





























Hadeeth Cards
Da'wa cards that highlight great meanings from the noble prophetic hadiths in a simple style and attractive display that helps the Muslim to have a deeper understanding of his religion in an easy way
All
Салим бин Абу аль-Жаад риваят кылат: "Бир адам айтты: "Мен намаз окуп, эс алсам гана" - деди эле сахабалар бул үчүн аны айыптагандай болушту. Ошондо ал айтты: "Мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтканын уктум: "Эй, Билал, намазга чакыр жана намаз менен бизди эс алдыр".
Абу Дауд жазып калтырганСахабалардан бир киши: "Мен намаз окуп, эс алсам гана" - деди. Анын айланасындагылар аны жемелеп жаткандай болушту. Ошондо ал айтты: "Мен Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай дегенин уктум: "Эй Билал! Азан айт жана намазга такбир айт! Биз намазда эс алабыз. Себеби анда Аллах Таалага кайрылуу жана рух менен жүрөктүн эс алуусу бар".
Абу Хазим бин Динар, радыяллаху анху, риваят кылат. Адамдар Сахл бин Саад Ас-Саадиге келип, минбардын жанынан өтүшүп жана андан минбардын жыгачы эмнеден экенин сурашканда ал мындай деди: "Аллахка ант болсун! Анын эмнеден экенин билбейм. Аны биринчи орнотулган күнү көрдүм жана биринчи күнү Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, анын үстүнө отурганын көрдүм. Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, Сахл деп атаган баланча ансар аялга мындай деп жөнөтөт: "Уста балаңа айт, мага минбар жасап берсин, мен адамдарга сүйлөгөндө ага отурайын. Ошондо ал аял кызматчысына буйруду. Ал кызматчысы аны токойдогу тамариск дарагынан жасады да аны аялга алып келди. Андан кийин ал аял аны Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламга, жөнөтөт. Ошондо Аллахтын Элчиси аны бул жерге коюуну буйруду. Андан соң мен Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, анын үстүндө намаз окуганын жана анын үстүндө турганда «Аллаху акбар» деп такбир айтканын, андан кийин анын үстүндө турганда рүкү кылганын, андан соң жүзүн артка бурбай ылдый түшүп, минбардын жанында сажда кылып, кайра кайтып чыкканын көрдүм. Намазды окуп бүткөн соң элге кайрылып: "Эй адамдар, мен муну силер менин намазымды ээрчип, үйрөнсөңөр деп кылдым" - деп айтты".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)"Адамдар сахабалардын бирине келип, Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, минбары жөнүндө: "Ал эмнеден жасалган?" - деп сурашты. Алар бул жөнүндө талашып-тартышып жатышты. Ошондо аларга мындай деп айтышты: "Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ансарлардан бир уста кызматчысы бар бир аялга жөнөтүп, ага Пайгамбар: "Балаңа айт, мага мен элге сүйлөгөндө отура турган минбар жасап берсин" - деди. Аял аны кабыл кылып, кызматчысына Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, үчүн тамариск дарагынан минбар жасоону буйруду. Ал бүтүргөндөн кийин аны Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, жөнөттү. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, аны мечиттеги ордуна коюуга буйрук берди. Андан соң Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, анын үстүндө намаз окуду жана анын үстүндө турганда «Аллаху акбар» деп такбир айтты, андан кийин анын үстүндө турганда рүкү кылды. Андан соң ылдый түшүп, жүзүн артка бурбай артка карай басып, минбардын жанында сажда кылып, кайра кайтып келди. Намазды окуп бүткөн соң элге кайрылып: "Эй адамдар, мен муну силер менин намазымды ээрчип, үйрөнсөңөр деп кылдым" - деп айтты".
