





























Hadeeth Cards
Da'wa cards that highlight great meanings from the noble prophetic hadiths in a simple style and attractive display that helps the Muslim to have a deeper understanding of his religion in an easy way
All
Абу Аббас, Абдулла бин Аббас (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Бир күнү Аллахтын элчиси минген улоого учкашып бара жатсам, ал мындай деди: «Эй, бала! Мен сага ушундай (пайдалуу) сөздөрдү үйрөтөм: Аллахтын (шариятын) сакта! Аллах сени сактайт. Аллахтын (дайыма шариятын) сактап жүр! Мына ошондо Аллах сени бардык жакшылыктарга жолдогонун көрөсүң. Эгерде сурай турган болсоң, анда Аллахтан сура. А эгер жардам сурасаң, анда Аллахтан жардам сура. Билип ал! Эгерде бүткүл үммөт сага пайда берүү үчүн бириксе да, алар сага Аллах тагдырыңа жазганчалык гана пайда бере алышат. Ошондой эле үммөттүн баары сага зыян берүү үчүн бириксе, алар сага Аллах тагдырыңа жазганчалык гана зыян бере алышат. Калемдер көтөрүлгөн, барактар кургаган». Тирмизиден башка риваяттарда минтип айтылган: "Аллахтын динин сакта, ошондо Аны бет алдыңдан табасың. Бардар жашоодо Аллахты эсте, ошондо кыйынчылыкта Аллах сени эстейт. Сени кыйгап өткөн нерсе сага тиймек эмес. Сага тийген нерсе сени кыйгап өтмөк эмес. Билип ал, жеңиш сабыр менен келет. Ийгилик кыйынчылык менен коштолот. Кыйынчылыктын артында жыргалчылык болот.
رواه الترمذي وغيرهИбн Аббас (ага Аллах ыраазы болсун) бала кезинде Пайгамбаыбыздын улоосуна учкашып бара жатканын кеп кылат. Ошондо Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага: «Мен сага Аллах сага пайда бере турган иштерди жана нерселерди үйрөтөм» - деп төмөнкүлөрду айтат: Аллахтын буйруктарын аткаруу менен жана тыюу салган нерселеринен сактануу менен Аллахтын шариятын сакта. Аллах сени жакшы амалдардын, ибадаттардын үстүндө көрсүн. Сени күнөөлөрдүн үстүндө көрбөсүн. Ушуларга амал кылсаң, анда мунун сыйлыгы Аллах сени дүйнө жана акырет кыйынчылыктарынан сактайт, кайда болбогун иштериңе жардам берет. А эгер бир нерсе сурагың келсе, анда Аллахтан гана сура, анткени сурагандарга Ал гана жооп берет. А эгер жардам кааласаң, анда Аллахтан гана жардам сурап, Ага таян. Сенде ушундай ишенич болсун, эгерде бүткүл жер жүзүндөгү бардык адамдар сага пайда берүү үчүн бириксе да алар сага Аллах тагдырыңа жазганчалык гана пайда бере алышат. Ошондой эле бүткүл жер жүзүндөгү бардык адамдар сага зыян берүү үчүн бириксе, алар сага Аллах тагдырыңа жазганчалык гана зыян бере алышат. Чындыгында, бул иш Аллах Таала тарабынан жазылган жана Анын даанышмандыгынын жана илиминин талабына ылайык тагдыр кылынган. Аллах жазып койгон нерседе эч кандай өзгөртүү болбойт. Кимде-ким Анын буйругун аткарып, тыйганынан тыйылып Аллахтын динин сактаса, Аллах Таала анын жанында болот, т.а. ал эмнеге муктаж экенин билет, ага жардам берип, колдойт. Эгерде инсан жайчылык жашоодо Аллахты эстеп, Ага таат-ибадат кылса, кыйынчылыкта Аллах ага жеңилдик берип, эшик ачат. Ар бир инсан Аллахтын жакшы жана жаман тагдырына ыраазы болсун. Кыйынчылык, мээнеткечтик адамдан сабырды талап кылат. Сабыр ийгиликтин ачкычы. Кыйынчылык күчөгөндө Аллахтан жардам келет. Кыйынчылыктын артынан Аллах Таала жеңилдикти келтирет.
Абу Амр - башка айтымда, Абу Амра - суфян бин Абдулла (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Мен: О, Аллахтын элчиси, мага Исламдагы бир сөздү үйрөт, ал жөнүндө сенден башка эч кимден сурабаймын, - дедим. Ал: "Аллахка ыйман келтирдим" дегин, анан түз жүргүн" - деди.
