





























Hadeeth Cards
Da'wa cards that highlight great meanings from the noble prophetic hadiths in a simple style and attractive display that helps the Muslim to have a deeper understanding of his religion in an easy way
All
Абу Саъид ал-Худри жана Абу Хурайра (Аллах алардан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: Мусулман кишиге чарчап-чалыгуу, оору, кыжаалатчылык, кайгы-капа, ыза, кыйынчылык болсо, атүгүл, тикен сайылса да, ошонун себебинен Аллах анын каталарын өчүрөт".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулман пендеге ооруу, кыжаалатчылык, кайгы, убайым, каатчылык, коркунуч, ачкалык, ал тургай кичинекей тикен сайылып, оорутса, ушунун баары анын күнөөсү кечирилип, катасы жоюлууга себеп болорун бяндаган.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты. «Тозок напсинин кумарлары менен курчалган. Ал эми бейиш кыйынчылыктар менен курчалган».
Бухари жазып калтырганПайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) тозок напсиге жага турган арам иштер менен же аткарылбай калган парз амалдардын күнөөлөрү менен курчалып, сакталып тураарын баяндап жатат. Ким напсиси каалаганын ээрчисе, тозокко кирүүгө татыктуу болот. Ал эми бейиш Аллахтын буйруктарын ар дайым аткаруу, күнөөлөрдү таштоо жана ага сабыр кылуу сыяктуу напси жактырбаган нерселер менен курчалган. Эгер напсинин каалоосу менен күрөшүп, ага каршы бекем турса, анда бейишке кирүүгө татыктуу болот.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтты: Мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтканын уктум: «Мусулмандын мусулманга болгон акысы бешөө. Алар: Салам берсе алик алуу, ооруса зыярат кылуу, чакырган болсо баруу, дүйнөдөн өтсө жаназасына катышуу, чүчкүрсө "ярхамукаллах" деп айтуу».
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулмандын мусулман бир тууганына болгон кээ бир акыларын баяндап жатат. Бул акылардын биринчиси салам берген адамга алик алуу. Экинчиси: Ооруса, зыярат кылып кабар алуу. Үчүнчүсү: Дүйнөдөн өтсө, үйүнөн баштап жаназа окулчу жерге же мүрзөгө чейин узатып, көмүлгөнгө чейин туруу. Төртүнчүсү: Тойго же ушул сыяктуу мааракеге чакырса баруу. Бешинчиси: Эгерде чүчкүргөн адам «альхамдулиллах» деп айтса, ага «ярхамукаллах» деп айтуу. Андан соң чүчкүргөн адам «яхдиикумуллаху уа юслиху баалакум» деп айтат.
Жабир (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты. «Сатканда, сатып алганда жана өз акысын талап кылганда жоомарт адамды Аллах ырайымына алсын».
Бухари жазып калтырганПайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) соода-сатыкта жеңил, кечиримдүү жана берешен болгон адамга ырайым тилеп дуба кылды. Ал адам кардарга бааны көтөрбөстөн, ага жакшы кулк-мүнөз менен сылык мамиле кылышы керек. Эгерде сатып алчу болсо, анда товардын баасын төмөндөтпөй жана арзандатпай жеңил, жоомарт, берешендик менен сатып алсын. Карыздарын талап кылганда карыздар адам кедей же муктаж болсо, анда ага оор мамиле кылбай, жумшак жана сылык мамиле кылыш керек. Эгерде карызын төлөй албаса, анда ага кошумча убакыт берип күтүү керек.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты. «Бир киши адамдарга ар дайым карыз берет эле. Ал карызды чогулткан жаш жигитине: «Эгерде кедей карыздар адамга жолугуп калсаң, анда анын карызын кечип жибер. Балким Аллах бизди да кечирээр» - деп айтат эле. Ошондуктан ал көз жумуп Аллахка жолукканда Аллах Таала аны кечирди».
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдарга карыз берип жакшы мамиле кылган киши жөнүндө же аларга бир нерсени сатканда бир канча мөөнөттөн кийин төлөөгө макул болуп саткан киши жөнүндө кабар берип жатат. Ал адамдардагы карыздарын чогулткан кызматкерине мынтип айтат эле: «Эгерде карызды чогулткан учурда карыздар адам өтө муктаж болгондуктан алган карызын төлөй албай турган болсо, анда анын карызын же кечип жибер же болбосо кошумча убакыт бер жана аны шаштырба». Же болбосо карыздын канчасын төлөй алса ошону алып, калганын кечип жибер». Ал киши бул кылган иштери аркылуу Аллахтан кечирүүсүн үмүт кылган. Ошондуктан ал өлгөндө Аллах анын күнөөлөрүн кечирип, жамандыктарын жоюп салды.