Хаттан бин Абдуллах Ар-Ракаши риваят кылган хадисте: "Мен Абу Муса аль-Ашари менен намаз окудум, ал каадада отурганда элден бир киши: "Намаз такыбалык жана зекет менен орундалган" - дейт. Абу Муса намазды бүтүрүп салам бергенден кийин аларга барып: "Силердин кимиңер мындай сөздү айтты?" – деди. Ошондо адамдар унчукпай турушту. Андан кийин кайра: "Силердин кимиңер тигиндей деген сөздү айтты?" - деди. Кайра эле адамдар унчукпай турушту". Андан кийин: "Балким, сен, Хаттан, ушинтип айткандырсың?" - деди. Хаттан: "Мен айткан жокмун, сен мени катуу урасын деп корктум" - деди. Ошондо элден бир киши: "Мен айттым, мен муну менен жакшылыкты гана кааладым" - деди. Ошондо Абу Муса айтты: "Намазда кантип айтууну билбейсиңерби? Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) хутбада бизге сүннөтүбүздү түшүндүрүп, намазыбызды үйрөтүп мындай деп айткан: «Намаз окуганыңарда катарыңарды түздөп тургула, анан силердин бириңер намазда имам болсун. Ал имам: "Аллаху Акбар" - деп такбир айтса, анда силер да "Аллаху Акбар" деп такбир айткыла. Эгерде имам: «Гайрил магдууби алайхим уалад-дооооллиин" - деп айтса, анда силер: "Аамиин" - деп айтсаңар, Аллах Таала силерди жакшы көрөт. [Фатиха: 7] Эгерде имам такбир айтып рүкү кылса, анда силер да такбир айтып рүкү кылгыла. Анткени имам силерден алдын рүкү кылып, силерден алдын рукүдөн тик турат. Ошондуктан Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) : "Тиги тигини ээрчийт" - деп айткан. Эгерде имам: "Самиаллааху лиман хамидах" - десе, анда силер: "Аллахумма Раббана лакал хамду" - десеңер, Аллах силерди угуп турат. Анткени Аллах Таала Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) тили менен: "Самиьаллааху лиман хамидах, Аллах мактоо шүгүр айткандарды угат" - деген. Эгерде имам такбир айтып сажда кылса, анда силер да такбир айтып сажда кылгыла. Анткени имам силерден алдын сажда кылып, кайрадан саждадан турат. Ошондуктан Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) : "Тиги тигини ээрчийт" - деп айткан. Имам каадага отурганда силердин биринчи айткан сөзүңөр: "Аттахиятут-тоййибаатус-салаваату Лиллахи. Ассаламу алайка аййухан набиййу уа рахматуллахи уа баракатух. Ассалааму алайна уа алаа ибаадиллахис-саалихиин. Ашхаду аллаа илааха иллаллааху уа ашхаду анна Мухаммадан абдуху уа расуулух" - сөзү болсун.
Муслим жазып калтырганСахаба Абу Муса аль-Ашари (Аллах андан ыраазы болсун) намаз окуп жатып ташаххуд айтып каадада отурганда анын артында намаз окугандардан бир киши: "Намаз Куранда такыбалык жана зекет менен салыштырылган" - деди. Абу Муса (Аллах андан ыраазы болсун) намазын окуп бүткөндөн кийин, артында намаз окугандарга кайрылып: “Силердин кимиңер: “Намаз Куранда жакшылык жана зекет менен салыштырылган” - деген сөздү айтты?" - деп алардан сурады. Адамдар унчукпай калышты, алардан эч кимиси жооп берген жок. Ал суроону кайра аларга кайталаса да ага эч ким жооп бербеди. Ошондо Абу Муса (Аллах андан ыраазы болсун) айтты: "Балким, Хаттан, сен айткандырсың!" - деди. Абу Мусага болгон тайманбастыгы жана жакындыгы жана аны менен болгон байланышы, анын дооматы Хаттанга зыян келтирбей тургандыгы үчүн жана иштин чыныгы жайын моюнга алууга түрткөндүктөн, Хаттан муну четке какты да мындай деди: "Мен айтты деп ойлоп, мени урушуп кетесиңби деп корктум". Мына ошол учурда элден бир киши: "Мен муну айттым, мен муну менен жакшылыктан башканы максат кылганым жок" - деди. Абу Муса ага үйрөтүү үчүн: "Намазда кантип айтууну билбейсиңерби?!" - деди. Абу Муса мындайды жактырбады. Андан кийин Абу Муса айтты: "Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир жолу аларга хутба айтып, алардын шарияттарын түшүндүрүп жана аларга намаздарын үйрөтүп мындай деди: Намаз окуганыңарда катарды түздөп түз тургула. Анан алардын бири элге имамдык кылат. Эгерде имам такбиратул ихрамды (ачылыш такбирин) айтса, имам сыяктуу такбиратул ихрамды айткыла. Эгерде имам Фатиха сүрөөсүн окуп: "Гойриль магдууби алейхим уаладдооооллиин" - десе, анда силер: "Аамиин!" - деп айткыла. Эгерде силер ушундай кылсаңар, Аллах дубаңарды кабыл кылат. Эгерде имам такбир айтып рүкү кылса, анда силер да такбир айтып рүкү кылгыла. Имам сенден алдын рүкү кылат жана сенден алдын рүкүдөн турат. Андыктан имамдан ашып кетпегиле. Анткени имамдын рүкүдө сенден мурда кылган учуру сени бир аз рүкүнү кечирээк кылууга мажбурлайт. Ошондуктан ал учур ошол эле учур болот да сенин рүкүңдүн өлчөмү анын рүкүсүнүн өлчөмүнө тең келет. Эгерде имам: "Самиьаллаху лиман хамидах" - десе, анда