Муслим жазып калтырганСуфян бин Абдулла деген сахаба (Аллах андан ыраазы болсун) пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага жалпы Ислам маанисин камтыган сөздү үйрөтүүсүн суранып, аны бекем кармап, ал жөнүндө башка эч кимден сурабастыгын айтат. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага: Аллахты жалгыз деп билем, Ал менин Раббим, Кудайым, Жаратуучум жана эч шериги жок Ибадат кылуучум деп айткын - деди. Кийин Аллахтын парз буйруктарын аткарып, Ала тыйган тыюулардан тыйылып, Аллахка баш ийүүгө, анан ушул жолдо такай жүрүүгө буйруду.
Абу Абдулла Жаабир бин Абдулла Ансари (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Бир киши Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип сурады: «Айтыңызчы, мен парз намаздарын окуп, Рамазан орозосун кармасам, адалды адал деп билип, арамды арам деп билсем жана бул нерселерге эч нерсе кошпосом, анда мен бейишке киреминби?» Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Ооба» - деди.
Муслим жазып калтырганПайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ким беш убак намазды окуп аларга нафил намазды кошпосо, Рамазан орозосун кармап нафил орозо кармабаса, адалды адал деп билип жана аны аткарса, арамдын арам экендигин билип андан алыс болсо, анда анын бейишке кирерин баяндады.
Муаз бин Жабал (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Мен Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кайрылып: "О Аллахтын элчиси, мени тозоктон оолак кылып, бейишке киргизе турган ишти айтыңызчы" - деп сурандым. Ал мындай деди: "Сен өтө чоң нерсени сурадың, бирок Аллах жеңил кылган адамга бул өтө жеңил: Аллахка эч нерсени шерик кылбастан ибадат кыласың. Намаздарынды окуйсуң. Зекетиңди бересиң. Рамазанда орозо кармайсың. Ажылык кыласың". Анан ал сөзүн улай мындай деди: "Сага жакшылыктын эшиктерин айтып берейинби? Орозо - далил болот. Садага - суу отту өчүргөндөй күнөөлөрдү өчүрөт. Кишинин түн ортосунда туруп окуган намазы..." деп, анан бул аятты окуду: "Алардын капталдары жатчу жайынан өйдө болуп..." - дегенден баштап: "...кылган иштерине..." - деген жерине чейин окуду. Анан кайра сөзүн улап: "Сага иштин өзөгүн, түркүгүн жана эң өйдө чокусун айтып берейинби? - деди. Мен: "Ооба, айтыңыз" - дедим. "Иштин өзөгү - Ислам, анын түркүгү - намаз, анын чокусу - жихад" - деди. Анан: "Сага булардын баарынын падышасын айтайынбы?" - деп сурады. Мен: "Ооба, айтыңыз" - дедим. Ал тилин кармады да, анан: "Ушуну тый" - деди. Мен: "О Аллахтын элчиси, тилибиз үчүн да жооп беребизби?" - дедим. Ал: "О жарыбагыр десе, адамдарды тилинин күнөөлөрү гана тозокко тумшугу менен киргизип жатпайбы!" - деди.
Ат-Тирмизи жазып калтырганМуаз (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен бирге сапарда болдум. Бирде аны менен жанаша басып калып: Оо Аллахтын элчиси, мага мени бейишке киргизип, тозоктон куткара турган амалды атап берчи - деп сурадым. Ал: Сен аткаруу напсиге оор болгон иштер тууралуу сурадың. Бирок Аллах Таала аны аткарууну жеңил кылып койгон адамга аткаруу жеңил болот. Исламдын мобул беш парзын аткар: Биринчи: Аллахка эч нерсени шерик кылбай, ибадат кыласың. Экинчиси: Күнү-түнү биригип суткасына беш убак намаз окуйсуң. Булар: багымдат, бешим, дигер, шам жана куптан намаздары. Намаз окуганда шарттарын, үрүкүндөрүн, важибтерин толук аткар. Үчүнчүсү: парз болгон зекетиңди чыгарасың. Зекет белгилүү өлчөмгөн жеткен малдан тиешелүү адамдарга чыгарып бере турган мал-дүйнөгө байланыштуу ибадат. Төртүнчүсү: Рамазан айында орозо кармайсың. Орозо таң аткандан, күн батканга чейин ибадат ниетинде тамак, суусун, ж.