Hadeeth Cards
Da'wa cards that highlight great meanings from the noble prophetic hadiths in a simple style and attractive display that helps the Muslim to have a deeper understanding of his religion in an easy way






























Da'wa cards that highlight great meanings from the noble prophetic hadiths in a simple style and attractive display that helps the Muslim to have a deeper understanding of his religion in an easy way
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Муьаз ибн Жабалды (Аллах андан ыраазы болсун) Йемен жергесине Аллахка чакыруу үчүн жана динди үйрөтүү үчүн жиберип жатканда, ал христиан коому менен жолугушаарын жана алар менен жолугууга даяр болуусун кабарлады. Андан кийин аларга даават кылганда эң маанилүүсүнөн баштаарын айтты. Ошондуктан Муьаз ибну Жабал баштап аларды: «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок, Мухаммад Аллахтын элчиси» - деп күбөлүк беришип, акыйдаларын оңдоого чакырды. Анткени алар бул келимени айтуу менен Исламга киришет. Муьаз ибну Жабал алар Исламды кабыл алышканда аларды намаз окууга буйурду. Анткени намаз таухид келимесинен кийинки эң улуу парз. Андан кийин алар намазды окушканда, алардын байларына мал-мүлктөрүнүн зекетин кедейлерине берүүгө буйурду. Андан кийин зекетке малдын эң жакшысын алуудан тыйды. Анткени малдын орточосунан алуу важип. Андан кийин Муьаз бин Жабалга зулум чеккен адам дуба кылбоо үчүн Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага зулумдук кылуудан сактанууну насаат кылды. Анткени зулум чеккен адамдын дубасы сөзсүз кабыл болот.
Христиандар Иса пайгамбарды Аллахка таандык сыпаттар менен сүрөттөгөндөй, Пайгамбарыбыз өзүн шарияттын чегинен ашып мактоо жана Аллахка таандык сыпаттар менен сүрөттөп ага ибадат кылуудан кайтарып жатат. Жана Пайгамбар кайыпты билет деп же Христиандар Марям уулу Иса пайгамбарга дуба кылышкандай Аллах менен кошо Пайгамбарга дуба кылуудан тыйып жатат. Андан соң Пайгамбар Аллахтын кулдарынын бири экендигин баяндап, аны: «Аллахтын кулу жана элчиси» - деп айтуубузду буйруду.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кыямат күнү анын шапааты менен эң бактылуу адам: «Лаа илааха иллаллах, б.а. Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок» - деп эл көрсүн дебей жана ширк кылбастан, чын ыклас менен жүрөгүнөн айткан адам экендигин кабар берип жатат.
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизге мындай кабарлаган, ким тавхид келмесин маанисин түшүнүп, талаптарын аткарып айтса, жана Мухаммад пайгамбардын пенделигине жана пайгамбарлыгына күлөлүк берип, Исанын пенделигин жана пайгамбарлыгын, аны Аллах Таала "бол" деген сөзү менен жаратканын, ал Аллах жараткан рухтардын бири экенин моюндап, яхудийлер анын энесине жапкан жалган жалаадан арууласа, бейиштин чындык экенине жана тозоктун да чындык экенине, булардын бар экенине жана булар Аллахтын жакшылыгы жана азабы экенине ыйман келтирсе, анан ушул абалында дүйнөдөн өтсө, анын ибадаты аз жана күнөөлөрү бар болгонуна карабай, барар жайы бейиш болот.
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бул хадисте ким ширк кылбаган абалда өлсө, ал кээ бир күнөөсү үчүн тозокто азапталса да анын бара турган жайы бейиш экендигин жана ким ширк кылган абалда өлсө, тозокто түбөлүктүү калаарын кабарлап жатат.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким Аллах Таалага аткарыла турган кайсы бир ишти, мисалы Аллахтан башкага дуба кылуу, Андан башкадан жардам суроо сыяктуу иштерди кылса жана ошентип жүрүп дүйнөдөн өтүп кетсе, ал тозоктун тургуну болорун кабарлаган. Ал эми Абдуллах бин Масуъд (Аллах андан ыраазы болсун) буга кошумчалап, кимде-ким Аллахка эч нерсени шерик кылбай (Аллахтын өзүнө ибадат кылып) жүрүп дүйнөдөн өтсө, анын турагы бейиш болорун айткан.
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дүйнөдө жана динде, ошондой эле сөздөрүндө жана иштеринде илимсиздик менен Пайгамбар алып келген шарияттын чегинен чыгып, чектен ашкандардын зыянга учураарын кабар берип жатат.
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп кабар берди: Кимде-ким карыздар адамдын карызын төлөө мөөнөтүн кечиктирсе, же карызынын бир бөлүгүн кечип салса, анда анын сыйлыгы Аллах аны Өз Аршынын астына, Кыямат күнү күн пенделердин башына жакындай турган күнү көлөкөсүнө алат. Ал күнү күндүн ысыгы аларга катуу тийген кез болот. Демек Аллах көлөкөсүнө алган адамдан башка эч ким көлөкө таба албайт.
Пайгамбар(ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эгер Аллах ыймандуу пенделеринин бирине жакшылык кааласа, анда аларды өздөрү, мал-мүлктөрү жана үй-бүлөлөрү менен сынаарын кабарлап кетти. Анткени Аллах аларга сыноо жөнөтүү менен ыймандуулар дуба кылып Аллах Таалага кайрылышат, алардын жаман иштеринин күнөөлөрү кечирилет жана даражаларды көтөрүлөт.