силер: "Аллахумма Раббанаа лакал хамд" - деп айткыла. Намаз окуган адамдар ушинтип айтышса, Аллах Таала алардын дубасын жана сөздөрүн угуп турат. Анткени Аллах Таала Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) тили менен: "Аллах мактоо-шүгүр айткандарды угат" - деген. Эгерде имам такбир айтып сажда кылса, анда артындагы адамдар да такбир айтып сажда кылышсын. Анткени имам алардан алдын сажда кылып, кайра алардан алдын саждадан турат. Ошондуктан ал учур ошол эле учур болот да алардын саждасынын өлчөмү имамдын саждасынын өлчөмүнө тең келет. Имам каадага отурганда намаз окуп жаткандардын биринчи айткан сөзү: "Аттахиятут-тоййибаатус-салаваату Лиллахи" болсун. Башкаруу, түбөлүктүүлүк жана улуулук баарысына Аллах гана татыктуу. Ошол сыяктуу эле беш убак намаздын баары Аллах үчүн гана болот. Ассаламу алайка аййухан набиййу уа рахматуллахи уа баракатух. Ассалааму алайна уа алаа ибаадиллахис-саалихиин. Ар бир кемчиликтен, балээден, жетишсиздиктен жана бузукулуктан сактоосун Аллахтан тилегиле. Жана Пайгамбарыбыз Мухаммадка (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) салам айтып, андан кийин өзүбүзгө салам айтабыз. Андан соң Аллах Тааланын акысын жана Аллахтын пенделерине важиб болгон укуктарын аткарган Аллахтын салих пенделерине салам айтабыз. Андан соң: "Ашхаду аллаа илааха иллаллааху уа ашхаду анна Мухаммадан абдуху уа расуулух" - деп Аллахтан башка кудай жок экендигине күбөлүк беребиз жана Мухаммад Анын кулу жана элчиси экендигине күбөлүк беребиз.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат: "Чындыгында, Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) ар бир парз намазда жана башка убакта, Рамазанда жана башка убакта рүкү кылып жатканда: "Аллаху Акбар" - деп такбир айтып, рүкүдөн турганда: “Самиьаллаху лиман хамидах” - деп айтып, андан кийин саждага барардан мурда "Раббанаа лакал хамду" деп айтчу. Андан кийин саждага жыгылганда "Аллаху акбар" деп такбир айтып, саждадан башын көтөргөндө "Аллаху акбар" деп такбир айтып, андан кийин кайра сажда кылып жатканда "Аллаху акбар" деп такбир айтып, андан кийин саждадан башын көтөргөндө "Аллаху акбар" деп такбир айтчу. Андан кийин эки сажданын ортосуна отурганы турганда “Аллаху акбар” деп такбир айтчу. Ал намазды бүтүргөнгө чейин ар бир рекетте ушундай кылган". Намазын окуп бүткөндөн кийин: "Менин жаным Анын колунда болгон Затка касам! Мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намазына эң жакын окшоштурдум. Чындыгында Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дүйнөнү таштап кеткенге чейинки намазы ушул болгон" - деп айткан".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намазынын сүрөттөлүшүнүн бир бөлүгүн риваят кылып мындайча кабарлап айткан: "Ал намазга турганда “Аллаху Акбар” деп такбиратул ихрамды айткан. Андан кийин “Аллаху Акбар” деп рүкү кылганда, саждага барганда, саждадан башын өйдө көтөргөндө, экинчи саждага барганда, саждадан башын көтөргөндө жана үч же төрт рекет намазда биринчи ташаххудга отургандан кийин алгачкы эки рекеттен турганда такбир айткан. Андан соң бардык намаздарды бүткүчө мына ошондой кылып окучу. Рүкүдөн далысын көтөргөндө: "Самиьаллаху лиман хамидах" - деп, андан кийин рүкүдөн тик турганда: "Раббанаа лакал хамд" - деп айткан". Анан Абу Хурайра намазын окуп бүткөндөн кийин мындай дейт: "Менин жаным Анын колунда болгон Затка касам! Мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намазына эң жакын окшоштурдум. Чындыгында Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дүйнөнү таштап кеткенге чейинки намазы ушул болгон" - деп айткан".
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Адамдардын эң жаманы – өзүнүн намазынан уурдаган адам" - деди. Абу Хурайра айтты: "Намазын кантип уурдай алат?". Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Намазынын рүкүсүн да, саждасын да толук кылбайт".
Ибн Хаббан жазып калтырганПайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) уурулук кылган адамдын эң жаманы, намазынан уурдаган адам экенин баяндады. Себеби, башка бирөөнүн акчасын алуу, бул дүйнөдө ага пайда алып келиши мүмкүн. Намазын уурдаган ууру бул уурудан айырмаланып турат. Анткени ал өзүнүн сооп-сыйлыгын уурдап алат. Сахабалар: "Оо, Аллахтын Элчиси, ал намазынан кантип уурдайт?" - деп айтышты. Ошондо Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Намазынын рүкүсүн да, саждасын да толук кылбайт" - деп айтты. Себеби, ал рүкүдө жана саждада шашып, эки рекет намазын толук турдө аткарбай калат.