б. оозду ачып койо турган иштерден сактануу. Бшинчиси: Аллахка ибадат кылуу үчүн Меккени максат кылып Аллахтын үйүнө ажылык кыласың. Андан кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Сага жакшылыктын эшигине жеткире турган жолду айтайынбы? Жанагы парз амалдарга кошуп бул напилдерди аткар - дейт. Биринчиси: Напил орозо карма. Мындай орозолор кумар каалоону басаңдатып, күч-кубатты азайткандыктан күнөө кылууга жол бербейт. Экинчиси: Напил садага кетирген күнөө, каталарды өчүрөт жана анын изин кетирет. Үчүнчүсү: Түндүн акыркы бөлүгүндө тахажуд намазы. Андан кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Тааланын сөзүн окуду: (Алардын жамбашы жатчу жайынан алыс болуп) уйкудан туруп, коркуу жана үмүт менен Раббисине кайрылышат (зикир, Куран окуу, дуба менен). Биз берген ырыскыдан каржылашат. Эч ким кылган иш-амалдары үчүн аларга жашыруун даярдалып коюлган көз кубанычын билбейт. Анан Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Сага диндин башы, тиреги жана туу чокусу тууралу айтайынбы? - дейт. Муаз (Аллах андан ыраазы болсун): ооба, айтыңыз - дейт. Пагамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Диндин башы - эки күбөлүк келме, ушул эки келме менен адам динге келет. Диндин тиреги - намаз. Намаз болмоюнча Ислам болбойт. Түркүгү жок үй болбогон сыяктуу. Кимде-ким намаз окуса, анын дини бекемделип, көтөрүлөт. Диндин туу чокусу - Аллахтын Сөзүн жогоруу кылуу үчүн дин душмандары менен күрөшүү. Анан Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Сага жогорудагылардын баарын бекемдей турган нерсени айтайынбы - деп, колу менен тилин кармап: Ушуну сакта, өзүңө тиешелүү болбогон нерсени сүйлөбө - деп эскертет. Муаз (Аллах андан ыраазы болсун): Биз ар бир сүйлөгөн сөзүбүз үчүн эсеп берип, азапталабызбы? - деп сурайт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага: Энең сени жоготсун! - дейт. Бул аны каргаган сөз эмес. Арабтарда маанилүү бир нерсеге көңүл буруп, билүүсү үчүн кыйыр мааниде айтылган сөз. Анан: Адамдардын тозокко көмкөрүсүнөн кулап түшүүсүнө алардын каапырлык сөздү сүйлөгөнү, жалган жалаа жапканы, сөгүнгөнү, кыйбат, ушак кылганы себеп болуп жатпайбы - дейт.
Ибн Аббас (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Раббисинин айтканын минтип айткан: "Аллах Таала жакшылыктарды жана жамандыктарды жазып, анан аларды баяндап берген. Кимде-ким бир жакшылыкты ниет кылып, бирок аткара албай калса, Аллах Таала ага ошол жакшылыкты толук аткарды деп жазат. Эгер ниет кылып, анан ниетиндегини иш жүзүндө аткарса, анда ага ондон жети жүзгө чейин же андан да көп эселеген жакшылыктарды жазат. Эгерде пенде бир жаман ишти ниет кылып, бирок аны аткарбаса, ага толук бир жакшылыкты жазат. А эгер ниет кылып, ниетин иш жүзүндө аткарса, ага бир жамандык жасады деп жазат".
رواه البخاري ومسلم في صحيحيهما بهذه الحروفПайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллахтын жакшылыктар менен жамандыктарды тагдыр кылып, анан аларды эки периштеге кантип жазууну көрсөткөнүн баяндады. Демек, кимде-ким бир жакшылык кылууну кааласа, ниет кылса жана аны аткарууга чечкиндүү киришсе, анда аны аткара албай калса деле ага бир жакшылык жазылат. А эгерде аны аткарса, анда он эседен жети жүз эсеге чейин бир канча эсе көбөйтүлүп жазылат. Бир канча эсе көбөйүү бул жүрөктөгү ыкластуулукка, пайданын келишишне ж.б.у.с. нерселерге жараша болот. Ал эми кимде-ким бир жамандык кылууну каалап, ниет кылып, чечкиндүү киришип анан аны Аллах үчүн таштаса, анда ага бир жакшылык жазылат. Эгерде анын себептерин кылбай, алек болуп таштап койсо, анда ага эч нерсе жазылбайт. А эгерде ал колунан келбей аны таштаса, анда анын ниети жазылат. А эгерде аны аткарса, анда ага бир жамандык эле жазылат.
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Аллах Таала мындай деди: "Кимде-ким Менин досума душман болсо, Мен ага согуш жарыялайм. Пендем Мага эң сүйүктүү болгон парз ибадаттарды аткаруу менен жакындагандай башка нерсе менен жакындай албайт. Пендем напил ибадаттары менен мага жакындай берсе, Мен аны жакшы көрүп калам. Эгер жакшы көрүп калсам, анда анын уга турган кулагы, көрө турган көзү, кармай турган колу, баса турган буту болот. Эгер сураса, сураганын сөзсүз берем. Эгер коргоо тилесе, коргоомо алам".
