Hadeeth Cards
Da'wa cards that highlight great meanings from the noble prophetic hadiths in a simple style and attractive display that helps the Muslim to have a deeper understanding of his religion in an easy way






























Da'wa cards that highlight great meanings from the noble prophetic hadiths in a simple style and attractive display that helps the Muslim to have a deeper understanding of his religion in an easy way
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бейишке киргизе турган эң чоң себептер экөө экендигин баяндады. Алар: Аллахка такыбалык кылуу жана жакшы адеп-ахлак. Аллахка такыбалык кылуу - бул сени менен Аллахтын азабынын ортосундагы сактануу. Ал Аллахтын буйруктарын аткаруу жана тыюу салган нерселеринен тыйылуу. Ал эми жакшы адеп-ахлак - бул жылуу жүздүү болуу, жакшылык кылуу жана зыян берүүнү токтотуу. Тозокко киргизе турган эң чоң себептер экөө. Алар: Тил жана уяттуу жерлер. Башкача айтканда тилдин күнөөлөрү. Бул - жалган айтуу, гыйбат кылуу, ушак айтуу ж.б. Ал эми уяттуу жерлердин күнөөлөрү - бул зына кылуу, гомосексуализм ж.б.
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир кишинин бир тууганына ашыкча уялчаактыгын таштоосун насаат кылганын укту. Андан кийин, ага уяттуулук ыймандын бир бөлүгү экенин жана ал жакшылык гана алып келерин түшүндүрдү. Уяттуулук – бул жакшы иш-аракеттерди аткарууга жана жаман иш-аракеттерди таштоого түрткү болгон адеп.
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дуба ибадат экенин кабар берди. Дуба жалаң гана Аллах үчүн болушу керек. Мейли ал дуба сурануу жана талап кылуу дубасы болсун, Аллах Тааладан өзүнө пайда алып келе турган нерсени суроо менен жана бул дүйнөдө жана акыретте зыян келтирүүчү нерселерден коргоонуну талап кылуу менен болот. Мейли ал дуба ибадат дубасы болсун, жалаң гана Аллах үчүн болушу керек. Ибадат дубасы - бул Аллах Таала сүйгөн жана ыраазы болгон бардык сөздөр жана иш-аракеттер, сырткы жана ички иш-аракеттер жана жүрөктүн ибадаттары, дененин ибадаттары жана мал-мүлк менен болгон ибадарттар болуп саналат. Андан кийин Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ушуга Аллах Тааланын бул сөзүн далил кылды: «Мага дуба кылгыла, силерге жооп беремин. Чындыгында, Мага ибадат кылуудан текеберленген адамдар кор болгон абалда тозокко киришет».
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) чынчыл болууга буйруп, чынчыл болуу дайыма ийги иш-амалдарды аткарууга жеткирерин баяндаган. Ал эми жакшы иш-амалдары аны аткарган адамдын бейишке кирүүсүнө себеп болот. Ашкере болобу, жашыруун болобу, дайыма чынчыл болгон адам, өтө чынчыл деген атка татыктуу болот. Андан кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жалган сүйлөөдөн тыйып, эскертти. Анткени, жалганчылык туура жолдон тайдырып, жаман, бузук, күнөө иштерге түртөт. Анан аны тозокко түшүрөт. Жалганчылыгын таштабай улам жалган айта берсе, Аллахтын алдында жалганчы деп жазылат.
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адам эч кыйынчылыксыз, ар кандай абалда да айта турган эки сөздү, алардын таразада чоң сооптуу экенин жана Раббибиз, Мээримдүү, Улуу Аллах Таала аларды жакшы көрөрүн айтты. Алар: «Субханаллахиль-азиим, Субханаллахи уа бихамдихих». Бул эки сөз Аллахтын улуу жана кемчиликсиз деген сыпаттарын жана Улуу Аллах Тааланын бардык кемчиликтерден аруу экенин камтып алган сөз.
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ибадаттарда Аллах Тааланын алдында дубадан артык эч нерсе жок экенин баяндады. Анткени Аллахка дуба кылууда Аллахтын эч кимге муктаж эместигин, пенде алсыз экенин жана пенде Аллахка муктаж экендиги билинет.
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким өзүнүн мусулман бир тууганын ал жокто аны жамандабай же ага жамандык кылбай анын абийирин коргосо, анда Аллах Таала Кыямат күнү андан азапты кайтараарын кабар берип жатат.
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ким бир күндө жүз жолу "субханаллохи ва бихамдихи" деп айтса, анын каталары өчүрүлүп жана кечирилерин кабарлаган. Эгер анын күнөөлөрү албууттанып толкундаган деңиздин бетинде пайда болгон ак көбүктөрдөй көп болсо дагы.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ким: "Лаа илааха иллаллооху вахдаху лаа шарикалах, лахул мулку валахул хамду ва хува аълаа кулли шайин кодиир" деп айтса... деп кабарлаган хадистеги бул сөздүн мааниси: Жалгыз, эч шериги жок Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок, бир гана Кемчиликсиз Аллах Таала толук мүлктүн ээси, Ал гана улуктоо жана сүйүү менен айтылган алкыш-мактоого ылайык, Андан башка эч ким буга ылайык эмес, Ал бардык нерсеге Кадыр, Ал аткара албай кала турган эч нерсе жок. Эми ушул сөздү ким бир күндө он жолу кайталап айтса, ал Ибрахим пайгамбардын уулу Исмаил пайгамбардын урпагынан төрт кулду азаттыкка чыгаргандай соопко ээ болот. Исмаилдин урпагынан деп аны жеке айтканы алардын кадыр-баркы жогору болгону үчүн.