түнү тахажуд намазын окуган, күндүзү оозун ачпай орозо кармаган адамдай сооп-сыйга ээ болорун кабарлаган.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Кыйратуучу жети күнөөдөн алыс болгула». Ошондо сахабалар: «Оо, Аллахтын элчиси! Алар кайсылар?» — деп сурашты. Аллахтын элчиси: «Аллахка ширк кылуу, сыйкырчылык, Аллах өлтүрүүнү арам кылган жанды эч бир акысыз өлтүрүү, сүткорлук кылуу, жетимдин мал-мүлкүн жегендик, согуш учурунда артка качуу жана күнөө кылуудан капилетте калган, абийирдүү жана ыймандуу аялдарга бузуку деп жалаа жабуу» - деп айтты».
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үммөтүн жети кыйратуучу күнөөлөрдөн алыс болууга буйруп жатат. Жана андан күнөөлөр жөнүндө «алар кайсылар?» деп суралганда төмөндөгүчө баяндады: Биринчиси: Аллах Таалага ширк кылуу. Бул бир нерсенин кандай түрү болбосун Аллах Таалага окшотуу жана Аллах Тааланы ал нерселерге окшоштуруу менен Ага шерик кошуу. Ибадаттарды Аллахтан башкага кылуу. Аллахтын элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, ширктен баштады. Анткени бул күнөөлөрдүн эң чоңу. Экинчиси: Сыйкырчылык. Бул түйүндү дубалоо, кара дуба окуу, дары-дармектерди дубалап коюу жана түтөткү түтөтүү. Бул нерселер адамга өлүм же оору менен зыян берет же күйөөсү менен аялын ажыраштырат. Бул сыйкыр шайтандын иши. Сыйкырдын көпчүлүгүнө ширк кылуу менен, жиндердин жакшы көргөн нерселери аркылуу жиндерге жакын болуу менен гана сыйкырчылыка жетишүүгө болот. Үчүнчүсү: Аллах өлтүрүүнү арам кылган жанды эч бир акысыз өлтүрүү. Өлтүрүү шарияттагы себеп (1) менен болсо гана казы сот аркылуу ишке ашырат. Төртүнчүсү: Сүткорлук кылуу. Бул сүткорлук менен жан багуу же андан башка иштерде сүткорлук менен пайда алып келүү. Бешинчиси: Жетимдин мал-мүлкүн жегендик. Бул бойго жете элек, атасы каза болгон жетимдин байлыгын зулумдук менен пайдалануу. Алтынчы: Согуш учурунда артка качуу. Бул каапырлар менен болгон согушта артка качуу. Жетинчиси: Күнөө кылуудан капилетте калган, абийирдүү жана ыймандуу аялдарга бузуку деп жалаа жабуу. Бул күнөөдөн таза аялдарды жана эркектерди зынакор деп жалаа жабуу.
Абу Хурайра (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Үйүңөрдү мүрзөгө айлантып албагыла. Менин кабырымды кез-кезде ибадат кылуучу жай кылып албагыла. Мага салават айткыла. Чындыгында, силер кайсыл жерде болсоңорда силердин салаватыңар мага жетип турат».
Абу Дауд жазып калтырганПайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үйлөрдө намаз окулбай калуудан тыйды. Үйлөрдө намаз окулбай калса, анда алар намаз окулбаган кабырлар сыяктуу болуп калат. Ошондой эле кабырын кайра-кайра зыярат кылуудан жана анын тегерегинде кез-кезде жыйналууну адат кылуудан тыйды. Анткени бул нерселер ширк кылууга жол ачат. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жердин кайсыл бурчунан болбосун салават айтууга буйруду. Анткени айтылган салават алыстан же жакындан болсун, ага жетип турат. Салават айтуу үчүн Пайгамбардын кабырына баруунун зарылчылыгы жок.
Сахл ибн Саьд (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Кимде-ким мага эки жаагы менен эки бутунун ортосундагы (мүчөлөрүн күнөөлөрдөн) сактаймын деп кепилдик берсе, анда мен анын Бейишке кирүүсүнө кепилдик беремин».
Бухари жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулман адам эки нерсеге бекем болсо, бейишке кирерин кабарлап жатат. Биринчиси: Тилди Аллахтын каарын келтире турган сөздөрдөн сактоо. Экинчиси: Жыныстык мүчөнү зынадан сактоо. Анткени көптөгөн күнөөлөр ушул эки мүчө аркылуу болот.
Жабир (Аллах андан ыраазы болсун) айтты: Мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтканын уктум: «Эң жакшы зикир «лаа илааха иллаллах», жана эң жакшы дуба «алхамду лиллах».
Ат-Тирмизи менен ан-Насааи "ал-Кубро" китебинде жазып калтырган жана Ибн Маажа да жазып калтырганПайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Зикирдин эң жакшысы "лаа илааха иллаллах". Мааниси: Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Эң жакшы дуба «алхамдулиллах». Анын мааниси: Аллах Таала гана нээматтарды берүүчү жана Анын Кемчиликсиз, Кооз сыпаттарга татыктуулугун моюнга алуу керек экендигин кабар берип жатат.
Ибн Масуъд (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Бейиш силерге бут кийимиңердин боосунан да жакыныраак жана тозок да ошол сыяктуу».
Бухари жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бейиш менен тозок бутка байланган боо сыяктуу адамга өтө жакын экендигин кабар берди. Анткени адам баласы бир ибадатты Аллахтын ыраазылыгы үчүн аткарып, ошол себептен бейишке кирүүсү мүмкүн же бир күнөө себептен тозокко түшүүсү мүмкүн.