Бухари жазып калтырганБул кудуси хадисте пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Тааланын "ким менин досторумдун бирине зыян тийгизсе, Мен ага ачууланып, каарымды төгүп, ага душмандыгымды жарыялайм" дегенин айткан. Биз дос деп айтып жаткан "вали" деген сөздүн мааниси: такыба, ыймандуу адам. Пенденин ыйманынын жана такыбалыгынын даражасына жараша анын Аллага дос болуу насиби көтөрүлө берет. Пендени Аллахка жакындата турган эң негизги нерсе Анын буйруктарын аткарып, тыюуларынан тыйылып такыба болуу. Ал эми парздар менен бирге напилдерди да аткарып Аллахка жакындай берсе, Аллахтын махабатына жетет. Эгер Аллах аны жакшы көрсө, анда аны төмөнкү төрт мүчөсүн арамдан сактайт: Угуусун сактайт, Аллах ыраазы боло турган сөздөрдү гана угуп калат. Көрүүсүн сактайт, Аллах кароону жакшы көргөн жана ыраазы болгон нерсени гана карап калат. Колун сактайт, колу менен Аллах ыраазы боло турган иштерди гана жасайт. Буттарын сактайт, Аллах ыраазы боло турган жерлерге гана басат, жакшылык бар нерсеге гана аракет кылат. Аны менен бирге Аллахтан эмнени сураса, Аллах ага сураганын берет. Дубасы кабыл болуучу киши болот. Эгер Аллахка кайрылып, Андан коргоо тилесе, Аллах аны корккон нерсесинен сактап, коргоп, пааналайт.
Абу Мухаммад Абдулла бин Амр бин Аас (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Силердин эч кимиңер каалоосу мен алып келген нерсени (динди) ээрчимейинче толук ыймандуу боло албайт".
رويناه في كتاب الحجة بإسناد صحيحПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ал алып келген буйрук жана тыюулардан турган динди ээрчип, буйруктарын жакшы көрүп, тыйган иштерин жек көрмөйүнчө адамдын ыйманы талаптагыдай толук болбостугун айткан.
Абдуллах бин Амир (Аллах алардан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Кимде төмөнкү төрт сыпат болсо, ал анык мунапык болот. Эгер булардын бири болсо, анда мунапыктыктын белгиси болот: сүйлөгөндө жалган сүйлөсө, убадасын аткарбаса, талашса чектен чыгып кетсе, келишимди (кыянаттык менен) бузса".
رواه البخاري ومسلمПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) төрт иштен тыйып, катуу эскерткен. Эгер бул төрт иш бир адамда топтолсо, ал анык мунафыктарга окшойт. Бул ошол төрт ишти көп учурда аткарган адамга тиешелүү. Ал эми бул иштердин кээ бирин гана кылган адам буга кирбейт. Биринчиси: Сүйлөгөндө жалганга таянып сүйлөйт, сөзүндө чындыгы болбойт. Экинчиси: Келишим кылса, анын өтөөсүнө чыкпайт, келишим кылган адамга кыянат кылат. Үчүнчүсү: Убада берсе, анысын аткарбайт, убадасынын тескерисин кылат. Төртүнчүсү: Кимдир бирөө менен талашып-тартышса, сөзүн чындыкка чыгаруу үчүн чектен чыгып, акыйкаттан четтеп, батыл жалганды айтат. Нифак, (эки жүздүүлүк) - ичиндеги нерсенин тескерисин ачыкка чыгаруу. Мына ушул маани жогорудагыдай адаттардан байкалат. Эки жүздүүлүгү сүйлөгөн адамдын акысына, убада берген адамдын акысына, келишим кылган адамдын акысына, талаш-тартыш кылган адамдын акысына кирет. Мындай адам каапырлыгын жашырып динин көрсөткөн анык мунафык эмес. Кимде ушул айтылган сыпаттар болсо, аны таштаганга чейин мунафыктыктын сыпатын көтөрүп жүргөн болот.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Мухаммаддын жаны колунда турган Аллахка ант болсун, яхудий болобу, христиан болобу бул үммөттөн ким мен (жөнүндө) угуп, кийин мен жиберилген динге ишенбей өлүп кетсе, тозок ээлеринен болот".
Муслим жазып калтырганПайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллахтын аты менен касам ичип, яхудий болобу, христиан болобу, же анын даават, чакырыгы жеткен башка дин өкүлү болобу, аны угуп, бирок ага ишенбей бул дүйнөдөн өтүп кетсе, тозоктун тургуну болуп, анда түбөлүк каларын айткан.