Ибн Аби Авфа (Аллах андан ыраазы болсун) айтты: Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) рүкүдөн далысын көтөргөндө: "Самиьаллааху лиман хамидах. Аллахумма Раббанаа лакал хамд, мил ассамааваати, уа мил ал арди, уа мил а маа ши та мин шай ин баьд" - деп айтчу.
Муслим жазып калтырганПайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) рүкүдөн далысын көтөргөндө: "Самиьаллааху лиман хамидах" - деп айтчу. Мааниси: Ким Аллах Таалага мактоолорду айтса, Аллах Таала анын дубасын кабыл кылат жана анын мактоо-шүгүрлөрүн кабыл кылып, ага сооп-сыйлыктарды берет. Андан кийин Аллах Таалага ушул сөздөр менен мактоо-шүгүрлөрдү айтат: Оо, Аллах! Раббибиз, Сага асман толо жана жер толо, андан кийин каалаган нерсең менен толтура мактоолор болсун. Асмандарды, жерди жана алардын ортосундагы бардык нерселерди толтурган мактоолор болсун жана Аллах каалагандай мактоолор болсун.
Аль-Мугира бин Шуъбанын катчысы Варраддан риваят кылынат. Ал мындай дейт: "Мугира бин Шуъба мага Муавияга жазган катында айтты: "Чындыгында, Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ар бир парз намаздын аягында мындай деп айтчу: “Лаа илааха иллаллаху, уахдаху лаа шариика лаху, лахул мулку, уа лахул хамду, уа хува алаа кулли шай ин Кадиир. Аллахумма лаа мааниьа лимаа аьтойта уа лаа муутиьа лимаа манаьта, уа лаа йанфаьу зал жадди минкал жадду".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ар бир парз намаздын аягында мындай деп айтат эле: “Лаа илааха иллаллаху, уахдаху лаа шариика лаху, лахул мулку, уа лахул хамду, уа хува алаа кулли шай ин Кадиир. Аллахумма лаа мааниьа лимаа аьтойта уа лаа муутиьа лимаа манаьта, уа лаа йанфаьу зал жадди минкал жадду". Мааниси: "Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок деген тавхид сөзүн тастыктаймын жана аны моюнга алам. Мен чыныгы ибадатты Аллахка кыламын жана андан башкага ибадат кылууну жокко чыгарамын. Анткени Аллахтан башкага сыйынууга татыктуу кудай жок. Чыныгы жана толук башкаруу Аллахка гана таандык экенин тастыктаймын. Асмандар жана жердеги адамдардын бардык мактоолору Аллах Таалага таандык. Анткени Аллах бардык нерсеге Кудуреттүү. Аллах эмне нерсени берүүнү же эмнени кайтарууну тагдыр кылса, аны эч ким кайтара албайт. Аллахтын алдында байдын байлыгы эч кандай пайда бербейт, бирок жакшы иш-аракеттер гана пайда берет".
Хузайфа (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эки сажданын ортосунда: "Раббигфир ли, Раббигфир ли" - (10) деп айтчу.
Абу Дауд, ан-Насааи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырганПайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эки сажданын ортосунда отурганда: "Раббигфир ли, Раббигфир ли" - деп кайра-кайра кайталайт эле. "Раббигфир ли" - дегендин мааниси: пенденин Раббисинен анын күнөөлөрүн кечирүүнү жана айыбын жабууну сурануусу.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: “Адам өлгөндө, анын иш-аракеттери бүт токтойт. Бирок үч ишинин гана сообу токтобой улана берет. Алар: эл пайдасын көргөн, сообу үзүлбөгөн садакалары; бирөөлөргө үйрөтүп кеткен пайдалуу илим-билими; артынан дуба кылган ыймандуу баласы”
Муслим жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адам өлгөндө анын иш-амалдары токтоп каларын кабаларган. Өлгөн адамга анын себеби менен ишке ашкан төмөнкү үч иштин гана сообу жетип турат: Биринчи: Вакфка берген мүлкү, же салып койгон мечити, же казып суу чыгарып койгон кудугу сыяктуу сообу токтобой агып туруучу садага иштери. Экинчи: Адамдар пайдалана турган илими. Илим жолунда жазган китептери, же кимдир бирөөнү окутуп үйрөткөн илими. Ал өлгөндөн кийин анын жазган китеби окулган сайын, же ал илим берген адам башкаларга илимин тараткан сайын сообу ага жазыла берет. Үчүнчү: Ата-энесине дуба кылган ыймандуу, саалих баланын дубасы.