Абу Бакра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылып айтат: «Мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтканын уктум: «Эки мусулман бири-бири менен кылычташып урушканда, өлтүргөн да жана өлгөн да тозоко түшөт. Ошондо мен: «Аллахтын Элчиси, бул киши өлтүргөн адам, а бирок өлтүрүлгөн адамда эмне күнөө?» - деп айттым. Аллахтын Элчиси: «Ал да шеригин өлтүргүсү келген» - деди».
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эгерде эки мусулман бири-бирин жок кылууну көздөп кылычташып урушса, анда өлтүргөн киши экинчисин түздөн-түз өлтүргөндүктөн тозоко түшөөрүн кабарлады. Өлтүрүлгөн адам туурасында сахабалар: «Ал тозокко кандай түшөт?» - деп сурашканда, Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ал да шеригин өлтүргүсү келгени үчүн кылычын көтөрүп чыкканын айтты. Андыктан ал да тозоко түшөөрүн, аны өлтүрүүдөн башка эч кандай максаты болбогондугун жана аны шериги өлтүрүп койгондугун кабар берди.
Умар ибн аль-Хаттаб (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Чындыгында, иш-аракеттер ниетке жараша болот. Ар бир адам ниет кылганына жетет. Кимдин хижраты Аллах жана Анын Элчиси үчүн болсо, анда анын хижраты Аллах жана Анын элчиси үчүн болот. Ал эми кимдин хижраты дүнүйөгө жетүү үчүн же аялга үйлөнүү үчүн болсо, анда анын хижраты эмнеге болсо ошол үчүн хижрат кылган болот». Ал эми имам Бухаринин риваятында: «Чындыгында, иш-аракеттер ниеттерге жараша болот. Ар бир адам ниет кылганына жетет» - деп келет.
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бардык иш-аракеттерде ниеттер эске алынарын кабар берип жатат. Бул өкүм бардык ибадаттарда жана соода-сатыктарда жалпы болоору айтылды. Ошондуктан кимде-ким өз ишинде пайда көрүүнү ниет кылса, анда ал бул ниети менен пайдадан башка эч нерсеге жетпейт жана ага эч кандай сооп да болбойт. Ал эми кимде-ким өз иши менен Аллах Таалага жакындоого ниет кылса, анда ал иши жеп-ичүү сыяктуу катардагы иш болсо да, ал бул ниети менен соопко жана сыйлыкка жетет. Андан кийин, Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ниет менен амалдар сырткы сүрөтүнөн бирдей болгонуна карабастан ниеттин амалдарга тийгизген таасирин көрсөтүү үчүн мисал келтирди. Ошондуктан Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким хижрат кылууга ниет кылып Раббисинин ыраазычылыгын көздөп мекенин таштап кеткен болсо, анда анын хижраты кабыл болгонун, Ислам шариятына дал келген хижрат экенин жана ниетинин чынчылдыгынан улам хижраттын сообуна да ээ болорун ачык айтты. Ал эми кимде-ким хижрат кылуу менен акча, кадыр-барк, соода же аял сыяктуу дүнүйөлүк пайданы ниет кылса, анда ал хижраттан ал ниет кылган пайдасына гана жетет жана ага сооптон үлүш болбойт.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат: Бир киши Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Мага насаат бериңиз» - деп айтты. Ал: «Ачууланба» - деди. Андан кийин кайра-кайра сураганда Пайгамбар: «Ачууланба» - деп кайталады.
Бухари жазып калтырганСахабалардын бири Пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өзүнө пайда алып келе турган нерсеге багыттоосун сурады. Ошондо Пайгамбар ачууланбоого буюрду. Бул анын ачуусун келтирген себептерден алыс болушун, ачуусу келгенде өзүн карманышын, кан төгүү, уруп-сабоо, мазактоо жана ушул сыяктуу нерселер менен ачуусун баспоо дегенди билдирет. Ал киши: «Мага насаат бериңиз» - деген өтүнүчүн бир нече жолу кайталаса да, Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага «ачууланба» деп айткан насаатын гана айтты.
Умар ибн аль-Хаттаб (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) риваят кылат. Ал Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай дегенин укту: «Эгерде силер Аллахка чыныгы таваккүль (таянуу) кылганыңарда, Аллах силерге эртең менен курсагы ач чыгып, кечинде курсагы ток кайткан чымчыкка ырыскы бергендей ырыскы бермек».
Ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырганПайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизди дүйнөлүк жана диний иштерде пайда алып келүү жана зыяндан сактануу үчүн Аллах Таалага таянууга үндөп жатат. Анткени Аруу Аллах Тааладан башка эч ким бере да албайт, тыйып да коё албайт жана зыян да, пайда да жеткире албайт. Качан биз пайда алып келе турган жана зыяндан сактай турган себептерди Аллахка чын ыкластан таянып аткарсак, анда Аллах бизге эртең менен курсагы ач чыгып, кечинде курсагы ток кайткан чымчыкка ырыскы бергендей ырыскы берип коёт. Чымчыктын бул кылганы - башкаларга таянбастан, жалкоолук кылбастан ырыскы издөөдөгү себептердин бир түрү.